presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Коррупция эле дейсиңер, мына ал!

Баткен "Бабахандарын" Бабанов тескей албайбы?



Азыр заман өзгөрүп, жетекчилерден ыйман кетип карапайым калктын, мамлекеттин мүлкүнө суук колун салып ар кандай айла-амалдарга барып жатышат. Мындай карасаң кээ бир айыл округдарынын, район-шаарлардын башчылары тим эле эл үчүн жанын үрөп иштеп жаткандай туюлат. Бирок түпкүлүгүндө алар анык сүлүк курттар. Алардын бири Кадамжай районунун Ак-Турпак айылдык округу менен айылдык кеңешин менчиктеп алышкан, Баткен дубанында каймана түрдө "кичи Бабахандар" аталышкан Алчынбай Төралиев менен анын бир тууган иниси Алмарс Имаров десек жаңылышпайбыз.

Алчынбай Төралиевдин айыл өкмөт башчысы болгонуна жети жылдын жүзү болду. Ак-Турпак айыл округунда агрардык реформанын шарапаты менен ар бир жанга жарым гектардан үлүш жер тийген. Гектарынан орточо 4 тоннадан таза күрүч алынарын эсептесек, канчалаган акча кызарып жатканын баамдаган чыгарсыз. Бири өкмөт, экинчиси айылдык кеңешти билгениндей калчап башкарышкан аке-үкөлөр ким районго аким же Баткен облусуна губернатор болуп келбесин анын тилин табышат. Ал эми райондогу ички иштер, прокуратура, сот органдарынын жоругу курусун. Алар эки кап күрүч менен бир пачке пулга жөн эле "бийлеп беришет". Эгер кимдир бирөө "Бабахандардын" былыктарын чукуп жаза турган болсо тез эле "эл душманы" аталат. Ошентип эл душманы аталышкан Абдикарим Сатыбалдиев, Абдыманап Турсуматов, Сайдахмат Ормонов, Мырзахатам Арипов элге сабатсыз, үй-бүлөсүнөн ажыраган акмак, бузуку көрсөтүлгөнү аз келгенсип, Имаров менен Төралиевден токмок да жешкен.
Бийликтегилер Бишкекте отуруп алып коррупцияга каршы күрөшкөндөй түр көрсөтүшөт. А чынында коррупция каякта экенин фактылар менен келтирейин. Бүргөндүлүк азаматтардын демилгеси менен 2010-жылдын 25-майында Жаңы-Жер кыштагында элдик жыйын өткөрүлүп, ага элдик революциялык комитетинин төрагасы Шадыкан Жакыпбаев, башкы комиссары Манасбек Акматов да катышып, элеттиктер коррупционер бир туугандардын уюшкан кылмыштуулугун ортого салып, А.Төралиевди кетиришип ордуна Сайдахмат Ормоновду шайлаган. Чогулушта бир тууган Төралиев-Имаров 300 гектардан ашык жерди мыйзамсыз жашырып иштетип, ижарага алышкан жерлерине арзыбаган акы төлөп атканы ачыкталган болчу. Жердештеринин сесинен корккон "Бабахандар" 20-апрелде дүжүр чалдар менен балдарды чогултуп жыйын кылып, Манап Турсуматов менен Сайдахмат Ормонов айыл округунун конторасына келип бузукулук кылбасын деген токтом токушкан. Ага дүжүрлөр түшүнүп-түшүнбөй кол коюп беришкен. Ошентип алар бу жолу да бийлигин сактап калышты.
Башкасын айтпайлы, Ак-Турпак айыл округунда акиташ бизнесинде өтө чоң коррупция бар. Акиташ чыгаруу үчүн бир КамАЗ сырье же чийки заттын баасы 6000 сом. Жүктөп түшүргөнгө орточо 2500 сомдон туура келет. Жаратылыш газы коңшулаш Өзбекстанга өткөн түтүктөрдөн уурдап пайдаланылат. Бир очокко кеткен газга жергиликтүүлөр 6000 сом, Баткен, Кыргыз-Кыштактан келгендер 12000 сом төлөшөт. Адис Калыбай Момуналиевдин айтымында, бир очоктон 20 тонна акиташ чыгарылат. Бүргөндүдөн Кадамжайга чейинки жол кире 6000 сом. Акиташ Ош шаары менен ирегелеш Тажикстанга килосу дүңүнөн 4,7 сомдон сатылат. Демек, 20 тоннасы 94 миң сом болот. Мындан жогоруда айтылган чыгымдарды алып салсак 39 миң сом калат. Бул бир очоктон бир жумада түшкөн таза пайда. Аны 300дөн ашык очокко көбөйтсөк айына 48 млн. сомдун тегереги болот. Экономикадагы оош-кыйыштарды эске алганда деле кур дегенде 24 млн. сомдун акиташы бир айда өндүрүлөт. Бул акчалар кайда, кимдин капчыгына түшүп атат? Текшерген орган, сураган жан жок.
Коррупциянын бул фактысына улай эле дагы бир жагдай. Бүргөндү өрөөнүндө Өзбекстан жаратылыш газын, мунайзатты өндүрүп келатканына жарым кылымдан ашык мезгил болду. Жаратылыш газы чыккан жердин колтугундагы Жаңы-Жер кыштагында жашагандар газга таптакыр төлөшпөйт. Келечек, Жаш-Тилек, Ак-Калпак, Кайтмас айылындагылар жайкысын ар бир үй-бүлөгө чегергенде болгону айына 100 сомдон, кышкысын 250 сомдон төлөшөт. Маселен, округ башчысы Алчынбай Төралиев жашаган Миң-Чынар кыштагында 400 кожолукка газ киргизилген. Анын акчасын Эмил Абдувалиев, Равшан Акбаров деген балдар жыйнашат. Кеңседеги бухгалтер жигит жаратылыш газына төлөнгөн акчалар кайда кетип жатканын таптакыр билбейт. Мына Шайлообек Дүйшеев жазган кайдыгерлик.
Акыркы жылдарда Бүргөндү өрөөнүндө шалы аянттарынын кескин көбөйүшү менен жерлер арыктап, жер астынан суулар чыгып калктын ден соолугуна залакасын тийгизүүдө. Алсак, эл ичинде безгек, аялдар жана балдар арасында аз кандуулук оорулары көбөйдү. Мунун баары өкмөт башчысы Ө.Бабанов сунуштаган алыскы чөлкөмдөрдөгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кандайча иштеп жатканын аныктоочу критерийлердин бири эмеспи. Менин оюмча, Ак-Турпак айыл округунун, айылдык кеңешинин башчыларын жаш кадрлар, асыресе, башка жактан барган колу таза, компетенттүү адистер менен алмаштырууга мезгил келип жетти. Муну өкмөт башчы угуп натыйжа чыгарар бекен?
Адылжан ЖАЖАНОВ,
Баткен облусу





