05.08.11 - 8-бет:
  Жолдошевага жооп

Ысык-Көлдөгү жер Жолдошеванын жеке кызыкчылыгына кызмат кылабы?
Акыркы убакта Ж.Жолдошеванын "Ысык-Көл" коомдук фондун шыбаган макалалары чыкпаган республикабызда гезит аттуудан калбады көрүнөт. Интернет, радио жана телекөрсөтүүлөрдөн дагы, биз жөнүндө ойго келбеген нерселерди айткандан тажабады. Жазгандарын окуп, айткандарын угуп, депутаттыкты коюп эле жазуучу-фантаст болсо эбегейсиз жетишкендикке ээ болмок экен деген ойго келет экенсиң. Адегенде биз бул айымга бирөөлөр туура эмес маалымат берип жатпасын, кийин иштин көзүнө жетсе балким мамилеси өзгөрөөр, калк айткандай "катын калп айтпайт, каңырыш угат" болуп жүрбөсүн деген ойдо болдук. Бирок андай болбоду.


Барган сайын Ж.Жолдо-шеванын "Ысык-Көл" фондуна жана биздин адресибизге айтылган жаман сөздөрү, кара жалаасы күчөгөндөн күчөдү. Акыркысы ушул жылдын 8-июлунда "Жаңы Агым" гезитине "Комплекс кимдердин колкосуна тикен болууда" аттуу дагы бир макаласы чыкты. Эгер биздин наамыбызга айтылган орунсуз дооматтарга жооп бербей койсок, эл Ж.Жолдошеванын жазгандары, айткандары чын турбайбы деп калышы мүмкүн.
Депутат айым "Эмне эле "Ысык-Көл" фонду деп аталган коомдун жетекчилери (Т.Чынгышев, С.Урманаев, Б.Акунов) "Курманжан датка" атындагы фондго берилген 15,6 гектар жердин тегерегинде акылга сыйбаган сөздөрдү таратып жатышат" деп жазат.
Биринчиден, кайсы гезиттен, же башка массалык маалымат каражаттарынан "Курманжан датка" фондуна берилген жер жөнүндө биз айткан же жазган сөздөрдү окудуңуз, же кимдин оозунан уктуңуз?
Экинчиден, "Ысык-Көл" коомдук фондуна сиз оозу-мурдуңуз кыйшайбай туруп жазгандай, А.Акаев эч качан 20 гектар жер берген эмес, фонддун көлдө гана эмес жалпы республиканын аймагында бир чарчы метр жери да болгон эмес, а болбогондон кийин сатылган да эмес. Табыңыз! Эгер кудай жалгап таап калсаңыз чыпчыргасын коротпой сиздин фондго өткөрүп берүүгө жардам беребиз.
Үчүнчүдөн, "Ысык-Көл" фонду Ч.Валихановдун эстелигин коебуз деп эч качан Казакстандын жетекчилеринен акча сураган эмес. Бул боюнча ыраматылык М.Садыркуловду күбө кармаганыңыз ыймандуулукка жатпайт.
Төртүнчүдөн, убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү, сиздин айтымыңызда, "Курманжан датка" фондуна берилген 15,6 гектар жерди тартып алып "Ысык-Көл" фондуна берүүгө убада беришкен дегендигиңизге жол болсун. Сиз өзүңүз айтып жүргөндөй эч кимден коркпогон "баатыр" аялсыз, алар кимдер экенин ачыгын айтыңыз, эл да, биз дагы билип алалы. Бул дагы көп өрдөгүңүздүн бири.
Бешинчиден, Ж.Жолдошева "Жерди өкмөт алып кое турган болсо, датка жылында Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кандай гана иш-чаралар өтпөсүн алар бир тыйынга арзыбай калат… Андыктан алардын бул кадамдарын түздөн түз А.Атамбаевге каршы жасаган кадам десек болот" деп жазат. Суроо туулат: эмне, Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси ушул 15,6 га жерди фондго бекемдеп, комплексти мамлекеттин эсебинен куруу үчүн эле өткөрүлүп жатабы, же А.Атамбаев менен биздин ортобузга от жагууга кылган аракетпи? Мындан эч нерсе чыкпайт. Бул эл депутатынын кыла турган иши эмес.
Депутаттын пикири боюнча, биз кыргыз элинин биримдигине, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө каршы, кайсы бирөөлөрдүн "буюртмасын" аткарган, өкмөттүн жетекчилерине каршы иш жасаган адамдардан экенбиз. Эмне жазсаң дагы кагаз түтөт, эл окуп ишене берет деген чолок ой менен Ж.Жолдошева чектен чыгып, "Ысык-Көл" коомдук фондуна жана биздин адамдык сапатыбызга, инсандык ар-намысыбызга шек келтирип, орунсуз, одоно жалаа жабуу, жамандоо жолуна түшүп алды. Албетте сот аркылуу бул айымдан жоопкерчиликти суроо колубуздан келет.
Ошону менен бирге, коомчулукка төмөнкүдөй маалымат берип койгонубуз туура болоор дейбиз. Ушул жылдын жаз айларында "Ысык-Көл" коомдук фонду республикабыздын президентине, өкмөтүнө кат жолдогон. Ал катта биз көлдүн экологиясынын жылдан жылга начарлашы, токойлорунун аеосуз кыйылышы, Кызыл китепке түшкөн жаныбарлардын жырткычтык менен кырылышы, билимсиз ихтиологиялык саясаттын кесепетинен көлдүн балыктарынын жоголушу жөнүндө, көл жээгиндеги жерлерди мыйзамсыз талоо, сатуулар жүрүп жатканы, бул иштер кээ бир республикалык, облустук чиновниктердин катышуусу менен болуп жатканын кабарлаганбыз. Көл аймагынын көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан проблемаларын изилдеп, аларды чечүүгө мамлекет тарабынан чара көрүүнү суранганбыз. Баса белгилеп койчу нерсе, биздин катыбызда конкреттүү түрдө "Курманжан датка" фондуна, же башка уюмдарга, адамдарга берилген жер жөнүндө бир да сөз жок. Облустун социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүп-өсүшүндөгү көйгөйлүү жалпы маселелер жөнүндө кеп кылганбыз.
