presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Эркинбек АЛЫМБЕКОВ, ЖК депутаты, "Ата мекен" фракциясы:

"Р.Жээнбеков жана Ө.Абдрахманов партия ичиндеги атаандаштыкка чыдай алышпады"


"Ата мекен" партиясынын жана анын парламенттик фракциясынын катарынан депутаттар Өмүрбек АБДРАХМАНОВ жана Равшан ЖЭЭНБЕКОВ чыгарылды. Буга чейин бир катар партиялардын ичинде мушташканга чейин барып аткан көрүнүштөр болгону менен бир да партия мындай чечкиндүү кадамга барууга даай алган эмес. Мында да "Ата мекен" биринчиликти берген жок. Партиялык түзүлүш, фракция ичиндеги мамиле, дегеле депутаттарды катардан чыгарууга жеткирген кырдаалга эмне себеп? Бул туурасында аталган партия төрагасынын орун басары, депутат, ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Эркинбек АЛЫМБЕКОВго кайрылдык.


- Кыргызстандагы партиялык системанын бүгүнкү абалы кандай?
- Жыйырма жылдан бери Кыргызстандын саясый системасы кландарга негизделип келген. 2010-жылы Конституциянын кабыл алынышы менен Кыргызстандагы саясый система партиялык системага жана партиялар арасындагы атаандаштыкка негизделе баштады. 2011-жылы жасалган саясый жана шайлоо системасын реформалоодо партияларга реалдуу бийлик берилди. Оппозицияга да реалдуу мүмкүнчүлүк жана механизмдер берилгенин эске алсак, бул да партияларга реалдуу бийлик берилгендигинин далили. Келаткан күздө да жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, партиялардын жер-жерлердеги уюмдары дагы бекемделет. Кыргызстандагы саясый күчтөр ачык айдыңга чыгып, эл алдында шерттешип, программаларынын алдында бириккен күчкө айланышат. Ошентип, "Ата мекен" партиясы сунуштаган саясый система биринчи кезекте партияларды бекемдөөдөн башталат. Партиялар бекем, күчтүү жана туруктуу болууга тийиш. Реалдуу партияларды түзүү 2010-жылдын октябрь айындагы шайлоодон кийин башталган.
- Текебаев 20 жылдан бери "Ата мекен" партиясынын төрагасы. Ал жаш лидерлерге орун бошотуп бериши керек деген сөздү ачык айталбай, тигил же бул сайттардан тымызын айтып коюп жүргөн адамдар бар. Чын эле орун бошотушу керекпи? Буга кандай себептер бар?
- Сиз белгилеген убакыттан бери Текебаев Акаевге, кийин Бакиевге келишкис оппозицияда жүрдү. Аны менен кошо идеялаш партиялаштары да бул режимдер менен күрөшүп келди. 2010-жылга чейин бул партияны бекер эмес, үстүнө акча кошуп берем деген күндө да эч ким төрагалыкты алгысы келбеген. Анткени, Бакиевдин режиминде төрагалыктагы киши "мишенге" айланып, коркунучтуу кырдаалга тушукмак. Лидермин деген адамдар айланып, алды Америкага чейин качкан. Бүгүн жаңы система түздүк, оппозицияда болуу кооптуу эмес, тескерисинче сый-урмат жаратып, оппозиция болуп, каяша айтуу мурункудай коркунуч туудурбай калганда, албетте, парламенттеги, болгондо да коалицияда турган партиянын төрагасы болуп, бийлик бөлүштүрүп, эл башкаргысы келген адамдардын саны табигый түрдө көп болот. Мындайды амбициясы башынан ашкан, негизсиз умтулуу деп баалайбыз. Дегеле партия партия болуп иштей баштаганына, Текебаевдин партиялык системада күчтүү партиянын төрагасы болгондугуна бир эле жылдан ашты.
- Бул системада фракциялар ортосундагы, ичиндеги мамиле кандай болот? Бул суроонун жаралышына парламенттин ишмердиги башталгандан тарта болуп жаткан көрүнүштөр себеп.
