![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Көңүл чордонунда Ат адамдын канатыТоолуу аймактардын калкы дайыма ат минип жан баккан. Жоого чыкса да, жайлоого чыкса да ат үстүндө. Көчмөн кыргыздарда гана эмес, тоолуу жерде жашаган америкалыктар да бизге окшош. Муну өз көздөрү менен бишкектиктер өткөн жума күнү америкалыктардын родео шоусунан көрө алышты. Ал эми шаршембиде Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында родео менен Кыргыздын улуттук оюндары аралашкан оюндар өттү. Америкалык ковбойлорду Кыргызстанга АКШ элчилиги чакырып, оюндарды КР ат спортунун федерациясы уюштуруп, тоңдуктарга да маданий жаңылык жетүүсүн камсыз кылган "Кумтөр Оперейтинг Компани" болду. Кыргыздын чабандестери менен ковбойлор айылдын спорт аянтында көп эл чогулткан биргелешкен оюн-зоок көрсөтүштү. Ковбой - уйчу бала Родео - оюн катары Батыш америкалыктарда пайда болгон. Ковбойлор кадимки эле уйчу жигиттер. Жүздөп, миңдеп мал кайтарышып, сатуу үчүн көп чакырымга уй айдап жүрүшкөн. Албетте алар ат минишкен. Американын талааларындагы мустанг жапайы жылкыларын үйрөтүп алышкан ковбойлор бара-бара өздөрүнүн субкультурасын жаратышкан. Ковбой деген сөз "уй кайтарган бала" деген маани берип, мустангдарды үйрөтө алган күчтүү, кантри ырларын ырдап, ооз-кыяк менен гитарада ойногон, жынсы шым, эки чети кайрылган шляпа, такалуу өтүк кийип жүргөн адамдын образына айланган. Азоо жылкыны үйрөтүү учуру элди кызыктырып, акыры родео шоусу келип чыккан. Анда ковбойдун мөңкүп аткан аттан кулап түшпөй, ээрде кыт куйгандай отуруп, шамдагайлыгы бааланат. Оюндардан ат үстүндө бараткан уйдун мойнуна аркан салуу, өгүздү үйрөтүү, аттан кулап түшпөй мөңкүтүү оюндары кирет. Кыргызстанга родео шоусу менен Вайомингден жети адам келген. Ичинен Ди менен Коула кыздардын родеосун көрсөтүп, ковбойлордун музыкасы - кантри ырларын ырдашат. Иен деген жигит баарын тасмага түшүргөн оператор дагы, чабандес катары да өнөрүн көрсөтөт. Трай ковбой, үйүндө ат үйрөтөт. Крит болсо родео шоуларына активдүү катышат. Топтун жетекчиси Кандра "Виста 360градус" бейөкмөт уюмун жетектейт. Ал биздин өлкөгө 14-жолу келип отурат. Америкалыктар күлүктөрүн ала келдиби деген суроо баарын кызыктырды. Көрсө, чек арадан мал алып өтүү өтө кыйынга туруп, алар биздеги жылкылар менен оюн көрсөтүштү. Родеого кимдер катышат деп сураганда, Трай : "ковбойлордун баары эле родеого чыгышпайт, силерде деле чабандестин баары көк бөрү ойной бербейт да" деп жооп кайтарды. - Ковбой болуш үчүн биринчиден жылкыларды сүйүш керек, андан кийин эмгекчил, чынчыл болуп, баштаган ишти аягына чыгара билүү шарт. Жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуусу керек. Албетте азоо аттарды, букаларды үйрөтүүчүлөр кара күчкө ээ болушат. Жаш, дени сак болсо жакшы. Биздей улгайгандар карап гана турабыз, - деп Трай ковбойлордун сапаттарын санап берди. Биздин меймандар мындан ары Түркмөнстанга, анан Афганистанга сапар алышмакчы. Тоолуктар, бириккиле!Ковбойлордун жер кезип жүргөн максатын топтун жетекчиси Кандра баяндап берди: - Биз "Роки маунтенс" деген АКШдагы тоолуу аймак менен Түндүк Кыргызстан ортосундагы маданий жана соода-сатык байланыштарды жүргүзгөн бейөкмөт уюмбуз. 2006-жылы да ковбой-шоу алып келгенбиз. Ошондо биз Кочкор, Ат-Башы, Суусамыр жана Тамгада болгонбуз. Мен 14-жолу Кыргызстанга келип отурам. Максатыбыз - тоолуу жердеги калк турмушун өз ара кызматташуу аркылуу жакшыртуу. XXI-кылымда тоолуу жердеги калктардын көйгөйлөрү бирдей экенин байкадык. Мурда биз тоо арасында болуп, деңизге да, өнүккөн башка аймактарга да алыс болуп жакшы өнүгө албай келгенбиз. Анан биз биригип иш кылуу, өз ара кызматташтык абалдан чыгуу жолу экенин таап, ишке ашыра баштадык. Азыр дүйнө жүзүндөгү башка элдер менен кызматташуу жолдорун издеп жатабыз. Анын бири - жылкыларды сүйүү аркылуу. Бүгүнкү родео шоусу ушул иштин алкагында. Биз кыргыз чабандестеринен үйрөнчү нерселерди таптык. Экономикалык кызматташуу да бизде жакшы жолго коюлган. Америкада кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын - ала кийиз, шырдак, кийизден жасалган сувенирлерди жакшы сатып алышат. Кол менен жасалган буюмдардын