16.12.11 - 4-бет: ЖоКе жүз
Кара башын ойлогон парламент калкты жыргатпайт
Акматбек Келдибеков акыры ЖК төрагалыгынан кетип, сагыздай чоюлуп келаткан чууга чекит коюлду. Спикердин маселеси жума башында парламенттин кезексиз отурумунда талкууланып, биртоп талаш-тартыш менен коштолду. Келдибековчул жана ага каршы депутаттардын ачык тирешин карап отуруп бүгүнкү парламент трайбалисттик илдеттен алигиче арыла албай тескерисинче, түндүк-түштүк ажырымын ого бетер кеңейтип коюшканын байкайсың. 5-чакырылыштын депутаттары мөөнөтү аяктаганча иштесе, анда алар кылтылдап жар кырында араң турган Кыргызстандын башын жутушу ыктымал. Ошондон чочулаган айрым күчтөр бул парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу идеясын коомчулуктун кулагына тымызын куя баштады.


ЖоКедеги "Ата журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин демилгеси астында "Ата мекен" тарабынан А.Келдибековго тагылган 13 кинени текшерүү максатында убактылуу депутаттык комиссия (УДК) түзүлгөн. УДК изилдөөсүнүн жыйынтыгында 13 киненин 11и далилденип отурат. Ал эми Акматбек мырза өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай, "суудан таза, сүттөн акмын" принцибин тутунуп көгөрүп туруп алды. Чуунун чыгышынын негизги себеби мына ушунда.
А.Келдибековдун кежирлигинин айынан 12-декабрдагы кезексиз отурум созулуп отуруп, кечинде араң жыйынтыкталды. Натыйжада жалпыга маалым болгондой спикер кызматынан чегинди. А кишинин мындай кадамга баруудан бөлөк аргасы жок эле. Себеби соодалашуунун аркасында комиссиянын отчету мындан ары талкууланбай турган болду. Бул экс-спикерге карата кылмыш иши козголбойт дегенди билдирет.
Экинчиден, "ата мекенчи" Эркинбек Алымбеков А.Келдибековдун маселеси чечилбесе аталган фракция парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу демилгесин көтөрөрүн жарыялады. Менимче, төраганын кызматтан кетишине ушул жагдай да түрткү болду өңдөнөт. Себеби, бир адам үчүн депутаттык мандаттан айрылууну "ата журтчулар" каалабаса керек.

Депутаттардын деңгээли ушул экен
Чоң оюнга айланган төрагалык кызмат парламент ичин экиге бөлгөнү аз келгенсип, карапайым калк ортосуна от жагып кое жаздады. Акматбек Келдибековду колдогон ордолуу Ошто уюштурулган митингге жалпысынан миңге чукул адам катышты. Алар Келдибековду куугунтуктоону токтотуу, ириген интриганын чордоруна айланган Жогорку Кеңешти Ошко көчүрүү, "Ата мекендин" төрагасы Өмүрбек Текебаев эл астында келип отчет бериши сыяктуу талаптарды айтышты. Ошол эле маалда Алайдан келген жыйырмадай атчан пикетчилердин катарын калыңдатып, экс-төраганын тарапташтары кыска мөөнөткө Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолун тосконго жетишишти. Жеке булактардан алынган маалыматтарга таянсак, чогулган элдин арасынан "Акматбек уулубуз түштүктүн кыйын чыкмасы. Аны түндүктүктөр "чаап" койгону атышпайбы…" таризинде пикирлер козголуптур…
Ал ортодо Акматбек Келдибековду жактагандар Ак үйдүн алдына да чыгышты. Жеке эле мени эмес жалпы коомчулуктун көңүлүн иренжиткен жагдай - "Өмүрбек Текебаевге өлүм!" маанисиндеги ураан-чакырыктардын ташталышы…
Ошол кезде Ак үйдүн 5-кабатында саясый "кызыл кулактык" кызуу жүрүп, улам танапис жарыяланган сайын депутаттар ар бурчка үймөлөктөшө сүйлөшүп атышты. Жакшылап баам салган адамга башынан эле КСДП менен киндиктеш делген "Республиканын" айрым өкүлдөрү А.Келдибековго ачыктан ачык жан тартышса, ошол эле "ар-намысчылардын" ичинен төраганы тымызын жактаган депутаттардын караанын чалдыктырасың.
Мына ушундай көрүнүш учурда парламенттеги эл өкүлдөрү мамлекеттин келечеги, карапайым калктын жашоосун жакшыртуунун үстүндө иштегендин ордуна жеке кызыкчылык деңгээлинен көтөрүлө албаганын айгинелеп койду. Ушул темпинен жазбаса, депутаттар жазга жетпей өздөрүнүн "башын" өздөрү эле "жутары" анык.

