presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мартта сатылган гүл жана теплицада өндүрүлгөн жашылчанын пайдасы



Бишкектин күн батыш кире беришинде жайгашкан Фрунзе совхозу союз учурунда айыл чарбага байланыштуу илим шаарчасы деп аталып, лабораторияларында ар кандай тажрыйба жүргүзүлүп келгенин билебиз. Учурда бул айылды жандап өтүп калсаң көпчүлүк үйлөрдүн эшигинде жүргөн эмчеги салаңдаган уйларын, топ-тобу менен жүргөн үй канаттууларын, алакандай болгон тамаркасын мизилдетип иштетип аткан айыл тургундарын көрүп ичиң жылыйт. Отурукташкандардын басымдуу бөлүгү орустар. Биз аталган айылга кайрылып айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Бекжан АСАНБЕКОВГО жолуктук.

- Сиздерде айыл чарба жаатында кандай белдүү ишканалар бар?
- Биздин айыл өкмөткө Фрунзе совхозу, Ленин, Комсомол, Озерной айылдары карайт. Леонид менен Андрей Родиковдор түптөгөн "Рола" макарондук фирмасы жана "Чабрец" ишканасы да бизде. Андан башка да биртоп чоң же чакан фермерлер иш жүргүзөт. Бирок "Рола" менен "Чабрец" биздеги айыл чарба тармагындагы эң чоң ишкана. 2001-жылы түзүлгөн "Чабрец" дыйкан чарбасы учурда 1100 гектар жерди алып иштетип атат. Бир нече уй, чочко фермасын түзгөн. Бул ишкана сүт, эт, жашылчаны өздөрү өндүрүп, өздөрү иштетет. Мисалы, сүт азыктарын иштеткен, багылган уй, чочколорунан колбаса жасай турган өздөрүнүн цехтери бар. Тактап айтканда, айдоо аянттарында өндүргөн жашылчасын, тоютун иштетип, баарынан даяр продукция даярдап чыгарат. Негизинен алар жергиликтүү элдин үлүш жерлерин ижарага алып иштетүүдө. Себеби аларда техника бар. Ал эми жалгыз-жарым дыйкан өз жерин иштете албай калышы мүмкүн эле.
- Жогоруда сиз айтып кеткен ишканалардын айылга кандай пайдасы тийип атат?
- Ачыгын айтканда "Рола", "Чабрец" фирмалары бул айылдын бактысы үчүн жаралыптыр. Алар болбосо акыбалыбыз кандай болорун элестете албайм. Бул ишканалар алты жүз кишиден кем эмес айыл тургунун жумуш менен камсыз кылып, тамак-ашынан баштап жол киресине чейин өздөрү мойнуна алып, айлыгын да төлөп беришет.
- Өкмөт дыйкандарга кредит берүү маселесин кайра-кайра айтып атат. Сиздерде өкмөттөн кредит алган дыйкандар барбы?
- Ушул убакка чейин өкмөттөн кредит сураган үч арыз келип түшкөн. Жалпы сумма 4 млн. сомдун чегинде. Азырынча бул маселе каралууда. А негизи эл арасында кредитке муктаж болгондор көп эле.
- Айылдын карапайым эли негизинен эмне менен жашайт?
- Үлүш жери 2-3 гектар болсо аны иштетип же ижарага берип, андан сырткары уй кармап, сүтүн сатып жашагандар бар.


Жазында организм витаминге муктаж


Жаз келип, адамдын жандүйнөсүндө жаңылануу болуп жаңы сезимдер, жаңы эргүүлөр башталганы менен адамдын организминде витамин жетишпей, алсыроо башталып, эски оорулар козголуп, ооруга тез чалдыгышы мүмкүн. Медиктердин айтуусу боюнча, бул көрүнүштү жаратуучу бир нече факторлор бар. Биринчиси, аба-ырайынын туруксуздугу. Тактап айтканда, жазында аба ырайы бир ысып, кайра суук болуп кетет. Күн менен түндүн температурасынын айырмасы 15-20 градуска жетиши мүмкүн. Буга организм чыдай албайт. Адамдын иммундук системасы буга каршы туруп, аябай иштейт. Мындайда адам алсырай баштайт, ал эми сырттан кирген бактериялар менен вирустар биртоп күчтүүлүк кылып, ооруну ырбатып жиберет. Денеде витаминдердин жетишсиздиги иммундук системаны алсыратып, оорунун ырбашына шарт түзөт.
Жазында айрыкча аллергиялык оорулар күчөшү мүмкүн. Жаңы ачылган гүлдүн жана жаңы чыккан чөптүн жыты аллергияны пайда кылат. Экинчиден, адамдагы витаминдердин запасы түгөнүп, ал эми кышка сакталган мөмө-жемиштерде витаминдер азайып кетет. Ошондуктан адамда витамин жетишсиздиги пайда болот.
Витамин жетишсиздиги адамда, өзгөчө жаш балдарда, кош бойлуу аялдарда көп ооруларды күчөтөт.
Албетте мындай учурда жашылча-жемиштерди жеш керек. Ал үчүн дасторкондон жер-жемиш үзүлбөш керек. Арийне балдар, кош бойлуу аялдар витаминге бай тамактарды жеп туруусу зарыл. Же тамакка витаминдерди кошуп жеш керек. Жаз алды менен теплицада өндүрүлгөн жашылчалардын даамы супсак болгону менен витаминдер көп. Сакталгандарга караганда жаңы чыккандарды жеген пайдалуу. Алардын арасында укроп, петрушка деген чөптөр да бар. Ушуларды көбүрөөк жеш керек.
Бизде буудай өзүн актабайт, бирок өкмөт дыйкандарды жыл сайын алдайт
Өкмөтүбүз дыйкандарга кантип буудай өстүрүүнү, кандай үрөн себишти чогулуштан чогулуш өткөрүп үйрөтүп аткан кербези. Бизде буудайды 5 сугарып, селитраны тонналап берип алгандагы түшүмүбүздү казактар сугарбай эле, жер семирткич колдонбой эле биз алган түшүмдү алышат. Анткени алардын климаты буудайга ылайык.
Ал эми биз картошка тигип жакшылап карасак, ал гектарына 20-30 тонна түшүм берет. Эгер биз алмашабыз десек казактар бир кило картошкага бир кило буудайын рахматын айтып бербейби. Мындан башка кирешеси көп, гектарынан 30 тоннадан кем бербеген сабиз, пияз, капуста, түрп, тамеки ж.б. өсүмдүктөрүбүз толуп жатпайбы. Биздин шартыбызда буудайдан дыйканга пайда түшөт деп атышканы калп. Өкмөт жанталашып буудай эктиребиз деп жатканынын себеби, эптеп алдап-соолап дыйкандарга буудай септирип койсо, дыйкан андан пайда көрөбү-көрбөйбү өкмөттүн аны менен иши жок, эң негизгиси нан, ун кымбат деген элдин толкундоолору болбойт. Негизинен бизде буудай өзүн-өзү актабайт.
Зайырбек АЖЫМАТОВ


