16.12.11 - 20-бет: Азыркынын шыпшайдарлары
Алланын колтамгасы оюнчукпу?

Акыркы мезгилде "балан жерде бирөөнүн короосунда Аллах деген жазуусу бар козу туулган имиш, дагы бирөө таң эрте азан айтайын деп асманды караса эле Аллах деген сөздү көргөн имиш" деген тирукмуш аңыз кептер айтыла баштады. Жакында эле дагы бирөөнүн катынынын эмчегинин астына Аллах өз атын жазып кеткен имиш. Ушундай нерселердин баарын көчөдөн уксаң бир жөн, массалык маалымат каражаттарынан айтылып, теледен көргөзүп аткандарына күйөсүң. Ошол эмчегинин астына Аллах автограф койгон катын "эртең менен сразым карасам эле мына минтип жазып коюптур" деп денесин теледен бүт элге көргөзүп атпайбы. Анын эмчегинин астына колтамга койгон ошол Аллах да шумпай неме го.


Эл үчүн коюлган ушундай спектаклдердин режиссерлору Орто Азияда, ошонун ичиндеги биздин өлкөдө халифат орнотууну көздөгөн адамдар экени айдан ачык. Эгер менин айткандарым туура эмес болсо, анда ошол Алланын амири менен оозум кыйшайып эле калсын. Өкүндүргөнү - ушундай жөө жомокторго көпчүлүк ишенип, жылдан жылга сакал койгон, дамбал кийген эркектердин жана кара кийип, кара жоолук салынган кыз-келиндердин көбөйгөнү. Жыл сайын мектептерде окуу мезгили башталганда "кокуй, кыздарыбызга жоолук салынганга тыюу салып жатышат" деп ызы-чуу салгандар да ушулар. Эми болсо "мусулман бала бакчасы" деген бала бакчалар пайда боло баштады. Эне сүтү оозунан кете элек, ойносо оюнга тое элек наристелерди бети-башын ороп-чүргөп коюп, курандын сүрөөлөрүн мажбурлап үйрөтүп аткандарын элестетип алып байкуш наристелерге боорум ооруйт. Балдарга 18 жашка толгонго чейин мусулманчылыкты гана эмес, ар кандай башка динди да таңуулаган ата-энелерге катуу чара колдоно турган мыйзам керек деп ойлойм. Болбосо өлкөбүздө халифат орноор күн деле алыс эмес.
Орус элинде байыркы доордон баштап дал XVIII кылымдын башына чейин эркектери сапсайтып сакал коюу салты болгон экен. Кийин ошол орус элинен чыккан атактуу падыша Петр биринчини кимдер билбейт. XVII кылымдын аягында, тагыраак айтканда, 1672-жылы жарык дүйнөгө келип он үч жашында такка отурган адам. Ал эрезеге жетип бийлик толук кандуу өз колуна өткөндөн кийин эркек аттуунун баарына сакалыңарды алгыла деген буйрук чыгарат экен. Ошондо да сакалын албаган бояр-көпөстөрдү айыпка жыгып, мал-мүлкүн тартып алганга чейин барыптыр. Атүгүл кээ бирөөлөрүн өзү сакалдан алып "э-эй, эшек, мен мобу сапсайган сакалыңды алгын деген буйрук чыгарбадым беле, же менин буйругумдун сага тиешеси жокпу" деп сакалынан жетелеп келип башын дөңгөчкө коюп, кокуй эми башын алат турбайбы деп жарданып карап турган элдин көзүнчө балта менен сакалын кырка чаап, "ме, эми мончого бар" деп сакалын колуна карматып, көчүккө тээп жолго салчу экен.
Чиркөөдө чокунуп отура бергенден пайда жок, Кудай да иштеген адамды сүйөт, изденген адамга берет ийгиликти деп зиректүү жаштарын мамлекеттин эсебинен атайын батыш өлкөлөрүнөн билим алдыртып, өзү падыша башы менен колуна балта көтөрүп мужуктар менен тең иштеп кеме куруп, Россияны улуу державага айландырган адам.
Бир кезде Петр биринчи орус элин орто кылымдан келечекке, өсүп-өнүгүүгө сүйрөгөн болсо, биздин бүгүнкү ашынган динчилдер кыргыз элин кайра артка, орто кылымга сүйрөп аткан кездери.
Ислам Каримов башкарган азыркы Өзбекстанда да жаш туруп сакал койгон эркек ошол күнү түрмөгө түшөт дешет. Анткени Каримов халифатчылар менен кантип күрөшүүнү эң сонун түшүнгөн, аябай кыраакы адам экени белгилүү. Ошон үчүн бизге азыр сакалчандардын, деги эле динчилдердин сазайын бергенге Петр биринчиге же Ислам Каримовго окшогон башчы керек деп эсептейм.
Кутман ТОЙЧУ




