05.08.11 - 18-бет:
  Өркөнү өскөн Өзгөндө

"Үч маселе туруктуу болсо өлкө эч качан чайпалбайт"

Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Илхамжан АБДУЛКАСИМОВ кабарчыбызга жолугуп, төмөнкүчө маектешкен.

- Илхамжан мырза, 30 жыл билим берүү тармагында эмгектенип, 21 жылдан бери Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп келатыпсыз. Билим берүү тармагынын учурдагы көйгөйү анан жетишкендиги эмне?
- Мектептеги педагогикалык жамааттын окуу-тарбия маселесинде балага болгон талабы ата-эненин талабы менен коомдун талабына дал келүүсү зарыл, бирок учурда андай эмес. Мисалы, кээ бир ата-эне баладан ашыкча эмгек кылууну жана акча табууну талап кылат. Коом болсо аны саясатка тартып, ар түрдүү жаман ойлор менен куралдандырууда. Ошол эле учурда билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасы талапка жооп бербейт. Бирок бул көйгөйлөр бүгүн эле боло калган жок. Ал билим берүү тармагында ар дайым болуп келген. Анткен менен бизде билим берүү тармагы мамлекеттин негизги кан тамырына айланганы кубанычтуу. Себеби эгемендүү мамлекетибиз өзүнүн келечегин бүгүнкү балдардын келечегинде экендигин айтып, бул тармактын кызматкерлерине да, тарбиялануучусуна да шарт түзүүнү эң алдыңкы планга койгон. Ал эми анын сапаты мезгил өткөн сайын калыпка түшөрүнө ишенем.
- Былтыркы каргашалуу окуя Өзгөн шаарына кандай таасир этти?
- Бул окуядан эч ким уткан жок, тескерисинче, мамлекет да, эл да чоң зыян тартты. Менин жекече оюмда, мамлекетте үч маселе ар дайым туруктуу болуусу зарыл. Биринчиси, саясый туруктуулук. Ал мамлекет жетекчилеринин жүргүзгөн саясатына байланыштуу. Экинчиси, диний маселе. Ал дин өкүлдөрүнүн жүрүш-турушуна байланыштуу. Үчүнчүсү, улуттар аралык маселе. Ал көп учурда адамдын аң-сезимине, маданиятына, билимине байланыштуу. Өзгөн шаары өз тарыхында көп окуяларды башынан өткөргөн. 2010-жылдагы июнь окуяларында Өзгөндү да ушул жолго тартып кетүү жолдорун ойлогон адамдар болду. Бирок район жетекчилигинин, биртоп адамдардын, анын ичинен ардагерлердин, дин өкүлдөрүнүн, шаар, район жетекчилеринин иш-аракеттери жана жүргүзгөн үгүт иштери өзүнүн оң таасирин берди. Кудайга шүгүр, шаар ичинде миң жылдардан бери калыптанган карым-катнаштын бузулушуна жол берилбеди.
Эми маселенин экинчи тарабына токтолоюн. Бул эки элдин ортосунда талашып-тартыша турган эч нерсе жок. Жөнөкөй эл өзүнүн тиричилигин кылып жатат. Бул ишке аралашкандарды мен атуулдук жоопкерчиликтеги сабатсыздыгы деп түшүнөм. Ошол күндөрдө эмне болсо да шаардагы тынчтыкты кармап калуу үчүн иш-аракеттерди жүргүзгөн биртоп адамдарды билем, аларды эл дагы жакшы билет. Кудай аларга ошол кызматтары үчүн өзүнүн жакшылыгын берсин. Улут аралык жаңжал эмес, эки адамдын арасында ар түрдүү түшүнбөстүк окуя