05.08.11 - 17-бет: Пешенени жарытпаган пенсия
Айланайын Атамбаев, Абулгазиев, акыйкаттык кайда?
2011-жылдын майынан тартып пенсиянын өлчөмү жогорулайт деген маалыматтарды гезиттерден окуп карылар абдан кубандык эле. Пенсиянын өлчөмү 5000 сомго чейин жогоруларын укканда өкмөткө таластык карыялар алкышыбызды айтканбыз. Көрсө мунун баары жөн гана оюн экен.
Муну биз арзыбаган пенсияны колго алганда гана түшүндүк. Туурасын айтканда, пенсияны жогорулатуу биздин кадыр-баркыбызды тебелеп, шылдыңдагандай эле болду. Ойлонуп көрсөк, пенсияны жогорулатууда стажылык акыйкаттык болбоптур. Түшүнүктүүрөөк болуш үчүн чечмелей кетели.
Соцфонд белгилеген 2300 сом орточо айлык болуш үчүн бир жылдык эмгек акыбыз 460 рубль болушу керек экен. Анткени биз рубль менен айлык алып, 1996-жылга чейин пенсияга чыкканбыз. Союз маалында мындай сумманы өңүбүздө эмес түшүбүздө көрчү эмеспиз. Агезде айына болгону 80-100 рубль алчу элек. Кийин 200 рубль 1 сом болуп алмашты. Ошондо биздин бир жылдык эмгек акыбыз 2500-4000 миң рубль болсо, аны сомго айландырсак болгону 10-20 сом араң болот экен. Анан 2300 сом орточо айлык каяктан болот бизде? Катардагы кызматкерлердин бири да мындай айлык алган эмес. Кыргыз өкмөтү, Соцфонд неге бул жагын жакшылап ойлонбой, рубль менен сомду салмактап пенсияны жогорулатпаганына эмдигиче түшүнбөйбүз. Карылар кайсы убак болбосун келечек муун, эл үчүн керек. Ушундай маанидеги арызыбызды Алмазбек Атамбаевге, Мухаммедкалый Абулгазиевге жазган элек. Ал ара жолдо калаарын билип, арызыбызды гезитке жөнөтүп отурабыз. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, ушул маселени натыйжалуу чечип берериңерден үмүттөнөбүз.
Рыскүл Бүркүтбаева, Бакир Субанбеков, Төлөгөн Сейталиев, Чаңгылбай Сагындыков, Жакыпбек Аккаинов, Сейитбек Надыралиев, Талас облусу, Бакай-Ата айыл өкмөтү

Эл билсин
Баламды майып кылганды Аида Салянова жазалай алабы?
Толук-Токтогул-Бишкек жолунун аралыгы 470 чакырым болгондуктан айылдын көйгөйүн борборго жеткизүү өтө кыйын. Ошол себептен 2-3 жылдан бери кокустан майып болуп калган уулум тууралуу арыз-арманымды тиешелүү органдарга жеткизип, акыйкаттык таба албай келем. Бул тууралуу арызымды өткөн жылы райондук прокурор К.С.Машакановго жөнөтүп, ал текшерүүгө жардамчысы Мирбекти жөнөткөн. (Катта фамилиясы көрсөтүлбөгөн) Тилекке каршы, прокурордун жардамчысы чындыкты жалганга айландырып, баламды машинеси менен койдуруп кеткен Рамис Сагынбаевди актап кете берди.
Далилдүү болсун үчүн фактыларды айта кетейин. Бул окуя үч жыл мурун 30-сентябрда болгон. Каргашалуу бул күнү адаттагыдай балдар көчө жээгинде ойноп атышкан. Бир кезде ызы-чуу болуп калышты. Сыртка чыксам, өйдөрөөктө Рамис Сагынбаевдин "Нива" машинасы токтоп туруптур. Балдар "Рамис байке балаңызды урдуруп кетти" деп чурулдап атышыптыр. Баламды колго алсам кыймылсыз. Айлабыз куруп балабызды ооруканага жеткирдик. Жети күн аны хирург Кадырбек Добулбеков дарылап, негедир жакшы боло электе эле балабызды ооруканадан чыгарып койду. Көрсө, Рамистин кайын атасы Кадырбек Добулбеков менен кыйышпас дос экен. Алар акылдашып Сагынбаевдин күнөөсүн жеңилдетиш үчүн балабызды эрте эле үйгө жөнөтүшүптүр. Бул ишке дарыгер Исмаил Асанбековдун да тиешеси бар экенин кийин билдик. Бул эки дарыгердин чындыкты бурмалаганы аз келгенсип, прокурордун жардамчысы Мирбек айыпкер Рамистин "бала жакшы болчу, апасы жыгып алган окшойт" деген көрсөтмөсү жана иш эскирип кеткен шылтоосу менен кылмыш ишин жаап салып отурат.
Ар жылы балабызды дарылатууга 20-30 миң сом сарптайбыз. Мамлекет тарабынан балабызга майыптыгы боюнча 1720 сом берилет. Бул балабызды борборго алып барууда жол киреге да жетпейт. Балабыз Мирсайит кээде ич кийимдерин булгап, кээде жата калып тоголонот, ыйлайт, чочуп ойгонот. Тамакты да оң иче албай алдына төгүп алат. Баламды ушундай акыбалга жеткизген адам бүгүн жыргап эркиндикте жүрөт. Айланайын башпрокурор Аида Салянова, деги акыйкаттык кайда? Ушундай акыйкатсыздыкты териштирип, адилеттүүлүктүн көзүн ачат деп эне катары сизге кайрылып отурам.
Жылдыз ТөӨтаева,
Токтогул району, Толук айылы

