Нооруз келди
Светлана АНОСОВА,
Бишкектеги Ленин райондук чыгармачылык борборунун көркөм бөлүмүнүн жетекчиси:

"Мага кыргыздын улуттук кийими, тамагы, салты аябай жагат"


- Сизге кыргыз улуттук кийимдери, тамактары жана каада-салттары жагабы?
- Мага кыргыз элинин кыз-келиндер кийүүчү улуттук кийимдери аябай жагат. Анткени ал өтө кооз, аны кийгенде ким болбосун сулуу болуп чыга келет. Биздин Ленин райондук чыгармачылык борборунда ар түркүн улуттун өкүлдөрү бар жана анын көбү кыргыздар. Ошондуктан кыргыздын каада-салттарын дайыма сактап, майрамдарда кыргыз улуттук тамактарын жасайбыз. Мага айрыкча боорсок, гүлчөтай, сүмөлөк жагат. Быйылкы Нооруз өтө жакшы өттү.
- Элечекти, кыргыз улуттук көйнөгүн көптөн бери кийесизби?
- Бул борбордо мен беш жылдан бери иштейм. Кыргыз улуттук кийимдерин өзүбүз тиккендиктен, кийимдин тарыхын, тигилишин да жакшы билем. Акыркы үч жылдан бери Ноорузда ушундай кийинип чыгам. Мени көргөндөр сизди азыр жигиттер уурдап кетет деп комплимент айтып калышат. Мындай сөз угуу мага абдан жагат. Менин мындай кийингеним атургай жолдошума, балдарыма да жагат. Жолдошум мындай кийингенде өзгөчө сулуусуң деп тамашалап калат.
- Кыргыз тил жагынан кандайсыз?
- Биз ар дүйшөмбүдө борбор жамааты менен кыргыз тилин үйрөнөбүз. Азыр көп нерсени түшүнүп калдык. Эми мындан ары эркин сүйлөөгө аракет кылып атабыз.
- Сиз үчүн Жаңы жыл менен Нооруздун кандай айырмачылыгы бар?
- Экөөнүн тең өзүнчө керемети, өзгөчөлүгү бар. Жаңы жыл өзгөчө апапак, назик болсо, Нооруз ачык, шайыр, сулуу, ар түркүн керемет түстөр менен коштолот.
Ар күнү Нооруз майрамындагыдай күн чайыттай ачык болуп, баарыбыз бири-бирибизге жылуу жылмайып, ак каалоо-тилектерибизди айта жүрөлү.

Мелис СОВЕТ уулу




Кырсык

КАРА-КУЛЖАДА


ҮЧ БАЛА БОРООНГО КАБЫЛЫП КАЗА ТАБЫШТЫ



21- мартта Кара-Кулжа районуна караштуу Живпром кыштагында жаратылыш кырсыгынан каза тапкан үч баланын сөөгүн жерге беришти.
- 2004-жылы туулган Азатбек Кенебаев, 2000-жылы туулган Сыймык Калмурза уулу, 2006-жылы туулган Нурдөөлөт Калчоро уулу 18-мартта Живпром айылындагы үйүнөн жоголгон малдарын издеп чыгып кетишкен бойдон кайтышкан эмес, - деп эскерет Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов. - Ошол эле күнү айылдаштары, отуз чакты милиция жана ондой Өзгөчө кырдаал министрлигинин райондогу кызматкерлери аларды издөөгө дароо кириштик. Бирок мындай аракетибизден адегенде оңчулуктуу натыйжа чыккан жок.
Кепти улаган өзгөчө кырдаал министрлигинин Кара-Кулжа районундагы өкүлү Азатбек Абдраимов буларды кошумчалады: - Көпчүлүктүн күчү аркасында гана балдардын сөөгүн 20-мартта араң таптык. Бороон-чапкында жаш немелер жол таба албай адашып, ошо бойдон тоңуп калышыптыр.
Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов "Жаңы Агым" гезитине курган кыска маегинде, жергиликтүү бийлик маркум балдардын ата-энелеринин күйүтүн тең бөлүшүп, аларга материалдык жактан дароо каралашкандыгын билдирип, мындай көмөк дагы улантылаарын убада кылды.
Ошентип заматта үч кичинекей мекендешибизден ажырадык. Алар он гүлүнүн бир гүлү да ачыла электе жарык дүйнө менен кош айтышты, аттиң. Не дейли, жаткан жери жайлуу, топурактары торко болсун!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Кара-Кулжа району
"Жаңы Агым" гезитинин жамааты балдардын ата-энелеринин жана жалпы эле кар көчкүдөн каза болгон маркумдардын жакындарынын азасын бөлүшөт.




