mainkaptal
Пользовательский поиск
7-апрель келатат
Аялча кийинип качкан погончондор болгон
Өткөн жылдагы коогалаңда коомдук тартипти сактоого чыккан милиция кызматкерлери бийликтин буйругун аткарган деп көпчүлүк нааразы болуп, аларга өгөй баладай мамиле кылышканы маалым. Милициясы жок өлкөнү элестетип көрсөңүз дейт КР ИИМине караштуу генерал-майор Э.Алиев атындагы академиянын тарбия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Абдразак ТУРДУБАЕВ.


- 7- апрелде чыккан курсанттарга буйрук мыйзамсыз берилген деген кине коюлууда?
- Негизи бул окуу жайга келген курсанттар 1-курстан ант беришет. Алар коомдук тартипти сактоого укуктары бар жана милдеттүү. Биздин академияда бул тууралуу атайын программанын негизинде даярдыктардан өтүшөт. Коомдук тартипке чыгууга маалымат түшкөндө дароо эле кол коюлуп, баары даярдалып калат. Кандай куралданып, кандай кийинип чыгыш керектиги да жазылат. Ошондуктан 7-апрелде курсанттар мыйзамдуу түрдө чыгышкан. Андан тышкары, биз ИИМдин резервинде тургандыктан кандай көрсөтмө берилсе дароо аткарабыз.
- Ошол кезде ИИМ министри Молдомуса Конгантиев Таласта жүрбөдү беле, курсанттарды алып чыгууга ким буйрук берген?
- Буйрукту анын орунбасарларынын бирөө берген болушу керек. Бизге буйрук келбесе, өз алдынча алып чыгууга укугубуз жок. 7-апрелдеги окуя боюнча алган маалыматтарды угуп алып жүрөгүбүз ооруду. Биздин кээ бир кызматкерлер 7-апрелде жөнөкөй кийинип аянтта жүрүшкөн. Академиянын бүтүрүүчүсү Азиз деген жигитибиз курсант Эдил Такырбашевдин жарадар болуп жыгылганын көрүп, аны республикалык ооруканага жеткиришиптир. Ооруканадан дарыгерлер Эдилди бул милиция турбайбы деп кан бербей, карабай, башкаларды кабыл алып туруп алышыптыр. Эдилди тирүү алып барганбыз, ал кансырап эле өлүп калды дейт. Тергөө иштеринде бул маалыматтарга көңүл буруп, Азизди күбө катары сурашса болмок. Граната жарылып Никита Кущ жарадар болуп жыгылганда анын башындагы каскасын чечип жардам берели дешсе, улгайып калган сакалдуу кыргыз киши анын формасын көрүп, желкеге катуу чаап өлтүрүп койду дейт. Ал формачан жигит бирөөнүн жалгыз баласы экенин ошол жердеги митингчилер карашкан жок. Дагы бир өкүнүчтүүсү, курсанттар элдин коопсуздугу үчүн колдоруна курал албай чыгып, таяк жегени аз келгенсип, эртең мененки он бирден түнкү саат экиге чейин ооздоруна наар албай ачка жүрүштү. Кылкылдап Ак үйдүн короосунда ары-бери кагылышып турдук. Түнкү саат экиден өтүп калганда гана жөө-жалаңдап окуу жайга келишти. Ачка турган балдарга жок дегенде анча-мынча тамак уюштуруп, көңүл бурса артыбызда бизди коргоп турган командирлер, жетекчилер бар турбайбы деп ишеним пайда болмок. Ошол жерден курсанттарга ыраазы болгонум, бир-экөөнүн ата-энеси тамак алып келсе, баары кичинеден бөлүп жешти. Айтмакчы, ошондо курсант баласына тамак алып келген атасын сырттагылар эле атып өлтүрүштү.
- Мыйзамга ылайык мындай жерге чыкканда курсанттар кандай куралданышы шарт?
- Ошол күнү курсанттар атайын коргонуучу брон кийимдерди кийип чыгышкан. Негизи бул кийимдер абдан ыңгайсыз. Ушул кийимдер менен курсанттар кандай ыңгайсыздыкка кабылганын 2005-жылы 24-мартта эле байкагам. Бут жагын коргоочу эч нерсе болбогондуктан ал жакка ыргытылган буюмдар, таш, ок тийиши мүмкүн. Чындыгында ошол күнү бардык күч органдарынын башын бириктирген эч ким болбой, башаламандык күч алды. Министр ал жерде болбосо да анын орунбасарлары, генералдардын бирөө өзүнө саясый эркти алып, Ак үйдү кармап калса болмок. Ошол жердеги генералдардын көпчүлүгү акырындап кетип калышты. Эгер алар чыныгы патриот болсо, кол алдыбызда иштегендердин тагдыры кандай болот, ушунча элден аларды кантип куткарып кетем деп ойлобойт беле. Эртеси прокуратура бизди чакырып, эки-үч күн суракка алышты. Колдоруна курал албай чыккан офицерлерди суракка алышат, ал эми элдин арасындагы куралчандарды, граната жардыргандарды, сайдыргыч-кескичтерди көтөрүп жүргөндөрдү телевизордон көргөзүп атышат, эмне үчүн аларды изилдешпейт?
- Ошол башаламандыкта качып кеткендер да болдубу?
- Качып кеткендер да болду, бирок алар азыр медаль алып баатыр болуп жүрүшөт. Ошол кезде аялдын кийимин кийип жылт койгон кээ бир погончондорду деле көрдүк. Аны көргөн курсанттар кийин аларды сыйлабай калышты.
- Аянтта көз жумган эки курсантка эмне үчүн баатырдык берилбеди?
- Курсанттар каза болгондо эки-үч күнгө чейин аларды эч ким ойлогон жок. Аларды деле баатыр катары Ата-Бейитке койсо жарашмак. Жерге берип атканда убактылуу өкмөттүн бир кишиси келбеди. Биртоп убакыттан кийин гана эстерине келишти окшойт, көңүл бура башташты. Биздин академия эки курсантка баатырлык наамды берели деп эки жолу жогору жакка жаздык. Бирок бул иш алигиче каралбай атат. Жакында алардын жылдыгы болот. Булар аман болгондо быйыл окуу жайды бүтүшмөк. Никита окуу жайдагы КВНдин активдүү катышуучусу эле. Ушунчалык патриот болчу. Анын "башка жакта кыргыздыкындай тоо жок, мен ансыз жашай албайм, киндик каным тамган жер" деп айтканы эсимде.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Кайран эл

