presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жаңырык

Талантың өсө берсин,


Талантбек!

Скрипкада мыкты ойноп, өзү теңдүүлөр арасынан ат чабым алдыда келаткан Талантбек Молдоканов аттуу мекендешибиз буюрса кыргыздын туусун далай өлкөдө желбиретери айтылууда. Талант жөнүндө анын агайы, Кыргыз улуттук консерваториясынын мугалими, КР эмгек сиңирген артисти Эрнис АСАНАЛИЕВ айтып берди.


- Негизи классика, анын ичинен скрипка дүйнөсү абдан оор, татаал искусство. Бул өзгөчө профессионализмди талап кылат. Кыргыз эли таланттарга абдан бай болгондуктан, ырчылар, бийчилер, искусство адамдары сыртка чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретип келип атышат. Ошолор сыяктуу скрипка чөйрөсүндө бизди келечектен көптү үмүттөндүргөн Талант Молдоканов деген окуучубуз бар. Атына заты жарашып, таланттуулугу башкалардан айырмаланып турат. Учурда Талантбек консерваториянын 2-курсунда билим алууда. Жашы жыйырмага жаңы толсо да төрт жылдан бери президенттик камералык "Манас" оркестринде концертмейстер болуп иштейт. Үч-төрт жылдан бери ага көмөк көрсөтүп келатабыз.
- Талант чет мамлекетке чыгып жакшы ийгиликтер менен кайтып келиптир…
- Былтыр Түрксойдун чакыруусу менен камералык оркестр түзүлүп, Орто Азиядан, Башкырстан, Азербайжан, Татарстандан жалаң таланттуу, профессионал жаш скрипачтар чакырылган. Кыргызстан боюнча жалгыз Таланттын скрипкада ойногонун жактырышып, ага да чакыруу болгон. Түрксой жаш таланттардан түзүлгөн оркестрди Германиядагы Рихард Вагнер атындагы өтө престиждүү фестивалга катыштырып келди. Талантбектин дүйнө таанымына, жандүйнөсүнө, профессионалдык өнүгүүсүнө ушул фестиваль чоң таасир берди. Апрель айында Түрксойдун чакыруусу менен Орто Азиядан профессионал скрипач жаштар тандалып, АКШга фестивалга барганы турушат. АКШга барган чыгымды Түрксой өзү каржылайт. Ал эми Түркияга барып келүү каражаты бизден болуусу шарт. Музыкалык аспаптар кымбат болгондуктан сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. Бирок искусствону түшүнүп, таланттуу жаштарды колдогон инсандар бар экен. Депутат Шаршенбек Абдыкеримов Таланттын чыгармачылыгына таасирленип, ага 1500 долларга скрипка сатып берди.
- Классикалык концерттерге эл көп барбайт эмеспи, мунун себеби неде?
- Жакында Ысык-Көл облусуна барып классикалык концерт коюп, 8-мартта аялдарды майрамы менен куттуктап келдик. "Бул жерде 32 жылдан бери иштейм, - дейт бир эже. - Ушунча жылдан бери эстрадачылар келип ырдап кетишет, андан эч нерсе алалбайбыз, ал эми силердин классикалык музыкадан жандүйнөбүз тазалангандай эле болду" деп кубанганын жашырбады. Ошол айымдардын ички жандүйнөсүн байытып, тазалаган - бул музыканын күчү, керемети.





Талантбек МОЛДОКАНОВ:

"Ийгилигим ата-энемдин элесине арналат"


