presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Окумуштуу болчулар эми ойлоноор
Алтай БӨРҮБАЕВ, Жогорку аттестациялык комиссия төрагасы:
илимдеги чоң бурулуш экенине ишенем"
Көп жылдардан бери эле бизде билим сапатын жогорулатуу урааны жашап келет. Акыркы убакта бул ураанга билим, илимдеги коррупцияны жоюу урааны да жанашты. Илимдеги ушул илдет тууралуу суроолорубузду Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы, академик Алтай БӨРҮБАЕВге узаттык.

- Алтай Асылканович, Жогорку аттестациялык комиссияда "Антиплагиат" программасы иштей баштаптыр. Натыйжасы кандай болуп атат?
- "Антиплагиат" - бул жаңы социалдык, инновациялык система. Программа дүйнө боюнча 8 млн. илимий булактардан жана өзүбүздүн диссертациялык иштерден түзүлдү. Бул программаларды биз 2 млн. сомго сатып алып, биздин тармакка ылайыкташтырып иштеп чыктык. Кийинки учурда интернеттен, башка илимий булактардан көчүрүп алынган диссертациялардын саны көбөйдү. Ошого бөгөт коюу максатында ушул программаны киргизип отурабыз. Буга россиялык окумуштуулар жардам кылышты. Бул система азыр Россияда гана иштейт. Жакында Белоруссия менен катар биз ишке киргиздик. Мунун натыйжасы жакшы болорунан үмүтүбүз чоң. Кийинчерээк бул жеке эле бизде эмес, ЖОЖдордогу магистрдик диссертацияларды, илимий иштерди коргоодо кеңири колдонула баштайт. Кыскасы, бул илим жана аттестация дүйнөсүндөгү чоң бурулуш десем жаңылышпайм.
- ЖК депутаты Каныбек Иманалиев ЖОЖдордо илгерки эле окумуштуулар акча жеп, экономикага пайда келтирбей жатканын айткан эле. Бул жагынан ЖАК ортозаар окумуштууларга таасир бере алабы?
- Чынында илим деңгээли төмөн түшүп кеткени эч кимге жашыруун эмес. Билим менен илим куштун кош канатындай тыгыз байланышкан эки процесс. Экөөнү эки башка кароого болбойт. Билимди көтөрмөйүн илим өнүкпөйт. А илим өнүкпөсө билим соолуйт. Илимдин начарлап кетиши мектеп окуучуларынын билиминин төмөндөп кетишине да байланыштуу жана бул жыйырма жылдан берки чогулган көйгөйдүн "жемиши". Анткени күчтүү мугалимдердин баары башка тармактарга өтүп кеткен. Былтыр мугалимдердин маянасы көтөрүлдү. Бул жакшы. Бирок мындан ары да мыкты педагогдорду даярдоону колго алышыбыз керек. Азыр бизде 53 ЖОЖ болсо, анын ичинде адистештирилген, профессионалдык педагогикалык университетибиз жок. Жападан жалгыз бул багыттагы Ишеналы Арабаев атындагы университетибизди да өзгөртүп жибердик. Саат кууп отуруп мектептерде сапатсыз сабактар көбөйүп кетиптир. Анан ошондой билим алган студенттер контракт төлөп ЖОЖдорго келип атышат. Алардын дипломдук иштери дээрлик интернеттен алынып атат. Мына ушунун баары илимге терс таасирин берүүдө.
- Азыр айрым окумуштуулар өзүнүн илимий ишине өзү экспертиза жасап, өзү жыйынтык чыгарып, өзүнө өзү отчет берген фактылар бар экен. Бул ЖАК тарабынан текшерилеби?
- Биз буларга кийлигише албайбыз. Ошентсе да бир нерсени айтып коеюн. Азыр Билим берүү министрлигинде лицензия жана аттестация бөлүмү бар. Ал бөлүм ЖОЖдорго тигил же бул адистик боюнча 3-5 жылга лицензия берет. Бул туура. Бирок 3-5 жылдан кийин ошол бөлүм кайра эле өзү аттестация кылып атат. Бул туура эмес. Эгер аттестациялоону көз каранды эмес органга же бизге берсе, сиз айткандай өзү илимий иш жазып, өзүнө өзү отчет бермей жоюлат эле.
- Окумуштуулук наам, даражаларды алууга талаптар күчөтүлгөнүн айттыңыз эле. Алардын негизгилери кайсылар?
- Биздин талап боюнча илимдин докторлугун алган адам профессорлукту алыш үчүн эки илимдин кандидатын даярдап, илимий методикалык куралдарды иштеп чыгышы керек. Бул өтө чоң талап. Мына азыр ЖОЖдордун ректорлору, кээ бир биздин академиктер да профессор эмес. Мындан сырткары, диссертациялык иштердин критерийлерине талапты күчөттүк. Анан илимий иштерди жарыялаш үчүн биз он басылманы тандап алып, ошолорго басылууну талап кылабыз. Илимий иштер глобалдуу болгондуктан илимий кызматкердин докторлук иштеринин үчөө, кандидаттык иштеринен бирөө чет өлкөлүк басылмаларда жарыяланышын талап кылып атабыз. Буга кошумча биз диссертациялык ишти ошол адам иштеген ЖОЖ, кафедралардан эле эмес, бөлөк мекеме, окуу жайлардан да талкуудан өткөрүп пикир алып кел деген талап койдук. Себеби башка мекеме, окуу жайлардагы окумуштуу, илимпоздор докторлугун, кандидаттыгын жактап аткан адамга жан тартпай, туура баасын берет. Мунун баары илимий иштин деңгээлин көтөрүүгө болгон формалдуу эмес талаптар. Мындан кийин да диссертациялык иштер диссертациялык кеңештен, ЖАКтын бир канча чыпкасынан өтөт. Акырында ЖАК президиуму диссертациялык ишти карап чыгып, көпчүлүк добуш менен окумуштуулук даража, наам ыйгарылат.
- Азыр таш ыргытсаң эле окумуштуунун башына тийчүдөй болуп калды. Сиздин баамыңызда алардын канча пайызы илимдин, экономиканын өнүгүшүнө толук кандуу салым кошуп атышат?
- Азыр бизде миңден ашык илимдин докторлору, 6 миңден ашык илимдин кандидаттары бар. Ушунча илимпоз 5,5 млн. калкыбызга азбы же көппү деген суроо мурда эле коюлган. КМШ өлкөлөрү боюнча МАГАТ деген эл аралык аттестациялык коомубуз бар. Биз да ошол коомго жылына мынча кандидаттык, докторлук диссертация жакталып, наамдар берилди деген отчет берип турабыз. Коомдун жыйынтыгы боюнча алып карасак, Кыргызстан окумуштуулардын саны боюнча Түркмөнстан, Тажикстандан гана бир аз алдыда экенбиз. Болгону экономиканын айрым тармактарында түздөн-түз колдонула турган жана илим деңгээлин көтөрүп, бирок колдонулбай турган диссертациялык иштер болот. Ошондуктан окумуштуулардын бир тыйын да пайдасы жок деген туура эмес түшүнүк.
P.S. "Жаңы Агым" гезитинин №48 (074) 2011-жылдын 2-декабрындагы санында "Бөрүбаевди ооздуктаар бирөө барбы?" аттуу макала жарыяланган. Макалада такталбаган маалыматтар менен академик Алтай Бөрүбаевдин адамдык, окумуштуулук аброюна шек келтирилген. Гезит редакциясы бул үчүн Алтай мырзадан кечирим сурайт.