Жаңы конуш Мичурини быйыл бадыраң эгет


Биз былтыр Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда жашаган Эркин Исмадияровдун теплицасын көрүп анда ал эки сотукка жетпеген алакандай тамаркасында козу карын өстүрүп дыйканчылык баштаганын жазган элек. Быйыл да эски таанышыбыздын эшигин каксак, ал азыр теплица куруп бадыраң өстүргөнгө киришип атыптыр. Күн жаап, суук болуп, кыш узарып кеткенине байланыштуу кечирээк камынганын айтты. Аны менен бирге былтыр козу карындан жакшы эле түшүм алганын, бирок быйыл андан да кирешелүү болот деп бадыраң эккени жатканын айтып отурду.





Гүл жыттанган Владимир


Владимир ЦАРАНУ Фрунзе совхозунун бирден бир гүл өстүрүүчүсү. Ал кышында да өзүнүн короосуна теплица жасап алып гүл өстүрөт.
- Владимир Георгиевич, канча жылдан бери гүл өстүрөсүз?
- Сегиз жылдан бери ушул иш менен алектенип келатам.
- Сиз айымдардын 8-март майрамына жайында эле даярдык көрө баштайт экенсиз да…
- Биз гүлдү теплицага август айында отургузабыз. Кышы менен аны карап-багып, өстүрүп 8-мартка карата базарга алып чыгабыз.
- Быйыл соода кандай болду?
- Аябай жакшы, 8-мартка чейин өстүргөн гүлүбүздүн баарын сатып бүттүк. Бир букет гана калды.
- Кышында теплицанын ичинде жылуулук канча градус болуш керек? Ал жылуулукту каяктан аласыңар?
- 20 градус жылуулук сакталат. Бул үчүн күзүндө 20-25 тонна көмүр сатып алабыз. Бир теплицанын узуну 18 метр, туурасы 6 метр.
- Кантип сугарасыңар?
- Кадимкидей эле сууну жылытып себебиз.
- Сиздин эки теплицаңыз жалпысынан 100 чарчы метрден ашык жерди ээлейт экен. Аны иштеткенге жылына канча чыгым кетиресиз?
- Бул ишке канча чыгым кетирсем, ал эки эсе акталат. Мисалы, урук, көмүр алууга, теплицаны курууга жалпы жонунан 100 миң сом кеткен. Быйыл таза кирешем 100 миң сомдой болду го.
- Бул эмне деген гүл?
- Фрезия.
- Бир даана гүл канча турат?
- 20 сом.
- Анда бул жерден 100 миң сомдон көп эле пайда түшөт окшойт, жашырып атасыз го, негизи жылдык кирешеңиз гүл сатуу менен эле да?
- (Күлүп) Ооба.
- А жайында эмне иш кыласыңар, 8-марттан кийин?
- Жайкы гүлдөрдүн түрү да бар. Негизинен биз жалаң эле гүл менен тирилик кылабыз.
- Жашоого жетеби?
- Жетет.
- Кандай жер семирткичтер керектелет?
- Негизинен көң, чиринди эле колдоном.
- Гүлдү кайсы базарда сатасыңар?
- Ош базарына алып чыгабыз.
- Мындан башка да эмне чарбачылыгыңыз бар?
- Бир уюм бар.
- Айлана-тегеректе сизге окшоп гүл өстүргөндөр да барбы?
- Мындай гүл өстүргөндөр жок. А баса, ата-энем да өстүрөт.
- Сиздерде үлүш жер бар да…
- Ооба, беш гектар жерибиз бар, аны ижарага берип койгонбуз.












??.??