presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Эне тил кайрыктары


поэма
Эгерде эртең эне тилим жоголсо,
Анда бүгүн жан кыйууга даярмын!
Расул Гамзатов
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт!
Байдылда Сарногоев
Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил!
Уулуң да, кызың дагы жоголот, бил!
Шайлообек Дүйшеев


Тил жоголсо айрылабыз баарынан,
Атка окшойбуз бычып салган жаңыдан.
Атаганат, соолуп, чирип бүтөбүз,
Алмалардай күүлүп түшкөн шагынан.

Баарыңарды тил коргоого чакырам,
Чыңырамын, өкүрөмүн, бакырам.
Эгерде эртең Эне Тилим жоголсо,
Уу ичемин, муунам же атынам.

Жок, жок, болбойт!.. Эне Тилим өлбөсүн,
Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн.
Жакшылыгын гана арнап элиме,
Жаратканым андай күндү бербесин.

Кыргыздар ай, жата бербей жашынып,
Кабыландай чыксаң боло качырып.
Кайран тилдин душмандары көбөйдү,
Качанкыга жашайбыз эй басынып.

Качанкыга жашайт тилим кордолуп,
Келчи эмесе келечекти ойлонуп…
Тил душмандын тилин сууруп алалы,
Тим койсок эй жатышпайбы чоң болуп.

Өлкөсүндө өгөйлөнүп өз тили,
Өйдөсүнөт, өпкөлөнөт чет тили.
Эгемен эл болгондугуң ушубу,
Эне Тилиң кемсинтилди, өксүдү.

Азаттыкты алгандыгың ушубу.
Жакалашып Тилибизди утуру.
Төшкө түртүп төмөнсүнтө беришсе,
Төп сүйлөтпөй уул жана кызыңы,

Элейесиң эртең өзүң түшүнбөй,
Эжигейдей эзип ичи-тышыңы,
Ушунчада тарткыла эй тизгинди,
Уруп салат Манас Тилдин кусуру.

Эне Тилге душман четтен келген жок,
Эртегидей Маскөө буйрук берген жок,
Кыргыз Тилге кыргыздар жоо чыгышты,
Күйөм, түтөйм, тышым жалын, ичим чок.

Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр,
Жүз мертебе Эне Тилди өгөйлөөр…
Кыргыз Тилге кыянаттык кылышып
Кылыч шилтеп жатышат чоң сөрөйлөр.

Уул-кыздары улуу кыргыз элинин,
Кыргыз болбой баратканга арданам.
Эки кыргыз текемаңдай отуруп,
Орусчалап сүйлөшкөнгө таңкалам.

Кыргыздарга кыргыз акмак орусча,
Акыл айтып жатса кыжыр келтирет.
Кылчактабай Орусия тарапка,
Качан деги жашайбыз эй элчилеп?

(Уландысы 19-бетте)




Качан жеңилдейбиз?



Быйылкы оор кыш турмуш-тиричиликке эле оордук келтирбей биртоп адамдардын көңүлүнө да так салды. Көңүл чөгүү көп учурда дайыма күңүрт, суук аба ырайына байланыштуу. Бул тууралуу Бишкек шшардык психология борборунун директору Кеңешбек Усенов мындай деди.

