15.07.11 - 2-бет: Үзүлбөгөн үмүт
Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Акылбек Жапаров, Курманбек Осмонов, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Марат Султанов, Кубатбек Байболов дегендер 20 жыл ичинде Кыргызстан үчүн эмне кылышты? Жооп аз, суроо көп… Чындыгында 20 жылдан бери өлкөнүн кризистен чыга албай келе жатышына булардын да салымы бар. Акаев менен Бакиев, анан Отунбаева буларды каалагандай пайдаланып келишкен, жана да пайдаланып жатышат. Демек, азыркы учурда булар эл үчүн далай чабылган "карталар".
Ошон үчүн ушу тапта жашы отуз-отуз бештин тегерегинде, айыл кыргызы менен шаар кыргызынын дилин түшүнгөн, бардар, харизмасы күчтүү жаш жигит жарк этип чыга келсе, жогоруда аты аталгандардын баарын чаңына калтырып президенттик шайлоодо кашкая утуп келмек дешет үмүтү үзүлбөгөндөр.
А балким чындап эле ошондой жигит чыгып калаар…
Жаныш жөн жатпайт
Жакында Жалал-Абадда жалаң түштүктүн тыңчыкмаларын, өзгөчө президенттикке талапкерлерди кадимки Жаныш Бакиев чогултуп жыйын курганы эл арасында айтыла баштады. Жыйын жөн эмес, алдыда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу болуптур. Президенттикке аттана турган жигиттер жаңы мууздалган койдун канына колдорун малып туруп, түндүктүк талапкерлерди бияктан өткөрбөйбүз деп катуу антташты дешет.
Эмнеси болсо да Бакиевдер кланы бу шайлоодо бирдин ичинен чыгаары маалым болду.

Көп иштесең көп аласың
Кыргыз үчүн жан аябай иштеген, жакында ыраматылык болуп кеткен мекендешибиз Ян Фишердин ушу кезге чейин алып келген пенсиясы 144 миң сом экени жөнүндө маалымат белгилүү болду. Ян Ефимович биртоп жыл мурда өз ак эмгегинен 8 млн. сомду Соцфондго төгүп берип, ошон үчүн ушунча суммада пенсия алып келген экен.
Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча пенсиясы 10 миң сомдон ашкан миңге чукул адам бар. Айтмакчы, Турдакун Усубалиев аксакалдын пенсиясы болгону 17 миң сом.

Мадумаров майдаланбайт
"Бүтүн Кыргызстан" лидери Адахан Мадумаров жакында партиясынын съездин өткөрдү. Адахан мырзаны президенттик шайлоодо Россия, Казакстан колдоору айкын болду. Ал өзүнүн эң негизги атаандашы катары азыркы премьер Алмазбек Атамбаевди гана эсептейт. Калган талапкерлер добуштарды бөлүп кетүүдө гана тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Эң негизгиси, өткөн парламенттик шайлоодо КСДП, "Ата журт" сыяктуу партиялардын электораты кыйла эле азайганы, ал эми "Бүтүн Кыргызстандын" лидерине ишеним арткандар көбөйгөнү Мадумаров үчүн чоң плюс болууда.

Үсөн акенин үгүтү
Саясаттагы "карт бөрүлөр" кай заман болбосун жерде калбачудай. Дегенибиз, былтыр кайра революция жасай коем деп алты жылга үй түрмөсүнө кесилген айтылуу Үсөн аке Сыдыков азыркы бийликке абадай зарыл болгондой. Аны ай башында премьер мамрезиденцияда кабыл алып, президенттик шайлоодо элди экиге бөлбөй биргеликте иштейли, менин түбүм Баткенден, түштүктүн кулунумун таризинде ымандай сырын ачыптыр. Ошол жолугушуудан соң Үсөн аке түштүктө Шаршеновичти байдын кызындай өкүртө мактап жүрү дейт. Чамасы башбакан жапкан чепкен менен бакай калпак көңүлүнө жаккан го.

Өмүкенин өктөмдүгү
Жакын арада "Ата мекен" партиясынын курултайы өтөт. Курултайда "Ата мекендин" атынан президенттикке жалгыз талапкер катары Өмүрбек Текебаев көрсөтүлмөкчү. Бирок мындай чечимге "ата мекенчилердин" басымдуу бөлүгү каршы чыгышы ыктымал. Себеби аталган партиянын жаш өкүлдөрү так талашка Равшанбек Жээнбековду сүрөшмөкчү болгон. Муну билип калган Өмүке Равшанбек Бабырбековичти партиянын саясый кеңешинин курамына киргизбей, акырын белге чапты.