Мелис СОВЕТ уулу




- Өкмөт айрым министрлик, агенттиктерди жоюп, 3200 мамлекеттик кызматкерди жумуштан кетирүү алдында турат. Мындай реформадан майнап чыгып өлкө бюджети үнөмдөлөрүнө көзүңүз жетеби?

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Кайталанма органдардын жоюлганы туура. Ошондой эле топон-топон болгон 76 аймактык административдик мекемелердин санын кыскартуу зарыл. Облустарды жоюу тууралуу сунушумду 1993-жылы эле айткам. Аткаминерлердин армиясы азайса бюрократия да азаят. Ал эми бюрократия менен коррупция эриш- аркак жүрөрүн жакшы билебиз.

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
- Чиновниктердин санын кыскартуу өнөкөтү Акаев заманынан бери келатат. Мурда деле өкмөт структурасын 30%га кыскартабыз дешчү. Негизи өкмөт түзүмүн жана бюджет саясатын реформалоо түп тамырынан бери жүргүзүлүшү керек. Тилекке каршы, жаңы өкмөт ушуга көңүл бурбай атат.
3200 кызматкерди жумуштан кетиребиз дейт. Андай болсо бошогон орунга мурдагыдай тааныш-билиштерди орнотуу, кызмат сатуу сыяктуу көрүнүштөр кайталанбайбы деген суроо туулат.

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
- Өкмөт структурасын реформалоо аракети мурдагы Акаев, Бакиев бийлигинин тушунда да көрүлгөн. Бул жолу деле ошондой салт уланып аткансыйт. Өкмөт түзүмүн жаңылап, аш короткондон бөлөк пайдасы жок мекемелерди кыскарталы дегени жакшы. Бирок андан кандай жыйынтык чыгат? Негизги маселе ушул.
Менимче, жаңылануу башкача өңүттө жүргүзүлсө туура болмок. Өзүңүз деле байкасаңыз, өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана бөлүм башчылары чет тилдерин жеткиликтүү билбейт, чет жактагы кесиптештери менен теңата сүйлөшө албайт. Ириде жооптуу кызматта отурган чиновниктерди жаңылап, жалаң профессионал кадрларды тарткан оң. Ошондо 1 млрд. эмес бир нече млрд. каражат үнөмдөө мүмкүнчүлүгү жаралмак.

Мелис АЙДАРКУЛОВ, журналист:
- Экс-президент Курманбек Бакиев жаңылануу саясатын баштап, кээ бир мекемелерди кыскартмакчы болгон. Арийне, ЦАРИИни түзүп, анын жетекчилигине өзүнүн уулун отургузганы белгилүү. ЦАРИИ экинчи өкмөттүн функциясын аткарчу. Ошону менен Бакиевдин реформасы жүзөгө ашпай калган. Ал эми азыркы өкмөттүн реформалоо аракетинен майнап чыгарына ишенем. Себеби бири-бирин кайталаган министрликтер гана эмес, агенттик, комитеттерди жойду.
Мени депутаттардын жеке айдоочудан баш тартабыз дегени сүйүндүрдү. Керек болсо министрлер дагы айдоочудан баш тартып, машинени өздөрү айдашы керек.

Куттубек АБДУЛЛАЕВ, Бишкек шаарынын тургуну:
- Бүгүнкү өкмөттүн бир катар министрлик, агенттиктерди жоюп, кыскартууларга барганы мамказынаны үнөмдөөгө багытталган негизги кадам десек болот. Бирок негизги басымды катардагы кызматкерлерге эмес, чиновниктерге көбүрөөк буруп, кыскартууну мартабалуу аткаминерлерден баштаса өлкө казынасына көбүрөөк пайда алып келмек.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??