7-АПРЕЛЬ СОТУ жети КЫЛЫМГА СОЗУЛАБЫ?

Жуманын шаршембисинде 7-апрель боюнча жүрүп жаткан сот ишинде соттолуучулардын айыптары угузулуп бүттү. Кийинки соттук отурумда жабырлануучулар сурала баштайт. Эмки сот келерки дүйшөмбүдө, 4-апрелде улантылмай болду.
Былтыр кеч күздө башталган бул кылым сотуна байкоо салып келаткан ар бир эле адам аталган иш-чаранын үзгүлтүккө учурашына же создуктурулушуна кызыкдар күчтөр бар экенин, болгондо да алар эки-үч тараптан аракеттенип келатканын байкайт. Бирде айыпталып жаткандардын актоочулары "чымын тийбей чыңкылдап, камчы тийбей каңкылдай" баштаса, бирде жабырлануучулардын арасынан чагымчылдар чыга калып жанындагыларды тополоң кылууга үндөсө, бирде Н.Турсункулов, О.Малеваная, К.Жороевге окшогон жоон топ экс-чиновниктер чегарабыздан чыгып кетет. Бул жумада өткөн соттук териштирүүгө да тоскоолдук кылгандар байкалды.
Мисалы, 28-мартта өткөн соттук процессте айыпталуучу, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Ирина Камарда соттук кароодо төрагалык кылып аткан судья Дамир Оңолбековду алмаштырууну талап кылып чыкты. Адвокаттын айтымында, издөөдө жүргөн айыпталуучулардын бирөөсү да тергелген эмес, бул мыйзам бузуу, ага жол бербеш үчүн сот К.Бакиев баштаган айыпталуучуларды сыртынан соттобошу керек имиш. Албетте мындай доомат тек гана жаш баланын оюну экени көрүнүп эле турат. Бирок ал күнү адвокаттын бул дооматы жабырлануучулардын кыжырын кайнатып, тактап айтканда, атайын салган чагымдай таасир калтырды. Судья айтылган маселе боюнча кеңешме жасап, натыйжада президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Ирина Камарданын бул доо арызын четке какты.
Андан мурдагы отурумда сот жабырлануучулардын тизмесин окуп жатып үч гана адамдын аты-жөнүн атап, апрель окуясында каза болгон калган 84 баланын залда отурган тууган-уругун ызы-чуу түшүргөн. Алардын чырылдаганынан улам сот калган жабырлануучулардын тизмесин түзө баштаган. Бул эмне деген жорук? Соттун буга чейин 7-апрелде канча адам жабыркаганын билбегени эмнеси?




