13.01.12 - 22-бет: Жолтикен
Аялын атып, өзү да атынып
өлдү

Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан көпчүлүгү бул күнгө өзгөчө көңүл бурушат эмеспи. Бул күндү үй-бүлө мүчөлөрү чогуу, бири-бирине жакшы каалоо айтып, даамдуу тамак жасап тосушат. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Абдыгафар Батырбеков менен жубайы Бибигүл Ботобаева да үч баласы менен жаңы жылды кадимки үй-бүлөлөрдөй тособуз деп ойлошкон. Бирок 2011-жылдын акыркы күнү - 31-декабрь алардын үй-бүлөсүнө каргаша алып келди.

2011-жылдын 31-декабрь күнү саат бирлер чамасында Аксы РИИБине Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл аймагынын тургуну Сапарбай Ботобаев төбө чачты тик тургузган кабар айтып телефон чалган.
Жаңы жыл алдында Сапарбай Ботобаевдин кызы Бибигүл Ботобаева күйөөсү Абдыгафар Батырбеков менен таарыныша кетип, эки баласын ээрчитип төркүнүнө барган. Алардын ортосундагы уруш баягы эле жинди суудан бастырып алып үйүнө тынчтык бербеген эринин жосунсуз жоругунан чыккан эле. Анын күндө ичип келип, үйгө тынчтык бербегени үч баласы менен үйдө отурган Бибигүлдүн жанына баткан. Балким төркүнүмө кетип калсам оңолуп, арагын тыяр деген максатта Бибигүл жаңы жылды ата-энесинин үйүндө тосууну ойлоп, майрамдык даярдыктарды көрүп атышкан. 31-декабрда таламандын тал түшүндө, саат бирлер чамасында Бибигүлдүн күйөөсү Абдыгафар Аксы районунун Кашка-Суу айыл округунун Жаңы-Айыл участкасындагы кайнатасынын үйүнө барат. Ал аялынын алдына түшүп кечирим сурап, эки уулу менен үйүнө алып барып жаңы жылды чогуу тосолу деген жакшы ниет менен келбегени эшиктен кирип келгенде эле кейпинен көрүнүп турду. Ичинде жинди суу бурганактап, теңселип бутуна араң турган Абдыгафар өзү менен кошо ала келген жарымынан кыркылган (обрез) сайсыз кош ооздуу 16-калибрдеги ок атуучу куралы менен атасынын үйүндө отурган аялы Бибигүл Ботобаеваны көкүрөккө атып өлтүрүп, 1990-жылы туулган уулу Бектурсун менен 2004-жылы туулган уулу Бекболсунду өзүнүн менчик "Опел Сафира" үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру S 01-29 AB унаасына салып Ноокен районундагы Ынтымак айылындагы өз үйүнө алып жөнөйт.
Окуя болгон жерде ызы-чуу башталып, жаңы жылдык маанай жалп өчүп үй ичи өкүрүккө толуп, дароо милиция чакырылды. Өз аялын атып өлтүргөн куралдуу кылмышкердин артынан түшкөн Аксы жана Ноокен РИИБинин изкубарлары аны кармоого аракет жасап, үйүн курчоого алышты. Бирок колу канга боелгон Абдыгафар үйүндө жөн жатпай бир тууган эжесин жана байкесин, үч баласын барымтага алып, сыртта турган милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей турду. Арадан эки саат өткөндө адегенде эки баласын, андан кийин дагы бир уулун сыртка чыгарып жиберип, эки бир тууганын барымтага дагы биртопко чейин кармап атты. Бирок милициянын укуругунан узап кеталбасын сездиби, кечки саат төрттөргө чукул А.Батырбеков аялын аткан ок атуучу курал менен өзүн-өзү атып, ошол жерден жан берген. Ал эми барымтада калган балдары менен анын бир туугандарынын денесине эч кандай жаракат келтирилген эмес.
Аялын атып өлтүргөн Абдыгафар Батырбеков 1969-жылы Ноокен районунун Ынтымак айылында туулган. Эч жерде иштечү эмес. Анын колунан ажал тапкан жубайы Бибигүл Ботобаева 1971-жылы Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. Экөө бир кезде бири-бирин сүйүшүп, мындан жыйырма жыл мурун үй-бүлө куруп, үч балалуу болушкан. Эми минтип жинди суунун айынан жаңы жылда бир үй-бүлө канга чыланып, өкүрүк коштолуп, үч бала томолой жетим калды.
Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматкери, милициянын подполковниги Таалайбек Сусунбаев бул кандуу окуя 2011-жылдын 31-декабрында Аксы РИИБнин кылмыш каттоо күбөлүгүнө №804 саны менен катталып, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 97-статьясынын 2-бөлүгүнүн 10-пункту менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаганын кабарлады.
Албетте балдарынын апасына ажал алып келген Абдыгафар Абдылдабеков бул дүйнөдөн сот жазасын албаса да чын дүйнөдөн өз жазасын алаар.
Назира КУЛМАТОВА