05.08.11 - 5-бет:
  Баа бакырык

Шекериң шорду катырат

Бүгүнкүдөй кымбатчылыкта антимонополия агенттиги эмне кылып отурат деген суроо бергиң келет. Базарда кумшекердин баасы 70 сомдон ашып кетти. Бул Бишкектеги баа, аймактарда канча экенин айтпай эле коелу. Эч ким чара көрбөй жаткан учурда алыпсатарлар болушунча капчыгын кампайтып атат.
Дүйнөлүк базарда кумшекердин баасы Кыргызстанда сатылып жаткандан эки эсе арзан болуп турса, эч кандай кризис-мризис кокодон албай жатса деле баанын кескин өсүп кетишин билермандар шекер королдорунун байып алуу аракети катары баалап жатышат. Алар өз ара сүйлөшүп алып кожойкелер кыям кайнатабыз деп жеңин түрүп жаткан учурга туштап туруп бааны көтөрүп ийиши очойто пайда табуудан гана кабар берет.
Бул бир канча ай мурда кумшекердин баасы арзандайт деген шылтоо менен сырттан алып келинген шекерге төлөнчү пошлинаны алып салгандан кийинки болуп жаткан окуя. Шайлоо алдында баалардын өсүшү өкмөткө "минус" болот го, эмнеге буга каршы аракет көрүшпөйт деген сурообузга айрым узун кулактар аларга ири суммада "откат" түшүп жатканын, ал акчалар шайлоого кетчү чыгымдардын кассасына түшүп жатканын айтышты. Эмнеге эле монополияны жөнгө салуу агенттиги унчукпайт десе, бул жерде чоң фигуралар иш кылып жаткан тура. Болбосо ошол кыйындар жергиликтүү өндүрүштү жандандырып, жок дегенде эки завод иштетип беришкенде жылына 750 миң тонна кызылча иштетилип, андан 60 миң тонна кумшекер алынып, өзүбүздү өзүбүз тойгузмак экенбиз. Мурда ушундай эле болуп эч кимге жалдырабай келгенбиз. Көрсө, сырттан ташып кымбат саткан дал ошол уюштуруучуларга пайда көбүрөөк берет тура.




  Тиги дүйнө эч кайда шашпайт

Кыйылган кырчын өмүрлөр

Көрбөгөндүн көргөнү курусун дейбизби же өткүр жаштык дейбизби, айтор, акыркы мезгилдеги жол кырсыктарынын баары рулга отуруп алган жаш балдардын айынан болуп жатканы өкүнүчтүү. Айрыкча, жайдын күнү жол кургак деп эле темир тулпарды зуулдаткан жаш айдоочулар зуулдаган бойдон ооруканага же о дүйнөгө кетип жатканы кейитет.


31-июль күнү Ош шаарынан аэропортко бараткан жолдо "Дэу-Матиз" менен "Мерседес-бенц" үлгүсүндөгү автолор кагышып, беш адам мүрт кетти. Калган төрт жүргүнчү чала жан болуп аман калышты. Көз жумгандар менен жабыр тарткандардын тизмесине көңүл бурсаңыз арасында 18-26 жаштардагы жалындуу курактагы жаштардын бар экенин байкайсыз.
Каза болгондор:
С.Исаев, 1966-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.
А.Амирбеков, 1987-жылы туулган, Баткен облусунун тургуну.
А.Тойчиева, 1958-жылы туулган, Баткен облусунун тургуну.
Д.Тойчиев, 1985-жылы туулган, Баткен облусунун тургуну.
А.Келдибаев, 2010-жылы туулган.
Жабыр тарткандар:
С.Мамаев, 1988-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, "Мерседестин" айдоочусу.
Т.Ысабеков, 1985-жылы туулган, Баткен облусунун тургуну.
Т.Көчкөнбаева, Баткен облусунун тургуну.
Ошондой эле Бишкек-Ош жолунун Токтогул районуна туура келген 267 километринде да "Дэу-Матиз" (мам. номер О 09-48 Q) жана "БМВ" (мам. номер S 04-44 V) кагышып, жети адам оор жарат алып, бир киши мүрт кеткен. 30-июлда Кеминдин тушунда Бишкек-Торугарт жолунун 77-километринде "Мерседес" үлгүсүндөгү бусик менен "Мерседес-бенц" жеңил унаасы кагышып, бир адам көз жумса, басымдуу бөлүгү жаңы эле колуна паспорт кармашкан 15 адам оор жараттарды алышкан.
Учурда жайкы абанын температурасы 40 градустан ашып жатканда көпчүлүк жаштар бир машинага отура калышып, дем алыш күндөрү 2-3 күнгө Ысык-Көлгө жөнөп жатышат. Күн сайын жаштардын катышуусунда майда-барат кагылышуулар болсо, 2-3 жума мурда элеңдеген эселектердин унаасы Боомдон дарыяга түшүп кеткенин билебиз. Ошол себептен бир эле жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору эле эмес, ата-энелер да рулда жүргөн балдарына көппөгүлө деп эскертүү берип турушса кырсык азыраак болот беле…





  Сом сандыкта жатканда

Кыргызда канча акча бар?

