presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оппозициянын көмүскө акыл кошчусу Үсөн Сыдыковбу?


Апрель окуясынан кийин контрреволюция жасай коем деп аз жерден темир торго тыгыла жаздаган кадимки Үсөн аке Сыдыков кайрадан саясат "сахнасына" кайтып келгенин эшиттик. Бизге жеткен маалыматка таянсак, "карт бөрү" Ош мэри Мелисбек Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясын, Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстанын", Камчыбек Ташиевдин "Ата журтун", Исхак Масалиев баштаган коммунисттерди жана коомдук ишмер Алманбет Матубраимовдун башын кошуп үлкөн кыймыл түзгөнү атыптыр. Кыймыл түзсө түзсүн, арийне, Үсөн акенин мындай аракетинен майнап чыгары арсар. Себеби Коммунисттер партиясынын лидерчыкмалары Ү.Сыдыков 2010-жылы Исхак Масалиевдин тагдырына балтап чаап кое жаздаган. Эмне, Исхактын дале көңүлү кала элекпи? Андай болсо аны катарыбыздан чыгарабыз дегендей чамынышууда.

Сүрөткө түшүп кайтты


Акыркы мезгилде "ата журтчу" депутат Акматбек Келдибековдун дайыны билинбей калган. Анын кайда жүргөнүн иликтеп жүрүп, изин Москванын борбордук аянтынан таптык. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип" "ата журтчу" берендин сапары ийгиликсиз аяктаган экен, аны орус бийлигинин бирөө дагы кабыл албаганын жеке булагыбыз кабарлайт. Аргасы түгөнгөндө Кыргызстандын Россиядагы элчиси Улугбек Чыналиевди жана КурСалиевичтин көздөй кадры саналган экс-элчи Раимкул Аттокуровду ортого салса да анысынан майнап чыкпаптыр. Ошону менен Акматбек мырза Кремлди айланчыктап, борбордук аянтта эстеликке сүрөткө түшүп кайтып келиптир. А.Келдибековго Кремлдин салкын мамилеси орус бийлигинин кыргыз оппозициясына болгон позициясын билдирбейби, ыя?

Кайсарды кайсалабай табасыңар


Башбакан Өмүрбек Бабановдун жанында Кайсар аттуу казак жараны жүрөрү, ал көмүскөдөгү премьер катары экономикалык маселелерди чечерин жазбаган гезит калган жок. Биз дагы Кайсардын таржымалына кызыгып, азыноолак маалымат казып чыктык. Чындап эле бу жигит Бабановдун оң колуна айланып, ансыз олуттуу маселелер чечилбей калыптыр. Ага күнүңөр түшсө эч ойлонбостон өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Бековдун иш бөлмөсүнө баргыла. Кайсарды дал ошол жерден табасыңар. Кайсарга жолугуу үчүн депутаттар баш, министрлер төш болуп Бековдун кабинетинде өчүрөттө турганын көрөсүңөр. Баса, "көмүскөдөгү башбакан" курулуш компаниясын расмий каттоодон өткөрүп, күркүрөтө бизнес жасап атканын билермандар айтып түгөтө албай жүрүшөт.

Алимбековдун арты тазабы?


Президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеп турган кезиндеги финансылык мыйзам бузууларын Эсептөө палатасы таап чыгып, бирок кийинчерээк ал тындым болгон. Эми укук коргоо органдары бул маселени кайрадан чукуй башташыптыр. Муну билгендер ошогезде курулуш материалдары базар баасынан алда канча жогорку баада сатылып алынган дешет. Биздин билишибизче, "республикачы" депутат Нурбек Алимбековдун компаниясы дирекцияга карагайды тонналап пулдаган эле. Эл өкүлдөрүнүн дагы бирине кылмыш иши козголот имишине ишенсек, анда атайын кызмат укуругу Нурбек мырзага да жеткенби?

Азике кошулбайм деди


Өгүнү Азимбек Бекназаров "түбөлүк революционер" Топчубек Тургуналиевди үйүндө мейманчылады. Дасторкон үстүндө саясаттан "өлөң" айтышып, бир кумардан чыгышты. Сөз арасында Азике учурдагы оппозицияга кошулбастыгын, жакын арада майлуу креслонун бирине көчүк басарын кыйытыптыр. Ошондой эле ал оппозиция башында турган эрендерге ишенбестигин жашырган эмес. Анын оппозициядан көңүлү неге кайт болгонун биле албадык. Баса, ушу тапта Бекназаров кандидаттык диссертациясын жазып аткан кези.

