07.10.11 - 3-бет:
  Шайлоо - 2011

"Атамбаев президент болуп калса, Кыргызстандын жазуучулары үчүн алтын доор келет"
Кыргызстандын жазуучулары эгер Алмазбек Атамбаев президент болуп калса, Кыргызстан жазуучулары үчүн алтын доор келет дешет.


Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Кыргызстан жазуучуларынын чыгармачыл үйү - бул ошол айылдын өзүнчө эле конок үйү. Тоо суусунун жээгиндеги чакан, эки кабаттуу эң ыңгайлуу имарат бак-шактын ичинде жайгашкан. Бир аз ары жакта тоо шаңкаят, бери жагында форель өстүрүү чарбасы бар. Жымжырттык жана таза аба. Жергиликтүү жашоочулар бул чыгармачыл үйдө кыргыз авторлорунун эң мыкты поэтикалык жана драмалык чыгармалары жаралат деп билишет. Бирок бардыгы эле бул чыгармачыл үйдү толугу менен Алмаз Атамбаев каржылап келатканын биле беришпейт.
Бул таржымал өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягынан башталат, дал ошол жылдары Советтер Союзунун мезгилинде Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий фондусуна А.Атамбаев жаңы жетекчи болуп келет. "Атамбаев шыр эле баарыбызга өз киши болуп калды" деп эскерет Уулкелсин Айдаралиева. Ал адабият фондусунда 20 жылдан бери иштеп келе жатат. "Эң мыкты жетекчинин жакшы сапаттары чыгармачыл таланты менен айкалышкан. Мындай учур сейрек кездешет. Атамбаев адабиятты жакшы билет, өзү да дурус жазат. Биз баарыбыз аны өзүбүздүн санаалашыбыз деп кабыл алдык".
СССР тарагандан кийин жазуучулар үчүн да түйшүктүү жылдар башталды. Алардын чыгармачыл союзу ыдырады, китептеринин нускасы түштү. Абал эми ушул бойдон оңолбой турган жагына өттү деп калышкан. Жазуучулардын жазгандары эми өздөрү үчүн гана дешкен.
"Акаев убагында жазуучулар менен акындарга стипендия төлөп берүү үчүн атайын указ кабыл алынган - дейт У.Айдаралиева - Ырас, бул тизмеге жазуучулардын бир азы гана кирген, калгандары өз арбайын тарткан."
Мындай абал бир нече жылга созулду. Атамбаев саясат менен бизнесте ийгиликтерге жетишкени менен жазуучуларды унуткан жок. Алмазбек Шаршенович жогорку постту ээлеген учурунда мындай абалды өзгөртүш керек деп чечет жана көрүнүктүү жазуучулар үчүн гана эмес, союзга мүчө бардык жазуучуларга стипендия берүү үчүн каражат табат.
Бирок Атамбаевдин кичи мекени болгон Арашандагы чыгармачылык үйдүн тагдыры дагы деле чечилбей келе жаткан. 20 жыл мурда бул имарат кароосуз калган болчу. Үй Москвадан бөлүнгөн каражатка курулган жана аны Москва каржылап турган.
СССР тараганда чыгармачыл үйдү эч ким тийиштүү деңгээлде күтө алган жок. Имарат бүлүнүп же кимдир бирөөлөрдүн колдоруна өтүшү толук мүмкүн эле. Ошондой болгондо чыгармачыл адамдар менен эч кимдин иши болмок эмес. Бирок шарт башкача болуп, жазуучулардын үйүн Атамбаев өз калкалоосуна алды. Азыр ал жерди толук өзү каржылайт.

