07.10.11 - 21-бет:
  Эшегине жараша тушагы

Адвокаттын баары эле акыйкат эмес

"Жаңы Агым" гезитинин 30-сентябрдагы №39 (065) санына түрк жаранынан токмок жеген Чолпон Орозбаеванын "Бизде акыйкаттык жок экен, баары сатылгычтар…" деген аталыштагы маеги чыккан. Чолпон жалдаган адвокаттардын жоопкерчиликсиз мамилеси тууралуу арызданган эле. Адам укугун коргогон адвокаттарга жоопкерчилик жокпу, алардын кылган иши мыйзам ченемдүүбү, ушул тууралуу суроолорду Юстиция министрлигиндеги адам укуктары жана адвокатура боюнча башкармалыктын башчысы, КР эмгек сиңирген юристи Марипа СЕЙДАЛИЕВАга суроо узаттык.

- "Жаңы Агым" гезитине чыккан материалды карап чыгып, бул ишти иликтөөгө алдык. Чолпон макалага адвокаттардын аты-жөнүн айткан эмес экен. Бирок аны кайсы адвокаттар карагандыгын тактап атабыз. Негизи адвокаттардын ишин Юстиция министрлиги координациялап, лицензияны берүү укугу бизге берилген. Адвокаттар лицензия алыш үчүн атайын квалификациялык сынактан өтөт. Лицензия алгандан кийин ал адвокаттык ишин жасайт. Негизи адвокаттардын өздөрүнүн биримдик уюмдары бар. Лицензия алган орган катары алардын үстүнөн түшкөн арыздарды текшеребиз. Биз квалификациялык комитет, коомдук бирикмеге кирбей иш жүргүзүп аткан адвокат болсо ошолордун үстүнөн түшкөн арыздарды карайбыз. Акыркы үч айдын ичинде үч адвокат лицензиясынан ажыратылды.
- Кандай учурда адвокаттар лицензиясынан ажыратылат?
- Адвокат тарабынан профессионалдык этика бузулуп, мыйзамды одоно бузгандыгы такталса лицензиясынан ажыратылат. Эгер адвокаттар одоно мыйзам бузууларды кетирсе, алардын ишмердүүлүгү тууралуу жарандар Юстиция министрлигиндеги адам укуктары жана адвокатура боюнча башкармалыкка кайрылса болот. Бизде ишеним телефондору да иштейт. Акыркы бир-эки айда адвокаттардын үстүнөн 37 жарандан арыз түшкөн. Жарандардын укугун коргогон адвокаттардын канча суммага иштээрине кийлигишпейбиз. Бирок кээде жарандардан адвокатка акчамды берип, кайра алалбай калдым, же бул ишке эч кандай жардам берген жок деген арыздар түшөт. Негизи адвокат жалдаган жаран сөзсүз түрдө юридикалык жардам боюнча келишим түзүш керек. Ошол келишимде адвокаттын иши, гонорары кандай болот, бардыгы көргөзүлүшү шарт. Эгер келишим жок болсо, жарандар адвокатка төлөгөн акчасынан ажырап калышат.Тилекке каршы, көпчүлүгү келишимди оозеки түзүп алышат. Юстиция министрлиги болсо адвокаттардын профессионалдык этикасын карайт. Ал эми акчаны кайтарып берүүнү сот чечет.
- Мыйзам боюнча адвокат кайсы учурда жарандарды жактоодон баш тартууга укуктуу, кайсы учурда укугу жок?
- Эгер адвокат менен жарандын ортосунда келишим түзүлсө, анын ал иштен баш тартууга укугу жок. Ошол адвокатты жалдаган адам андан баш тартса гана адвокат ошол иштен баш тартууга укуктуу. Негизи биз жарандарга адвокат туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Кээде адвокат кылмышкерди жактап атат деген түшүнүктөр болот. Жарандардын укугун коргоо адвокаттын кызматы жана милдети. Адвокат бир тараптын укугун коргоп атып, андагы бардык сырларды билгенден кийин экинчи карама-каршы тарапка өтүп кеткен учурлар да болгон. Ушундай факты менен эки адвокат лицензиясынан ажыраган. Тергөө учурунда бир тарапта болуп, сот учурунда экинчи тарапка өтүп кетүүгө болбойт.
- Адвокаттар иш алпарууда алардын жеке жашоосуна коркунуч туудурган учурлар болду беле?
- Ош окуяларына байланыштуу сотто адвокаттардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларды унаа менен камсыздап, үйлөрүнө чейин жеткирген учурлар болду. Адвокаттын ишин түшүнбөй кылмышкерди жактап атат дегенге чейин барышты. Сот күнөөлүү деп тапмайынча ал адам кылмышкер деп эсептелинбейт. Кармалган учурда кылмышка шектүү адам болот. Тергөөдө жана сотко өткөн учурда аны айыпкер деп айтышат. Ал эми сотко өткөндөн кийин соттолуучу болот. Кылмыш жасады деген адамдын күнөөлүү экени соттон өкүм чыккандан кийин гана айтылат.




