15.07.11 - 6-бет:
  Бизнес-пресс

Учурда Мегакомдун айланасындагы ызы-чуу күчөмөк турсун түтөп бараткансыйт. Ушуга байланыштуу "Альфа Телеком" компаниясынын Башкы директору Азамат МУРЗАЛИЕВге кайрылып айрым суроолорубузга жооп алдык.
"Мегаком элдики болуп, элге иштеши керек"

- Басма сөздөрдө "…Азамат Мурзалиев Бабановдун кишиси. Булар командасы менен Мегакомду букадай тооруган рейдерлер, эптеп эле колго тийгизип, мүйүзүбүзгө илип кетсек деп турат" маанисинде сөздөр жүрүп жатат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бабановдун башынан эле Мегакомго тиешеси болгон эмес. Ал өкмөт башчысынын биринчи орунбасары катары экономикалык блокко жооп бергендиктен, Мегакомдун айланасындагы окуяларга байланыштуу өз сөзүн айтканы менен, анын күндөлүк иш процесстерине эч качан кийлигишкен эмес.
Бабановдун бул ишканадан мамлекетке канча дивиденд түшөрүнө эл көзүнчө кызыгып, анын элге кызмат кылуусуна аракет кылганы, жардам бергени болбосо жеке кызыкчылыгы жок.
- Сиз Башпрокурор Байболовдун чатагында Мегакомдун башкы директорунун милдетин аткаруучу кызматынан кеткенсиз. Бабанов да ошол маселеге байланыштуу "эс алып" келди окшойт. Бирок экөөңүздөр тең айланып кайра кондуңуздар. Бул эмне деген ээрчишкен кадам?
- Ошондогу Башпрокурор Байболов менен "балталашууда" анын мыйзамсыз аракетин, Силичти коргоодогу кызыкчылыгы бардыгын далилдөө максатында "Мурзалиев Мегакомдун ресурсун пайдаланып жатат" деп айтпасын үчүн кызматтан өз ыктыярым менен убактылуу кеткеним ырас. Бирок, Мегаком компаниясынын акционерлеринин ушул жылдын 28-майында өткөн жылдык чогулушунда мүлк министрлиги тарабынан менин кандидатурам көрсөтүлүп, башкы директор болуп мыйзамдуу шайландым. Ошону менен иштеп жатабыз.
- Жакында Жогорку сот Мегакомдун мүлкүн "БиМоКоМго" берүү өкүмүн чыгарды. Жогорку соттун өкүмүн эч ким ак же көк дей албайт. Акыркы инстанция. Өкүмдү аткарууга даярсыздарбы?
- Ооба, биз аткарууга даярбыз. Эгер бул чечим күчүндө кала турган болсо Мегакомдун мүлкүнүн "БиМоКоМго" өтүп кетиши биздин абоненттерибизге таасирин тийгизбей тургандыгын айта кетели. Ошол эле учурда Мегаком мамлекетке өгөй бала эместигин, 49 пайыздык үлүшү бар экенин эстен чыгарбасак. Ошентип "БиМоКоМго" техникалык жабдууларды өткөрүп бере турган болсок, компания 9 млрд.сомдук мүлкүнөн ажырайт. Бул болсо Мегакомдун кирешесине таасирин тийгизип, мамлекетке берилүүчү дивиденддин көлөмүн азайтат. Жогорку сот мындай өкүмүн чыгарганда кыргыз өкмөтү элге каршы өкүм болуп калды деп бекеринен чыркырап чыккан жок. Анткени Мегакомду тооруп жүргөн, аны кандай болсо да колго тийгизүүнү көксөгөн, М.Бакиевге киндиктеш "Пенвелл", "Серпеус" компаниялары 9 млрд.сомдон ашык мүлктү оффшордук аймактарга чыгарып кетүүгө кызыкдар болушууда. Коркунуч ушул жакта.
- Бирок, "кыздын сыры төркүнгө маалым" дегендей, Жогорку соттун судьяларынын мындай өкүмдү тигилердин пайдасына "бекер" эле чыгарып бербегендиги коомчулукка белгилүү болуп калды. Ал соттордун аты-жөнү, алган суммаларына чейин ачык айтылууда. Ушундай шарттарда Мегакомдун мүлкүн "ме" деп эле берип коебузбу? Мамлекеттик кызыкчылык кайда калат?