Кимди ким кайтарат?
Кезинде милициянын полковниги Чыныбек Алиевди жана депутат Жыргалбек Сурабалдиевди атып өлтүргөн деген күнөөнүн негизинде Эркин Мамбеталиев өмүр бою эркинен ажыратылып, 7-апрелден кийин кайра акталган. Эми Эркин мырза жана аны менен бир камерада отурган, учурунда "Юса" ресторанынын кожоюнунун пешенесине "мөөр" басып түрмөгө түшкөн Илияс аттуу жигит мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынып, кыргыз бийлигинин дөө-шааларын, тагырагы, премьер-министрди кайтарышат экен. Булардын иштерине ийгилик гана каалайбыз!

Учу узарбаган уруу талаш
Революциячыл гезиттердин бири "Кыргыз уруу билермандарынын далилдөөсү боюнча Темир Сариев таза солто эмес калмак экен. Ошондуктан солтолор өзүнүн лидерлигине Сариевди эмес Кожоналиевди шайлап алышты" деп жазып чыкты. Ошондон кийин Темикең жан-жөкөрлөрүнүн коштоосунда редакцияга башбагып басылманын жетекчилигине нааразычылыгын жашырбай айтып, кезинде бир машине белек кылганын да эске салыптыр.

Бөркү казанбактай болгон кимдер?
Жалал-Абад губернаторлугуна Азизбек Турсунбаев барганы айрым басылмалар бул кызматка экс-депутат Бегалы Наргозуев катуу чуркап жетпей калды таризинде чуулдата башташты. Чындыгында мунун баары тескерисинче болгон. А киши чуркабай эле ЖоКедеги үкалары Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов өкмөт башчысына кирип губернаторлукка Бегалы мырзанын талапкерлигин сунушташса, ага премьер макулдугун билдирген. Ара чолодо Искендер Гайпкулов менен Аскарбек Шадиев премьерге киришип, Наргозуев "Республика" партиясына эмес "Содружествого" иштеген деп башбаканды айнытышыптыр.

Ибрагим ака иттей сексуалдуу эй, кыздар
Элемандын атакеси, вице-премьер Ибрагим Жунусов интернет-сайттардын бирине дал ушинтип көкүрөк каккан кербези. Ал сайттын "Саясатчылардын кимисин эң сексуалдуу деп ойлойсуз?" деген суроосуна "саясатчылардан ким сексуалдуу экенин билбейм, бирок мен өзүмдү өтө сексуалдуу эркек катары эсептейм" дегендей жооп узатыптыр. Сексуалдуу вице-премьерге даңк жана дүңк!

Жаңы эмес эски экен
"Манас" аэропортунун экс-жүк ташыгычы Жолдош Бектурганов 7-апрелдин эртеси "Кыргызстан" авиакомпаниясынын жетекчилигине дайындалган. Жолдош мырза ишинин алгачкы жемиши катары Венгриядан ижарага "Боинг-737-400" учагын алып келип, анын урматына депутаттарды дүңүнөн чакырып дүңгүрөтө той берген. Анан "Боингге" Бишкек-Дубай каттамында жүргүнчүлөрдү, эл өкүлдөрүн салып алып аэропорттон көтөрүлгөндө эле жаңы делген самолету "аварийный" сигнал берип кайра жерге конот. Ал эми осол болгон депутаттар түн жарымында үйлөрүнө кайтышса, "Кыргызстан" авиакомпаниясы аргасыздан башка жеке менчик фирмадан самолет жалдап жүргүнчүлөрүн Дубайды карай учурганын ишенимдүү булактан кабарлашты.

Аликбек августта ойгонот
Узаган жумада Кремлдеги таасирдүү фигуралардын бири "Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкуловго жолугуп кетти. Сүйлөшүү маалында А.Жекшенкуловго президенттик шайлоого катышуу сунушу киргизилип, финансылык жактан колдоо көрсөтүлөрү кыйытылыптыр. Алике августка чейин ойлонорун айтып тиги мейманды жылуу-жумшак жолго салганы.
"Жаңы Агым - пресс"