Эски дос эстен кетпейт
"Великолепная тройка" -
Түгөлбай, Асанкалый, Кубан

Белгилүү композитор, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун 60 жылдык юбилейин утурлай туздуу да, бал кептер да айтылды, жазылды. Мындан ары да айтыла, жазыла берет. Композитордун чогуу окуган досу, белгилүү комузчу Кубан Каракинов менен юбилейди утурлай маек кылган элек. Алтымыштан кийин да айтылчу сөздөр бар деп Түгөлбай Казаковдун досунун маегин эми берип отурабыз.

Ал ошондо эле мээнеткеч, новатор болчу
Түгөлбайдын чыгармачылыгы 70-жылдардан тартып башталды. Алгач "Алтын балалыгы" чыкты. Агезде Рыспай Абдыкадыров менен Калыйбек Тагаевдин таскагы катуу чыгып аткан. Рыспай минордук обондорду чыгарса, Калыйбектики көбүнесе мажордук обондор. Түгөлбай минор менен мажорду жуурулуштуруп, кандай обон жаратсам деп көп изденип, кийин ал оюн обондорунда колдонду. Обону муңдуураак башталса, кайрыгы мажор болуп кетет. Ошентип ал мажор менен минорду айкалыштырып, кыргыз музыкасына жакшы жаңылык киргизген. Кийин комуз күүлөрүнө кантип обон жаратсам деп жүрүп "Насыйкатты" жаратты. Бул Түкөнүн новатор экенин дагы бир ирет далилдеди. Мындай аракети менен ал композитордун окуусун окуганда далай ийгилик жаратып, бакыйган композитор болуп турмак. Тилекке каршы, аны мугалимдер которбой коюшту. Өзү да эрте үйлөнүп, турмуш-тиричиликке эрте аралашты. Ошого карабай кийин ал обончулардан айырмаланып өзүнчө партитура, кинолорго музыка жазып калбадыбы. Бул жагынан алганда анын абдан мээнеткеч экенин айтсак болот.
"Жүрөк толкуйтту" толкутканда
Студенттик кезде Түгөлбай, Асанкалый үчөөбүздү "великолепная тройка" деп коюшчу. Жаш кез, баары жетиштүү. Акчаны бирдеме кылып атып таап алабыз. Институтта чатак салган да, каңкылдап тынбай ырдаган да, мушташкан да биз. Окуудан жылыга бир-эки жолу айдалып кетип кайра эле кабыл алынабыз. Асанкалый менен Түгөлбай "Вальтмейстер" деген аккордеондун жанын койбойт. Биз сыртка кеткенде институт ичи "өх!" деп эс алып калат. Жатакана ичи ызы-чуу болсо, андан чоң ызы-чуу биздин бөлмөдө. Чыгармачылык уруктанбы, Түкөм туруп-туруп эле бирдемелерди чыгара коет. Түгөлбайдын дагы бир эл билбеген, айтылбаган жагы бар. Ал Шекербектин "Жүрөк толкуйт" деген комуз күүсүнүн эң татаал деген ортоңку бөлүгүн кайра иштеп чыгып нотага түшүргөн. Көлгө барсам "ме, муну чертип көр" деп берип калды. Терип көрсөм, баягы күү тимеле керемет кайрык болуп калыптыр. 1980-жылы ошол күүнү чертип чыктым. Бир жылдан кийин Шекербекке жолугуп калдым. Ал колумду бекем кысып, "Түгөлбай иштеп чыгып, сен ийине жеткире аткарган кайрык үчүн ыракмат. Ушунча шакирт таптадым, бирок ушул күүнү аткаруу боюнча бир да шакиртиме сага ичим чыккандай ичим чыккан эмес" деп биз менен сүрөткө түштү. Батасын да берди. Мына, бул да Түкөмдүн адамдык, музыкалык касиетинин жемиши.