болбостугу үчүн алардын аң-сезими бийик болуусу зарыл. Мага бир сөздүн философиясы жагат, "Бардык адамдын гений болуусу зарыл эмес, алардын бири-бирин түшүнүүсү зарыл" деген. Сиздердин 2011-жылдын 29-июлундагы гезитиңерден публицист-жазуучу Алым Токтомушевдин "Улутчулдук" деген макаласын окудум. Чындыгында патриотизм деген сөзгө терең маани берилип, эң жакшы ой-пикирлер билдирилген. Ошолорду элге жеткирүү ар бир сабаттуу адамдын милдети болуусу зарыл. Кайсы бир адамдын же топтун күндөлүк көйгөйүн улуттук көйгөй менен байланыштырбаш керек.
- Билим берүү системасында теңчилик барбы? Мисалы, өзбек мектептери үчүн окуу китептери жетишеби?
- Билесизби, мен өз тажрыйбамда улуту же жашоо жери башка болгону үчүн мамлекет тарабынан кемсинтүү же кысым болгонун көргөн да, уккан да жокмун. Өзбек тилинде окутула турган мектептерге мамлекеттик деңгээлде маани берилип жатканын өзүм жакшы билем. Ага көп мисалдар бар. Окуу китептери боюнча сөз боло турган болсо, окуу китебинин көйгөйү Кыргызстандын бардык мектептеринде бирдей абалда. Окуу китебин чыгарууну, билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоонун каржы маселелерин мемлекет өз мойнуна алган. Бирок ага бөлүнүп жаткан каражат аз. Маселен, окуу китеби үчүн бөлүнгөн 100 миллион сомго ар бир китеп 100 сомдон чыкса, бир миллион окуучуга бирден гана китеп жетип калат. Айтор, бул жерде баарыбыздын эле абалыбыз бирдей.
- Биздин билишибизче, Өзгөн шаарында өзбек улутундагылар басымдуу. Окуу-тарбия иштери кайсы тилде жүргүзүлөт?
- Өзгөн шаарында 50 миңдин тегерегинде эл болуп, мектептерде 9600 окуучу бар. Шаарда сегиз орто мектеп, үч мектепке чейинки жана үч мектептен сырткаркы окуу-тарбия мекемелери бар. Билим берүү алты мектепте өзбек тилинде, бир мектепте кыргыз тилинде жана бир мектепте орус тилинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик тил саясаты Өзгөн шаарында туура уюштурулганынын негизинде окутуу өзбек тилинде жүргүзүлө турган үч мектепте кыргыз тилинде окутула турган атайын класстар ачылган. Анда өзбек үй-бүлөлөрдүн балдары окуйт. Алар 4-классты бүтүргөндөн кийин конкурстук негизде кыргыз тилинде окутула турган Курманжан датка атындагы мектепке кабыл алынат. Бирок мунун бир көйгөйү -ушул класстар үчүн окуу китеби жок. Ага программаны мугалим өзү түзөт жана кыргыз тилинде окутула турган мектептин окуу китебинен чыгармачылык менен пайдаланат. Курманжан датка атындагы орто мектептин 800 окуучусунун 200гө жакыны өзбек үй-бүлөлөрдүн балдары болуп, алар толук кыргыз тилинде окушат. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамды турмушка ашыруу үчүн ар бир окуу-тарбия мекемеси өзүнүн иш-чарасын аткарат. Ар күнкү окуунун биринчи саатында окуучулар мамлекеттик гимнди ырдап, анан сабак башташат.