Кетпеген кыш, кептелген депрессия
Депрессия деген эмне?
- Депрессия - кыргызча айтканда, көңүл чөгүү. Бул дарт жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө оор. Азыр көбүнчө 40 жашка чейинки адамдар депрессияга чалдыгып атышат. Күнүмдүк турмушун жакшыртууга мүмкүнчүлүгү жетпей башым, жүрөгүм, омурткам ооруп, чарчап-чаалыгып, уйкум качып, көңүлүм чөгүп атат деп кайрылгандар көп. Алардын организмин текшерип көрсө саламаттыгы таза. Врачтар билбей атышат. Менде катуу оору бар деп табып, көзү ачык, экстрасенстерге көрүнүшөт. Алар сага дуба, көз тийиптир деп эмдөөгө аракеттенишет, бирок натыйжа чыкпайт. Ошол себептен азыр 20%га чейинки адам депрессиянын оор абалында турат.
Күндүн нуру күчтүү тийген маалда адамдын организминде заттар бөлүнүп чыгат. Ошол заттар адамда депрессияга каршы иммунитет пайда кылат. Кыш узак болуп, күндүн жарыгын азыраак алып, сууктан коркуп үйдө отурабыз. Жылдын мезгили кандайдыр бир деңгээлде адамдын ден соолугуна таасир берип жатат. Норвегия, Финляндия сыяктуу түндүктө жайгашкан өлкөлөрдө күн аз тийгендиктен депрессияга чалдыккан адамдардын саны көбүрөөк. Өзүнө өзү кол салуу депрессияга чалдыккан адамдардын 20% түзөт. Айрым жаштар депрессиядан чыгалбай өлүп атышат. Ал эми эркектердин көбү депрессия убагында аракка берилип кетет. Жапжаш кыздар чачын да тарагысы келбей, тез чарчап, алы кетет.
Бизде депрессия тууралуу түшүнүк аз. Экинчиден, каражат жок, үчүнчүдөн, атайын адистер жетишсиз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын аныктамасы бар. Дени сак адамды кантип түшүнөбүз дегенде, биринчиден, физикалык жактан органдары таза болсо, экинчиден, психикалык абалы жакшы, депрессиясы жок болсо, үчүнчүдөн, социалдык жактан камсыз болгон адамды чыныгы ден соолукта деп эсептесе болот дейт. А биз болсо органдарды дарылап жатабыз, социалдык абал колдон келишинче, а психикалык ден соолукка карата көз караш жок. Учурда депрессияны толук дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Психиатр десе эле мен эмне жинди болуп калдымбы деп чочулашат. Бул деле башка оорулардай өтүп кетчү дарт.
Жазда аба ырайы, мезгил алмашат. Ушул маалда да организмде депрессияны колдой турган ыңгайлуу шарттар, биохимиялык өзгөрүүлөр пайда болот. Адамдын башында сиротамин деген зат бар. Эгер ал бөлүнүп чыкпаса биз депрессияга түшүп калабыз. Адам бардык жагынан жетиштүү, көйгөйү жок болсо да депрессияга тушугат. Кээ бирөө катуу оорудан, же башына мүшкүл түшсө ошондон пайда болот.
Белгилери
Адегенде турмушка болгон кызыгуу азаят, мурда бир нерсеге кубанып, максат коюп, энергиялуу адам тез эле кайдыгер тартып калат. Турмуштан байыр алуу жоголуп, тамакка табити тартпайт, баш оору, уйкунун бузулушу, ыйлаактык, таарынчаактык, өзүн өзү күнөөлөө күч алып, өлүмдү самай башташат. Эске тутуу начарлайт, тез унутат. Абдан санаачыл тартып, асан кайгы болуп, болбогон нерсеге туталанып, көңүл ачуучу жерлерге баруудан качат. Көпчүлүккө аралашкысы келбейт. Башы ооруп, омурткасы сыздайт. А биз аны остеохондроз деген ат менен дарылап жатабыз. Кээси мойнуна туз уюп калыптыр дешет. Эгер ошол тузду массаж кылса бир нече убакыттан кийин жеңил сезип калат. Бирок ал кайра эле башталат. Кээси баштын ичинде кан басымым бар дейт. Ушулардын баары депрессиянын белгилери. Кээ бирөө тынч отурса деле кыймылдап, сөөктөрүн кычырата берет. Ал адамда жашыруун депрессия болушу мүмкүн. Эгер ушундай акыбал эки жумадан ашык созулса, анда дарылоо шарт. Кээде бир жарым-эки жумадан кийин организм депрессияга каршы күрөшүп, өтүп кетет. Адам биринчиден өзүнүн психикалык ден соолугуна да көңүл бурушу керек. Депрессиядан дарыланбай жүрө берсе башка ооруларды ырбатып, өмүрү өкүнүч менен аяктайт.


Ат жалында алтооз сөз
- Кышында депрессия болгон жоксузбу?
Гүлнара ДЕРБИШОВА, Социалдык коргоо министринин орунбасары:
- Көп жылдан бери Кыргызстанда ушундай кыш боло элек эле. Албетте кышкысын абдан жүдөдүк, үшүдүк, кыйналдык, оорудук. Сууктан көп адамдар депрессия болушуптур, алардын ичинде мен деле бармын. Бирок кыш канчалык узак болуп кар мол түшсө, демек ошол жылы түшүм мол болот. Негизи депрессияга шаардыктар эле тушукса керек. Айылдыктар суу кенен болот деп жазды күтүп атышат.

Нурдин МОТУЕВ, теле алып баруучу:
- Биз Алланын алдында кичинекей эле алсыз пендебиз. Кышты узак же кыска кылуу Жараткандын эркинде. Эгер кышты келтирбөө адамдын колунан келсе, анда Кыргызстанга сууктун таптакыр эле кереги жок болчу. Кыштан көбүнчө жалкоолор депрессия алып атса керек. Антпесе табигаттын ар бир көрүнүшүнө моюн сунуу керек.

Айчүрөк СУЛТАНОВА, ырчы:
- Ушул жашка келгени айылда деле жашап жүрүп кыштан быйылкыдай жүдөгөн эмесмин. Күнүгө суук, жол тайгак, машинем тыгылып калат, айтор, жазды ушунчалык күттүм. Аягында сууктан, кыштан тажай баштадым. Ошондо А.Абдылдаев "Зима не будет" дегенди "Весна не будет" деп жаңылыштырып алганбы деп аргасыздан күлдүм. Биздин жүдөгөнүбүзгө өчөшүп жаз да аябай кечигип туруп алды. Күнүгө жүдөгөндүн өзү эле депрессияга алып келет да.

Эрнест АБДЫЖАПАРОВ, режиссер:
- Кыш канчалык суук болуп, жаз кечиксе демек алма-өрүк, жер жемиштер гүлдөп аткан кезде кар жаабайт, күзүндө түшүм мол болот деп өзүмчө божомолдоп кубанып койдум. Кыш катуу болду, бирок кыргыздар тоолуу жерде суукка көнүп эле жашаганбыз. Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы. Сууктан чыккандан кийин жайында ысып кышты да сагынаарбыз.

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА










??.??





??.??