Кыргызстанда ушул аптада банкка салынган депозиттердин көлөмү улуттук валютада өсүп, чет элдик валюталардын суммасына жетип барды.
Чогулткан акчасын коммерциялык банктарга көбүнчө доллар менен салчу кыкемдер ордуна турбай ойноктогон чет элдин пулуна ишенбей, эми жалаң Жусуп Баласагындын сүрөтү чагылдырылган банкнот менен аманаттарын акча сактоочу мекемелерге салып жатышыптыр. Өткөн аптада эле сом менен салынган акчанын суммасы 267,7 миллион сомго көбөйүп, жалпы суммасы 37 млрд. 599,5 млн. сомго жетти. Мунун ичинен 18 млрд. 752,6 млн. сом кыргыздын сому менен салынса, калганы башка өлкөнүн валютасында. Буга чейинки эсеп боюнча сом түрүндөгү салынган аманаттар 536,2 млн. сомго аз эле. Ал эми Сэм байкенин акчалары менен салынган депозиттердин суммасы 268,4 млн. сомго азайып, 18 млрд. 846,9 млн. сомго түшүп калды.




Саясый арнография
Ахматбек Келдибековго
Баарынын эле эсинде,
Бакий заман кезинде.
Соцфонд менен салыкты,
Солкулдатып турчу эле.
Азыркыдай алкынбай,
Ар мүнөзү алтындай,
Агезде Ахмат тынч эле.

Жаакташкан жан болсо,
Жаатташа калышкан.
Бригада атка конушуп,
Биригип арык чабышкан...
Депутаттыгын көргөнбүз.
Опурула сүйлөгөн,
Оолукмалуу жагына,
Ошо кезден көнгөнбүз.

Азыркы күндө бу Ахмат,
Ай беттеп минет Челленжер,
Айбыгып турат көргөндөр.
Айланып чыкпайт жанынан,
Акай-Бакий мергендер.
Эликтей атып четинен,
Элдин мүлкүн тергендер.

Балта чырым өңдөнүп,
Баскысы келбей термелип,
Акчыланат чиркиниң,
Атынан элдин жер көрүп...
Оң жагында он алты,
Сол жагында жыйырмасы,
Сөөлөтүн айтсаң далай бар.
Ээрчитип алып барганга,
Эрмегине Малай бар.

Ээрге эбак конгонун,
Эл башы өзү болгонун,
Элебей аттиң унутту.
Таламандын түшүндө,
Таптырбай изин курутту.
Отурган жерден качырып,
Отунбаевага асылып,
Ойноткон түлкү сөздөрүн,
Ойронуң түштө улутту.

Айтаар сөзүн жаттатат,
Ай-да өзүн мактатат,
Асел деген бир кызга…
Эң биринчи ойлоптур,
Эстелик коюу дегенди,
Эл сыймыгы Чыңгызга.
Убара болуп жүрүппүз,
Ушул ой келбей кыргызга.

Чакчая карап чалкалай,
Чаап сүйлөйт балтадай.
Шайыбыз оор кезиби,
Быша электе баланы
Шайлап алып байкабай.

Келдибектин уулу,
Кейитип салбай чууну.
Көсөмдүн жолу узак жол,
Көөдөндү басып кичине
Көтөрчү бийик тууну.
Темирбек Алымбеков





  Түздөнгүлө!

Бомбанын тилин тапкандар

Акыркы жылдары Кыргызстандын булуң-бурчунда ар кандай кылмыштуу топтордун колунан түрдүү жардыруулар болуп, террористтик актыларды кинодон гана көргөн кыргызстандыктардын көздөрү биртоп эле алаңдай түшкөн. Ага чейин кылым тогошуп жаткан мезгилде сакалчандар өрүкзарлуу Баткенге кирип келгенде бычакка сап жоокерлерибиз жок экен деген да кеп болгон. Ушулардын баарын эске алып Коргоо министрлиги акыркы үлгүдөгү жардыргыч заттарды зыянсыздандыруучу жигиттерди тарбиялап жатыптыр.
Инженердик башкармалыктын башчысы полковник Зыябек Камчыбековдун кол алдындагы жоокерлер өткөн 30 күндүктө толук бир ай террористтик топторго каршы атайын машыгууларды өткөрүштү. Аягында журналисттерди чакырып, билген өнөрлөрүнүн баарын көрсөтүштү. Көрсө, бизде да кинодогудай 45 килограммдык сапердун атайын кийимин кийип алып, кылмышкерлер коюп кеткен жардыргыч заттарды таап, аны зыянсыздандырып, душмандар өтчү көпүрөгө суу аркылуу көрүнбөй барып бомба коюп согуштагыдай жардырууларды кылчу жоон билек солдаттарыбыз бар экен.
Даярдаган
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