Гезиттен жөнөтүлгөн дубай салам
Бейшенбек мырза, каналды карап койсоңуз
Башка аймактардагыдай эле теңир-тоолуктар жаздын келиши менен жер менен алек болушат. Өзүңүздөр билгендей, Ат-Башы району ар бир коктусунда суусу бар касиеттүү жер. Союз маалында мындай суулар каналдар аркылуу бардык айылдарга өз убагында таратылчу. Агезде Ат-Башы суу чарба мекемеси (УОС) Ат-Башы суусун тоскон Кичи-Ача бөлүкчөсүнөн Ак-Муз, Ак-Моюн, Бирлик, Ак-Жар айылдарына Чоң-Арык, Өмүкө каналдары аркылуу өз убагында суу берип турар эле.
Бул мекеме чынында эгемендүүлүктү алгандан кийин он жылча жакшы иштеди. Андан соң каналдарды суу жемей, айдоо аянттарын кечиктирип сугаруу, жер эрозиялары көбөйүп кетти. Быйыл да мындай кесепеттерден улам Өмүкө каналына суу алуучулардын жерлери өз убагында сугарылбай калды. А эл болсо ар жылы суу үчүн гектарына эсептеп акча төгүп келатат. Ат-Башы суу чарба мекемеси неге 2-3 жылда ошол акчага каналдарды оңдотпойт? Сапатсыз суу бөлгүчтөр коюлгандыктан жылыга жазында аларды суу жырып кетет. Аларды аталган мекеме кызматкерлери өздөрү оңдошпой, карапайым калкты "суу керек болсо оңдогула" деп желкелешет. Акыры эл да тажап, айлык алышкан соң өздөрү иштешсин деп оңдоого да чыкпай калышты. А жерлерди болсо жаз алды суу жеп эрозияга учураган аймактар көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Райондук суу чарба мекемесинин башчысы Бейшенбек Исакунов тажрыйбалуу, көп жыл эмгектенген адис. Бирок негедир акыркы убактарда ал уюштуруу иштерине көңүл кош мамиле жасагандай. Айыл чарба министрлигине Бирлик айылынын атынан айтаар өтүнүчүм: Өмүкө, Чоң-Арык каналдарын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жардам берсеңиздер жакшы болор эле. Суу каптоолор кайталана берсе каналдар иштен чыгып, дыйкан-фермерлер тоютсуз калары турган иш. Ушул жагын жергиликтүү бийлик, министрлик, акимчилик ойлонбосо арты чоң чыгымга алып келерин унутпасак.
Токтосун Кулманбетов, "Береке-Биримдик" кооперативинин жетекчиси, Ат-Башы району, Бирлик айылы