"Текебаев менин алдымда улак"
"Уккан кулакта жазык жок" демекчи, Акматбек мырза 13-декабрда Оштогу таламдаштары менен жолугушардын алдында партиялашы Камчыбек Ташиевге "Менин жанымда жүр, экөөбүз элди көтөрөлү..." маанисинде оюн ортого салды дешет. Ага Камчыке каршы чыгып, митинг уюштуруунун кажети жоктугун билдириптир.
Ош шаарынын борбордук аянтындагы жолугушууда А.Келдибеков: "…урматтуу элим, 2-3 күндөн бери аба ырайынын сууктугуна карабай өз ыктыярыңар менен мени колдоп ушул жерде турганыңарга чоң ыраазычылык билдирем. Мага спикерлик кызматтан дагы элимдин урмат-сыйы чоң кызмат катары эсептелинет. Эки жумадан бери өзүңөр көргөндөй Текебаевдин мага койгон дооматтары менин ишмердигимде эмес, аларга креслонун керектигинде. Мен эч качан орунга жармашпайм. Тынччылык болсун деп коалицияны сактап калдык. Текебаев ким өзү? Менин алдымда ал кичинекей улак. Мен спикер болуп тилимди тишиме катып жүрдүм эле. Эми депутат болдум, эми сүйлөйм. Текебаевге окшоп жашынып жатпайм" деди.
Экс-спикерге мамлекеттик салык кызматынын төрагалыгы сунушталганда баш тартты дейт.




- Сиздин оюңузча жаңы коалиция курамы кандай болот?
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Бул жерде 2-3 вариант каралып атат. Биринчисинде, "Республика"-КСДП-"Ата мекен"-"Ар-намыс" альянсы куралат го. Арийне, парламенттеги беш фракция тең ынтымакташып, чогуу оокат кылышса жакшы болмок. Ал эми парламентте сөзсүз оппозиция болуш керек дегендерге айтарым, Ак үй сыртындагы оппозициялык маанайдагы партиялар деле бизге жетишет.

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ,
"Акыйкат" партиясынын төрагасы:
- КСДП, "Республика", "Ар-намыс" жана "Ата мекен" парламенттик көпчүлүктү түзөт. "Ата журт" оппозицияда калат деп ойлойм.

Бегалы НАРГОЗУЕВ,
коомдук ишмер:
- "Республика", "Ата мекен" жана "Ар-намыс" коалицияга кирерин расмий билдиришти. Премьерликти сураган "Ата мекен" өз позициясынан кайтпаса, анда "Ата журт" оппозицияга кетиши ыктымал. Тескерисинче болсо, анда "Ата мекен" оппозицияга оойт. Менимче, "Республика" көздөгөнүнөн кайтпайт го…

Токтогул ТУМАНОВ,
ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
- Коалицияга кирүү сунушу бардык фракцияларга жөнөтүлгөн. Бардыгы эле кошулабыз деп атат. Бирок менимче, парламенттик көпчүлүк төрт фракциянын катышуусунда түзүлөт.

Равшанбек ЖЭЭНБЕКОВ,
ЖК депутаты, "Ата мекен" фракциясы:
- Ушул суроого жооп бербей эле коеюнчу. Капа болбо.

Нурбек АЛИМБЕКОВ,
ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:
- Учурда "Республика" менен КСДП катарына "Ар-намыс" фракциясынын 15 мүчөсү, "Кыргызстандын реформасы үчүн" деп кыймыл түзгөн "Ата журттун" тогуз депутаты кошулууга макулдугун билдирди. "Ар-намыс" менен "Ата журттун" калган өкүлдөрү "ата мекенчилер" азырынча унчуга элек.

Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ,
ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
- Биздин лидерибиз Камчыбек Ташиевге кайрылсаңар туура болмок. Муну бир кудай, анан Алмазбек Атамбаев билет.

Динара ОШУРАХУНОВА,
"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициянын төрайымы:
- Алдын ала бул фракция кирет, тиги кирбейт деп айта албайм. Бирок "Ата журттун" лидери Камчыбек Ташиев өзү жетектеген фракция оппозицияда калышы ыктымалдыгын айтпадыбы. Менимче, "Ата журттан" жакшы оппозиция чыгат.

Дайырбек ОРУНБЕКОВ,
"Мекендештер" интернет-сайтынын жетекчиси:
- Жаңы коалиция төрт фракциядан түзүлүшү мүмкүн. Алар КСДП, "Ата журт", "Ар-намыс" жана "Республика". Ушундай курамдан түзүлгөн коалиция ыңгайлуу болуп, "Ата мекен" оппозицияда калганы көп жакшы жыйынтык алып келет. "Ата журт" оппозицияда калса өкмөт курамы кайра жаңыдан түзүлүп, министрлердин алмашуусу менен көп убакыт бошко кетет. Андыктан системага түшүп калган өкмөт курамы жолун улай бергени дурус. Бөлүнүүчүлүк күчөп кетпеш үчүн жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин А.Келдибековдун тарапташтары нааразы болбош үчүн төрагалык кызматка кайра эле түштүктүн мыкты азаматтарынын бирин алып келүү туура болот.

Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45,
сүрөттөр А.Токсонбаевдики