  ИИМ ишендире алдыбы?

Житкен ок эми таптырабы?

Кыргызстандын жараны Чолпон Орозбаеваны уруп, сот жоопкерчилигинен качып баратып, Казакстандын чегарасынан кармалган түрк жараны Гюнеш Йылмаз азыр каякта экенин, ал биздин өлкөгө кайтып келип өз жазасын алабы деген суроолор менен ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орунбасары Бакыт СЕЙИТОВго кайрылдык.

- Чолпон Орозбаеванын арызы боюнча түрк жараны Гюнеш Йылмаз Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн №7 милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, анын үстүнөн КР КЖКнын 104-беренесинин 1-пункту менен кылмыш иши козголгон. Ал 2011-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Ошол учурда аны Биринчи май райондук соту тарабынан №1 СИЗОго камаш керек деген чечим чыккан. Бирок 2011-жылдын 10-майында Бишкек шаардык сотунун кызматкерлери Нарынбаева, Калыбекова, Бейшенова аны үй түрмөгө кесип, убактылуу кармоочу камактан бошотушкан. Үй камагына кесилген Гюнеш Йылмаз мыйзам боюнча Кыргызстандын аймагынан башка жакка кетпеш керек болчу. Бирок кийин анын качып кеткени белгилүү болуп, атайын издөө жарыяланган.
2011-жылдын 25-июнунда бизге Казакстандын Жамбул облусунун Мерке районунан чегараны мыйзамсыз өтүп бараткан Гюнеш Йылмаз кармалып, Мерке районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камалчу жайына камалды деген кат келген. Казакстандын полиция кызматкерлери чегараны мыйзамсыз бузгандыгы үчүн Гюнеш Йылмаздын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, азыркы убакта тергөө иштери аяктап калыптыр. 2011-жылдын 29-июнунда Биринчи май райондук прокуратурасы менен Башкы прокуратура бирдикте оор кылмыш жасап издөөдө жүргөн түрк жараны Гюнеш Йылмазды Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча тиешелүү документтерди жөнөткөнбүз. Бизге жеткен маалымат боюнча Казакстандан анын үстүнөн козголгон кылмыш иши аяктап, сот чечимин чыгарыш керек экен. Сот өкүм чыгаргандан кийин Казакстандын прокуратура кызматкерлери биз жиберген документтердин негизинде Кыргызстанга экстрадициялоого уруксат бериши керек. Себеби, ал Кыргызстандан жасаган кылмышы үчүн да жоопко тартылышы шарт.
- Йылмаздын качып кетишине шарт түзгөн укук коргоо кызматкерлери эч кандай жазасыз иштеп атышат деп Чолпон арызданды…
- Гюнеш Йылмаз Бишкек шаардык сотунун туура эмес чыгарган чечиминин негизинде Казакстанга качып кетүүгө үлгүргөн. Буга тиешелүү сот кызматкерлеринин иши тууралуу Жогорку сотко маалымат жөнөткөнбүз. Булардын жоопкерчилигин Жогорку сот жана соттордун коллегиясы гана карай алат. Ч.Орозбаеванын иши боюнча ИИМдин коопсуздук кызматы Биринчи май райондук кызматкерлерине атайын териштирүүлөрдү жүргүзгөн. Бул териштирүүдө Бишкек шаарынын №7 милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине айтылган дооматтар жана мыйзам бузуулар аныкталбагандыктан ошол кызматтык текшерүү аяктап, иш кыскартылган. Ч.Орозбаева өзү милициялардын үстүнөн тиешелүү органдарга расмий арыз жазбаптыр. Денесине оор залал келтиргендиги үчүн гана арыз менен кайрылыптыр. ИИМдин пресс кызматы ММКларга Чолпон Орозбаеванын №7 милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин туура эмес иш-аракеттерин айтып бергени боюнча гана мыйзам бузууларды текшерип, иликтөө алган.
- Казакстан тарап Г.Йылмазды бизге бербей да коюшу ыктымалбы?
- Негизи алар Г.Йылмазды бизге бериш керек. Азырынча Казакстандын укук коргоо кызматкерлеринен бизге расмий жооп келелек. Алар Түркияга Гюнеш Йылмазды депортация кылалбайт. Эгер казак соту адилет чечим чыгарса Кыргызстандан оор кылмыш жасап качып жүргөн Г.Йылмазга жөн эле айып салып кое бербейт болуш керек.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Эки буттуу айбан