"Каттани" оппозицияга алданабы?


"Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана "бүтүн кыргызстанчы" Адахан Мадумаров эл өкүлү Нариман Түлеев менен генерал Өмүрбек Суваналиевди кантип өзүнө имерүүнүн айласын таппай туру. Ири оппозициялык блок түзүш үчүн Нариман Ташполотовичтин миллиондогон "жашылбайы" керек болсо, Өмүрбек мырзанын "кызыл шапкечендер" арасындагы кадыр-баркы өтө маанилүү. Береги фигураларды кызыктырыш максатында оппозиция төбөлдөрү эгер бийликке жетип калса, Түлеевге Бишкек мэрлигин, ал эми Суваналиевге ички иштер министрлигин ыйгарууну убада кылып жиберишиптир. Атүгүл тиги тебөлдөрдүн бири Суваналиевге "жашылбайдан" май токоч жасап суна койсо эле азыркы бийликти узун-туурасынан шылып берет деп шыбырашканы айтылат. А биз уккан кулагыбызга ишенбей аткан чагыбыз. Өмүр бою таза иштеп, элге кадыры сиңген "Каттанинин" оппозициянын "май токочуна" алданат дегенге көпчүлүк ишенбесе керек.

10 миң адам чогулуп…


Нооруз майрамынын урматына депутаттар шайлоочуларына сый тамак берип, элден бата алышты. Ал эми "республикачы" Акылбек Эшимов Кара-Суу районунда улуттук күрөш уюштуруп, 10 миң адамдын катышуусунда чоң той өткөрдү. Башбайгени ээлеген балбандарга асыл тукум жылкылар ыйгарылса, жеңилүү ызасын тарткандар да куру кол калбай муздаткыч, телевизорго ээ болуп кайтышты. Тойго "ата журтчу" Жылдызкан Жолдошева, "республикачы" Алтынбек Сулайманов сыяктуу эл өкүлдөрү катышканын эскерте кетели.

Революция ынтымак курултайынан башталган


2010-жылы 23-24-мартта К.Бакиевдин ынтымак курултайы болгон. Азыр ойлосоң ошо жылдын 7-апрелинде болгон революция ушу курултайдан башталганын аңдайсың. Себеби К.Бакиевдин өзүнүн, баласынын дарегине ачуу сындар ошондо бетине ачык айтылган. Мына ошо курултайда элдин ошогездеги абалын, президент жөнүндөгү оюн ачык айткандардын бири, КР персоналдык пенсионери, айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкер Калыбек Арабаев аксакал болгон. Кандан, бектен калтаарыбаган, эркиндикти туу туткан ушундай адамдары бар үчүн мекенибиз чайпалса да төгүлбөй келатат окшойт.

Бабанов баарын көрдү


Нооруз күнү премьер-министр мындан үч-төрт жыл мурда жер титирөө болгон Нура айылында болду. Айыл жашоочулары Ош-Сары-Таш - Эркечтам жолунун азабын айтышты. Ушул эле айылда үйү менен тогуз жашар кызын кар басып калган үй-бүлөгө көңүл айтып, алар үчүн өкмөт жаңы там салып берерин убада кылды. Эң негизгиси, ушу тапта кар көчкү жана малдын тоютун тез арада чечүүнү күттүрбөй турганын билдирди.

Эксперттен экмет


Кыргызстандын энергетика тармагын жакшы билген Николай Кравцов деген эксперт бар. Ал жакында эле кылмыш иши козголгон энергетика министри Аскарбек Шадиевдин иши боюнча пикирин билдирди. Кравцов бул иш боюнча "Эхо Москвы" радиосуна үч жолу интервью бергенин, Шадиевдин кулан көмүрүнө такыр тиешеси жок экенин билдирген. Көрсө, Кыргызстанды көмүр менен камсыз кылган түзүмдөр боюнча эреже 2009-жылы эле кабыл алынган экен. Шадиевге козголгон иш жөн эле аны кызматтан кетирүү аракети дейт эксперт. Мм-даа… Шадиевдин текшерсеңер текшергиле деп камырабай турушунда кеп бар окшобойбу.

"Жаңы Агым" - пресс










??.??