presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Депутат деген анык жер жутат

Ушунча каражат өлкө кызыкчылыгы үчүн кородубу, же?..


"Кара майды" тонналап "ичкен" Келдибеков, Сабировдун "крутой" айдоочусу жана "саякатчы" Жапаров

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы расмий билдирүү таратты. Анда өткөн жылы депутаттардын кимиси кызматтык унаасына көбүрөөк май короткону, кимиси чет өлкөдө көбүрөөк "сайрандаганы", кайсы депутаттын айдоочусу көбүрөөк айлык алары айтылат.
Расмий статистикага таянсак, былтыр ЖоКе бензин үчүн эле өлкө бюджетинен 14 млн. 440 миң сом коротуптур. Ал эми норма боюнча ар бир эл өкүлүнүн "темир тулпарына" күнүгө 12 литр бензин чегерилиши керек. Айрым депутаттар мындай талапты аткарган жок. Маселен, андагы төрага, мындагы "ата журтчу" Акматбек Келдибековдун төрт унаасы ("Мерседес-550", "Лексус LX-470", "Тойота-Лэндкрузер", "Шевроле Субурбан") жалпысынан 28 тонна (28 миң литр) "кара май" "шимирип" рекорд койгон. 28 тоннаны сомго айландыра келгенде 940 миң сомдун башы ачыларын эсептеш оңой.
Акматбек Келдибековичтен кийинки алдыңкы бештикти Жылдызкан Жолдошева, Мамат Орозбаев, Гүласал Садырбаева сындуу депутаттар (таблицаны караңыз) ээлеген.
Мындан сырткары, "республикачы" Максат Сабиров (4 миң 149 литр), "ата мекенчи" Абдимуктар Маматов (4 миң 108 литр), социал-демократчы Дамира Ниязалиева (4 миң 85 литр), "ар-намысчы" Абдырахман Маматалиев (4 миң 79 литр) бензин "ичмей" жагынан "парталаштарынан" ат чабым алдыга озуп чыгышкан.
800 миң сом короткон Абдырахман менен Элмурат эмне пайда келтирди?
2011-жылдагы статистикага ылайык депутаттардын машинесине, айдоочусунун маянасына жана командировкасына кеткен каражат 54 млн. 973 миң 966 сомду чапчып түшкөн. Мында да кайрадан экс-спикер Акматбек Келдибеков өзгөчөлөнүп турат. А кишинин өткөн жылга карата транспорттук чыгымы эле 2 млн. 365 миң сомду түзгөн. Ошондой эле андан кийинки беш депутаттын ("ар-намысчы" Абдырахман Маматалиев - 859 миң 855 сом, "республикачы" Элмурат Обдунов - 821 миң 665 сом, "республикачы" Мирлан Бакиров - 797 миң 171 сом, "ар-намысчы" Бактыгул Маматов - 703 миң 598 сом, "республикачы" Максат Сабиров - 667 миң 145 сом) "ийгилигин" да айта кетпесек болбос.
10 млн. 492 миң сомдук "саякат"
Эл өкүлдөрүнүн региондорду кыдыруусуна, ошондой эле чет өлкөгө командировкага барышына мамбюджеттен оңбогондой каражат бөлүнөт. Анүчүн былтыр 10 млн. 492 миң сом "мойсолгонун" эскерте кетели. Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөндөй, финансы министри Акылбек Жапаров депутат кезинде кесиптештеринен айырмаланып сыртка көбүрөөк чыгып, ошого жараша каражат короткон.
Баары эле
"акча жегичтер"
Жети депутаттын жеке айдоочусунун маянасы башкаларга салыштырмалуу алда канча айырмаланып турат. Алсак, бир жыл ичинде Максат Сабировдун айдоочусу 301 миң 634 сом, Асия Сасыкбаеваныкы 300 миң 150 сом, Акматбек Келдибековдуку 289 миң 649 сом, Мамат Орозбаевдики 289 миң 424 сом, Айнуру Алтыбаеваныкы 287 миң 428 сом, Болот Шердики 286 миң 207 сом жана Равшан Жээнбековдун айдоочусу 285 миң 551 сомго капчыгын кампайткан.
Эл менен болгон жолугушууда депутаттардын айдоочусуна дагы "командировочный" төлөнөт. Бул өңүттөн алып караганда, былтыр беш эл өкүлүнүн айдоочусу Келдибековчосунан рекорд койгон. "Рекордсмен" айдоочулардын кожоюндары ким десеңиз, булар: "ата мекенчи" Наталья Никитенко - 182 миң 848 сом, "республикачы" Кенжебек Бокоев - 157 миң 647 сом, "ата журтчу" Жылдызкан Жолдошева - 134 миң 231 сом, "республикачы" Мирлан Бакиров - 119 миң 931 сом, "ар-намысчы" Турсунбай Бакир уулу - 110 миң 525 сом.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Баары бир кытай жыттанат

