presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жүргүлө, циркке барабыз


Аш берген колду тиштебеген


деңиз мышыктары



Көргөн кишини маңыроо тиктеген деңиз мышыктарынын жашоосу кимди болбосун кызыктырса керек. Өзгөчө Бишкектеги циркке келген колго үйрөтүлгөн Таббо менен Виканын кылыгын айтып отурсаң оозуң ачылат. Жарым тоннага жакын салмактын ичинде таланты да, кырс кыялы да, сүйүүсү да, айтор, баары бар. Кишиге жакын эрке мышыктардын өнөрү күч. Цирк жаныбарларына тиешелүү бардык ыкмаларды үйрөтүп бүткөн алардын "ата-энеси" Дмитрий жана Оксана Кондратьевдер жаныбарлар жөнүндө кызыктуу маек куруп беришти. Жубайлар жети жылдан бери чогуу түтүн булатып, убактысынын көбү (жашоосунун теңи десек да болот) циркте эки мышык менен өтөт.


Деңиз мышыктары эмне дейт?
Деңиз мышыктарынын жети, тогуз түрү болот. Түндүк Австралия менен Түштүк Америка бул жаныбарлардын мекени десек болчудай. Эркегинин мойнундагы бырыштар мышыкты алда канча көлөмдүү кылып көргөзгөнү болбосо салмагы жагынан бирдей эле болот. Түгөйлөр жаз мезгилинде төлдөп башташат. Булардын түшүнүгүндө жаз май-июнь айларына туура келет. Жаңы туулган бала мышык 2 килограммдан ашпайт. Төрөөрүн төрөп алып ургаачы мышык жанын багыш үчүн сууга сүзүп кетип калышы мүмкүн. Жоопкерчилик атасынын мойнуна жүктөлөт. Эркектери адатта гарем түзгөнгө эптүү. Бир топтогу "авторитеттүү" деңиз мышыгы жанына жыйырмага жакын "бийкеч" чогултуп алат. Ал эми чабалдары бирөө же үчөө менен гана чектелет.


- Оксана, деңиз мышыктарын канчадан бери машыктырып келесиңер?
- Циркте иштегениме көп болду, бирок жаныбарлар менен бир жарым жылдан бери иштеше баштадым. Буга чейин жолдошум Дмитрий машыктырып келсе, кийинчерээк мени кошуп алды. Менин түшүнүгүмдө булар жырткыч деген ой күч болчу. Башында коркуу, жатыркоо сезими болду. Аларга мээрим менен мамиле жасап жүрүп көнүп кеттим. Вика менен Тобби бир жашында Уругвайдан алынып келинген. Азыр жолдошум экөөбүз булардын кыялына көнүп бүттүк.

- Кандай кыялдары бар?
- Тоббинин ордунан козголуп иш кылмагы тозок. Балык берип алдап жатып иштетебиз. Ага караганда Вика сергек, кээде Тоббини урушуп жалкоолонуп жаткан жеринен кууп келет. Кичинекей кездеринде колдон тиштеп алмай адаттары бар болчу. Чаап, урушуп жатып койдурдук. Адамдын маанайын, ниетин алыстан эле сезген, ички туюму күчтүү өнүккөн жаныбарлар экени таңгалдырат. Маанайың жок болсо же кылган иштерин жактырбай жатканыңды дароо билип жайпаңдап калмайы бар. Трюктарды ойдогудай аткарып кээде кадимкидей сөөгүңдү агартат. Андайда ашыкча порция балык берип эркелетип, массаж жасап сүйүнтүп коебуз. Башынан деңиз көрүшпөгөндүктөн жасалма бассейнде жатуу булар үчүн кадимки көрүнүш. Эгер деңиз даамын татып калган мышыктар болсо оңой менен колго үйрөнбөй жапайы бойдон калышмак. Негизи эле жаныбар менен машыгууда жакшы маанай менен иштеш керек. Болбосо адамдын ичиндеги негатив түздөн-түз жаныбарга өтүп, анын да көңүлү чөгө түшөт.