Акыр замандын анык белгиси

Азыркы кезде эркекпиз деп жүргөн эки аяктуу эркектаналардын жасаган кылыктарына аргасыз баш чайкайсың. ММК булактарынан жаш балдарды, жаш кыздарды зордуктаган эркектердин кылыгы жарыяланганда мырза сөрөйлөр эмне болуп баратат, акыр заман келатабы деген ойго аргасыз жетеленесиң.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде ата-энеси менен жашаган Айсалкын жайкы каникулда тигүүчү болуп иштеп, тапкан акчасын университеттеги контрагына төлөп, бир сыйра кийинип, ата-энесине жардам бергенине эки жыл болгон. Каникул учурунда иштеген жумушунан кээде кеч келсе, кээде эрте келчү. Ошол күнү үйүнө адаттан кеч кайтты. Өзү жашаган аймак болгондуктан коркунучтуу деле эч нерседен шектенбеди. Бирок үйүнө жакындаганда ак түстөгү машине токтоп, ичинен бейтааныш киши тийише, унаасына отуруусун буюрду. Мындайды күтпөгөн Айсалкын аларга каяша айтып, ары узай бергенде эле унаанын ичинен эңгезердей болгон киши чыга калып, жаш кызды сүйрөп машинеге салды. Үйүнө жакын калган Айсалкындын кыйкырган үнүн короодо кызым качан келет деп акмалап жүргөн энеси угуп сыртка чыгып, машиненин узап кеткенин көрдү. Айсалкынды машинеге зордоп салып кеткенин көргөн кошуналары кызыңды алакачып кетти, эми куда күтө бер деп энесине сүйүнчүлөп киришти. Бирок жүрөгү бир жамандыкты сезген эне дароо эле машиненин номурун билбесе да өңү-түсүн айтып милицияга кабарлады. Милиция деле жаңы конуштан түшкөн чакырыкка дароо келе калбады. Кечигип келген милиция кызматкерлери сурак жүргүзө баштаганда эле коңшулары кайдагы жорукту баштабай отурчу, азыр кудалар келип калса уят болосуң дешип Айсалкындын энесине арыз жаздырбай коюшту. Бирок таң атканча кирпик какпай кызын күткөн эненин санаасы санга бөлүндү.
Таңга жуук милициядан кабар келгенде гана Айсалкынды алакачпай эле атасындай болгон зөөкүрлөр унаага салып, ээн талаага алпарып зордуктаганы белгилүү болду. Ошол кезде Айсалкын ооруканада денесинен соо жери жок сабалып, зордукталып жаткан эле.
Албетте жамандык жерде жатмак беле, Айсалкынды талаага алпарып күч колдонуп зордуктап, сабаган эки зөөкүр Токмок шаарынын тургундары экени көп убакыт өтпөй эле айдап жүргөн унаасынан улам табылды. 1959-жылы туулган Тасма Жанузаков Айсалкынды зордуктады, анын жанындагы унаанын айдоочусу 52 жаштагы Замир ага тиешем жок деп четке чыга берди. Т.Жанузаков болсо кызымдай кызды кантип зордуктайын, бул адашып атат деп актангандай болсо жанына адам туралбайт. Атүгүл Айсалкын менен беттештиргенде да аны биринчи жолу көрүп атканын айтып атты. Бирок сотмедэкспертиза Айсалкындын ич кийиминен чыккан эркектин уругу Тасма Жанузаковдуку экенин тастыктап чыкты. Ал эми Т.Жанузаковдун жанындагы шериги Замир мен ага жаш кызга тийбе, эртең соттолуп кетебиз деп какшаган сөзүмдү укпай, мас абалында мени да ашата сөгүп, зордуктаган дейт тергөө учурунда.
Тасма Жанузаков Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулуп өсүп, Токмокко үй-бүлөсү менен көчүп келгенине алты жыл болгон. Токмок шаарында унаа оңдоочу жайда иштеп үй-бүлөсүн бакчу экен. 1985-жылы Жумгал райондук соту тарабынан кыз зордуктады деген берененин негизинде сегиз жылга эркинен ажыратылып, темир тор артында төрт жыл отуруп эркиндикке чыгыптыр. Жаштык-мастык менен жасаган кылмышты эр ортону элүү жашка чыгып калган кезде кайра кайталап атканы Тасма Жанузаков үчүн кечирилгис эле.
Жакында Бишкек шаардык соту Т.Жанузаковдун үстүнөн козголгон кылмышка чекит коюп, жаш кызды зордуктаганы үчүн он алты жылга эркинен ажыратты. Балдары чоңоюп, кыз узатып, келин алып, чоң ата болгон убакта жасаган бул кылмышына Тасма Жанузаков өкүнүп атат болду бекен?
Назира КУЛМАТОВА