  Шылкылдама

ЭМИ БАЗАР РЕВОЛЮЦИЯСЫНА КЕЗЕК КЕЛДИБИ?

30- мартта Ош базарындагы "Кыял" соода жайынын тегерегинде иштегендер мэриянын базардын айланасында мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдөн тазалоо иштерине нааразы экендиктерин билдирип, Ак үй алдына митинг өткөрүп, президент Р.Отунбаева, премьер-министр А.Атамбаев жана ЖКдагы "Ата журт" фракциясынын лидери К.Ташиев менен жолугушууну талап кылышты.
Алардын айтуусу боюнча, ишкер Аскар Салымбеков өзүнүн шаардын батыш тарабындагы "Дордой- Моторс" базарын ишке киргизүү үчүн президент Р.Отунбаеваны, премьер-министр А.Атам-баевди, мэр И.Өмүркуловду акчага сатып алып, аларды Ош базарын жабууга көндүрүп, элди өзүнүн базарына барууга мажбурлап жатат. Ошондой эле митингчилер Ош базары түрктөргө сатылган деп да ызы-чуу түшүүдө. Митингге чыккан миңге жакын эл, көбүнчө жаш балдар өтө агрессивдүү аракеттерге барышып, милицияларга, Ак үйгө, анын айланасында токтоп турган автоунааларга таш ыргытып, беш-алты жигит Ак үйдүн дарбазасынан өтүп да кетти.
Түштөн кийин митингчилердин өкүлдөрүн ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков кабыл алып, бул маселени саясатташтырбай, талаптарын ачык көргөзүүнү сунуштады. Алар соода кылып отурган жайларынан козгобоону жана Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Ахматбек Келдибеков бул маселе талкууланып, анан чечилерин убада кылды.
Жеген нанын тарттырган элдин агрессив-дүүлүккө барары айтпаса да түшүнүктүү. Бирок ошол эле учурда мындай күчтү кимдир бирөө кайсы бир максат үчүн пайдаланса болот. Орус тилдүү гезиттердин бири коңшу өлкөлөрүбүздүн биринин президенти өкмөт башчы А.Атамбаевди бийликтен кетирүү үчүн Кыргызстандагы кайсы бир саясый топко 10 млн. доллар бергенин жазып чыкты. Балким бул митинг ошо миллиондогон жашылбайдын натыйжасы болуп жүрбөсүн?..
Кечээ ЖоКеде базарчылардын чуусу боюнча жыйын болуп, Бишкек мэри Иса Өмүркулов мыйзамсыз коюлган күркөлөрдүн бардыгы алынып, базарды тартипке салууну көздөп атканын, базарчыларга сегиз базардан орундар сунушталганын, Ош базары түрктөргө сатылбаганын билдирди. Адегенде "Ош шейиттери" Ак үйдү баса жатышып миллиондорду бөлдүрүп кетишти эле, алар бүтөөр замат түрмөдө отургандар ачкачылык жарыялашты. Булардын ачкачылыгы токтоор замат, Ак үйдүн астын базарчылар ээлешти. Деги бул кимдердин планы, ыя?




  Кырсык

ТИЛСИЗ ЖОО ТИРИЛЕ БАШТАДЫ

27- мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда күндүн кескин жылышынан жана жаан-чачындын кесепетинен тоолордогу карлар эрип, суу ташкыны пайда болуп, суу арыктарга батпай тоо этегинде жайгашкан Ак-Муз айылынан 11, Ак-Моюн айылынан 100дөн ашык турак-жайды каптап кеткен.
Беш күн бою аккан суу ташкыны Ак-Моюн айылынын беш көчөсүндөгү үйлөрдүн көпчүлүгүнүн фундаменттерин, короо-жайларын каптаса, айрымдарынын үйлөрүнүн жарымына чейин суу толуп, оокат-кечелерин сыртка ташып чыгарышкан. Короо-жайлар урап, 11 койду короонун дубалдары басып калып өлсө, дагы биртоп майда жандыктарды суу агызып кеткен. Мындайда эл бийликтен жардам күтөт эмеспи. Жардам берет деп ишенген Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болгону бир трактор берип, анысы сууну тосумуш эле болгону болбосо, жарытып жардам бере албады. Азыр айыл тургундары тарткан чыгымдарын эсептеп, айыл өкмөтүнө каттатуу менен алек. Ушу тапта суу агыны токтоп калды. Суу жеген көчөлөр оюлуп, иштен чыккан абалда турат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