13.01.12 - 3-бет: Оп, майда
Рыспай ага 71ге чыкмак
Кечээ Кыргызстанга эле эмес дүйнө элдерине таанымал, улуу композитор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү эле. Өткөн жылы кайталангыс таланттын 70 жылдык юбилейи Ош облусунда белгиленип, анын ырын аткаруучулар арасында конкурс өткөрүлгөн. Конкурс Бишкекте жыйынтыкталып коомчулукту өзүнө тарткан эле. Оштогу юбилейде белгилүү аткаруучунун кесиптештери, жакындары Рыспай Абдыкадыровго Ошто, Бишкекте эстелик тургузулуп, ал тууралуу көркөм тасма тартылса деген ойлорун ортого салышкан. 200 ыры эл оозунан түшпөй ырдалып, обондору жүрөктөн орун алган инсан көзү тирүү кезинде деле кыйратып баркталбаптыр. Эми көзү өткөндө ага мамлекет эстелик тургузуп койсо ашыкча деле болмок эмес.

Курултай жана машинелер
Кечээ Ак үйдүн алдында эки пикет болуп өттү. Биринчиси, парламентте каралып жаткан элдик курултай мыйзам долбоорун колдоого арналса, экинчиси Кытайдан көптөн бери келалбай жаткан машинелер боюнча болду. Элдик курултайчылардын каалоосу боюнча, жакында парламентте карала турган мыйзамдын негизи болуп алар иштеп чыккан долбоор кабыл алынса дешет.
Ал эми 1-январдан тарта чет элден келе турган машинелердин бажы төлөмдөрү үч эсеге кымбаттаган. Машине ээлери ошону мартка чейин узартууну депутаттардан суранышты. Бул маселени өкмөт "ит итке шылтап, ит болсо куйругуна шылтайт" кылып жатат. А маселе чечилмек турсун убакыт өткөн сайын татаалдоодо. Бабанов теледен өзүн-өзү реклама кылгандын ордуна ушундай маселени чечпейби.

Анык азарт эми башталабы?
1-январдан тарта казинолор жабылды деп дуулдап атпадык беле. Көрсө жабылбай калышы да мүмкүн экен. Анткени Юстиция министрлиги күнү кечээ ушу боюнча өкмөт токтомуна тескери баасын берди. Юристтердин чечимине ылайык, казинолорду жабуу боюнча иш-чаралар жөнүндөгү өкмөт токтому Конституцияга каршы келет экен. Казиночулар эми өз укуктарын коргоп, Конституциялык палатага, Жогорку сотко кайрылганга акылуу. Бул деген демек, укуктук талаада чыр чечилмейин казинолор иштей бериши мүмкүн деген кеп.

Көлбаевдин "табакташтары" кармалууда
Жакында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобуна мүчө болуп, милиция тарабынан издөөдө жүрүшкөн 31 жаштагы Асанбек Мейманбеков менен 30 жаштагы Канатбек Сыдыков кармалышты. Булардын мойнунда ачылалек бир нече кылмыш иштери болушу ыктымал дейт Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз катчысы, милициянын подполковниги Таалайбек Сусунбаев. К.Көлбаевдин кылмыш тобунда издөөдө жүргөн башкалардын артынан да иликтөө жүрүп атат.

"Бутпарас менен Мария"
Москвалык кыргыз жазуучусу Муса Мураталиевдин "Бутпарас менен Мария" аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Анын романдары, аңгеме-макала, жомоктору дүйнө жүзүндө ондогон тилдерге которулган. Мусанын чыгармаларында мигранттар, теңирчилик сыяктуу учурдун орчундуу көйгөйлөрү камтылган.

Аскаровду ачкачылыктан сактаган Акун
2010-жылдагы түштүктөгү июнь коогалаңы учурунда Базар-Коргон районунда башаламандык уюштурган деген негизде күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров 9-январда ачкачылык жарыялоого камынып жатканын кабарлаган эле. Бул анын соттор чыгарган өкүмгө каршы саясый кадамы болмок. Бирок акыйкатчы Турсунбек Акун аны ачкачылыктан баш тартууга ынандырган. Акыйкатчынын айтымында, А.Аскаров "өлүп калсам ичимди ачпай, сөөгүмдү балдарыма берип койгула" деп ага кат жазып жибериптир. Т.Акун тынчсызданып абактын жетекчилиги менен байланышып, А.Аскаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ачкачылык кармабоого көндүрүптүр.