"Крышалар" кыяматы
Жаратылышты жардылар эмес байлар талкалашат
СССР кезинде жаратылышты коргоого чоң маани берилип турганын жакшы билебиз. Атмосфералык абага, жер кыртышына, өсүмдүктөр, жаныбарларга, жер астындагы, үстүндөгү сууларга өзгөчө кылдаттык менен мамиле кылуу керектигин окумуштуулар азыркыга чейин айтышууда.
Ата-бабаларыбыздын табиятка кылган аяр мамилеси ушунчалык күчтүү болгонун элдик оозеки чыгармалардан, эпосторубуздан, акындардын чыгармаларынан окуп, билип жүрөбүз. Эгемендик алганы Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоого такыр көзөмөл болбой калды. Азыр бекерпоздордон тартып бизнесмен, депутаттарга чейин Кочкор, Кара-Кужур, Сырт, Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа, Көкөмеренге чейин келишип мыйзамсыз аңчылык кылып атышканы жашыруун эмес. Аларга ИИМдегилер өздөрү "крыша" болуп атышканы бизди абдан өкүндүрөт. Анүстүнө азыр браконьерлерди кармоо биз үчүн оор. Алар көп учурда тоготушпайт, курал менен коркутушат же качып кетишет. Алардын айдагандары "Жип", "Нива". Соң-Көл, Орто Токой суу сактагычы Айыл чарба министрлигинин алдындагы балык чарба департаментине карайт. Алар балыктан урук алуу учурунда уруксат кагазын жаза коюшуп браконьерлерге балык карматышат. Урук алуу бүткөндө көлдөрдү кайтарышпайт. КР мергенчилер жана балыкчылар коому болсо өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген, мыйзамсыз миллиондорду тапкан мекеме. Өткөн жылы Кочкордун Кызыл-Омполунда элүүдөй машине аңчылык кылды. Алардын айдагандары жалаң "Жип", "Нива", "Одиссейлер". Кыскасы, "крышасы" барлар карга карганын көзүн чукубайт болуп колунан келишинче жаратылыш байлыктарын жанчып атат. Ошондуктан президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш айлана чөйрөнү коргоого маани берип, жаратылышты коргоо инспекторлорун эки эсеге көбөйтпөсө Кыргызстан жаратылышы таптакыр кыйрап бүтүшү мүмкүн.
Кубанычбек Карыбеков, Кочкор-Жумгал район
аралык курчап турган чөйрөнү
коргоо инспекциясынын инспектору,

жаратылышты коргоонун отличниги

Элди эриктирбеген эркеталтаңдар
Обужок аялдар биякта эле калды
Эки ажобуз качып кеткен соң бийликти бир кишиге болбойт экен дешип кыйынчыкмаларыбыз мамлекетти парламенттик башкарууга өткөзүштү. Мурдагыдай 90 эмес 120 депутат болду. Бир кезде 350 депутат болуп, алардын ар бирин дарбыз тандагандай черткилеп отуруп тандаганбыз. Анан партиялык тизме менен ары-бери сүрүлүп отуруп беш партия парламентке өттү. Өткөн соң не болсо да ушул беш партия өлкө үчүн иштеши керек эле. Эми өтүп алгандары элди унутуп, өнөрлөрүн көрсөтө башташты.
Ооба, парламенттик башкарууну тандаган өлкө экенибиз анык. Ошондо да өлкөнү башкарган президент, премьер-министрди унутпасак. Кээде карап туруп парламенттин өспүрүмдөр кылбаган кылыктарын көрүп оозуң ачылат. Караган маселелери таптакыр маани-маңызы жок майда темалар. Бул аз келгенсип, жаздан бери эле депутаттар эки-экиден мушташып, кайра элдешип келатышат. Кыйратып салышкансып, анысын теле аркылуу коомчулукка да жайып жиберишти. Ичип алышканбы дейин десең, мушташкандары эгерим ээгине ак молдо жолотпогон мусулман болуп чыгат. Эки депутаттын элдешин эми эле теледен көрсөтүп жатышса, Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге Бахадыр Сулеймановду төпөштөгөнү үчүн кылмыш ишин козгоду деп жар салды. Ага удаа айрым басылмаларда К.Ташиев Ошко барып, "мага жылкы сойбойсуңар" деп оштонгону жарыяланды. "Айта берсе арман көп" дегендей, азыркы парламент мүчөлөрүнүн ойт бермейлери толтура. Кыскасы, урматтуу депутаттар, "эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" дегенди эсиңерден чыгарбасаңыздар!
Жаныбек Самудинов, Жумгал району