presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жыртык бүтөбөгөн ЖРТ

Адамдар өздөрүн, мамлекет коомду алдап келатат
2002-жылдан тартып мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүп келишет. ЖРТны ишке киргизүүнүн башкы максаты - билим берүү тармагындагы коррупцияны жоюу, билимге суусаган жаштардын өз күчү менен жогорку окуу жайга (ЖОЖ) өтүшүнө өбөлгө түзүү. Бирок аталган программа башында өз жемишин бергени менен, акыркы жылдары анын мааниси жоголуп бараткансыйт.


Расмий статистикага таянсак, быйыл 78 миң улан-кыз мектеп уясынан учуптур. Анын 33 миңи жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн. Эми булардын ичинен канчасы ЖОЖго тапшыруу укугуна ээ болгонун эсептейли.
Талапка ылайык, 100дөн ашуун балл чогулткан адам гана контракттык негиздеги конкурска катыша алат. Ал эми 110 баллдан жогоркулар бюджеттик орундарга ат салышмакчы. Кошумча предметтердин ставкасы 60-65 баллдан жогору болушу шарт. Дал ушул жерден баса белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, мамлекеттик окуу жайлар ЖРТнын жыйынтыгы менен гана абитуриенттерди кабыл алат, мурдагыдай экзамен тапшырмай жоюлган. Эгер кабыл алуу процесси ушул нукта жүрсө, анда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик жарымы билим алуу укугунан ажырашы ыктымал. Анткени быйылкы жылга карата көрсөткүч начар.
Таблицада көрсөтүлгөндөй, 100 баллга чейинкилердин саны 11503тү чапчып жыгылат. Бул неден кабар берет? Бул мектеп окуучуларынын билим сапаты начарлап, агартуу тармагы жардын кырында турганынан кабар берет. Маселенин бир өңүтү ушундай.
Экинчиден, жалаң гана тесттин жыйынтыгы менен окууга кабыл алуу талабы коррупциянын гүлдөп өнүгүшүнө оңтойлуу шарт түзүшү толук мүмкүн. Баллы жетпеген абитуриент ата-энесин кыйнап "шапкесин" берип ЖОЖдун босогосун аттабайт дегенге ким кепил боло алат? Буга кези келгенде кенен токтолобуз.
Өнүккөн өлкөлөрдө да биздегидей эле бирдиктүү мамлекеттик тестирлөө программасы колдонулат. Арийне, аларда тартип башкача болорун Билим берүү академиясынын кызматкери Сейитбек Жаанбаев билдирди. "Коңшу Россияны мисал кылалы. Ал жакта тестирлөө мамлекеттик экзамен менен кошо жүргүзүлөт. Тагыраагы, окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн (тесттеги суроолордун басымдуу бөлүгү логикалык ой жүгүртүүгө негизделген) текшерүүдөн тышкары, анын эмнеге шыктуу экендигин дилбаян жазуу, химия сыяктуу предметтик сабактардан эсеп-кысап чыгартуу аркылуу аныкташат. Мындай практиканы биздин шартка ылайыкташтырып колдонсок жакшы болмок. Себеби биринчиден, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы жалпы республикалык сынактан өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлсө, экинчиден, ошол тесттин жыйынтыгы менен кимдин эмнеге шыктуу экени билинмек".
Контракт өстү, бюджет орун баягыдай эле
Былтыр контракттын минималдык көлөмү 15 миң сомду түзсө, быйыл ал үч миң сомго жогорулады. А бюджеттик орундун саны ошо бойдон калган. Атап айтканда, мамлекет эсебинен билим алууну каалагандарга (медицина, педагогика, айыл чарба, инженердик-техникалык жаатта - Н.К. ) 5700 орун бөлүнгөн.
Бюджеттик орундардын өтө аз болушу коррупциянын өнүгүшүн камсыздары калетсиз. Маселен, ЖОЖду шашпай кыдырсаң медициналык факультетке өтүү үчүн пара берүү 2500-3000, педагогика чөйрөсүндө 1000-1500 долларга, финансы-экономикалык академиясында 1000 долларга жеткенин ата-энелердин күбүр-шыбырынан эшитесиң.

Жону катуу ЖОЖ
ЖОЖго кабыл алуу кандай жүрүп атканын билүү үчүн борбордогу окуу жайларды кыдырып чыктык. Ара чолодо абитуриенттердин пикирин укканга да жетиштик. Айрымдары ЖРТ жыйынтыгына ыраазычылыгын билдирсе, кээлери нааразычылыгын жашырган жок.

Абдыганы АБДЫГАПАРОВ, Жалал-Абад облусу, Аксы району:
"Россияга кетем го"
- Кыргыз филология факультетинде бюджеттик орунга конкурс абдан жогору экен. Ал эми контракт төлөгөнгө ата-энемдин шарты жок. Калганын бактыбыздан көрөбүз да.
- Окууга өтпөй калсаң не кыласың?
- Билбейм. Россияга иштегени кетем го. Айылга барганда эмне жумуш кылмак элем.