АКШ үчүн Түркия ортого түшөбү?
Президент Алмазбек Атамбаев учурда иш сапары менен Түркияда жүрөт. Кечээ Анкарада эки тараптуу жолугушуулар өттү. Кыргыз мамлекет башчысы Түркия борборунда эки күн болот жана түрк президенти Абдулла Гүл, премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Андан кийин парламентте сөз сүйлөп, жогорку окуу жайлардын бирине барат. Кийинки эки күндө Стамбул шаарында болот. Бул иш сапары төрт күнгө созулмакчы.
Серепчилер иш сапардын негизги максаты АКШ Түркия аркылуу А.Атамбаевдин "Манас" аэропортундагы базасы тууралуу позициясын өзгөртүүгө аракеттенип, ошого жол издеп жатат дешет. Көрө жатарбыз.

Букмекерчилер бугуп жаткан жеринен чыгат
Колу-жолу бош, капчыгы толо жарандар топтолуп алып ар кандай спортчулардын жеңиши үчүн алдын ала байге сайган бир кеңсе бар. Ал букмекер деп аталат. Кыргыз өкмөтү эми ушул тармактын тапканын эсептеп, тотализаторлордун ишмердигин көзөмөлдөө боюнча чечим даярдаганы жатат. Расмий түрдө 1-январдан тарта кумарканалар жабылган.

Эгемендиктин эртеси эле кытай көйнөк кийе баштапбыз
Кытай менен кызматташып келатканыбызга 20 жыл толуптур. Жума ичинде бул дата белгиленип, Кытай бийлигинин атайын өкүлү Чэн Чжили Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп чайлашты. Эки иштен бир иш деп жолугушууда эки өлкө ортосундагы 20 жылдык дипломатиялык алака-катыштын жыйынтыгы чыгарылып, кызматташууну дагы кеңейтүү маселелери талкууланды. Казакбаев апрель жана июнь коогасынан кийин көрсөткөн жардамы үчүн кытай тарапка ыраазылык билдирсе, кытай тарап өз жогорку окуу жайларынан кыргыз студенттерине 30 орун бермей болду.

СПИД отургучтардан да жуга баштаптыр, сак болгулачы деги
Учурда интернет желечелерде СПИД менен жабыркагандардын расмий эмес террордук уюму пайда болуп, алар коомдук жайлардагы орундуктарга, негизинен кинотеатрлардагы, парктардагы, коомдук транспорттогу отургучтарга бул ооруну жугуза турган шприцтерди адамдардын денесине сайыла тургандай кылып таштап, анын негизинде бул дарт менен жабыркагандар көбөйгөнү боюнча билдирүү таратылууда. Аны аталган террордук уюмдун коомчулуктан өч алуусу катары түшүндүрүшүп, элди орундуктарга отурууда сак болууга чакырып жатышат.