- Жогорку Кеңеште партиялык фракциялар бар. Көп партиялар конъюнктуралык аракетте, шайлоонун алдында түзүлө калган бизнес-долбоор же кландардын союзу болгон. Айрымдары жердешчилдик, улутчулдукка негизделген ураандары менен добуш алса, кээ бири сырткы, маселен, Россиянын жана башка өлкөлөрдөгү күчтөрдү пайдалануу менен добуш алганы белгилүү. Ошондуктан көпчүлүгүндө салттуу партиялык түзүлүш жок, эч бири өздөрүнөн башка эч кимге милдеттүү эмес. Ошол себептен ал фракциялар өзүмбилемдик саясатта. Алар отчет бере турган партиялык структура, партиядагы "ветерандары", отчет талап кылууга толук укуктуу жергиликтүү мүчөлөрү жок. Алардан айырмаланып, "Ата мекен" партиясы 20 жылдан бери туруктуу, жергиликтүү структураларды түзгөн, депутат, министри менен да тең ата болуп, отчет сурай турган мүчөлөргө ээ. Фракция - бул партиянын куралы, партиянын парламенттеги механизми. Партия өз фракциясы аркылуу мыйзам чыгаруу жыйынын, өкмөттү куроо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Өзүнүн программасын ошол өкмөт жана фракция аркылуу турмушка ашырат. Фракциядагы кээ бир депутаттар партиядан өзүн жогору коюп, аны тааныбай, "мен эркинмин, каалаганымды жасайм" деп жүргөндөрү мыйзамга да, адамгерчилик, моралдык нормаларга да сыйбайт. Партиянын кадыр-баркына залакасын тийгизген, партияны ичинен бузууга жасаган бузукулук аракеттери, эң негизгиси партия менен болгон байланышы үзүлүп, анын өнүгүшүнө салым кошпогон мүчөлөрдү, өзгөчө партиядан депутат болгон адамдарга партия баа бералат жана берүүгө тийиш.
- Бирок бул эки депутаттын айтымдарында, "Ата мекенден" лидерге сын айткандары үчүн куугунтукталганын айтып атышат. Атургай ушул партиядан кутулгандарына ыраазы экен.
- Мурдатан ушул эки депутаттын айткандары боюнча маалымат таратып келишкен маалымат агенттиктеринин биринде пленумдун алдында эле "Лидерге сын айткандыгы үчүн депутаттар партиянын катарынан чыгарылат" деген такталбаган кабар чыккан. Бирок, пленумдун да, баштапкы уюмдун да, республикалык кеңештин чечиминде да мындай пункт жок. Биринчи Май райондук партиялык уюмдун чечиминде Өмүрбек Абдрахманов кыргыздын улуттук баалуулуктарына акарат келтирип, партиянын беделине доо кетиргендиги, ал эми Равшан Жээнбеков партия менен байланышты үзүп, өзүнө бөлүнгөн региондор менен иш алпарбагандыгы жана партия ичинде бузукулук (интригандык) аракеттери үчүн чыгарылгандыгы так жазылган. Республикалык кеңеш ошол чечимди бекитип берди. Эсиңиздерге салсак, Өмүрбек Абдрахманов 26-июнда эле партиянын катарынан чыгарылып, бирок, ал чечимге жетекчилик тарабынан вето коюлган. Бирок, бул депутат андан да бүтүм чыгарбай, Манас атабызды бандитке теңегени аз келгенсип, Курманжан датка, Чыңгыз абабыздын да дарегине асылды. Лидерге депутаттар тургай, аймактардан келген съезддин карапайым делегаты да сын айталат. Буга эч качан тыюу салынып, эч ким куугунтукка алынган эмес. Каалашса, съезддин ар бир жүрүшүн архивден карап, талдап алышсын.
- Жээнбеков менен Абдрахманов мырзалар сиздердин партияда карьералык өсүш жок деп атышат... Буга эмне дейт элеңиз?
- Бул эки депутат 2007-жылы парламенттик шайлоо алдында "Ата мекендин" даңкы чыгып турган маалда партиялык тизмеге кириш үчүн кошулушкан. Абдрахманов андан мурун "Менин өлкөм", кийин СДС курамында жүргөн. Шайлоо бүткөнү алар Америкага кетишкен. "Ата мекен" оппозициялык партия болгондуктан, анын мүчөсү болуу менен америкалык иммиграциялык кызматтын жашыл жарыгын ачкан. Ошондуктан "ата мекенчилбиз" деп Америкага кеткендер өздөрү эле эмес, үй-бүлө мүчөлөрүна да партбилет алып кетишкен. 2010-жылы революциядан кийин Америкадан кайтышып, "Ата мекенден" депутат болушту, комитеттин төрагаларынын орун басарлары болуп иштешти. Анан партиянын ичинде өсүш жок деп айтууга буларда негиз барбы?! Алар диктатор атаган Текебаев экөөнү партиялык тизмеге кепилдигин берип, партиялаштарынан суранып атып киргиздирген. Болбосо, съезддин 600 делегатынын жарымына жакыны экөөнө каршы добуш беришкен. Экөөнү партиядан чыгаруу маселесин караган пленумда да карапайым партиялаштар лидерге муну эскертишти. Текебаев ошондо кетирген катачылыгын республикалык кеңештин алдында моюнга алды.
