Берки жээк
Рыскулбек БАКТЫБАЕВ, Башкы прокурордун мурдагы биринчи орунбасары:

"Икрамидин Айткулов менен Касым Ысманов ушак таратып атышат"



- Гезитиңердин өткөн санында берген маалыматыңар чындыкка жатпайт. Силер аны адвокат Икрамидин Айткуловдун айтканы боюнча жазыпсыңар. Акмат Бакиев 3-мартта качса, мен 15-февралда кызматыман кеткем. Экинчиден, Башкы прокурордун төрт орунбасары бар. Биринчи орунбасар катары мен тергөөгө эч качан көзөмөл кылган эмесмин. Үчүнчүдөн, мени Акмат Бакиевдин жакын досу болгон деген туура эмес. Себеби, мен ал кишиден биртоп кичүүмүн. Анан Касым Ысманов Акмат Бакиев Рыскулбек Бактыбаевдин колу менен көп иштерди бүтүрчү деп айтты деп жазыпсыңар. Негизинен Касым Ысманов убагында "Кыргызнефтегаздан" 3,5 млн. сом жегени үчүн соттолгон. Эки инстанциядагы сот тең муну күнөөлүү деп тапкан. Бул окуя 2006-2007-жылдары болгон. Ошо кезде мен Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жетекчиси болуп тургам. Мен облустук жетекчи катары ар бир кылмыш ишине түздөн-түз жооп бербейт элем агезде. Ошондон уламбы, азыр Касым Ысманов менен Икрамидин Айткулов эски фактыларды козгоп, мени негизсиз каралап ушундай билдирүүлөрдү таратып атышат.
- Анда алардын сизге мурдагы иштер боюнча ич күптүсү бар го?
- Бул боюнча булар менин үстүмөн арыз жазышкан. Ал арыз Башкы прокуратурада турат. Алар жооп беришкен. Мага кылмыш ишин козгоп туруп да текшеришкен. Алардын айткан фактылары далилденген эмес. Негизи мени, башкаларды да президент кызматтан кадрларды жаңылоо максаты менен алды. Анан бир ай өтүп эле мени Бакиевди качырып жиберди деп ушак чыгара берген туура эмес да.
- Демек, сиздин кызматтан алыны-шыңыз менен Акмат Бакиевдин качып кетүүсүнүн эч байланышы жок экен да...
- Дагы айтам, жаңы шайланган президент Башкы прокурордун үч орунбасарын кызматтан алып, ордуна башкаларды дайындады. Биз офицер, жоокер катары элебиз. Президенттин указын талаша албайбыз. Мен Акмат Бакиевди тергеген да, анын кылмыш ишин окуган да эмесмин. Башкы прокурордун биринчи орунбасары катары жалпы көзөмөл гана жүргүзөм. Бакиевге тагылчу күнөөлөр сот тарабынан эбак коюлган. Андыктан соттун 7 жыл берип койгонуна мен айыптуу эмесмин да.
- Парламентке чакырсак качып келбей койду деп атышпайбы сизди?
- Алайда жүрсөм Токон Мамытовдун жардамчысы ошол күнү 12ге 15 мүнөт калганда чалды. Мага эрте айтылганда парламентке барып болгонун болгондой айтып бермекмин. Азыр мен жөнөкөй жаранмын. Катардагы кишиге жалаа жаба калган болбойт да. Балким Бакиевди качырып жибергендер өздөрү ушинтип айтып сал деп адвокат аркылуу атайын коомдук пикир жаратып атышкандыр. Икрамидин Айткулов Аида Жеңишбековнага мен тууралуу суроо бергенде аны текшергенбиз, а кишинин эч кандай күнөөсү жок дебедиби. Дагы эмне керек?!




Аркы жээк
Икрамидин АЙТКУЛОВ,
Касым Ысмановдун адвокаты:

"Бактыбаев Бакиевге "крыша" болгон"



- Икрамидин мырза,
Башкы прокурордун мурдагы 1-орун-басары Рыскулбек Бактыбаев сиз коргогон Касым Ысманов "Кыргызнетефтегаз" ишканасынан 3,5 млн. сом жеген деп атат. Бул чынбы?
- Бул калп. Ал кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган. Керек болсо ал жерде кылмыш болгон эмес. "Кыргызнефтегаз" өзү чоң акционердик коом. Кайсы бир текшерүүдө АКнын склад башчысынын эсеби кем чыгып калган. Буга ошо кезде ишкана башкаруусунун төрагасы болуп турган Касым Ысмановду айыпташат. А мыйзам боюнча эсеп кем чыккан күнү да буга Ысманов жооп бербеши керек эле. Анткени склад башчысы менен төраганын ортосунда муну көзөмөлдөөчү беш-алты жетекчи кызматкерлер бар болчу. Экинчиден, "Кыргызнефтегазда" эсеби чыкпай калган жылуу чолок тондорду(бушлат) агезде Аскердик прокуратура кайсы бир аскердик бөлүктөн уурдалган деп алып койгон. Бирок кийин ал чолок тондор уурдалбаганы тастыкталган. Бул боюнча Аскердик соттун актоо чечими да чыккан. Тилекке каршы, Аскердик прокуратура жылуу тондорду артка кайрып берген эмес. А Касым Ысмановду так ушул "уурдалган" бушлаттарды сатып алган деп айыпташкан. Бул жерде Ысмановдун кымындай да күнөөсү, катыштыгы да жок.
- Рыскулбек Бактыбаев тескерисинче эки инстанцияда тең К.Ысманов айыптуу деп табылган деди го?
- Ооба, ал айыпталган. Анткени бул Акмат Бакиевдин көрсөтмөсү менен болгон.
- Касым Ысманов кайсы бир басылмага маек берип, Рыскулбек Бактыбаев Акмат Бакиевдин оң колу болчу деди. Муну Р.Бактыбаев жокко чыгарып атат. Анын Бакиевдин оң колу болгону чынбы?
- Бул чын. Анткени Бакиев Бактыбаевге Касым Ысмановго кылмыш ишин козгойсуң деп көрсөтмө берген. Жалал-Абад прокуратурасы болсо Ысмановдун 7 жыл мурунку жабылган ишинен кайсы бир материалдарды бөлүп алып, жок жерден аны айыптап сотко жөнөтүп атат. Мен ошондо Р.Бактыбаевге тергөөчү менен анын орунбасары менин коргоочумду негизсиз айыптаганы тууралуу доо арызымды жолдогом. Ошондо ал мунун баары мыйзамдуу деп жооп кылган. Ал каты менде турат.
- Кептин ток этерине токтолсок, Рыскул Бактыбаевдин Акмат Бакиевдин качып кетишине кандай катышы бар?
- Негизинен Акмат Бакиевдин кылмыш иши үстүртөн эле иликтенди. Мен Жогорку Кеңештеги Башкы прокуратуранын тергөө тобунун тергөөчүсүнүн токтомун окугам. Анда Акмат Бакиевге карата биртоп ишкана, жер участокторуна байланышкан коррупциялык кылмыш иштери тизмектелген. Кийин Бакиевдин ишинде бул токтом, буга байланышы бар биртоп материалдар жок болуп чыкты. Алар кайда житип кетти? Мисалы, Бакиевдин офисин тинткенде ВЛКСМ фабрикасы боюнча баракчалар табылган. Анда Жогорку сотко, кайсы бир министрге ачык эле көрсөтмө берилген, башкача айтканда ким кайсы маселени чечиши керектиги жазылган. Мунун баары Бакиевдин негизги соттук ишинде жок болуп атпайбы. Мен жасалмалуулук, бурмалоо болуп атат деп ушуларды айтып атам. А Рыскулбек Бактыбаев Башкы прокуратурада отуруп так ошол түштүк жакты тейлеп атат.
- Бирок ал биринчи орунбасар катары мен жалпы көзөмөл гана жүргүзгөм, Бакиевдин кылмыш ишин окуган да эмесмин деп атпайбы?
