presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Шыпаагер
Эркек балага памперстин канчалык зыяны бар?
Күйөөм экөөбүздүн бүтпөгөн сөзүбүз: уулума памперс кийгизиш керекпи же жокпу? Мен кийгизген сайын жолдошум каршы чыгып чечтирип салат. Мен деле памперс зыян экенин үстүртөн билгеним менен ийне-жибине чейин кызыкпаптырмын. Азыр уулум 8 айлык кези. Чын эле памперс канчалык зыян, кийин баламдын ден соолугуна кедергисин тийгизбейби?

Минура, Ош шаары, 28 жашта
- Негизи памперстин арзан же кымбат экенинен да көп нерсе көз каранды. Арзаны суюктукту жакшы сорбойт дагы, баланын денеси менен батташып отуруп жыйынтыгында кычыштырып көтөнү кызарып чыгат. Бир күндө ашып кетсе 5-6 саат кийгизгенден зыян деле жок. Андан көп убакыт колдонууда бала заараны кармап турууну унутат. Эркек балдарга памперсти көп кийгизгенде кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Себеби, ал жука чурайды, урук калтасын кысып ысытып жиберет. Жыйынтыгында баланын ичиндеги жумуртканын өсүшүнө кедергисин тийгизет.




Жайы-кышы учуктан айыкпай койдум


Менин жыл бою айламды кетирген көйгөйүм - оозумдун тегерегине жайнап учуктун чыкканы. Ысытып чыдатпай ооруп чыгат. Кээде элдик ыкма менен ысык нерсе басып койсом кетет. Кайра көп өтпөй чыгып калат. Мурда сасык тумоо менен ооруганда гана чыкчу, азыр ден соолугум жайында болсо деле ушул нерсе жүдөттү. Кандай кылып дарыланам, балким учукту кетире турган дарылар болуп жүрбөсүн?

Кумара, Бишкек шаары, 19 жашта


- Учук суукта жүргөндөн же тескерисинче ысык жайда узакка туруп калгандан, жыныстык оорудан, өбүшүүдөн келип чыгат. Жаздын күнү күндүн нуруна көп жүрүү, сасык тумоо, ангина өңдүү оорулар да учукту козгойт. Жогорудагы саналган белгилер жок, бирок баары бир учук чыгып жатса анда организмде өнүгүп жаткан бир дарт бар. Текшерилип көрүңүз. Мындан сырткары, эң жөнөкөй гигиенаны сактаңыз. Мисалы, бирөөнүн эндигин сүйкөнбөңүз, учук чыккан учурда үй-бүлө мүчөлөрүн өппөңүз. Ачуу, туздалган, ышталган тамактарды жебеңиз.




Компьютердин зыянынан кактус кутултабы?


Иш убактымдын теңинен көбү компьютердин маңдайында өтөт. Зыяны акыркы үч жылдан бери сезилип, ден соолугума залакасын тийгизип жатат. Жанына кактус коюп койсо компьютердик радиацияны жок кылат деген сөздү көп уктум эле. Илимий жактан бул далилденгенби?

Медет, 32 жашта, менеджер


- Кактусту компьютердин жанына коюп койгон бул жөн гана жөө жомок. Себеби, компьютерден эч кандай радиация чыкпайт. Монитор электро-магниттик нурланууну чыгарат, бул тескерисинче өсүмдүктүн тездик менен өсүшүнө шарт түзөт. Ал эми ошол нурлануу көздү, терини кургатып ийет. Көздүн көрүүсүн начарлатпайын десеңиз нурлануудан сактай турган көз айнек тагынуу сунушталат.




Пирсингдин зыяны барбы?


Жогорку окуу жайдын студентимин. Мындан жарым жыл мурда киндигиме пирсинг жасаткан элем. Ошондо дене табым көтөрүлүп, өзүмдү аябай начар сезип кыйналып жатып айыккам. Ата-энем башында эле каршы болгондуктан аларга оорумду айтып даттангым келген эмес. Азыр жарым жыл өткөнүнө карабай кээде киндигим тартылып, лукулдатып ооручу болду. Сурайын дегеним пирсингдин зыяны барбы?

Айбек, 19 жашта, Бишкек шаарынын тургуну


Пирсинг вена кан тамырларынан алсыраак жайгашкан жерлерге жасалат. Айрым дене бөлүктөр пирсинг жасаткандан кийин узак убакытта айыгат. Бул дене бөлүккө киндик да кирет. Сиздин ооруңуз жети-сегиз айдан кийин гана токтошу мүмкүн. Бирок лукулдатып оорутканы кооптонуу жаратпай койбойт. Анткени, пирсинг жасатууда маани бере турган нерсе - доктурдун аспабы. Ал толук санитардык тазалоодон өткөнбү-жокпу, аны эч ким билбейт. Ар кандай инфекциялык оорулардын жугушуна жол ачат. Өзүңүз да гигиенаны сактап пирсинг жасалган жерди тазалап турууңуз зарыл.

Даярдаган Бегайым БАЙБОСУНОВА









??.??





??.??