Кыбырап өкмөт баратса,


кылгырып көздөн жаш тамат


Ошентип мындан он жыл илгери макулдашылып, ошол бойдон калып кеткен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иши өткөн жылдан бери кызуу талкууга алынып, жандана баштады. Буга чейин эл ичинде, парламентте өкмөт темир жол курулушу үчүн бир канча кендерди Кытайга берет экен деген маалыматтар ачык эле айтылып келген.

Учурда президент, премьер-министр, Темир жолдорду куруу жана долбоорлоо дирекциясынын жетекчиси Канат Абдыкеримов кендер кытайларга берилбей турганын канчалык какшабасын, эл аларга ишенбей турат. Темир жолдун Кыргызстан территориясындагы болжолдуу картасы да экономисттерди, элди, айрым депутаттарды анчалык ынандырган жок.
Депутат Райкан Төлөгөновдун айтымында, бул долбоор Кыргызстандын пайдасына эмес зыянына чечилиши толук мүмкүн. "Азыр сүйлөшүү, долбоорлоо кандай, кайсы стадияда жүрүп жатканы белгисиз. Кытай тарап бул долбоорду ишке ашыруучу каражатты биздин жаратылыш ресурстарыбызга айырбаштайт дегенди Алмазбек Атамбаев жокко чыгарып атат. Бирок кытайлык "China road and bridge in KG" компаниясы кыргыз тарап менен долбоор курулушун кен байлыктарга алмашуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп атканын кабарлады. Долбоорго сарпталчу суммалар кандай жумшалары да ачык эмес. Андыктан муну ишке ашырууга жоопкер өкмөт мүчөлөрү сүйлөшүүлөр боюнча маалыматты ачык билдириши керек" деп билдирген февраль айынын аягында Р.Төлөгөнов. Буга удаа эле транспорт маселелери боюнча эл аралык эксперт Кубат Рахимов премьер-министр айтып аткан бул темир жол курулушу ишке ашпасын, эгер ишке ашып Кытай өз каражатына куруп калса кыргыз кен байлыктарынын көбүн Пекин алаарын билдирген. Бул темир жолго альтернатива болуучу Чүй-Фергана темир жол маршрутун ортого салган эксперттин пикиринче, Торугарт менен Кара-Сууну бириктире турган темир жол мамлекет үчүн анчалык деле пайдалуу эмес.
Ал эми Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Учкун Ташбаев менен Канат Абдыкеримовду тыңдасак, бир катар кендер Кытайга берилет деген чындыкка коошпойт. Темир жолдорду куруу дирекциясынын жетекчиси Канат мырзанын билдиришинче, темир жол курулса Кытай жүктөрү Кыргызстан аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Иран, Европага чейин таралат. Анын аркасы менен бюджетке жылына темир жолдон 210 млн. доллар киреше түшөт экен. Албетте, бул сумма эгер биздин аймакка жүк которуу станциясы курулса гана болот. Ооба, минтип жакшылыктан үмүт кылуу жаман эмес. Бирок маселе эгер кендер берилбесе жол кайсы каражатка курулганы жатканында. Эгер Пекин куруп берсе 2 млрд. доллар, кээде 3-4 млрд. долларга бүтөт делип аткан темир жолду ме деп эле бекер кармата салбайт. Андыктан өкмөт мүчөлөрү жасала элек машиненин ачкычын элге көрсөтөрдөн мурун, ал машине кайсы каражатка, ким тарабынан жасала турганын ачыктап бериши керек.