- Аккан арыктан суу агат дегендей, ата-энең да чыгармачыл инсандардан болсо керек?
- Атам Эмил Молдоканов учурунда М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда фортепианодон сабак берип 25 жыл эмгектенген. Апам Айнагүл Жалынбекова ошол окуу жайда комуздан сабак берчү. Тилекке каршы, ата-энем кайтыш болуп калган. Чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн ата-энемдин жолун жолдоп, алардын атын өчүрбөй, искусствонун ысык-суугуна чыдап чыгармачылыгымды өркүндөтсөм дейм.
- Чет мамлекетке сени менен барган жаш таланттарды өз мамлекетинде көтөрмөлөп, бардык чыгымын мойнуна алышат бекен?
- Алар деле мен сыяктуу өкмөттөн эч нерсе албай, демөөрчүлөрдүн жардамы менен келгендер экен.
- Дүйнөгө скрипка менен таанылган Ванесса Мэйге таасирлендер көп, сага да таасирин тийгиздиби?
- Ванесса Мэй классикада жүрүп эстрадага ооп кеткен. Кийин алардай болуп эстрадага кетемби билбейм, бирок учурда жандүйнөм классика деп согуп турат. Негизи скрипкада ойноо абдан татаал. Сахнада фонограмма деген түшүнүк жок. Жандуу ойнойбуз, ар бир нотаны, ар бир фразаны жасоо чоң эмгекти талап кылат. Ошонубуз менен биз эстрададан айырмаланып, кандайдыр бир деңгээлде жогору турабыз деп ойлойм. Азыр кыргыз эли классикалык музыканы жакшы түшүнө элек. Аны түшүндүрүп, жеткирүү үчүн профессионалдык маданиятты өстүрүү керек. Келечекте көп жакшы пландарым бар. Жашоомдогу бардык жетишкендиктеримди бул дүйнөдөн эрте кеткен чыгармачыл ата-энемдин элесине арнайм. Ата-энемдин милдетин аткарып, жардам берген Эрнис Асаналиев агайыма ыраазымын, анын аракетин актаганга аракеттенем.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Миң сырлуу, миң кырлуу ажайып аалам



Кыргызстанда чет элден каржыланган алты миңге жакын өкмөттүк эмес уюмдар бар. Алардын ичинен улуттук өнөрдү колдогону жокко эсе. Бир гана "Айгине" маданий-изилдөө борбору тарабынан кыргыздын улуттук мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп келе жатканын билебиз. Ушу боюнча "Айгине" маданий изилдөө борборунун жетекчиси, филология илиминин доктору Гүлнара АЙТБАЕВАны сөзгө тарттык.