"Жаңы Агым" - пресс




Мына сага, Жаңы жыл!
Өлчүдөй майрамдабай өсчүдөй жашасак

Ошентип 2011-жыл кош айтышып, 2012-жыл да кирип келди. Эртең жашоо бүтүп калчудай жаңы жылдык дасторконго болгон акчабызды салганыбыз аз келгенсип, жылдын башталышын жумалап майрамдайбыз. Статистикалык маалыматтарды карап көрсөк, жаңы жылдан кийинки он күн ичинде көп өлкөлөрдө ар кандай кырсыктар, адам өлүмү, оор кылмыштар көп болорун көрөбүз. Башкасын айтпай эле өз мекенибиздеги жаңы жылдык кырсык, чыгаша, өлүм-житимди эсептесек төбө чач тик турат.
Алсак, 31-декабрдан 2-январга чейин эле Бишкек "тез жардам" кызматына 2197 адам кайрылса, анын ичинен жетөө ууланып, 15и криминалдык жаракат алып, 106 адамдын дене сөөктөрү сынган. Бычак, ок жеп, токмоктолгон 13 адамга шашылыш медициналык жардам көрсөтүлгөн. 31-декабрь, 1-январь күндөрү улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө жардыргычтан көздөрү жабыркаган эки өспүрүм түшсө, Бишкек травматология, ортопедия борборуна 95 адам кайрылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 31-декабрда өлкө боюнча 24 өрт чыгып, анын кесепетинен ондогон тонна чөп, үй чатырлары күйүп, онго жакын адам көз жумган. 31-декабрдан 2-январга чейин ИИМ тарабынан 183 кылмыш, кырсыктуу окуялар катталса, 31-декабрдан 9-январга чейин ичкилик, өрт, ар кандай кырсыктан 20га жакын адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Ошондой эле жаңы жыл күндөрү республикалык наркология борборуна өлкөнүн ар тарабынан ичимдиктен жабырланган 104 адам түшкөн.
Албетте, бул расмий түрдө катталгандары гана. Алыскы айыл жерлеринде, облус, район, шаарларда кыргызча, тууганча жашырып коюшкан мындай фактылар жүздөп саналары турган иш. Мындай узак мөөнөттүү майрамдан үй-бүлөлүк, мамлекеттик бюджет канча зыян тартат? Мындай суроолорду кабыргасынан коюп талдап келсек, жаңы жылдык майрамдын пайдасынан зыяны оркойо чыгары анык. Ушул жагын ойлонуп, эс алуудан көрө эмгек күндү узартып, ар бир күндү майрамдай жашасак болчудай, кадырман калайык.
Мелис СОВЕТ уулу





Ат жалында маек
Өкмөт төрагасынын орунбасары Гүлнара АСЫМБЕКОВА:
"ВИЧ/СПИД БОЮНЧА СОТТОЛГОН ДАРЫГЕРЛЕР АКТАЛЫШЫ КАЖЕТ"

- Гүлнара айым, Ошто балдарды СПИД илдетине чалдыктырган дарыгерлердин бирөө-жарымы жазаландыбы?
- Жалпысынан он төрт ак халатчан кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын тогузу үч жылдан беш жылга чейин кесилип кетти. Мындан тышкары сакайгыс дарттан жапа чеккендердин бүтүндөй чыгымдарын төлөө жагы аларга сот тарабынан катуу милдеттендирилген.
- Бул эми акылга сыйган өкүм болду деп эсептейсизби?
- Жо-жок! Бул жерде дарыгерлердин жана медициналык орто кызматкерлердин кымындай күнөөсү жок. Алар СПИД илдетин атайылап жайылтышкан жери жок да. Ошол себептүү ишти кайра кароону Жогорку соттон өтүнүп жатабыз. Кесиптештерибиз токтоосуз акталышы кажет. Менимче, маселе жакын арада оң жагына чечилет го деген үмүттө турабыз.
- Айтмакчы, кечээ эле Словакиядан дарыгерлер тобу түшпөдүбү. Алар СПИД дартына чалдыккандар менен канча убакыт иштешери күтүлүүдө?
- Словакиялыктар адегенде алты айга көнүшкөн. Көрсө бул мөөнөт абдан аздык кылат экен. Ошондуктан алар менен кайра сүйлөшүп жатабыз. Ашкере тажрыйбалуу дарыгерлер бири-бирин алмаштырып, акыры чектелбеген мөөнөттө иштеп берүүнү макул табышты.
- Гүлнара айым, жанагы СПИДден жабыркаган балдарга, үй-бүлөлөргө компенсация жагы кантти?
- Жогорку Кеңеш СПИД дартынан жабыркагандардын ар бирине 10 миң сомдон төлөп берүүнү өкмөткө милдеттендирген. Аны албетте, кыйшаюусуз аткарабыз. Мындан тышкары дары-дармек жагынан да үзгүлтүксүз каралашып турабыз. Ал эми ар бир жабыркаган тарапка мамлекет казынасынан миллион сомдон төлөө жагы биздин компетенцияга кирбейт. Муну тиешелүү органдар ойлонуштуруп көрөт го деген терең үмүттөмүн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары