presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Азыркынын жомогу

"Бөрк ал десе баш алган…"


Илгери-илгери бир өлкөдө казино элин кокодон алып, эркектеринин мойнуна мине баштаптыр. Бул көйгөйлүү маселе бийликке чейин жетип, ага каршы күрөш ийгиликтүү жыйынтыкталыптыр. Бирок ал маселенин майда-чүйдөсүн карапайым калк билбей калышыптыр. Эмесе, Калпакстанда казино кантип жабылганын кеңири жазып берели.

Кайсы гана кылымда, кайсы гана өлкөдө болбосун иши жакшы жүрүп жаткан көпөстөр ханга, башкы увазирге жең ичинен салык төлөп, ай сайын "долясын" берип турат эмеспи. Калпакстанга жаңы эле хан жана увазир болуп шайланган Алмашбек Атасы Крутой менен Өндүрбек Папановго Бозулак Апазаиров деген көпөс ай сайын кирешесинин бир бөлүгүн ыргытып турат. Жаңы чоңдор Бозулакты чакырып алып биздин "доляны" көбөйтпөйсүңбү тырышпай десе, тиги да учурдан пайдаланып анда майда-чүйдө кумарканаларды, оюн автоматтарды жаптырып бергиле, мен силерге көбүрөөк акча берип турайын дейт. Өндүрбек Папанов Мээбек Гапаровду чакырат да, 250 миң доллар иштегиң келеби дейт. Мээбек кантип десе, Эл өкүлдөр Кеңешинен майда-чүйдө кумарканаларды жаптыра турган мыйзам долбоорун өткөрүп кел дейт. Мурда койлорду сүрөткө түшүрбөйлүбү деп уят болгон Мээбек бул жерден башка адамдын колу менен жасаш керек деп ойлонуп, Эл өкүлдөр Кеңешинде көп сүйлөбөй жүргөн Факыт Бетименовду чакырат. Ага 50 миң доллар иштегиң келеби дейт. Кантип деп Факыт сүйүнүп кетет. Жанагы майда-чүйдө кумарканаларды жаптыра турган мыйзам токуп берем, сен болсо Эл өкүлдөр Кеңешинен өткөрүп берсең эле 5 пачке жашылбайды колуңа карматам дейт. Өзүң да көп деле мыйзамдарды жазып кыйратпайсың, бул мыйзамды кабыл алдырсаң көпчүлүк эл сага ыраазы болуп калышат, элдин тагдырын ойлогон киши катары атың да чыгат дейт. Факыт дароо бул ишке киришип мыйзам долбоорун жазып алып, ушундай долбоорлорду талкуулоого жолдомо бергичтин кызматын ээлеген Күмүшбек Салеймановго кирет.
Эч нерседен капарсыз Күмүшбек Салейманов биринчи жолу карапайым элдин кызыкчылыгын коргогон, көз жашы аккан энелердин, үй-бүлөсү бузулган айымдардын үнү көккө жетип кумарканалар жабыла турган мыйзамдын алдына келип түшкөнүнө кубанып, карап чыгат. Жакшылап окуса эле ал жерде майда-чүйдө кумарканалар гана жабылыш керек экендиги айтылат. Күмүшбек Факытты чакырып, сен чын эле элдин кызыкчылыгын көздөп жатасыңбы десе, эчтеке оюнда жок берки эргул ооба деп кудуңдай жооп берет. Анда Күмүшбек аның чын болсо мобул жерге казинолор да жабылсын деген сөздү кошуп койбойлубу дейт. Берки аны кошсом мага 50 миң эмес 100 миң берип калышса керек деген ойдо иштин баары ошол жерде экенин билбей Күмүшбектин сунушу менен казинолор да жабылсын деп мыйзам долбооруна киргизет. Долбоор Эл өкүлдөрү Кеңешинин кароосуна өтүп кетет.
Бул жөнүндө уккан Мээбек Гапаров сен даана көкмээ турбайсыңбы, иштин баары ошол казинолордун атаандаштарын жок кылууда болчу да. Эми сага 50 миң доллар эмес 50 тыйын жок дейт. Кичине акча иштей коеюн деген Факыт мыйзамды жазып учкашып алгандан кийин эми аягына чейин чыгайын, эч болбосо патриот эл өкүлү болуп калам деп мыйзамды кабыл алдыртканга аябай чуркайт. Ошентип бөрк ал десе башын алдырып салган окуядан кийин Алмашбек Атасы Крутой жана Өндүрбек Папанов Бозулак менен начар мамиледе болуп калышат.
Эмкиде эл толкуса толкунду күчөткөнгө жардам берем деп турган Апазаиров ханга каршы чыкчулардын катарын толуктап калат. Мээбектин Факытка жакшылып түшүндүрбөй, "ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт" көрүнүшү менен элге жагымдуу мыйзамды кабыл алдырып беришти. Бул жерде эч нерсени байкабай чын эле элге жакшылык кылгың келсе казинолорду да жаптырыш керек деген сүйлөмдү кош деген Күмүшбек Салеймановдун эмгегин баалаш керек. Ал эми Факыт Бетименов акча иштейм деп элге акылдуу көрүнүп алганын анын балдары ата-бабаларыбыз аябай патриот болгон деп айта жүргөнгө факыт болуп берди. Мыйзам токугучтар ушундай бузук телефон ойношуп элге жакшылык кылбаса өздөрүнүн акылы менен пайдалуу мыйзамдарды жазбай калышты көрүнөт. Ушундай жомокторду жатаарда угуп жатсаң, ар бир өлкө тургуну жылмаюу менен жакшы түш көрүп жатаары турган иш. Ушул сыяктуу мыйзамдарды адашып кабыл алышпай, акыл менен жазышканда Калпакстан жөнүндө башка өлкөлөр "…ошентип эл бай болуп, өркүндөп-өсүп жашап калышкан экен…" деп айтып калышмак.
Эскертүү: Ар кандай дал келүүлөр, окшоштуктар конкреттүү бирөө жөнүндө маалымат бербейт. Бул жөн гана тамаша, бирок чындыкка жанаша окуя. Өзүн каармандарга окшоштуруп алып чычалап келмей жок.
Жомокту тыңдаган Олокон












??.??