- Гастролдогондо жаныбарлар кандай жол менен ташылат?
Дмитрий: - Ичине бассейн орнотулуп жасалган фуралар бар. Бир мамлекеттен экинчи мамлекетке күнү-түнү жол жүрүп бир жума, ашып кетсе он күндө жетебиз. Бажы постунан тосуп эзгени болбосо, бир өлкөдөн экинчи өлкөгө гастролго чыгуу андай деле оор эмес. Венгрияга үч жолу барып келдик, Казакстанда болдук, эми кезек Кыргызстанга жетип отурат. Кайсы мамлекеттин циркине барбайлы, мышыктарга өзүбүздүкүндөй шарт түзүп бергенге аракет кылабыз. Булар ыңгайсыздыкты сезбеши керек. Себеби, жагдай жакпаса машыгуусуна түздөн-түз кесепети тийет.
- Машыгуу учурундабы же манежденби күтүлбөгөн кырдаал жаратып, күлкү келтирбейби?
Оксана: - Бир жолу Вика манежде ойноп жатып сыртка ыргып түшкөн. Көрүүчүлөрдүн кээ бири бутунун алдында жаткан деңиз мышыгына кызыгуу менен караса, айрымдары кыйкырып тура калып качышкан. Байкуш Виканын өзүнүн жүрөгү түшүп калды окшойт, жанталашып манежге кирип, мени көздөй чуркап келе жатканын көрүп күлкүм келген.
Дмитрий: - Мындан жарым ай мурда болсо керек, Тобби тосмодон чыгып кетип жанындагы жаныбарлардын баарын коркуткан. Кармап камап салалы деп артынан чуркап жүрсөк фуранын үстүнө чыгып кеткен. Ал жакта көгөрүп беш саат түшпөй жатты. Аягында курсагы ачты окшойт, балык берсек алданып келди. Дагы жакшы, машине эски экен, айдоочу фуранын төбөсү былчыйганына карабай өзүм оңдоп алам деп жолубузга салган. Булар менен жүрсөң ар бир күнүң концерт.

- Жаныбарлардын ден соолугун ким көзөмөлдөйт?
- Негизинен эле башка жаныбарларга караганда деңиз мышыгынын ден соолугун, организмин ийне-жибине чейин изилдеген доктурлар жок. Кокус ооруп калышса кантип дарылоого болот деген суроо мени көп түйшөлтөт. Өткөндө ургаачысынын кулагы ооруп араң айыкты. Азырынча экөөнүн тең ден соолугу мыкты.

- Башка жаныбарларды машыктыруу оюңарда жокпу?
Оксана: - Дмитрий экөөбүздүн жүрөгүбүзгө жакыны ушул жаныбарлар. Ар бири он беш, он сегиз жылдан кызмат кылат. Булардан башкасын алуу оюбузда жок. Тескерисинче, дагы кичинекейлерин алып келип тарбияласак деген тилек бар. Бирок деңиз мышыгын сатып алуу оңой эмес. Мындан жети-сегиз жыл мурун ар бири болжол менен он миң доллардын тегерегинде алынып келинсе керек. Анүстүнө тээ жердин түбүнөн бери жеткирүү мышыктын өзүнүн наркынан ашып түшөт.

- Бул түгөйлөр өздөрү менен өздөрү көбөйө албайбы?
Дмитрий: - Мышыктардын өздөрүнүн "сайрандоо" маалы болот экен. Биз ошол кезде экөөнү бири-биринен бөлүп коебуз. Антпесе жыргал жашоого кирип кетип машыгуу менен иши болбой калат. (Күлүп) Эркелешип, өбүшкөндөрүн көрсөк булардын жанында адамдын мээрими чаңында эле калат. Анан эр болсоң эпке келтирип машыктырып көр. Урушсаң да, кыйкырсаң да эч кандай таасир тийгизе албайсың. Керек болсо төрт-беш күн болсо да тамак ичпей, суудан чыкпай сүйүүгө мас болуп жата беришет. Болбосо өздөрүнүн маалы келгенде жайына койсок эбак көбөйүп, төлдөшсө керек. Келечекте тукум алуу үчүн өз эрки менен койсокпу деген ой бар.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА









??.??