Чоң-Алайда кар калың.

Кыштын чыгаар түрү жок



Жергиликтүү калктын айтымында, Чоң-Алайга кыйла жылдан бери мынчалык кар жааган эмес. Калыңдыгы эки метрден ашат. Көпчүлүк жерлерде дале кар көчкү жүрүү коркунучу бар.
- Сары-Таш-Эркечтам-Карамык автоунаа жолун чындап эле эки метр кар басты, - дейт Чоң-Алай районунун акими Абдылазиз Ашыралиев. - ДЭП-16 утуру жолду тазалап жатат. Бирок бороон-чапкын эч токтобой, кайра эле шиленди менен трассаны бөгөп коюп атат. Айлабыз таптакыр куруду.
Аким А. Ашыралиевдин баса белгилешинче, быйыл кыргыз өкмөтү техника жана жем-чөп жагынан түзүк эле каралашты. Ошентсе да бул кебетесинде Чүйдөн ташылган 500 тонна тоют малды толук түрдө аман кармаганга жетчүдөй эмес. Ызгаар дагы узакка созулат өңдөнөт.
- Өзгөчө кырдаал министрлиги артиллерия менен кар көчкү жүрө турган жерлерди гана аткылап атат. Алар али автожолдорду тазалаша элек, - деп кейип-кепчиди аким. - Акыркы күндөрү Аксуу дарыясы көчкүнүн айынан бөгөлүп, жол дээрлик жабылды.
Ошентип ушул тапта чоң-алайлыктардын алты айласы түгөнүп турган чак. Сөөктү какшаткан суукка чыдабаган мал түгүл карышкырлар да аймактан житип жоголушту. Чоң-Алайда мындай акыбал дагы канчага дейре созулат, али белгисиз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Чоң-Алай району




Кезектеги жел тегирменби?



Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси астында коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. Бирок жемсөөлүктү ооздуктоо аракетине айрым депутаттар кескин сын айтууда. Төмөндө бул багытта эл өкүлдөрүнүн пикирин мисал кылабыз.

Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖК депутаты, "Ата мекен" фракциясы:
- Кыргыз бийлигинин коррупция менен күрөшүү демилгесин колдойм. Тилекке каршы, ал ташбакадай жай жүрүүдө. Жеке мен коррупцияны үч багытта алып карайм. Биринчиси, миллиарддаган каражатты уурдагандар, экинчиси - ар кандай тендерлерге катышып өлкө казынасына зыян тийгизген. Акыркы звеного айыл өкмөт башчылары кирет. Бийлик мына ушул багытта иш жүргүзүп, көзгө көрүнөрлүк иш жасаса туура болмок. Себеби эл бийликтен радикалдуу кадамдарды күтүүдө. Эгер "киттер" кутулуп, "чабактар" тутулуп калса, анда бийликтин коррупцияны ордуна коюу аракети кургак сөз, курулай популизм экени билинет.

Бакыт ТӨРӨБАЕВ,
ЖК төрага орунбасары, "Республика" фракциясы:
- Учурда күч органдарынын ортосунда кимибиз көбүрөөк кылмыш ишин ачабыз дегендей мелдеш өтүп жаткансыйт. Кээде жакшы иштеп аткан аткаминерлерге тийишип, алардын ишине жолтоо болууда. Анын күнөөсү барбы-жокпу, кээде иликтебей туруп кылмыш ишин козгоп коюшат. Бул туура эмес.
Албетте коррупция менен күрөшүш керек. Бирок коррупцияны башкача ыкма менен жеңиш керек. Мисалы, кайсы бир чиновникти пара алып аткан жеринен кармап, мыйзам чегинде жазалаган оң. Анткендин ордуна биздикилер сыртынан тон бычып, кылмыш ишин ачкандан кийин гана иликтөө ишин баштап атышат…

