presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алтымышынчы ашуудан бенефис
Табылды АКТАНОВ,
КР эл артисти:

"Бардык "балдарымды" бөпөлөп багып келатам"


"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп эл сүймөнчүгү Табылды АКТАНОВго айтса куп жарашат. Театр, кино актеру, драматург, акын, обончу, аткаруучу, манасчы, комузчу болсо, жакында жазуучу катары да таанылганы турат. Айтмакчы, Табылды ага жакында эр ортону алтымышка толду. Эмесе биздин редакцияга капыл-тапылынан кирип келген Кыргыз Республикасынын эл артисти менен болгон маекти сунуш кылабыз.


- Табылды ага, башкалар бир өнөрүн өрчүтө албай жатканда сиз 7-8 өнөрдү боюңузга кантип батырып жүрөсүз?
- Биз бала кезде бардык эле өнөрдү артисчилик деп түшүнчүбүз да. Чоң атам, айтылуу манасчы Тыныбектен, кийин өз атам Актандан өткөн бир тамчы кан да өз таасирин тийгизди окшойт, окубай эле артист болуп кеттим. Анүстүнө 16 жашымда Москвадагы Бүткүл союздук жаштар фестивалына катышып лауреат болгонум да тартып кетти окшойт.
Ошон үчүн Нарын облустук драматеатрына 17 жашымда эле кирип кеттим. Ошогезде Ж.Шералиев, К.Тагаев, К.Досмамбетова, С.Чечейбаева, С.Мамбетбаев, Э.Мааданбеков, Т.Жумакаева, Г.Мамашева, Г.Момушева ошо жерде иштешет экен, аларды көрүп обончулукка оой баштадым. К.Медетбеков баштаган не бир укмуш актерлор менен иштешкен бактым тоодой эле экен, мындан актерлугум кетти. Анан Ж.Садыков, Н.Байтемировдун пьесаларында ойноп калганда ушулардай драматург болсом деп атып ага да жеттим. Он чакты драмаларым ушу тапта театрларда коюлуп келет. Анан А.Эшмамбетов, Ш.Шеркуловдун атаңдын өнөрүн ула деген баталарын алгандан кийин комузчулукту да ала кеттим. Т.Тыныбековду, Э.Турсуналиевди көргөндө алардай төкмө болгум келип, бирок бул өнөрүм кеч ойгонуп, жакшы төкмө эмес жамакчы акын болуп калдым.
- Ушунча өнөрдөн кантип чачырап кеткен жоксуз?
- Мен билген өнөрлөрүмдүн бардыгынан тайыздык кылган жокмун. Өтө чоң залкарлардын деңгээлине жетпесек да, эл баалаган деңгээлге жеттик. Айрымдар нааразы болуп, тияк-биякка чарпылбай эки-үчөө менен эле кетсең болбойт беле дешет. Бир кишинин 7-8 баласы болсо, эки-үчөөнү эле бага алам, калганын бакпайм демек беле, кан-жаныңдан чыгып аткандан кийин баары эле балаңдай болуп калат экен. Алымдын жетишинче аларды кор кылбай багып келатам дейм. Өмүрүң болсо, ичиңде талант толкуп-ташып турса, аларды пландабасаң деле өздөрү биринен сала бири чыга берет экен.
- Кокустан эле сиздин бенефис жөнүндө угуп калдык, эмне болгон бенефис?
- Маараке өткөрөйүн десем өкмөт юбилей дегенди кыскартып атат дешти. Анан эли-журтум бар да, элден бата алып эле агарып-көгөрүп келбедикпи, аны эч ким жокко чыгара албайт эмеспи. Анүстүнө күн жаз, эт аз болуп атса, митинг да башталчудай болсо тим эле койсомбу дегем. Бирок Жеңиш (Токтобеков - ред.) өкүлбалам тарс-турс эле баштап жибериптир.
23-мартта мен жазган "Жан азык" деген чыгарма коюлат, өзүм ойнойм. Ага кыргыздрамтеатрынын артисттери катышат. Спектаклди Замир Сооронбаев койду. 24-мартта обончулугумдан, комузчулугумдан, манасчылыктан, ырчылыктан үзүп-үзүп букет кылып эки сааттык концерт беребиз. Аны мэриянын оркестри коштойт, шакирттерим ырдашат. Ушу куракта ушунча өнөрдү кантип алып жүргөнүмдү элим көрсүн деп атам. Алтымышка чыгып сырткы келбет кыярып баратканы менен, ички келбет багы жаш кездегидей эле, акыл да толук. Азыр чоң чыгармачыл эргүү да келип атат. Жакында эле "Тыныбек, Актан, Табылды" деген 60 басма табактан турган эссе китеп жазып бүттүм. Аны бүгүн-эртең чыгат деп турабыз. Бенефисте анын бетачаары да болот. Бу китепти чыгарууга мекенчил депутаттар Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиев чоң көмөк көрсөтүп, өкмөттөн каражат бөлдүрүп беришти. Аларга ыраазымын. Бала кезден эле чоң атам менен өз атам жөнүндө жазсам деп тилек кылчу элем. Чоң атам Тыныбек бүт өмүрүн манасчылыкка арнаса, атам Актан манасты күүгө, кара сөзгө салып чечендиги менен өтүптүр. Мен заманга жараша Манасты драматургияда алып чыктым. "Кайран энең Каныкей", "Теңирим Манас" чыгармаларым сахнага коюлду. Манастын тереңдигин, сырдуулугун, касиетин ушу китеп аркылуу ачып бергенге аракет кылдым.
Ушу кезге чейин жетимишке жакын обондорум чыгып, анын элүүсү элдики болуп кетиптир. Ырдап калсам, "ой, ушу сиздикиби?" деп таңгалгандар көп. Ошондой обондорумдун кырктайын да ушу китебиме киргиздим.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА





"Евровидениеге" аттанган кемпирлер


"Евровидение" деген абройлуу конкурс бар. Ага Кыргызстан катышпаса да дайыма бир тууганына жан тарткандай окемдердин ырчыларына күйүп келебиз. Быйыл "Евровидение - 2012" Азербайжандын Бакусунда өтөт. Буга чейин Россия кимди гана жөнөтпөдү. Кайра-кайра барып отуруп Дима Билан араң жеңүүчү болуп келди. Быйыл Дима Билан менен "Тату" тобунун татынакайы Юлия Волкова дуэт ырдап чыгышты эле, алардан калбай атактуу рэппер Тимати да Аида деген сулуусу менен "Евровидениеге" аттанды. Бирок, элдин добушу жалаң пенсиядагы кемпирлерден турган "Бурановские бабушки" тобуна берилди. Ошентип быйыл Россиянын намысын Бакуда кемпирлер коргомой болушту. Букмекерлердин иликтөөсү боюнча кемпирлердин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү экинчи орунда экен. Алдыда бир гана Улуу Британиянын өкүлү.
"Бурановские бабушки" фольклордук тобу 40 жыл мурун эле түзүлгөн. Топ Россия Федерациясынын курамына кирген Удмуртиянын Малопургинск районунун Бураново айылына караштуу. 2008-жылдан бери азыркы курамдагы кемпирлер дүйнөлүк хит ырларды, популярдуу болуп жаткан жаштар сүйгөн ырларды өздөрүнүн удмурт тилине которуп ырдашат. Мисалы, Земфира, Борис Гребенщиков, Виктор Цой, "Битлз" сыяктуу топтордун ырларын кемпирлердин аткаруусунда уксаңыз кадимкидей башкача эмоцияга бөлөнөсүз.
Бул топ 2010-жылы "Евровидениеге" аттанабыз деп элдик тандоодон 3-орунду алып калышкан. Анда "Петр Налычтын" командасы конкурска катышып, кыйратышкан эмес. Быйыл кемпирлерге ишенип жаткан окемдерде буюрса экинчи жеңиш болчудай. Анткени бир жылы элден өзгөчөлөнүп кишинин жүрөгүнүн үшүн алган шайтандардын образын чагылдырган Норвегиянын рокерлери жеңишти илип кетишкен. Быйыл Россиянын атынан чыгып жаткан кемпирлер алардан айырмаланып жасалма жылдыздар эмес айылдан чыккан таланттар экенинде. Алар чыгармачылыктан сырткаркы убакта эчки багып, уюн саап, огородун карап, бадыраңын туздап жүргөн айылдык апалар. Конкурска даярдануу үчүн Москвада беш жылдыздуу мейманканада жаткан кемпирлер айылдан алып келген картошкасын кууруп, сүтүн кайнатып ичип отурушса Европа үчүн мындан өткөн кызык нерсе жок болуш керек. Баса, кемпирлердин негизги максаты - канча жыл мурун жарактан чыккан айылдык чиркөөнү калыбына келтирүү экен. Калганы бизди кызыктырбайт дейт. Ал эми акчага кызыккандар эмитеден эле кемпирлер үчүн гастролдорду сүйлөшүп көшөгө артында иш кылып жатышса, айрым кемпирлердин абышкалары сен жылдыз болуп кетип мени карабай коесуң, эч жакка жибербейм деп коркутуп жатыптыр.













??.??