Төө бастыда калганда
Ал ыр да жазчу. Кийин көпкө токтотуп койду. Өзүнө жакпай калып ыр жыйнактарын айрып ыргытып ийген учурлары да болду. Ошондо сонун ырлары курмандыкка чалынып кетти. Ошол ырлардан кээде мага окуп берчү. Жакшы жазчу негизи. Түкөмдүн дагы бир өзгөчөлүгү - тубаса сөзмөр, чечен. Эмне айтса да тимеле адамды муюта айтат да. Студент кезде далай жумуштарга барабыз. Кечинде Түгөлбай өзүнүн башынан өткөн же бирөөлөр айтып берген окуяларды, уламыштарды айтып берет. Курсташтар эми кызыгына кирип калганда мен байкатпай окуяга жараша бирдеме менен коркутам. Мындайды күтпөгөндөр жаман үркүшчү эле.
Эсимде, бир жолу Түгөлбай экөөбүз студенттерден бөлүнүп эски кашарга барып жатып калдык. "Ой, силер коркпой кантип жатып атасыңар" дешет курсташтар. Анан бир күнү кыздар-балдардын баарын кечкисин ошол кашарга чогулттук. Кашардын үстүндөгү койдун сөөктөрүн зымга тизип даярдап койгом күндүзү. Түгөлбай бир коркунучтуу окуя айтып атат. Баары жымжырт болуп бериле угуп атышкан. Окуя так кульминациясына келгенде баягы койдун скелетин кашардын төбөсүнөн шалдырата түшүрө салдым. Көрүп ал анан, чуру-чуу, чырак өчүп, тополоң-тос түшүп эле жатып калды. Секирип түшүп карасам, корккон кыздар-балдар бурчтагы Түгөлбайды басып калышыптыр. Эптеп тынчтандырсам, балдардын төө бастысында калган Түкөмдүн эси ооп жатыптыр.

Балким чаар баш министр болгондо…
Түгөлбайды жаш кезде жоро-жолдоштору чаар баш деп коер элек. Анткени анын кругозору кеңири эле. Негизи буга кандай кызмат берсе да алып кетмек. Кыргызтелерадиокорпорациясында иштеди, кийин Маданият министринин орунбасары болду. Балким ошондо министр кылып коюшканда кыргыз маданиятын ал биртоп көтөрүп коймок. Тилекке каршы андай болбой атпайбы. Түкөнүн музыкада да мүмкүнчүлүгү чоң болчу. Өкүнүчтүүсү, ал терең музыкалык билим ала албай калгандыктан чоң нерселерди жарата албай калды. Бирок обончулугу менен жанагыдай профессионалдуулукка кадам шилтеш - бул чоң эрдик.

Насыр Давлесов коргоп калган үч жалкоо
Биз жалкоолонуп жүргөн кезде деканыбыз үчөөбүздү "буларда эч нерсе жок, кетириш керек" деп институттун ректору Насыр Давлесовго алып кирди. Ал да кыраакы киши эле, "эмне билесиңер, көрсөткүлө" деп калды. Түгөлбай, Асанкалый аккордеон менен ойноп, мен комузда кол ойнотуп бердим. Ошондо Насыр Давлесов ушу силерди чыгарам деп атабы деп деканды кайра чакыртып, анын арыздарын тутамдап айрып, алып кет буларды деп калды. Кийин булардан бирдеме чыгат, жалкоолугун өзүбүз жойбосок болбой калды дешип, Асанкалыйды Давлесов, Түгөлбайды дагы бир кафедра башчысы, мени Фейферман деген композитор шефке алды. Анан бир ай уялганыбыздан барып жүрдүк. Бир күнү Асандан барып атасыңбы деп сурасам, жок дейт. Түгөлбайдан сурасам ал да барбай калыптыр. Мен да ошентип тигиге барбай калдым. Ошентип тигилер да бизден түңүлдү. Асан экөөбүз армияга кеттик. Түгөлбай үй-бүлөсү менен калды. Маркум Насыр Давлесов агайдын жалкоо дегени чын болчу. Жаштык менен тоготпой койгон экенбиз а кишини. Бизди баалаган үчүн ошондо алып калган тура көрсө.
Мелис
СОВЕТ уулу