Равшанбек ЖЭЭНБЕКОВ,
ЖК депутаты:
- Менин айтайын дегеним мындай. Коррупцияга каршы күрөш десе эле өткөндү казганга көбүрөөк басым жасалып аткандай туюлат. Туура, өткөндү да тыкыр иликтеп, миллиондорду уурдаган адамдарды жазага тартуу керек. Бирок коррупциянын өткөндөн да бүгүнкүсү маанилүү болуп турат. 2009-2010-жылдары Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө дүйнөдө 164-орунду ээлесе, былтыр 166-орунга чыгыптыр. Бул көрсөткүч учурда өлкөбүздө жемсөөлүк гүлдөп-өнүгүп атканынан кабар берет.

Кожобек РЫСПАЕВ,
ЖК депутаты, "Ар-намыс" фракциясы:
- Президенттин демилгеси менен коррупцияга каршы күрөш башталганы туура. Арийне, коррупциянын тамыры заматта кыркылбайт, ага көп убакыт талап кылынат.
Коррупцияга күрөштү кантип жүргүзүш керек? Ошол эле бажы, салык, энергетика тармагында "серый схемалар" бар, ошолорду таап чыгуу зарыл. А бизде кандай болуп атат? Көрүнгөнү барып жеке менчик компанияларды текшерип басып атышат. Бул туура эмес.

Курманбек ОСМОНОВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
- Коррупцияга каршы күрөш жакшы эле башталгандай таасир калтырат. Бирок жанагы катардагы МАИ кызматкери сыяктуу майда-чүйдө адамдарды эмес, экономикалык кылмыш жасаган фигураларды таап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу абзел. Ошондо гана коррупцияга каршы "согуш" натыйжасын берет.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Бир


бүркүм…


Кыргыздын "Сынган бугу", "Камбаркан" сыяктуу өлбөс-өчпөс күүлөрүнө жан киргизип, алардын таржымалын поэзияга салган Мундузбек Кунасовдун "Күүнү чертсең айтып черт" деген китеби жарыкка чыкты.
Таланты ташкындаган ырчы жигит Гүлжигит КАЛЫКОВ жакында "Бийкечтер жана миллион" аттуу тасмада башкы каарманды жаратты. 21-мартта тасманын бет ачар аземи өткөрүлүп, кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.
Бишкек шаарынын №44 мектебинин директору Элмира Жумагулованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси менен кылмыш иши козголду. Ага мугалимдердин маянасын мыйзамсыз кармап, ата-энелерден акча чогултканы, мектепте иштебеген туугандарына да айлык төлөгөн деген кине коюлууда.
Берлинде кыргыз элчилигинин жардамы менен ошол жердеги кыргызстандыктар Нооруз майрамын өткөрүштү. Майрамга катышкандарды Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев куттуктады.
Москвадагы белгилүү ресторандардын биринде тамактанып аткан кыргыз тамеки чегем деп күйгүзгүчүн жандырганда жарылуу чыгып өрткө кабылды. Өрттөнүп аткан киши сыртка чуркап чыкканда күбөлөр өчүрүүгө үлгүрүштү.
Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылында кар көчкү жүрүп, Т.Садыкбаевдин короосундагы 150 баш коюн жана эки музоосун басып калыптыр. Бул жерде кыш беш айдан ашык созулуп, тоют түгөнүп, чөптүн бир боосу 500-600 сомго жетти.
Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылында жайгашкан чек ара кызматынын №2027 аскердик бөлүгүндө 21-мартта бир аскер өз жанын кыйды. Чек арачынын аты-жөнү, неге өмүрүн кыйганы такталууда.
Быйыл дыйкандар узакка созулган кыш жазгы талаа иштерин кечиктиргенине тынчсызданышууда. Эми башбаккан чөп да жок, жут болбосо болду дешет санааркап.
Күн жылыгандан тарта Кыргызстандын бардык аймактарында жашылдандыруу жана тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бишкектеги төрт районго эң таза жана жашылдандырылганы үчүн үч айлык мөөнөттө сынак жарыяланды. 2012-жыл үчүн Сауд Арабиясы кыргызстандыктардын ажылыгы үчүн төрт миң квота бөлдү.

"Жаңы Агым" - пресс