Чыгармачыл "узак курулуш"
Биз Арашанга келгенде өлкөнүн жазуучулар каймагы түшкү тамакты ичип жатышкан экен. Алардын жүздөрүнөн бул жерде иштеп жаткандарына ыраазылыктын белгисин сезесиң. Ал турмак алар ашпозчу жана тейлеген келиндер менен үй-бүлө, бала-чакалары туурасында бабырашат. "Мен бул жерди эбак эле үйүм катары көрүп калгам" дейт кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев.
20 жылдан бери чыгармачыл интеллигенция бул жерге жылына бир жолу келет. Адатта путевка бир айга гана берилет, бирок жазуучулар менен акындар андан да көп мөөнөткө калып иштешет. Постсоветтик аймакта чыгармачыл адамдар дээрлик бекер жашаган жападан жалгыз чыгармачыл үй ушул жер. Сөз бул жерде жалаң эс алуу жөнүндө гана болгон жок. "Чыгармачылык үйдүн пансионаттан айырмасы - бул жерде адамдар жөн гана эс алышпай иштешет дейт Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев. - Биз жаш кезибизде бул жерде көптөгөн чыгармаларыбызды жазганбыз. Азыр болсо карып калдык, ошондуктан көбүрөөк эс алып жатабыз. Бирок башка бир да жерде ушул жердегидей тынч шарт жок."
Чыгармачыл иш үчүн Арашанда бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Кичинекей, бирок өтө ыңгайлуу номерлер бир гана адам үчүн ылайыкташкан. Чыгармачыл иш үчүн ызы-чуусу жок жалгыздык керек, ошондуктан меймандар бири-бирине тоскоолдук кылышпайт. Бөлмөлөрдө радио да жок. Сырттагы бейпилдикти тоо суусунун шарылдаганы гана бузбаса мемиреген тынчтык. Ошондуктан жазуучулар менен акындар бул жерге келүүгө ашыгышат. Өз үйүңдө бабыр- шабыр турмуш, ызылдаган телефон чалуулар менен келип-кеткен кишилер. Арашанда болсо тыптынч. Чыгармачыл адамга мындан ашкан эмне керек?
Соңку жылдары бул жерде көп нерселерди оңдоп-түздөштү. Чоң терезелерден мемиреген короо жана андан ары жакта тоо көрүнөт. Чыгармачыл үйдүн жаңы кожоюну келгенден бери бөлмөлөргө килемдер салынып, жаңы мебель, жаңы жууркан-төшөк, жаңы идиш-аяк алынды. Азыр жазуучулар менен акындар Алмазбек Атамбаев алардан жаш болсо да балдарындай кам көрүп, шарт түзгөнүнө ыраазычылык айтышат.

Табият берген талант
Алмазбек Атамбаев бизнес менен саясатта ийгиликке жетишсе да чыгармачыл интеллигенцияны эмне үчүн унутпай келе жаткандыгы көпчүлүккө дагы деле табышмак. Бирок мунун жандырмагын жазуучулар өздөрү табышат. А.Атамбаев жаш кезинде эле котормо менен алектенип, бул ишинен калем акы гана таппастан, зор чыгармачылык ырахат да алчу экен. Чыгармачыл үйдүн азыркы жашап жаткан коноктору Атамбаевдин жаш кездегисин эскеришет, ал Бишкектеги журналдардын редакцияларына тынбай келчү экен. Болочок премьер-министр дайыма колу бошобой, бир нерселерди окуп же бир нерселерди жазып, ал турмак түшкү тамак учурларында да бошочу эмес. 20 жылдан бир аз өткөндөн кийин ушул таланттуу жигит өзүнүн бир кездеги жазуучулук ишиндеги кесиптештерин аталык камкордукка алат деп ким ойлоптур?
"Атамбаев эң сонун котормочу болчу, - дейт драматург Кадыр Өмүркулов.- Бул ишин ал азыр таштап койгонуна өкүнөм. Ырас, саясат, коомдук ишмердүүлүк да маанилүү нерсе деңизчи. Бирок мен билгенден ал дайыма чыгармачылык менен алектенгиси келет. Атамбаев кыргыз, орус тилин мыкты билет. Кыргыз жазуучуларын которуу үчүн өз өлкөсүнүн тарыхын, элинин турмуш-тиричилигин терең билүүсү керек. Ошондо гана өз ишиңди жакшы жана сапаттуу бүтүрөсүң".
Азыр чыгармачыл үйдө кезектеги сезон аяктап баратат. Күн суук тартып, меймандар үйлөрүнө кайтууга кам көрө башташты. Биз менен коштошор алдында алар алдыда болуучу президенттик шайлоону кызуу талкуулап киришти. Албетте, алар кимге добуш беришээрин анык билишет. Эгер Алмазбек Атамбаев президент болуп калса, Кыргызстан адабиятын алтын доор күтүп турат.

Айдай Турдалиева