Эки мамчиновникке, ажого ишенип, ырас эле кендерибиз берилбейт турбайбы деп атсак, Транспорт жана коммуникация министринин орунбасары Шералы Абдылдаевдин билдирүүсү шектүү болуп туру. Министрдин орунбасары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бир катар кендерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк берерин жар салды. "Темир жол өтүүчү зонада көмүр, алтын, коргошун, темир рудалары, гипс, барит кендери жайгашкан. Транспорт инфраструктурасы өнүкпөгөндүктөн ал кендер иштетилбей келген. Жаңы темир жол бул кендердин экономикалык потенциялын ачууга шарт түзөт" дейт Ш.Абдылдаев. Туура, темир жол салынган соң ага жакын кендер иштетилери турган иш. Бирок даяр көмүрдү кыйратып каза албаган жаныбыз, калган кендерди иштетип жибермек белек. Демек, кендер кайра эле кытайлар колуна тиет. Баса, министрдин орунбасары курулуш иштери башталса 20 миң жумушчу орун түзүлүп, иш бүткөндө 2700 адам кызматтуу болорун сүйүнчүлөйт. Бирок бул эсеп кандайча чыгарылганы боюнча ынанымдуу далил жок. Өкмөт темир жол 2018-жылы бүтөрүн билдирсе, Шералы мырза темир жол өзүн өзү 10 жылдан кийин актаарын айтат. Апенди айтмакчы, 2028-жылга чейин ким бар, ким жок. Он жылдан кийинки менен элдин башын оорутпай, бүгүн, эртең эмне болоорун айтсаңар элге ишенимдүүрөөк болмок.
Ал ортодо "Ар-намыс" фракциясы темир жолду немистер өзү куруп беришерин айтып, элди ынандырууга аракет жасап келет. "Темир Роял" кыргыз-немис компаниясынын президенти Нурлан Курманбековдун маалымдашынча, немис инвесторлору өкмөттөн темир жол курууга эксклюзивдик укук берүүнү жана 10 жылдык салыктан куткарууну гана суранат. "Бул долбоордун өзгөчөлүгү - өкмөт кепилдигинен баш тартуусу жана курулушта европалык технологиялардын колдонулушу. Муну менен катар долбоор кыргыз тараптан эч кандай кошумча каражат салууну талап кылбайт" дейт Н.Курманбеков. Нурлан мырзанын айтымында, немис инвесторлорунун "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече", "Анжиян-Кара-Суу-Арпа-Торугарт-Кашкар" жана Кара-Суу-Кара-Коо ашуусу-Арпа" темир жолдорун куруу долбоорлору даяр.
Өткөн жумада болсо премьер-министр Өмүрбек Бабанов темир жол куруу үчүн Кыргызстан 2 млрд. доллар карыз ала албастыгын билдирди. "Биз курулушту каржылоонун башка мүмкүн болгон бардык ыкмаларын карап көрүшүбүз керек. Мүмкүн өнөктөшүбүз инвестор болгон бирдиктүү ишкана түзөбүз" дейт өкмөт башчы. Анын айтымында, жакында Транспорт министри темир жол куруу боюнча сүйлөшүү үчүн Кытайга барат. Эми министр барып келгиче да күтө туралы. Балким ошондо өкмөт элге картаны ачык жайып берер.

Мелис СОВЕТ уулу









??.??