mainkaptal
Пользовательский поиск
Бу жолу окурмандардын суроосуна ЖоКедеги "Ата журт" фракциясынын лидери
Камчыбек ТАШИЕВ жооп берди. Суроолор негизинен коалициянын тарар-тарабасы, президенттик шайлоого байланыштуу болгондуктан, айрымдарын кыскартууга
туура келди.
Камчыбек ТАШИЕВ:
"Кааласаңар нан, куран кармайм, бала-чакамдын атын айтып карганам..."
? Эрмат, Бишкек шаарынын тургуну:
- Апрель коогалаңынан кийин Бакиевдердин бирине жолукканыңызды калпты аныктоочу детектор шардана кылды. Коомчулук алдында абийириңиз ачылганына арданбайсызбы?
- Аппарат деген - аппарат. Техника деле жаңылышат экен. Эгер мага ишенбесеңер, анда Бакиевдерге жолукпаганымды мусулманча далилдөөгө даярмын. Кааласаңар нан, куран кармап берейин. Ага да ишенбесеңер, бала-чакамдын атын атап карганайын...
- Азыр Курманбек Бакиев менен бетме-бет отурсаңыз кайсы темада сүйлөшөт элеңиз?
- Мен андан мамлекетке кайтып келип, эл алдында жооп берүүсүн өтүнөт элем. Биз Аскар Акаевди дагы чакырышыбыз керек. Эки президент катачылык кетирген, эми мыйзам алдында жооп беришсин. Алардын күнөөсү канчалык экенин сот аныктасын. Антпесе эки президенттин сыртта качып жүргөнү кыргызга абийир алып келбейт.
? Азамат КОЙЧУБАЕВ, Аламүдүн районунун тургуну:
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген кезиңизде сизге карата кылмыш иши козголгон. Анын жыйынтыгы кандай болду?
- Биринчиден, мага козголгон кылмыш иштеринин баары мыйзамсыз болгон. Бул маселе боюнча мурдагы жана азыркы бийлик тушунда бир дагы жолу чакырып, сурак жүргүзүшкөн эмес. Муну мени коркутуп коюш үчүн гана жасалган буйрутма катары баалайм.
- Түштүк чөлкөмүндөгү май куюучу жайларыңызды Максим Бакиев тартып алууга аракет жасагандан улам ӨКМ башчылыгынан кетти дешет го?
- Мамлекеттен бир тыйын албастан бизнес баштап бүгүнкүдөй деңгээлге жеттик. Таман акы, мандай тер менен тапкан оокатыбызды Максим же башкасы тартып ала албайт жана андайга жол бербейм. Агездеги премьер-министр Данияр Үсөнов менен тил табыша албагандыктан өз арызымдын негизинде кызматтан кеткем.
? Тарыхчы ЧОРЧОЕВ, Бишкек шаарынын тургуну:
- Башмыйзамдын 2-берене-синде мамлекет ээси - эл делет. Ал эми иш жүзүндө эл мамлекеттин ээси болбой атат. Ушуга кошуласызбы?
- Кошулам. Себеби кээде элдин айткан изги тилеги орундалбай калган фактылар бар.
- "Ата журт" партиясы томаяк шайлоочуларга 100 сомдон таратып атып парламентке келгени учурунда айтылган. Президенттик шайлоодо дагы элди 50 сом менен алдабайсыңарбы?
- Парламенттик шайлоодо эч кимге акча тараткан эмеспиз. Бизге жамы журт добушун берген. Эгер "ата журтчулар" акча таратканын далилдеген факты болсо кайрылсаңар. Арийне, ушу кезге чейин бирөө да муну тастыктай алган жок.
? Нурдин ИСАЕВ, Бишкек шаарынын тургуну:
- Жер-жерлерде курултай өткөрүлүүдө. Курултайды мыйзамдаштырса болобу?
- Болот. Бирок ошол эле мезгилде курултайдын бизге кереги барбы же жокпу, анын функциясы кандай болорун такташ керек. Эгер курултайга бийликтин үстүнөн көзөмөлдөө укугу ыйгарылса, анда Башмыйзамга өзгөртүү киргизилиши зарыл.
- ЖКдагы беш партиянын добушу жалпы шайлоочулардын 50%ына да татыбайт. Сиз бүгүнкү парламентти легитимдүү деп эсептейсизби?
- Ооба. Азыркы парламентти эл шайлаган, демек ал легитимдүү.
? Асел КАЧКЫНБАЕВА, Сокулук районунун тургуну:
- Президенттик шайлоого катышасызбы?
- Учурда сурамжылоо жүргүзүп атабыз. Эгер азыр президенттик шайлоо өтсө, анда биз катышсак болот. Күзгө чейин убакыт бар, ага чейин ойлонобуз.
- Шайлоодо жеңип чыксаңыз Кыргызстанды канча жылда оңдойсуз?
- Эки жылда оңдойм. Өлкөнү өнүктүрүү тууралуу программам бар. Аны шайлоо өнөктүгү башталганда жарыялайбыз.
? Жолдошбай ИМАНАКУНОВ, Кара-Суу районунун тургуну:
- Райондук гезиттин редакциясынын имаратын Мамлекеттик мүлк министрлиги сатууга белсенип жатат. Бюджетти толтуруунун андан бөлөк жолу жокпу?
- Мага жагдайды түшүн-дүргөн кат жолдосоңуз. Ошонун негизинде иш кылайын. Эгер сиздин аргумент туура болсо, Мамлекеттик мүлк министрлиги менен сүйлөшүп маселеңерди оң жагына чечкенге бардык күчүмдү жумшайм.