Үмүтбек БАЙМЫРЗАЕВ, Баткен облусу, Лейлек району:
"Бизге түшүндүрүшпөптүр"
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн терс жактарын байка-дыңбы?
- Бизде түшүндүрүү иштери начар жүрүптүр. Маселен, медициналык академияга өтүш үчүн негизги предметтен сырткары химия, биология сабагынан тест тапшырыш керек экен. А бизге антип айтышкан эмес, каалаган сабагыңарды тандагыла деп коюшкан. Менимче, ЖРТнын негизги кемчилиги ушу.

Бурулай ШЕРАБИДИН кызы, абитуриент:
"Өткөнүмө окуй берем"
- ЖРТ жыйынтыгына канааттандыңбы?
- Канааттандым. Тесттин жыйынтыгы боюнча 165 балл алдым. Азыр БГУ менен КУУнун чет тилдер факультетине талон таштадым. Кайсынысына өтсөм, ошол окуу жайга окуйм. Негизи быйыл конкурс абдан катуу жүрүп атыптыр.

Акмөөр БАБЫРАВШАН кызы, Баткен облусу:
"Акчам жок"
- ЖОЖго кабыл алууда коррупция күч дейт. Сен мындай көрүнүшкө тушуктуңбу?
- Азырынча талон таштай элекмин. Жаңы эле Кыргыз-орус Славян университетине экзамен тапшырдым. Эгер ага өтпөсөм анда башка окуу жайга аракет кылам. Акча бергенге чамам чакталуу.




Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
"ЖРТны сатып алганды да үйрөндүк"
- Америка сунуштаган жалпы республикалык тестирлөөнүн көмөгү аркасында билим берүү системасындагы коррупцияны жоебуз дегенбиз. Тилекке каршы, анын да терс жактары бар экен. Себеби, кыргыздар кыйын калк эмеспизби, ЖРТнын жыйынтыгын дагы бурмалаганды үйрөндүк. Тактап айтканда, ЖРТны сатып алууга жетиштик. Менин болжолумда, жакшылап иликтей келсең, республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын 20-30%ы туура эмес болуп чыгат.
Экинчиден, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик жарымынан көбү ЖРТга катышкан жок. Демек, алар күндүзгү бөлүмдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Бул түздөн-түз жарандардын конституциялык укугун бузганга жатат.
- Мындай кемчиликти жоюунун жолу барбы?
- Бар. Анүчүн тест тапшыруунун мөөнөтүн чектебеш керек. Ошондой эле ЖРТдан сырткары окуу жайдын өзүндө экзамен тапшырууга шарт түзүлүшү зарыл. Натыйжада бала экзамен аркылуу өзү каалаган университетте билим ала алат.
Бизде ЖОЖго кабыл алуу жылына бир гана жолу жүргүзүлөт. Бул дагы ойлончу маселе. Менин жеке көз карашымда, жылдын кайсы мезгилинде болбосун кабыл алуу системасын киргизсек уттурбайбыз.
- Быйыл контракт өлчөмү өстү. Дегеле контракттан түшкөн каражат өз багытында жумшалабы?
- Ушул контракт деген негизги көйгөйгө айланды. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү студентке эмес, университеттин башка иштерине жумшалат. Кеп өңүтү келип турганда бир мисал тартайын. Быйыл КУУнун Экономика жана финансы институтунун 2000ден ашуун студенти контракттан түшкөн каражат максаттуу жумшалышын талап кылып президенттин атына, Билим берүү министрлигине жана профсоюз уюмуна кайрылуу жазышкан. Анын негизинде биздин институт финансылык жактан эркиндик алды. Мындай жетишкендик университеттеги бюджет эсебинен жан баккан эки-үч профессорго жакпай, бизге каршы тымызын оюн баштады. Бүгүнкү күндө төрт институттун (Юридика, Экономика жана финансы, Башкаруу жана бизнес, Үзгүлтүксүз билим берүү борбору) лицензиясы жок. Окуу боюнча проректор ар кайсы шылтоону айтып алты айдан бери маселени чечпей чоюп келатат. Лицензия берилбесе быйыл канча студентти кабыл аларыбыздын планы такталбайт. Монополияны жөнгө салуу агенттиги контракт өлчөмүн бекитип бербейт. Мунун кесепети өзүбүзгө эле тиет. План толбой, университет финансылык кыйынчылыкка тушугат.




Дамира КАЛИЕВА, Нарын облусу, Ат-Башы району:
"Нааразы эмесмин"
- Ата-энелердин басымдуу бөлүгү жалпы республикалык тестирлөөгө нааразы. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Башкалар үчүн жооп бере албайм, жеке мен ЖРТга нааразы эмесмин. Анткени, республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде эки кызым тең бюджеттик бөлүмгө өтүшкөн. Эми үчүнчү кызым тапшырганы атат. Кудай буюрса, бюджетке өтүп каларбыз.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:38-67-19



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??