16.12.11 - 2-бет: Коалиция көйгөйү
Оппозицияда кимиси калат:
"Ата мекенби" же "Ата журтпу"?
Бүгүн-эртеңден парламенттик көпчүлүк түзүлмөкчү. Жаңы коалиция кеңири форматта куралып, ага ЖоКедеги төрт фракция кошулушу ыктымал. Натыйжада "Ата мекен" же "Ата журт" оппозицияда каларын саясый серепчилер божомолдошот.


КСДП бөлөк фракцияларга парламенттик көпчүлүктү түзүүнүн долбоору менен катар өкмөттүн жаңы структурасын сунуштады. Ага ылайык башбакан жана анын төрт орунбасары (Экономикалык блок боюнча 1-вице-премьер-министр, Реалдуу сектор жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр жана өкмөттүн аппарат жетекчиси - вице-премьер-министр), 20дан 15ке чейин (Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги, Каржы министрлиги, Энергетика министрлиги, Коргоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим жана илим министрлиги, Маданият жана туризм министрлиги, Жаштар саясаты жана спорт министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети) кыскартылган министрликтер, он мамлекеттик агенттик жана 11 кызмат өкмөт курамын түзөт.
"Республикага" премьерлик, КСДПга спикерлик "устукан" тиеби?
"Республика" фракциясы жолбашчысы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыгына "консо" гана парламенттик көпчүлүккө кошулуу позициясынан жазбай келет. Фракция лидери Канатбек Исаев "республикачылар" ушул шарты аткарылышын талап кыларын кечээ интернет-сайттардын бирине курган маегинде кайра кайталады. Ал эми социал-демократчы Токтогул Туманов спикерликке партиялашы Асылбек Жээнбеков аттанарын ачыкка чыгарды. "Биздин лидерибиз Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан баш тартты. Андыктан Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги вариант катары каралууда. Бирок бардыгы өкмөт башчылыгына ким келеринен көз каранды. Дагы бир ирет кайталайын, биздин фракция добуш берүү "жумшак рейтингдин" алкагында жүрүшүн жактайт " дейт ал.
ЖК төрагалыгына барар-барбасын тактоо максатында Асылбек Шариповичке коңгуроо каксак, " Бардыгы кудайдын буйругунан. Эгер партиялаштарым, кесиптештерим мени колдоп атса, демек мен ошого татыктуумун деп эсептейм " деп табышмактанта жооп узатты.

Эки сүйлөгөн Абдрахманов
Эл өкүлү Өмүрбек Абдрахманов маалымат агенттиктердин бири аркылуу "Ата мекен" фракциясы парламенттик көпчүлүккө кирүү шарты катары өкмөт башчылыгын сураганын жар салган болчу. Андан көп өтпөй ошол эле агенттик аркылуу "Биздин фракцияны КСДП өкүлдөрү көпчүлүк коалицияга кирүү үчүн расмий чакырды. Биз кызмат тууралуу эч кандай шарт койбойбуз. Коалицияга кире турган фракциялар менен чогуу саясый реформаларды улантуу боюнча гана сунуштарыбызды айтабыз. Эч кандай шарттары жок киребиз " деп айткан сөзүн танып чыкты. Мындан сырткары, коалиция курамындагы фракциялардын саны төрттөн ашпоосу керектигин, эгер беш фракция тең парламенттик көпчүлүккө кире турган болсо "Ата мекен" оппозицияда каларын кошумчалады.