Нарындан айткан салам кат



Нарын районундагы Миң-Булак айылында жашаган ардагер Асмат Жумакадыров "Жаңы Агым" гезити менен байланышып, төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Теңир-тоолуктар ыр-күүгө жокпу?
- Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековго айылдык аксакалдардан алты ооз сөз айтып койсоңор,- дейт ардагер Асмат аксакал.- Канатбек иним облусту жетектегенине аз убакыт болсо да облустун экономикалык жактан өнүгүп- өсүүсүнө, инфраструктурасын жакшыртууга болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, түбү жыртык бюджетибизди тиктеп отура бербей, үч этаптан турган бизнес форум уюштуруп, чет элдик донорлор, теңир-тоолук бизнесмендер менен бирге өз чөнтөгүнөн пул чыгарып алгылыктуу иштерди жасап жатканына күбөбүз. Ушундай жакшы жөрөлгөлөрдү жасап атып, эмнегедир маданият жагы "комага" түшүп калгандай. Эсеби маселен, ЭлТР каналын карасаң эле оштук, көлдүк туугандардын айыл өкмөтүндө, райондук, облустук деңгээлде ыр кесе уюштуруп, элечек кийген айымдар, ак калпак кийген мырзалар жаш-карысы дебей ырдап-бийлеп жүргөнүн көрүп, аттиң деп суктанабыз.
Ал эми бизде өлбөс обондорду жараткан, эки жүздөн ашуун ырдын автору, Ат-Башынын кулуну Жумамүдүн Шералиевди эстеген эч ким жок. Ырдын пири Рыспай деп оштук туугандар, туулган-өлгөн күнүндө анын ырларынан ыр майрам уюштуруп байма-бай телевизордон берип турушса алардын уюштуруу дараметине суктанасың.
Чындыгында ырдын пири Жумамүдүн агабызды Рыспайдын деңгээлиндей ыр майрам уюштура албаган теңир-тоолук тебетейчендер чыкпаганына ичиң күйөт экен. Канатбек Муратбеков Нарын облусундагы маданиятты тейлеген райондордун бөлүмдөрүнө ушуларды кулак кагыш кылып, көзөмөлгө алса, уюштуруу иштерин өзү деле мыкты билет, балким жыйынтык чыгабы деп эсептейм. Менин байбичем Ат-Башынын кызы. Жумамүдүн агабызды Рыспайдын деңгээлиндей ыр майрам уюштура албаган тебетей кийген төркүндөрүм чыкпаса өзүм уюштурам деп оолугуп алыптыр. Эми таамай айтып, акыйкатты чагылдырган "Жаңы Агым" гезитине биздин арызыбыз жетсе, төркүндөрүң, теңир-тоолуктар намыстарына келээр деп токтотуп жатам.
Аксакалдын айтканын тыңдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





Эне тил кайрыктары


(поэма)

Эгерде эртең эне тилим жоголсо,
Анда бүгүн жан кыйууга даярмын!
Расул Гамзатов
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт!
Байдылда Сарногоев
Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил!
Уулуң да, кызың дагы жоголот, бил!
Шайлообек Дүйшеев


Мамлекет аты Кыргызстанда,
Мамлекет тили Кыргыз Тили эмес.
Мыйзамыбыз кагаз бойдон баягы,
Мыйзамдарың өлүп жатат, тирүү эмес!

Жандүйнөмдү жаркыраткан, агарткан,
Жалгыз гана Кыргыз Тилге сыйынам.
Жаратканга жалбаргандай жалбарып,
Таазим этем, бүгүлөмүн, жыгылам.

Башка тил жок тилибизге теңешчү,
Башың сыяк бул Тил сага керектүү.
Эй, молдоке, селдеңизге чок түштү,
Кудай тили Кыргыз Тили эмеспи!

Кылымдарды кезген диним Кыргыз Тил,
Кыргыз жолун арууланткан жылдыз тил.
Жезди алтынга айландырган сулуулап,
Жерди огунда чимирилткен чындык тил.

Кыргыз Тили жан-канымда жашаган,
Мен багынган, мен табынган Кудайым.
Ушу Улуу Кудайыңа сыйынып,
Улуу Кыргыз куунап жаша ылайым!

Көз жашымды Тилим үчүн сыгайын,
Көккө учуп, жерге конуп турайын.
Көз сүзүлүп, көргө башым киргиче,
Кыргыз Тилге жүрөгүмдү сунайын.

Эркалы ӨСКӨНАЛЫ,
акын, 2011-жыл









??.??





??.??