- Биз ушундай болуп калды деп эле алаканды жайып шалдайып отуруп калган жокпуз. Азыр соттошуу процессиндебиз. Эгер биздин жүйөөлөрүбүзгө, келтирген далилдерибизге көңүл бурбай эле сот өкүмүн күчүндө калтырса, анда айла жок баш ийүүгө, Мегакомдун мүлкүнөн ажыроого туура келет. Мунун мамлекетке канчалык зыян алып келээрин жогоруда айттым. Эсиңиздерде болсо керек, Жогорку сотто биздин үнүбүздү уккан эч ким болгон эмес. 40 мүнөттүн ичинде ушунчалык татаал маселени арыдан бери чече салышкан. Айта кетүүчү нерсе, Мегакомго байланышкан сот процесстери кийинки мезгилдерде чагылгандай тездик менен өтчү болду. Мындай болбош керек эле. Ушунун өзү буга кызыкдар, арам ойлуу кимдир бирөөлөрдүн максаттуу иш-аракетин жүзөгө ашырып жатабы дегендей ой калтырууда. Болбосо бир тарабын угуп, экинчи тарабын укпаган да соттук териштирүү болмок беле?
- Жообуңузга ичим чыкпай калды. Жогорку сот акыркы инстанция да. Аны менен талашып-тартышууга жетиштүү далилиңер барбы деп жатам.
- Биринчиден, Жогорку сот бул маселе боюнча биздин фактыларды эске алган эмес. Биздин позицияларга көңүл бурбаган. А биз мамлекеттик кызыкчылык жагын айтып жатканбыз. Экинчиден, Жогорку сот биз тараптын өкүлүн катыштырбай эле өкүмүн чыгарып салган. Дегеле, булар барбы-жокпу деп да койгон эмес. Үчүнчүдөн, мурдагы сот процесстеринде белгисиз болгон айныксыз далилдер, фактылар, жаңы жагдайлар келип чыгууда. Ушунун негизинде сотко кайрылып Жогорку соттун чечимин жокко чыгартып, ишти биринчи инстанциядан баштап кайра каратууга, жөн эле карабастан акыйкат каралышына жетишүүгө аракет кылып жатабыз.
- Чуулгандуу Роза Качиева деген айым бар эле. Ал азыр Раушан Рыкунова болуп алып, УКМК үч күн камай койсо Мегакомду териштирген соттордун үйүндө жүргөн немедей көп фактыларды ачыкка чыгарды. Сиздер жаңы жагдайларга байланыштуу сотко кайрылабыз деп жатасыздар, анын айткандары бул ишке кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алабы?
- Раушан Рыкунова "Альфа Телекомдо" 9 айга жакын иштеп, мунун тегерегиндеги ызы-чууну жакшы билген айым. Ал М.Бакиевдин ашын ичкен "Пенвелл", "Эвентис" компанияларынын өкүлү болчу. Алардын Мегакомду эмне кылса да колдон чыгарбоонун амалын кандай көргөнүн, кимдерди сатып алганын, алардын аты-жөнүн, ээлеген кызматын, бул үчүн канчалаган акча каражатын самандай чачканын өз оозу менен айтып отурбайбы. Эми мунун чын-бышыгын тиешелүү укук коргоо органдары териштирээр деген үмүттөбүз. Бул көңүл бурбай койчу маселе эмес. Көп нерселерди мындай болгон деп эле көргөзө айтып жатпайбы. Аты аталган сот-прокурорлордун албагандары чын болсо, эң негизгиси абийир менен намыс болсо, мынча пара алды деп элге аты-жөнү угулуп атса өздөрүнүн укугун коргоп алышаар. Анткен менен Мегакомго байланышкан чатактын дал ошол Раушан Рыкунова айткандай чечилип келгендиги да ойлонто турган маселе.
Биз болсо өзүбүздүн далилдерди, фактыларды сотто айтабыз.
- Буга чейин "Пенвелл" компаниясы райондук, шаардык соттон утуп кетишкен. Раушан Рыкунованын кашкайта айтканына караганда, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Марс Жакупов 400 миң долларды бир сугунуп "Пенвеллдин" пайдасына чечип бериптир. Буга эмне дейсиз?