? Замир САТАРОВ, Ош шаарынын тургуну:
- "Ата журт" фракциясы койгон он талапта жогорку окуу жайларды реформалоого басым жасалат. ЖОЖдорду кантип жаңылайсыңар?
- "ЖОЖдорду реформалоо" программасы иштелип чыккан. Аны эми мыйзам жүзүндө кабыл алышыбыз керек. Программада баары камтылган. Азыр ал тууралуу айтып отурсам көп убакыт сарпталат.
? Уланбек ТУРДУКАНОВ, Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну:
- Экс-президент Курманбек Бакиевди жакын туугандарын кызматка дайындады деп күнөөлөчү элек. Эми деле ал жөрөлгө уланууда. Маселен, канкудаңыз Абылай Мухамеджанов юстиция министрлигин жетектеп отурат. Акыйкаттуулукка жатабы бу?
- Туура, А.Мухамеджанов менин кудам. Кызмат үчүн кудалыктан кечкенден алысмын. А киши менен тууганчылык байланышым болгондуктан анын министрликке барышына каршы чыккам. Бирок А.Келдибеков, С.Жапаров сындуу кесиптештерим Абылай Жумакадыровичтин талапкерлигин жактап, өкмөткө сунушташкан.
- Эски режим тушунда Ак үйдөгү үлкөн кызматтардан тартып жергиликтүү бийлик органдарына чейин сатылчу. Азыр деле өзүңөрдүн энчиңерге тийген орундарды пулдап атсаңар керек?
- Биз антип соодалашпайбыз. Өлкөнү оңойбуз десек жооптуу кызматтарга профессионалдар барышы керек.
? Замирбек, Биринчи май районунун тургуну:
- Быйыл бийликтин алмашканына бир жыл толот. Апрель окуясын айрымдары революция десе, кээлери куралдуу төңкөрүш сыпатында баалап атышат. Сиздин пикир?
- 100 же 1000 адамды алдап көчөгө жетелеп чыкса болот. Бир же он адамды алдап окко көкүрөгүн тостурса болот. Бирок жүздөгөн киши көкүрөгүн окко тосуп, 100 миңдеген адам көтөрүлүп чыккан соң, демек 7-апрелде чыныгы элдик революция жүзөгө ашты. Ушундай эле элдик революция 2005-жылы болгон. Анда да карапайым калк жапырт көтөрүлүп, бийликти кууган.
- Апрель окуясынан кийин унчукпай шүк жаттыңыз эле. Арадан ай өткөн соң жанданып, саясатка активдүү кириштиңиз. Утурумдук өкмөт соттоп жибереби деп коркподуңузбу?
- Мен эч кимден коркпойм. Агезде мен жооптуу кызматта отурган эмесмин. Ага чейин эски система менен кандайдыр бир деңгээлде кагылышып келгем. Биз ар дайым эл менен биргебиз. Журттан чыккан жан эмеспиз. Андыктан, мамлекеттин өнүгүшү үчүн жасачу иштер али алдыда.
? Шайлообек, Жалал-Абад облусунун тургуну:
- Июнь коогалаңын иликтеген улуттук комиссиянын отчету жарыяланган. Жакында депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыгат. Дегеле июнь окуясына татыктуу баа берилет деп эсептейсизби? Мындай көрүнүш кайрадан кайталанбасына ишенесизби?
- Улуттар аралык жаңжал кайрадан кайталанбайт дегенге кепилдик жок. Анткени кыргыз-өзбек кагылышы үчүнчү ирет орун алды. Мындай коогалаң кайталанбашы үчүн мамлекетибиз күчтүү болушу керек. Өкмөт эки эл ортосуна ким чок салганын, окуянын чыгыш себебин так аныкташы абзел.
Жеке мен улуттук комиссиянын отчетунда "бул өзбек сепаратисттеринин уюшулган кылмышы, өзбек лидерлери баштап чыккан" деген чечимге токтолушуна кошулам. Мындан сырткары, агездеги бийликтин кайдыгерлигинен улам июнь окуясы болду. Муну май айында эле токтотуп коюуга толук мүмкүнчүлүк бар эле. Андыктан, ушундай трагедиялуу коогалаңга бийлик салкын мамиле жасабай, татыктуу баа берсе гана бардык сырлар ачылат.
? Асанбек КЕРИМОВ, Бишкек шаарынын тургуну:
- Роза Отунбаеваны президент катары эмес, аял катары сыйлайм дедиңиз эле. Азыр деле ошол позициядан тайбадыңызбы?
- Роза Исаковнаны аял катары даанышман, улуу адам десем жаңылышпайм. Арийне, өлкөнү башкарган киши башкача болушу керек. Президент мамлекетке тартип орнотуп, кимдир бирөөлөрдүн көзүн карабашы абзел. Бүгүнкүдөй оор кырдаалда аял президенттин жогорудагыдай сапаттарга жооп бериши кыйын.
? Назым САМАГАНОВ, Дордой жаңы конушунун тургуну:
- Менимче, манасчыларды жана төкмө акындардын өнөрүн туура баалап, колдоо аркылуу улутту көтөрсө болот. Бул жаатта иш жүргүзүү ниетиңиз барбы?
- Дараметимдин жетишинче өнөр адамдарын моралдык-материалдык жактан колдоп келем. Тилекке каршы, мындай иш-чараны мамлекеттик деңгээлде жасоого чамам чакталуу.
(Уландысы 6-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