"Ата журт" 1-вице-премьерликти сурайт
Коалицияга кириш үчүн "Ата журт" фракциясы бир катар талаптарын койду. Аталган фракциянын мүчөсү Нариман Түлеевдин жергиликтүү үналгылардын бирине курган маегине караганда, "ата журтчулар" башбакандын 1-орунбасарлыгы баштаган үлкөн кызматтарды сурайт. "Ата журт" коалицияга кириш үчүн өзүнүн талаптарын коюуда. Анын ичинде фракция 1-вице-премьер-министрдин ордун алыш керек. Мындан сырткары, Коргоо, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерин, Чек ара жана Мамлекеттик каттоо кызматтарын, "Кыргызнефтегаз" ишканасын, финансылык полициясын жана бир катар ведомстволорду сурап жатат " дейт Түлеев. Эгер бул шарттар аткарылып калса, фракция лидери Камчыбек Ташиев 1-вице-премьерликке, Садыр Жапаров Геология жана табигый ресурстарды пайдалануу министрлигинин жетекчилигине келмекчи.
Кебин андан ары улаган Нариман мырза учурда "Ата журт" үчкө (өзүн колдогон "Кыргызстандын реформасы үчүн" (КРҮ) кыймылы, К.Ташиевдин тобу жана Акматбек Келдибековдун "группировкасы") бөлүнүп калганын, тогуз депутаттан турган КРҮ конкреттүү талап койбостон коалицияга кошулуу ниети бардыгын билдирди. Премьерди шайлоо "жумшак рейтинг" аркылуу жүргүзүлсө, анда Нариман Ташполотович бул орунга ат салышары маалым.
Ал ортодо Камчыке эркин басылмалардын бирине кеңири маек куруп, өзү жетектеген фракция оппозицияда калууга даяр экенин, ошондой эле "Ата журттун" кыйынчыкмалары спикерликке, өкмөт башчылыгына талапкерлигин коюшарын жашырган жок.




Дамира НИЯЗАЛИЕВА,
ЖК депутаты,
КСДП фракциясынын төрага орунбасары:
"Биздин дагы укугубуз бар"
- Коалиция курамы качан белгилүү болот?
- Кудай буюрса, ушул жуманын аягында коалициянын курамы талкууланып бүтөт. Коалицияга кирген фракциялар жаңы өкмөттүн структурасын талкуулап, шаршемби, бейшемби күндөрү парламенттин чоң жыйынына алып чыгат.
- "Республика" Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги өкмөт башчылыгына көрсөтүлгөн шартта гана парламенттик көпчүлүккө кирери белгилүү. Анда коалиция спикерликке, премьерликке бирдиктүү талапкерди гана сунуш кылат турбайбы?
- Алгач коалицияга кошулган фракциялар өз өкүлдөрүн өкмөт башчылыгы, ЖК төрагалыгына сунуштап, аларга добуш берүү тар чөйрөдө өткөрүлөт. Эң көп добуш топтогон кандидат гана чоң жыйында коалициянын атынан премьер-министрлик менен спикерликке ат салышат. Тагырагы, сиз айткандай, коалиция жогорудагы эки орунга бирдиктүү талапкерди сунуштайт. Ал эми оппозицияда калган фракциялар дагы өз талапкерлерин парламенттин чоң жыйынында добушка коюга укуктуу.
- КСДП Асылбек Жээнбековду спикерликке сунуштаганы чынбы?
- Биздин да өз талапкерибизди сунуштаганга укугубуз бар. Калганын мезгил көрсөтөт.



Бир шиңгил
"Ар-намысчы" Камила Талиева спикерликке күчүмдү сынап көрсөмбү деп жеңин түрүнүп турат.
Саясат таануучу Табылды Акеровдун божомолунда, башбакандыкка Ө.Бабанов менен катар Жоомарт Оторбаев , Иса Өмүркулов жана Тургунбек Кулмурзаевдин талапкерлиги каралышы ыктымал.
"Ички интригаларга карабастан "Ата журт" коалицияга кириш керек" дейт бул фракциянын мүчөсү Улан Чолпонбаев .
Акыркы маалыматтар боюнча "Ата журт" коалицияга кирер-кирбесин так аныктай элек.
Алайлыктар экс-төрага Акматбек Келдибековду премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын коюп атышат.
"Ак шумкарчы" Темир Сариев вице-премьер же экономика жаатындагы министрликтердин бирине дайындалышы мүмкүн.
Эл өкүлү Нариман Түлеев: " Бул партиянын ("Ата журтту" атаганы - Н.К.) келечеги жок болуп калды. Ошон үчүн биз өзүбүзчө бөлүнүп кеттик. Кийинки шайлоого биз башка партия, башка жол менен барабыз " деп "Ата журттун" келечегине өз баасын берди.

Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45