- Ага ишти окуп не кереги бар? Ал көрсөтмө гана берип турган. Болуптур, анын тиешеси жок экен, анда мен көрсөтүп, далилдеп берип аткан мыйзам бузууларды Башкы прокуратура неге иликтебейт? Р.Бактыбаев өзү буга кызыкдар болуш керек эле да. Эмнеге анда ал орунбасар катары менин доо арызыма маани бербейт? Мен кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сурангам. Бирок ал болгон жок да. Айыпкердин ишин майдалап, бурмалагандардан ким жоопко тартылды? Эч ким. Биринчи инстанциядагы сот Бакиевди 6 статья боюнча актап атат. Башкы прокуратура бул боюнча неге сунуш, арыз жазган жок? Тескерисинче, Бактыбаевдин көрсөтмөсү менен Бакиевдин ишине мамлекеттик айыптоочу катары катышкан Башкы прокуратуранын кызматкери биринчи инстанциядагы сот бүтөрү менен башка кызматка котортулуп атат. Мыйзам боюнча так ошол прокурор Бакиев боюнча көрсөтмө жазышы керек болчу.
- Бул жерде Р.Бактыбаевдин көрсөт-мөсү болгонун кантип далилдей аласыз?
- Сотко катышкан прокурор өзү мага бул тууралуу айтып берген. Мен андан эмне үчүн сиз А.Бакиев акталып, ага жумшак өкүм чыгарылганына каршы прокурордук сунуш жазган жоксуз деп сурасам, ал мени кызматтан алып коюшту деди.
- Анын атын атай аласызбы?
- Эрмек Кулушев. Аны менен кошо биринчи инстанциядагы сотко Жалал-Абад облустук прокуратурасынын кызматкери да катышкан.
- Касым Ысманов А.Бакиевдин ишинин кыскартылышына Р.Бактыбаев кызыкдар болгон деп атат. Бул боюнча фактылар барбы?
- Албетте, Бакиевдин ишинин кыскартылышына ал кызыкдар болгон. Анткени Бакиев менен кошо облус прокурору катары анын жоопкерчилигинин тагдыры чечилип атат. Ысмановду мыйзамсыз жоопкерчиликке тартып атканда облустук прокурор кайда карап атты? Анын бир нече жүз миңдеген долларлык мүлктөрүн эмнеге тартып алышты? Ушундай суроолор өтө көп болчу.
- Рыскулбек Бактыбаев мени 15-февралда кызматтан бошоткон, Бакиев 3-мартта качып кетти. Андыктан буга менин тиешем жок деп атат?
- Менин версиям боюнча Рыскулбек Бактыбаев А.Бакиевге "крыша" болгон. Ал кызматтан алынган соң ал аны эч ким коргобосун билип качып кетип атат. Ал дагы көп кылмыштар боюнча жооп берерин, биз аларды дагы көтөрө берерибизди билген. Азыр бул маселе чечилип атат, толук чечилет деп ойлойм.
- Бакиевдин качып кетишине Жогорку соттун күнөөөсү барбы?
- Экинчи инстанциядагы сот Бакиевге карата амнистия келтирип атат. Бул туура эмес экенин, тескерисинче Бакиевдин күчөтүлгөн режимде кармоо керектиги боюнча мен өткөн жылдын октябрь айында Жогорку сотко доо арыз жолдогом. Мен кайрыларым менен А.Бакиевдин адвокаттары да аны актоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Эгер мен арыз жазбасам алар да кайрылышмак эмес. Ушул жерден суроо туулат. Эмне үчүн алардын, менин арыздарымды 2012-жылдын 28-февралында гана карашты? Эмне үчүн ушунча убакыт арыз каралбай атты? Доо арыз турса, Жогорку сот аларды карай элек жатса Бакиев жатак абакка которулуп атат. Балким бул убакытта Жогорку сот менин өтүнүчүмдү канааттандырмактыр. Жок. Андай болбой Бакиев жатак абакка чыккандан кийин гана менин доо арызым каралып атат. Бул оркойгон мыйзам бузуу.
- Демек амнистия таптакыр мыйзамсыз экен да?
- Албетте мыйзамсыз. Ага берилген 7 жылдын 6 жылы менин жактоочумдун айыптоосу боюнча эле берилип атат. А максималдык түрдө 10 жыл берилиши керек эле. А.Бакиев Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, президенттин иниси болуп туруп бирөөнүн жүз миңдеген доллар турган мүлкүн тартып алганы үчүн араң 6 жыл берип атышат. Ошол эле мезгилде Аламүдүн РИИБинин эки тергөөчүсүнө 10 миң сом алдап алгандыгы үчүн бирине 6 жыл, экинчисине 9 жыл берилгенин билем. Калыстык кайда? Менин жеке пикиримде, Бакиевдин качышына сот, прокурорлор түздөн-түз жоопкер.

Мелис СОВЕТ уулу