- "Ата мекенде" атаандаштык жок, диктатура деп атышпайбы катарыңыздардан чыгарылган депутаттар?
- "Ата мекен" - демократиялык түзүлүштөгү партия. Албетте, ар бир партиядагыдай эле бизде да партиялык дисциплинардык башталыштар бар, демократиялык централизмге негизделген. Атаандаштык - интригандык жана бузукулук эмес, атаандаштык - бул мээнет, эмгек менен карапайым партиялаштардын ишенимине кирип, урмат-сыйына татуу. Бул бир топ убакытты талап кылат. Буга Жээнбеков менен Абдрахманов партиянын бул сыноосуна, ушул түшүнүктөгү атаандаштыгына туруштук бере алышкан жок.
- Партияда, фракцияда жаштарга орун жок экени чынбы?
- Абдрахманов 65те, Жээнбеков 45те. Фракциянын үчтөн бир бөлүгүн жаштар түзөт. Жаштар үйрөнсүн деп, Жоомарт Сапарбаевди Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы, генерал Мамытовдун, Бактыбек Калмаматовду Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, генерал Абдылдаевдин орун басарлыгына көрсөттүк. 27 жаштагы бул депутаттар азыр бул комитеттерде иш алпарып атат. Министрлик, агенттиктердин жетекчилигине да 30 менен 40тын кырындагы жаштарды жылдырдык. Алар сырттан келип калган жок, партиянын кадрдык резервиндегилер. Аймактардагы лидерлердин да басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Партиябыздын идеологиясы, катары да - жаш экен дебестен Жоомарт Сапарбаев партия төрагасынын орун басары, ага партиянын эл аралык ишмердигин алып баруу тапшырылган. Кытай компартиясынын делегациясы келгенде анын жаш курагын угуп, таңгалышты. Делегация жетекчиси андан: "Ушундай жаш туруп, партиянын ишенимине кантип татыдыңыз?" деп сурады. Ишеним тынымсыз эмгек, туруктуулук менен өжөрлүктүн аркасы менен келээрине бул - дагы бир далил. Америкага барганында 60тан ашкан сенатор 42 жаштагы жардамчысын чакырып, 27 жаштагы Жоомартты "Көрдүңөрбү, кандай иштеш керек" деп үлгү кылган экен. Анткени АКШдагы, дегеле, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү, жолдуу деген Барак Обама 30дан ашканда араң АКШ конгрессине шайланган.
Жаштыгына карабай, Ысык-Көл облусу боюнча партиянын ишин алып баруу Жоомарт Сапарбаевге, ал эми Кыргызстандагы эң чоң Ош облусу боюнча иш алпаруу Бактыбек Калмаматовго тапшырылган. Каракол жана Ош шаардык кеңештерине өткөн шайлоону уюштурууга булар колдорунан келген аракетти көрдү, түшүнүгүнө жараша ишти жүргүзүштү. Бирок жыйынтык начар болуп калды. Бирок убагында кол кабыш кылмак тургай, кеп-кеңеши менен жардам бералбаган айрым фракциялаш депутаттарыбыз кайра табасы кангандай интервьюларды беришти. Равшан Жээнбеков өзүнө бөлүнгөн Ноокат жана Чүй райондоруна 1,5 жыл ичинде басып да барган эмес. Шайлоочулар менен да, "ата мекенчилер" менен да жолуккан эмес. Кантип анан ал лидерликти маселен, Жоомарт менен Бактыбектен талаша алат?
- Басылмаларга билдиргендей, Өмүрбек Абдрахмановдон комитет төрага орунбасарлыгы ыраа көрүлбөй, ал Америкада жүргөн маалда сиздердин фракция аны көрсөтпөй коюшкан экен. Ушул чынбы?
