31.01.14 Эсенбай НУРУШЕВ:
"Коррупция кылтасын кырктык деп жалган аброй алуунун амалы жүрүүдө"
Өткөн жумада Өмүрбек Текебаев демилге көтөрүп чыккан коррупция боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Мындай темп менен кетсе бул долбоор мыйзам күчүнө ээ болчу күн деле алыс эмес өңдөнөт. Коомчулукта да түрдүү пикир айтылып жатат, колдогондор, атайын кайрылуу жасап жибергендер да болууда.
Бирок бул маселенин башка жагдайы бар экенин эмнегедир Текебаевден башка 119 депутаттын бири да айткан жок. Кокус бул долбоор кабыл алынып кетсе, биз коррупция менен күрөшүүдө да дүйнөдө "биринчи" болуп калгыдайбыз. Ошондуктан биз белгилүү публицист, мындай коомдук маселелердин эл аралык деңгээлде күңгөй-тескейин жакшы билген Эсенбай Нурушевди кепке тарттык.

- Элдин көбү, өзгөчө интеллигенция чөйрөсү коррупцияга байланышкан кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу демилгесин дуулдап колдоп жатат. Сиз болсо "Вечерний Бишкек" гезитиндеги макалаңызда муну анчейин туура көрбөптүрсүз. Эмне үчүн?
- Себеби мындай. Биздин Кылмыш кодексинде өзгөчө оор кылмыштар он жылдан кийин эскирет экен. Эми алардын үч гана түрү - коррупция, мамлекетке жасаган чыккынчылык, кызмат абалынан кыянат пайдалануу эскирбес кылмыштар болуп табылганы жатат. Ал эми калгандары, мисалы, терроризм, бандитизм, атайылап, өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү, бешиктен бели чыга элек кыздарды, балдарды зордуктаган айбанчылык (педофилизм) сыяктуу кыянатчылыктар он жылдан соң эскирип калат. Булар эмне бизде социалдык жактан актуалдуу эмеспи? Алардын биртобу коррупциядан ашкан коркунучтуу кылмыштар. Айталы, террорчулар коомдук жайларды же өндүрүш имараттарын жардырып, же канча бир кишинин өмүрүн кыйып, он жыл тышта качып жүрүп, анан эчтемеден кооптонбой, коркпой-этпей кайра келе берсе болот.
- Бу жагы башка өлкөлөрдө кандай?
- Бир катар өлкөлөрдө оор кылмыштардын бардык түрүнө эскирүү мөөнөтү белгиленген эмес, кай бирлеринде конкреттүү кылмыштар, мисалы, мыкаачылык менен киши өлтүрүү, адам уурдоо сыяктуу кыянаттар эскирбейт деп табылган. Жалпылап алганда, өзгөчө оор кылмыштар оош-кыйышы менен он жылдан отуз беш жылга чейин эскирбейт. Эзели эскирбейт деген кылмыштар арасында коррупция жок.
Экинчи жагдай таза процессуалдык жүйөөлөргө байланышкан. Жыйырма, отуз жыл мурда жасалган кылмышты, айрыкча коррупциялык иштерди далилдөө чоң кыйынчылыкка турат, атүгүл мүмкүн болбой калат. Анткени документалдуу таныктар жоголуп кетет, ишке түздөн-түз күбө болгон адамдар да табылбай калышы ыктымал.
- Демек, бу мыйзамдын пайдасы күмөндүү...
- Бу мыйзам керек болсо коррупцияны алдын алганга жардам деле боло албайт, эскертүү механизми болгонго деле жарабайт. Ал кагаз бетинде гана калат. Эскирүү мөөнөтүн алып салса эле алкымы бузуктар коркуп калат, мамлекеттин, калктын каражатына кол салганга даабай калат деген бекер кеп. Батышта бу маселеге арналган атайын иликтөө борборлору, басылмалар бар, ошолордо коррупциянын түрлөрү, анын ыкмалары канчалык кыйды, жиги билингис митаам болуп баратканын агылгалап байкап-багып, байма-бай жазып келатышат. Бекер акчага пейили бузулгандарды атүгүл өлүм жазасы менен деле коркута албайсың. Мына, коңшулаш турган Кытайды алалы, аерде жыл сайын жүздөгөн кишилер өлүм жазасына тартылат...
- Анда коррупция менен күрөшпөй койсок кантет?
- Коррупция менен күрөшүү керек, болгону бул иште популизм керек эмес. Популизм өзү коррупциянын бир көрүнүшүнө кирет. Коррупциянын кылтасын кырктык, ага каршы элдин башына келбеген таасирдүү чараларды таптык деп жалган аброй алуунун гана амалы.