- Гүлнара Амановна, сиздердин уюмдун акыркы убактарда жасап аткан иш-чаралары тууралуу айта кетсеңиз?
- Биздин уюм көп багытта иш алып барат. Бирок ошолордун ичинен улуттун негизги маселесине айланып, колдоого муктаж болуп турган "Манас" дастанын жана комуз өнөрүн жайылтуу максатында уюштурулган иш-чараларга токтоло кетсем. Башканы коюп Манасты айт дегендей, манасчылык өнөрдүн жана "Манас" эпосунун келечек муундагы орду канчалык болот, мына ушул нерсе бизди тынчсыздандыргандыктан, ЭлТРдин продюсери, манасчы Замир Баялиев менен биргеликте "Улуу Манас баяны урпактардын оозунда" деген ат менен, заманыбыздын белгилүү манасчыларынын айтуусунда видеотасмага түшүрүп DVD таризинде чыгардык. Ошону менен катар жаш манасчыларды жолго салуу максатында бүтүндөй Кыргызстандын аймактарына издөө салып, аян алып айтып баштаган үйрөнчүк манасчыларды чоң манасчылардын тарбия-таалимин алууга, алардын жол көргөзүшүнө шарт түзүп эки жылдык семинар өткөрүп келебиз. Ал эми 2010-жылы "Эн белги менен комуз үйрөнүү" аттуу Нурак Абдырахмановдун өздүк комуз үйрөтүү ыкмасындагы окуу куралын жарыкка чыгарганбыз. Былтыр мына ушул ыкма менен комуз үйрөтүүнү жер-жерлерге жайылтуу максатында бир жылдык семинар уюштурулуп, орто мектептердин музыка мугалимдери катышып, жыйынтыгында 15 комузчу сертификатка ээ болду.
- Негизи улуттук өнөрдү колдогон иш-чараларды көбүнчө мамлекеттик уюмдар эле колдоого албаса, бейөкмөт уюмдар көп колдой беришчү эмес. Сиздердин бул аракетиңердин артында эмне турат?
- Мен 2004-жылы Таласка барганда азыр элге таанылган Улан Исмаилов деген манасчынын маңдайына отуруп, он эки саат тынымсыз манас айтканына күбө болдум. Ошол учурда мен докторлук даражадагы окутуучу болчумун, "Манас" тууралуу студенттерге сабак берчүмүн. Бирок ал убакытта мен дагы Манас өз туу-чокусуна жетип, өнүгүүдөн калган эпос деп ойлоп, аны байыркы жомок катары үйрөткөм. Ооба, Саякбай ата күндөп-түндөп айткан, Жайсаң ата айлап айткан деп айтчумун, бирок алар болгон-өткөн деген ойдо элем. Ал эми Уландын маңдайына отуруп, аа, бул байыркы мезгилде өтүп кеткен нерсе эмес экен, бул азыр менин көз алдымда орун алган көрүнүш турбайбы деген байкоого баш ийдим. Бул бир себеби. Экинчи бир себеби, азыркы белгилүү манасчылардын айтуусундагы дастан кайсы бир таризде бар болуш керек деп жүрчүмүн. Чет өлкөгө чыгаарда бир жолу ошол нерсе керек болуп калып, бүтүндөй диск саткан жерлерди кыдырып издеп таптакыр тапканыбыз жок. Анан ушул нерсеге мамлекеттин чамасы тийбей жатса биз сыяктуу уюмдар жасашы керек го деп чечтим.
- Бул дискти кайдан, кантип алса болот?
- 31-март күнү Сейтек улуттук балдар борборунда саат 11-00дө бет ачар аземи болот. Бул долбоор улуттук мурасты сактап, келечек муунга жеткирүү жана кыргыздын руханий жандүйнөсүн байытууга багытталгандыктан, Кыргызстандын бардык аймактарындагы орто мектептерге жана жогорку окуу жайларга бекер таркатылат.
- Жаш манасчыларды таптоо жана "Эн белгинин" негизинде окутуу семинарлары дагы уланабы же бир жылдык эле долбоор беле?
- Муну менен токтоп калбай, ушул көчтү быйыл да уласак деп турабыз. Негизги максат - жер-жерлерге комуз үйрөтүүнү жайылтуу болуп жаткандан кийин, былтыркы сертификатка ээ болгон мугалимдердин аймагындагы комузчулардан алып келип окутуу натыйжасыз. Аймактарга текши жайылтыш үчүн ар кайсы райондордон, алыскы айылдардан музыкалык билими бар, комуз жөнүндө түшүнүгү бар, "Айгине" койгон тартипке баш ийе билген орто мектептин мугалимдерин алууга быйыл да конкурс жарыялаганбыз. Негизги шарты - бир жылда жазында, жайында жана күзүндө он күндөн убактысын бөлүп келгенге шарты болушу керек. Он күндүк семинардын жүрүшүндө эч жакка жиберилбей, мейманканада жатып, кеңседе машыгышат.
- Былтыркы өтүлгөн семинардын жыйынтыгы кандай болду?
- Былтыр сертификатка ээ болгон комузчулар азыркы тапта, ошол өзү иштеген орто мектептеги окуучуларга, керек болсо кошуна айылдарга да барып комуз үйрөтүп жатышыптыр. "Эн белги" - бул комуз күүлөрүн муундарга нагыз түрдө өткөрүп берүүнүн бирден бир жолу. Анан калса аталган ыкма үйрөнүүчүлөрдүн шартын 30 эсе жеңилдетип, комуз үйрөнүүнү каалап, бирок кыйынчылыктарынан улам моюндары жар бербей жүргөндөргө табылгыс кенч болуп бере алат десек болот. Бирок албетте ар нерсени үйрөнүү эбегейсиз эркти, убакытты, ар тараптуу изденүүнү жана жан-дил менен берилүүнү талап кылат.
- Сөзүбүздүн акырында мындай иштер кантип каржыланууда деген суроого жооп бере кетсеңиз?
- "Айгине" бей өкмөттүк борбор катары маданиятты колдогон эл аралык уюмдар менен иштешип, долбоорлорду жазып каражат издейт. "Эн белги" жана "Манас" боюнча демилгелерибизди Америка Кошмо Штатындагы бейөкмөт уюм каржылоодо.
Зайырбек АЖЫМАТОВ









??.??





??.??