- Абдрахмановдун партия менен элдешкис фактору эмне экенин анын акыркы убактардагы маалымат каражаттарында айткан репликаларын тизмектейли, эл өзү ага диагноз коюп, бүтүм чыгарсын:
Акиpress: "Спасибо Текебаеву. Потому что дальнейшая жизнь в этой партии невозможна. Они говорят о каких-то моральных вещах, которые полностью отсутствуют у партии";
ЦА: "Текебаев - социалист. Он хочет создать социализм как в Венесуле или на Кубе. Мы же хотим построить цивилизованное европейское общество. В партии Омурбек Текебаев установил диктат. Он утверждает что солнце должно быть одно. Как коммунист в 1937 году не терпит инакомыслия. Мы же говорили, что в партии должно быть несколько лидеров";
"Вести": "Рад избавиться от этого маразма под названием "Ата Мекен"".
"Ата мекен" фракциясына беш комитеттин төрага орун басарлыгы бөлүнгөн, аларга биз жаштар үйрөнсүн, тажрыйба топтосун деген ниетте жаштарды жылдырганбыз. Баласындай, небересиндей балдардан орун талашса, анда буга чейин маалымат каражаттарында "жаштарга орун жок" деп тагып келаткан кинесин өздөрү жокко чыгарып атпайбы. Фракция чечимин тоготпой, "мен болушум керек эле" деп таарынганы накта авторитаризмдин симптомдору болуп жүрбөсүн. Башка партияларды карайлычы, Курманбек Осмонов - Жогорку соттун төрагасы, экс-Юстиция министри, экс-Консоттун мүчөсү, убагында кыргыз өкмөтүнүн укуктук маселелер боюнча вице-премьери. "Ата журт" фракциясынан ал Сот реформалоо боюнча комитетине катардагы мүчө болуп кирбей калды. Ал ар кайсы жерде Ташиевди, фракциясын, партиялаштарын жамандап, интервью берген жок. Айрым фракцияларда карама-каршылык биздегиден да күчтүү, алардын бөлө албаган бийлик-байлык маселелери да бар. Улам гезиттерден "Текебаев Жээнбековду премьерликке убада кылып, кайра бут тосуп, өткөрбөй койду" дейт. Равшандын өтпөй тургандыгын баарыбыз айтканбыз. Ал эми башкысы - биз коалицияга кирип, анын макулдашуу келишимине кол койгонбуз. Убадага туруу, жигитчилик деген бар да. Эмнеге биз, аны колдоого тийиш элек? Ооба, лидер бизден "фракциялаш болгон соң, бир бөлүгүбүз колдоп коелу" деп суранган. Бирок биз ар бирибиз өз чечимибизди кабыл алдык. А мындай демократия Жээнбеков менен Абдрахмановго жакпады. "Мынча добуш беребиз, сен премьерликке чык" деп андан эч ким суранган эмес. Өзү фракция жыйынында: "колдобосоңор да чыгып, пиар кылып алайын" деген.
- Равшан мырзага президенттикке да чыгууга партияңыздар мүмкүнчүлүк бербегени ыраспы?
- Президенттикке коем деп аракет жасап, Жээнбеков съездде альтернатива болуп чыгууну көздөп, эл мени колдойт деп журналисттерге тымызын маалымат таркатып жүргөн дешет. Бир да адам колдобой турганына ынанган соң, талапкерлигин койгонго даай алган жок. Президенттик шайлоодон кийин партиялаштарына: "Талапкерлигиңди койбо дегениңер туура болгон экен. Башкалардай 0,5 пайыз алып уят болмок экенмин. Мына Байболовду карагыла, 0,5 пайыз алып уят болду. Ошол уят болгону үчүн акча да сарптады" деп рахматын айткан жайы бар.
- Катарыңыздардан чыккан депутаттар өзүнчө бир топ болуп ишмердигин улантуу ниеттерин билдиришүүдө. Алардын мандаттары өздөрүндө калабы?
- Алар диктатор атаган Текебаевдин демилгеси менен Конституцияда депутаттык мандат эркиндигин сактаган жобо бар. Бирок бул абийир маселеси деп бааланат. Республикалык кеңеш алардан мандатты тапшырууну талап кылды. Мандатты тапшыруу же тапшырбоо маселелери биринчи кезекте алардын абийиринде. Мына эми партиядан чыгардык. Өз алдынча партия түзүп, атаандашып, өздөрүнүн мыктылыгын далилдесин. Биз алардай атаандаштардан чочулабайбыз.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ
P.S. Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбековдун айта турганы бар болсо редакция эшиги ачык.









??.??





??.??