  Чыр баштык

Жума башында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору Зиябидин Айдаров маалымат жыйынын өткөрүп, медакадемиянын ректору Ашыралы Зурдинов аны 2009-жылы сентябрь айында "Коомдук ден соолук жана саламаттыкты сактоо" кафедрасынан окутуучулук кызматынан мыйзамсыз алып, илимий лабораториялык борборго которуп койгонун, ал өзү бул борборго которулууга азыркыга чейин арыз жазбаганын жана да башка нааразычылыктарын айтып чыкты.


КММА ректору
А.Зурдинов 109 студенттин ордун канчадан сатат?
Маалымат жыйынына катышкан биология илиминин кандидаты, КММАнын мурунку кызматкери Гүлзат Үсөнкулова да окуу жайдын ректору тарабынан илимий дарылоо бөлүмүнүн башчылыгынан мыйзамсыз түрдө алынгандыгын, ректор Зурдинов административдик ресурсту пайдаланып студенттерди аларга каршы кол коюуга мажбурлап келерин билдирди.
Башкы маселе, КММАнын илимий лаборатория борборунун илимий кызматкери Зиябидин Айдаровдун айтуусу боюнча, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 2011-жылы абитуриенттерди кабыл алууда ири коррупцияга жол берген. Тактап айтканда, аталган окуу жайдын ректору, профессор Ашыралы Зурдинов абитуриенттерди контракттык негизде кабыл алууда 1-турдун жыйынтыгы боюнча 109 орунду бош калтырган. Окуу жайдын мыйзамы боюнча 1-турда бош калган 109 орунга абитуриенттер 2-3-турда кабыл алынышы керек экен. Бирок КММАда быйыл контракттык негизде окугусу келген абитуриенттерге 2-3-тур өткөрүлгөн эмес. "Бул орундарды Зурдинов өзү каалагандай бөлүштүрсө керек, анткени абитуриенттерди кабыл алуу боюнча жооптуу катчы ректордун өзүнүн өкүл баласы" дейт З.Айдаров.
Быйыл КММАга контракттык негизде дарылоо факультетине план боюнча 280 орунга кабыл алуу керек болсо, 1-турда 220 абитуриент кабыл алынган. Натыйжада 60 орун бош калган. Педиатрия бөлүмү план боюнча 30 орунга - 25, стоматология факультетиндеги 170 орунга - 144 адам, фармакология факультетиндеги 90 орунга - 70 студент кабыл алынган. Жыйынтыгында 109 орун бош калган. "Бул факты боюнча 3-тур аяктагандан кийин 25-26-июлда Билим берүү министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылдык. Бирок азырынча эч кандай жооп ала элекпиз" дейт нааразы тарап.
Мындан сырткары, бизге жеткен документтерге караганда аталган окуу жайдагы Борбордук илим-изилдөө лабораториясы (БИИЛ) боюнча да түшүнүксүз жагдайлар бар. Кагаз жүзүндө 138 киши иштеген, илим-билимдин өнүгүшү үчүн мамлекеттен акча бөлдүрүп алган бул илимий лабораториянын чындап эле бар же жок экенин аныкташ кыйын. Мисалы, 2010-жылдын 4-мартындагы КММАнын структурасын көрсөткөн таблицада БИИЛ жоюлуп башка бир аталышка өтсө, кайра 2010-жылдын 21-апрелинде берилген КММА структурасы боюнча иш кагаздарында Борбордук илим-изилдөө лабораториясынын 1961-жылдан баштап эле жашап, анда 138 киши иштеп келатканы көрсөтүлгөн. Андан да кызыгы, 138 кишинин тизмесинде ректор А.Зурдиновдун өзүнүн аты-жөнү да жүрөт. Кайра эле акырына ректор катары бул тизмени бекитип А. Зурдинов өзү кол койгон.
Ал эми "Эркин-Тоо" гезитине 2011-жылы 11-январддагы интервьюсунда ректор бул маселе тууралуу "Тилекке каршы, эгемендүүлүккө жеткенибизде каражаттын тартыштыгынан 90-жылдардын аяк ченинен тартып бул илимий борбор ишин токтоткон. Мына ошол токтоп калган БИИЛдин жана Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Компьютердик жол менен биологиялык активдүү заттардын сөлөкөтүн түзүү жана электөө деп аталган илимий лабораториясынын негизинде, УИАнын президиумунун жана медакадемиянын окумуштуулар кеңешинин чечими менен, академиялык жана жогорку окуу жайларынын изилдөө иштерин жүргүзүү максатында биз "Биомедициналык өз ара илим-билим изилдөө борбору" деп аталган мекемени түзүп, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша шарт түзүп иштете баштадык" деп айткан. Биздин түшүнбөгөнүбүз, бул лаборатория чындап эле иштетиле баштаса анда анын ишинин натайыжасы кандай, 138 киши канча айлык алды, алар кай жерде отуруп иштешет же Зурдинов "желкозу" адамдарга айлык төлөмүш болуп өзүнүн сол чөнтөгүнө салып жатабы деген маселелер. Албетте муну тиешелүү тармактар иликтейт. Анткен менен ректордун оппоненти З.Айдаров айткан 109 студенттин орду каякка сатылары же кантип толукталары коомчулукка жарыя сала турган маалымат.
Акыйкат үчүн айта кетсек, өткөн жылы апрель окуясынан кийин ректордун тегерегинде ушул сыяктуу ызы-чуу жүрүп, медакадемия Эсептөө палатасы, Монополияга каршы агенттик, райондук жана Башкы прокуратура кызматкерлери, Маммүлк министрлигинин өкүлдөрү, салыкчылар, Социалдык фонд ж.б. тарабынан текшерилип, натыйжада эч кандай одоно мыйзам бузуу табылган эмес. Жогоруда айтылган факытылар боюнча ректор Ашыралы Зурдиновго байланыша албадык. Бирок ал басма сөздө былтыркы текшерүүнүн мандеми башка жакта экенин билдирип, ал убак-убагы менен күчөп турарын айткан экен.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