№03, 27.01.12. • "Агым" гезити, кыргызча...


Котур таш
Гүлнараны ашыналар көтөрүлгөндө көрөбүз

Өзбек кошуналарды "кыңк" эттирбей башкарып турган Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова "Твиттерден" кыргыздарды болушунча поктоп, көкүтүп алды. Улутчулдук "замашкаларды" жек көрөрүн билдирген Гүлнара атасы чек араны жаап, жабыр тарткан өзбектердин туугандарына кыргыздарды массалык түрдө жок кылуусуна жол бербегенин мактаныч кылган. "Твиттердеги" мекендештерибиздин айтканы ага катуу тийген белем, "калкынын үчтөн бир бөлүгү тентип жүргөн, элинин ыштаны жок өлкө ар кандай алдамчылыкка, согушка даяр" деп ачуу тилин агытып алыптыр. Жалаң алтын, миллиондогон доллардан башкага кызыкпаган өзбек президентинин кызынын деңгээлине таңгалбай эле койгула.