Фондубуздун кайрылуусуна ылайык түзүлгөн (бириккен өкмөттүк - коомдук) комиссия эки айга жакын иштеп, Ысык-Көл району боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарып жатат. Жакын арада комиссия фактыларды өкмөткө тапшырат. Кийинчерээк ушул эле комиссия Ысык-Көлдүн башка райондорунда дагы иш жүргүзүүнү улантат.
Болгон чындык ушул. "Чын айтып зыян тап - жетесиң муратка, калп айтып пайда тап - калаарсың уятка" деген элибиздин накыл сөзүн Ж.Жолдошевага эскертмекпиз. Ал эми жанагы 15,6 гектар жердин накта ээси - ошол Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылында жашаган эл. Алардын пикири гезиттерге көп жолу жарыяланды. "Курманжан датканын" эстелигин курууга ашып кетсе жарым гектар жер жетет, болбосо Чолпон-Ата шаарында эстелик коюуга ылайыктуу жерлер да бар. Ж.Жолдошева бир нече жолу келип, "Мен силерди жыргатам, жумуш менен камсыз кылам, техника сатып берем" деп көп жылдан бери бизди алдап келатат дешет. Жергиликтүү элдин пикиринде, "Курманжан датка" фондуна жогорку бийликтин катуу кысымы менен берилген жерде 15 миллион сомдук курулуш иштери аткарылган эмес.
Биздин оюбузча, ал өкмөт тарабынан берилген бюджеттик каражат болгондон кийин анын чыгымдалышын республиканын Эсептөө палатасы менен Финансы полициясы тыкан изилдеп, бул маселеге принципиалдуу мамиле кылса туура болоор эле.
Депутат Жолдошева!
Сиз жогоркуда айтылган статьяңызга эл айткан сөздү биздики кылып, жамап, "Анан да Курманжан датканын эстелиги Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" комплексине орнотулса дегендерин кантесиң" деп бизди эмес ушул сөздү айткан элди мазактаганыңыз өзүңүздүн акыл-эсиңиздин деңгээлин көргөзүп турбайбы? А сиз жөнүндө болсо коомчулукта ар кандай, кээде өтө терс пикирлерди окуп, көрүп жүрөбүз. Бирок алар бизди көп деле кызыктырбайт, ошондой болсо да сизге тиешелүү статьялардын бирөөнө токтоло кетели.
Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын президентинин атына жазылган Алымбек датка менен Курманжан датканын 87 урпагы кол койгон "Ж.Жолдошеванын тизгинин тарта турган жан барбы?" деген ачык каты 16.02.2010-жылы "Ачык саясат" гезитине чыккан. Анда "Ж.Жолдошева датка энебиздин атындагы фондго жамынып алып жеке кызыкчылыгы үчүн бизнес жасап жатат. Өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинен датка энебиздин аброю менен алынган бир нече гектар жер кандай максатта алынган, ал алынган жер келечекте элге кызмат кылабы, же Ж.Жолдошеванын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонулабы? Алынган жердин келечекте ээси Ж.Жолдошева өзү экендиги талашсыз" деген сөздөр жазылган. Ошол эле катта Ж.Жолдошеваны Курманжан датканын мааракесин өткөрүүдөгү уюштуруу комитетинин курамынан чыгарып, анын ордуна накта Курманжан датканын урпактарынын өкүлүн киргизүүнү сунушташкан. Анткени Ошто "Алымбек датка жана Алай ханышасынын мурасы" аттуу даткалардын урпактарынын атайын коомдук фонду бар экен. Бирок алардын суроо-талаптары ошол кездеги саясый шартка байланыштуу каралбай калган көрүнөт. Бул эми биздин ишибиз эмес, бирок көтөрүлүп жаткан жер маселеси, анын маани-маңызы ошондо эле бизсиз көтөрүлгөнүн эскерте кетели дегенибиз.
Акырында депутат Жолдошевага кеңешибиз, сиз жогоруда айтылган маселе боюнча проблемаларыңызды мындан ары чечүүдө, биздин эл алдында болгон "анча-мынча" аброюбузду жөнү жок каралаганга аракеттенбей, жергиликтүү элдин "тыңчыкмаларын" колго албай, элдин калың катмары менен байланышта болуп, ошолордун үнүн уксаңыз жакшы болоор эле. Акыркы сөз дайыма элде эмеспи. Анан дагы, Ысык-Көл районунун жаштар коомунун бирикмеси да сизге газета аркылуу кайрылган экен. Ушул олуттуу маселени сиз менен арай көзүбүз чарай отуруп, акыл калчап чечишели деген жаштардын сунушуна кулак салса болот го деген ойдобуз.
Жаштар өлкөнүн, элдин келечеги болгондуктан, алардын ою, пикири менен эсептешпей коюш акылдуу адамга чекилик болоор.
Биздин айтар сөзүбүз ушул. Коомчулук туура жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.
Ысык-Көл коомдук фондунун мүчөлөрү: Бейшебек АКУНОВ, Турсунбек ЧЫҢГЫШЕВ, Султан УРМАНАЕВ