- Бул айтылгандардын кайсы бир деңгээлде негизи болсо керек. Албетте аны далилдеп чыгуу керек. Айта кетүүчү нерсе, "Альфа Телекомдо" Максимдин тушунда да, апрель окуяларынан кийин да айтылуу А.Силич ушул жерде башкы директор болуп турганын билесиздер. Анын укук иштери боюнча орунбасары болуп Аюр Доржиев иштечү. Ошол адам "Альфа Телекомдун" ак нанын жеп, өзү ушул жерде иштеп турганына карабастан "БиМоКоМдун" кызыкчылыгын коргоп, натыйжада сотто уттурушкан. Бул түздөн-түз алдын ала сүйлөшүп алуунун белгиси. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып жатабыз. Апрель, июнь окуяларынан кийин мамлекетибиз этек-жеңин жыя албай турган шарттарда булар соттор менен "соодалашып" өздөрү каалагандай чечимдерди чыгартып алууга, ошондой эле ири каражаттарды оффшордук аймактарга алып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Кийин Убактылуу өкмөт тышкы башкаруу киргизип, башкы директордун милдетин аткаруучуну дайындап, бул жактагы "боткону" токтотууга аракет кылды. Кээде аракетибиз ишке ашпай минтип соттордон да утулуп калдык. Эмне болуп кетти деп элге кайрылып турганда Раушан Рыкунова өңдүү өздөрүнүн өкүлдөрү бизди "кантип жайлаганын" ап-ачык эле айтып отурушпайбы.
- А.Силичтин командасы бул максатта баш-аягы 7 млн.доллар жумшады дейт Рыкунова. Бул кандай болсо да Мегакомду колго алуунун аракетиби?
- Албетте. Азыр мына соттон уттук деп жар салган компаниялар кандай жол менен болбосун Мегакомго суук колун салууга аракет кылып жатканын көргөзүп коюшту. Булар эптеп эле мамлекеттен, кыргыз элинен тартып алууну көздөгөндүгүн жашыра деле албай калышты. ММКлардан өңгөчтөрү үзүлгөнчө кыйкырып, элдин башын айлантканга этек-жеңин түрө киришкенин басаңдата элек. Маалымат согушу үчүн миллиондогон акча каражаттарын чачып, таасирдүү адамдарды түрткүлөп жатышат. Кечээ эле Мегакомго эч кандай тиешеси жок, бул жакта эмне болуп жатканын деле түшүнбөгөн кайсы бир эл депутаты басма сөздөн күпүлдөп чыга келди.
- Раушан Рыкунова спикер А.Келдибековдун да Мегакомдо кызыкчылыгы бар, белгилүү бир чөйрөнүн кызыкчылыгын коргойт деп "балп" эле айтты. Ушуга комментарий бере аласызбы?
- Бул жөнүндө маалыматым жок. Бирок мындай маалымат айтылып жаткандан кийин бул фактыны да териштирүү керек деп ойлойм. Бизде жогорку бийлик, ошол эле президент, спикер, премьер-министр, өздөрү мыйзамды туу тутуп жашайлы деп жатышпайбы. Аныгында мыйзамдын алдында спикер болобу, катардагы адамбы, бирдей жоопкерчиликте болуш керек.
- "Пенвелл" компаниясынын Мегакомдун 51 пайызынан көзү катып, анысы биротоло агайын деп калганына көп болду. Жогорку соттук жагдайлар "Пенвеллди" короодон алыс кууп салып Мегакомду 100 пайыз улутташтырууга шарт түзүп бере алабы?
- Учурда А.Елисеевге, анын жан-жөкөрлөрүнө козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда каралууда. Эгер сотто алардын күнөөлөрү далилденсе, бул компания мыйзамсыз түзүлгөндүгү аныкталса, конфискациялап алып коюуга болот. Бирок соттук териштирүүлөр процессуалдык мыйзам бузуулар менен коштолууда. Жогоруда айтканымдай, эмнегедир эле жоо куугандай тездик менен жүрүүдө. Ушунун өзү кооптондуруп турат. Ошондуктан коомчулук, өкмөт буга көз жумуп койбосо деген ойду айткым келет.
- Кийинки мезгилде Мегаком компаниясы гуманитардык жардам берүүлөрүн активдештирүүдө. Бул элдин көңүлүн алуубу же чыныгы ниетпи?
- Силичтин тушунда Мегаком ай сайын 500 миң сомдук гумжардам көрсөтчү. Биз азыр айына 2,5 млн.сомдук жардам көрсөтүп жатабыз. Бул каражат кайдан деп окурман сурашы мүмкүн. Биз буга Мегакомдон мурда оффшордук аймактарга кетип жаткан акча каражатын токтотуунун, ошондой эле өндүрүштүк жетишкендиктердин негизинде түзүлгөн ички резервдин эсебинен жетишип жатабыз. Республиканын тарыхында биринчи болуп быйылкы жылы ар бир мектепке комьпютердик класстарды ачып берели деген ниетибиз бар. Мындан тышкары жети балдар үйүн карамагыбызга алып, аларды туруктуу колдойлу деп чечтик. Эми мындай иштер көп эле. Эң негизгиси, Мегаком өңдүү ири компания элдики болуп, элге иштесе деген эле тилек.

Маектешкен
Темирбек АЛЫМБЕКОВ