өзгөчө адамдык жылуулугу, наркы жогору бааланат. Биз менен көп жылдан бери иштешкен чеберлерден Айдай Асангулова, сонун куурчактарды жасаган Галина Турдиевна жана башка көптөгөн айыл жерлериндеги аялдар Кыргызстандын атын, салтын, маданиятын өз буюмдары аркылуу алыска таанытып жатышат. Баары билгендей, кичи бизнес - жакырчылыкты жеңүүдөгү негизги ачкыч. Силерде болсо уз аялдар көп. Ал аңгыча оюндар да башталды Күн чайыттай ачык болуп, стадионго чогулгандарды кактады. Ага карабастан эки өлкөнүн улуттук ат оюндарын көрүүгө эл улам келип жатты. Албетте аларга жеке туристтер көнүмүш болгону менен, мындай атайы уюштурулган эл аралык иш-чаралар чанда. Биринчи болуп эки тараптын кыздары чыгышты. Оюндун шарты боюнча үч бурчта турган белгилерди убакыт менен жарышып айланып өтүш керек. Көрүүчүлөр алгач өз кыздарыбызды эле сүрөп атышты эле, анан кызыгына батканда "Ди, чап эле чап!" деп кыйкырып атышты. Америкалык ковбой айымдар ат башкаруунун техникалык сапаты менен жагышса, кыргыз кыздар тездиги менен алышты. Андан кийин биз көнгөн кыз куумай оюну болду. 15 жаштагы Айгерим бала кезинен ээрде, тоодо ата-энеси менен жүрүп көнгөн. Кызыл көйнөгү шамалга желбиреп, америкалык ковбойлорго да, кыргыздын жигиттерине да жеткизбей кетти. "Мына сага, кыз болбосоң кое кал!" деген сөздөр тарап, эл жетпей мыш болгон жигиттерге дуулдады. Андан кийин стадиондун көркүн ача эки жорго чыкты. Чабандестери эки кичине бала элдин алкоосун түшүнө мурдуларын көтөрө аттарын жорголотушту. Минген жаныбарынын баркын билет да. Жибектей куюлган жалдары, сеңсеонее куйруктары, жылма таралган жондору күндөн кулпура жылтылдап отургандардын кол чабууларына, сүрөөндөрүнө чөмүлдү. Жарк эте пайда болгон эки жорго баарын суктандырып туруп, бала чабандестер "чү!" дегенине көнүп, стадиондон чыгып кетти. Кезек боюнча оодарыш болду. Биздин жигит Крит-ковбой менен биртопко ат үстүндө кармашты. Улам бири атаандашын белден тартып, мына алды дегенде атаандашы суурулуп кетет. Родео көргөзүп жүргөндүн булчуңдарын көргөн эл биздин арыгыраак келген жигит уят болбогой эле деп күбүрөндү. Акыры эч кимиси жеңилбей, экөө тең-тең деп кол кармашып, оюнду бүтүрүштү. Эми америкалык оюнга кезек келген. Беш жашар эки баланы чоң ириктерге миңгизип жарыштырды. Кызык угулганы менен көргөндөр боору ботко боло каткырышты. 15 метрден ашык кой үстүндө эч ким жармашып кала албай, жерге томолонуп жатышты. Эми чоңойгондо чоң ат минесиңер деген тилек угуп, америкалыктардан оюнчук белектерди алып чуркап кетишти. Балдар оюнуна кызыккан мадыра баштар ортого чогулуп калды. Аларды таратпай туруп дагы бир америка оюну ойнотулду. Эки торпоктун куйругуна кызыл жип байланып, 40тай баланын кимиси биринчи жулуп келсе жеңмей болду. Белги боюнча чуркап жөнөгөн балдар чаңды асманга чейин сапырышты. Торпоктор карматпай качабы же балдарды тебелеп кетеби деп кабатырлангыча эле алеки заматта эки бала кызыл чүпүрөк кармап чыга келишти. Алар да белектерин алып сүйүнө жөнөп кетти. Ошентип кезек улак тартышка келди. Биринчи кыргыз жигиттер төрттөн болуп алышып кантип ойношту меймандарга көрсөтүп беришти. Крит менен Трай да эки топко кошулуп, оюн кызый баштады. Эл алардын атка бекем отурганын, улакты оңой эле эңип алганын баамдап жатышты. Жаңы келип жаткан адамдар "оюн качан башталды?", "америкалыктар качан жана кантип келиптир?", "дагы кайсы айылга барышат экен?" деп сурап жатышты. Нооруз өткөн, айдоо баштала элек кезде боштукту толтургандай болуп чет элдиктер менен улак тартышуу элге жакты. Тоң районуна "Кумтөр" ишканасы жакын болуп, алар ушундайларды уюштуруп турганына ыраазы болгондордун күбүрлөрү тарады. Ал аңгыча сары улак улам бир чабендестен экинчисине өтүп, аттар жөөлөшүп, чаң сапырылып ар бир команда экиден упайга ээ болуп калды. Убакыт чектелүү болгондуктан достук жеңди деген жыйынтык менен жигиттер стадиондон тарашты. Иш-чарага келген бир нече саяпкер куштарын алып келишиптир. Америкалыктар, шаардан келгендер алар менен сүрөткө түшүп жатты. Кечинде болсо иш-чара эки тарап биргелешип даярдаган концерт менен уланды. Нуржан АЛЫМКАНОВА
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||