- Ушул мөөнөттүн аркасында мурдагы бир нече чиновник сотто кылмыш ишинен кутулуп кетишпедиби?
- Алардын күнөөсү - 2003-жылы түзүлгөн келишимге макул болуп, тийиштүү документке кол коюп беришкенинде. Эгер ушул кылмыш болсо, анда алардын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра козгосо деле болот. Муну Башкы прокуратура каңкуу кылгандай болду.
- Коррупцияга каршы кү-рөштө кандай жол натыйжалуу болмок?
- Бул иште баары бир жазадан качып кутула албайсың деген кыялды эле колко кылып, корстон болуп отуруп алыштын кереги жок. Конкреттүү, системалуу аракет зарыл. Азыркы мыйзамдардын негизинде эле болгон ишти тап жылдырбай териштирип, кечиктирбей тескеп туруу керек.
Мындан тышкары премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев коррупция менен такай күрөшө турган атайын бир орган түзүлөт деп айтты эле. Менимче, ушул туура кадам болмок. Көп жерлерде дал ушундай органдар, бюролор түзүлгөн, аларга өтө кеңири укуктар берилген. Бизде болсо бул ишти Башкы прокуратурага, Коопсуздук комитетине, милицияга жүктөп коюшту. Бирок алардын да колу-жолун бууган көп нормалар бар.
Башкасын коелу, биринчи жана экинчи президенттин учурундагы иштерди эле кынтыксыз кылып, таптешиктеп далилдештин өзү аларга канчалык кыйын болуп жатат. Анан кайдан жүрүп келечекте жыйырма, отуз жыл өткөн иштерди далилдеш оромпой тепкендей оңой болуп калсын. Бу демилгени көтөргөндөр маселенин ушул өңүтүн караманча эске алган жок.
- Идея президент Атамбаевден чыкпадыбы.
- Президент туура эле идеяны сунуш кылды. Ал коррупциялык иштердин эскирүү мөөнөтүн таптакыр алып салгыла деген жок да, аны узартуу керек деп айтты. Бу мөөнөт азыр он жыл болсо, аны эки эсе, муну аз дешсе үч эсе көбөйтсө болмок.
Атүгүл коррупцияга каршы Улуттар Уюму 2003-жылы кабыл алган конвенцияда бул кылмыш үчүн эскирүү мөөнөтүн узак мезгилге узартуу, зарылдыгы чыкса белгилүү убакка чейин токтото туруп, кайра улантуу сунуш кылынган. Мындай мөөнөттү таптакыр алып салуу тууралуу ал жерде да кеп жок.
- Бирок Батышта сексен-токсонго чыккан кишилерди деле соттоп жатышат, бизде да мына ушундай болуш керек деп атышпайбы.
- Эки эле мисал айталы. Жак Ширак Парижде шаар башчы болуп турганда бир канча жасалма жумушчу орундарды түзүп, аларга арналган маяналарды өз партиясынын штабына которуп берген деп 90-жылдардын башталышында оппоненттер доо коюшкан. Көп өтпөй Ширак президент болуп шайланып, 2007-жылга чейин бийликте турду. 2009-жылы оппоненттер эски ишти кайра козготушуп, Ширак бери эле дегенде он жылга кесилет деп айтышкан эле. Бирок адвокаттар эмес, прокурорлор өздөрү коррупциялык кылмыш эбак эскирип кеткендиктен иштин жабылышын талап кылышты. Сот болсо экс-президентти жазалоону чечти. Ширак шарттуу түрдө эки жылга кесилип, бир евро айыппул төлөдү. Болгону ушу.
Германиянын мурдагы канцлери Гельмут Коль да бийликтен кеткенден кийин өз партиясын мыйзамсыз финансылап жүргөнү билинип, аны да жоопкерчиликке тарткысы келгендер болгон. Натыйжада Коль болгону партиянын ардактуу төрагалыгынан гана кетти.
Эл аралык конвенцияларда негизинен агрессивдүү согуштарды пландап, тыюу салынган куралдарды колдонгон жана адамзатка каршы кылмыш кылган учурларда гана эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. Мындай эреже дүйнөлүк экинчи согуштун натыйжаларын эске алып киргизилген. Ошо согуш маалында туткундарды, оккупацияланган аймактарда жайкын калкты кыргынга салган нацисттик армиянын мурдагы офицерлерин дал ушул нормага ылайык ушу кезге чейин соттоп жатышат. Пиночет да миңдеген адамдарды ың-жыңсыз кылып өлтүргөнү үчүн соттолду. Гаагадагы эл аралык трибунал да ушундай кылмыштар үчүн түзүлгөн. Бирок коррупция боюнча азырынча эл аралык трибунал жок.

Аскер САКЫБАЕВА