07.03.14 Жаңы мыйзам - жаңы талаптар
Кыргызстандын Тоо-кен металлургия боюнча кесиптик бирлиги Өмүрбек Текебаев өлкө жарандарынын укугун бузуп жатат деп шектенүүдө.

Анын себеби, "Ата мекендин" лидери мамлекеттик ишканалардын стратегиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзам долбоорду иштеп чыккандыгында. Текебаевдин пикири боюнча кокус өндүрүш токтоп калса анын жетекчилерин Кылмыш кодексинин негизинде жоопко тартуу керек экен. Мыйзам долбоордогу негизги басым адаттагыдай "Кумтөргө" жасалган. Муну парламентарий өлкөдөгү эң ири тоо-кен көптөгөн жумуш орундарын түзгөндөн тышкары, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон каражаттын мамлекеттик бюджетке үзгүлтүксүз түшүп тургандыгы менен байланыштырды.
- Маселен, "Кумтөр" өлкө ИДПсынын 10 пайыздан кем эмес бөлүгүн түзгөн эң ири салык төлөөчү жана бюджетти калыптандыруучу өндүрүш. Адистердин айткандарына таянсак, мындай өндүрүштөгү иштин басаңдоосу же токтоп калышы өлкөнүн бүткүл экономикасына терс таасирин тийгизет. "Кумтөрдүн" тынымсыз иштеп турушунан өлкөнүн бюджети түзмө-түз көз каранды, - дейт өлкөнүн стратегиялык ишканасынын парламенттеги оппоненти.
Ошол эле учурда "Кумтөр" долбоору боюнча 2009-жылдагы Генералдык макулдашууну жокко чыгарууну же шарттарын кайра карап чыгууну талап кылып жаткан Өмүрбек Текебаев инвесторлор атайылап өндүрүштүн ишин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген оюн айтат. Ушуга байланыштуу өзүнүн аракети менен же тескерисинче көңүл коштугунун кесепетинен өндүрүштүн жүрүшүн токтоп калууга алып келген стратегиялык ишкананын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жоопкерчилигин аныктай турган беренени Кылмыш кодексине кошуу сунушу киргизилип жатат. Ал ортодо депутаттын демилгеси тармактык профсоюздар тарабынан сын пикирге алынып, анын жетекчилери "Ата мекендин" башчысына каршылык каттарын жөнөтүштү. Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин төрагасы Элдар Тажибаевдин айтканына караганда, мыйзам долбоору менен таанышып чыккан профсоюздук уюмдун пикири боюнча эгер аталган документ кабыл алына турган болсо, эмгектенип жаткандардын каршылык акцияларын өткөрүү укугу одоно бузулган болуп калат.
- Бул жоопкерчилик катардагы жумушчулардын мойнуна түшкөн дагы бир жүк. Сунушталып жаткан мыйзам долбоор жумушчулар өздөрүнүн эмгек укугун коргоодо колдонуп жүргөн чаралардын бирине тыюу салып жатат. Аталган мыйзам жарандардын каршылык акцияларын өткөрүү укугунан ажыратып, эл аралык жана конституциялык нормаларды өтө орой бузгандыкка жатат, - дейт Тажибаев.
Анын айтканына караганда, депутаттар мамлекеттик кызыкчылыктардын сакталышына бардык күч аракетин жумшап, Кыргызстандын жарандарынын укугун жана эркиндигин кысымга албашы керек. Эксперттер бул демилге кезектеги адилетсиздик экенин белгилешет.
- Жолдорду тосуу менен коштолгон митинг, каршылык акцияларынын айынан "Кумтөрдөгү" өндүрүш бир нече ирет токтотулган. Тоо кенди электр энергиясы менен касыздаган подстанция өчүрүлүп, материалдык-техникалык колдоону тиешелүү деңгээлде жүргүзүүгө шарт болбой калган. Мындай ээнбаштыгы үчүн ким жоопко тартылды? - деген суроосун экономикалык серепчи Самат Алиев салат.
Бул маселелер өкмөт тарабынан тиешелүү деңгээлде чечилген эмес. Тоо кениндеги өндүрүш циклинин үзгүлтүккө учураганы, башаламандыктын кесепети биринчи эле кезекте өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизип жатат. Учурда аткаминерлер ушул сыяктуу чектен чыккан көрүнүштөрдү сөз менен эле чечкени болбосо, иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү жок. Баягы инвесторлор эле азабын тартып жатышат. Текебаевдин кезектеги мыйзам демилгеси аны дагы бир ирет тастыктап жаткандай. Сөз болуп жаткан долбоор чет элдик бизнесмендердин республикада иш алып баруусуна карата коомдун каршы пикирин ого бетер козутуп жатат дейт эксперт.
Кылмыш кодексин толуктоо аракеттери Кыргыз Республикасынын жарандарынын гана укуктарын бузбастан, өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн өлкө экономикасынын өсүүсүнө кошкон инвесторлорго да "мыйзам чегиндеги кысым" болуп саналат деген оюн кошумчалай кетти.

Апсамат ЖУМАШЕВ




Жарыбады го кайран эл
Жалал-Абад губернатору Жусубаалынын Жусупжан болуп өзгөрүшүнөн сумма өзгөрөбү?
Жалал-Абад облусундагы айыл чарба, өнөр жай, жалпы эле экономикалык абал боюнча өткөн жылдагы отчетту карап отурсак бул облуста айыл чарба тармагы 2013-жылы биртоп өнүккөнү, жерди пайдалануу кеңейгени, эгиндин түшүмдүүлүгү артканы айтылат. Анысы чындыр. Бирок аталган облус ошол берекени туура пайдаланып жатабы?


Андагы эсептерге ишенсек, өткөн жылга салыштырмалуу облуста дандык жүгөрү 13,4 миң тоннага, май өсүмдүктөрү 2,2 миң тоннага, пахта 5,0 миң тоннага азайганы менен, буудай 31,0 миң тоннага, күрүч 2,3 миң тоннага, жашылча 17,0 миң тоннага, картошка 3,8 миң тоннага жана тамеки 157 тоннага көп өндүрүлгөн. Ошол эле учурда айыл чарба эгиндеринин түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болгон.
Бирок бул аймакта өндүрүлгөн буудай элдин муктаждыгынын 47,2 гана пайызын камсыз кылат. Андыктан былтыр 20-сентябрда өкмөттүн токтому менен 2014-жылдын түшүмү үчүн 23900 гектар жер аянтына күздүк кылкандуу эгин эгүү сунушталган. Бирок күзүндө Жалал-Абад облусу пландалгандан аз, болгону 20832 гектар жерге гана күздүк айдоого жетишкен. Облустук жетекчилер өз отчетунда буга айрым райондогу жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы себеп болду дейт. Тактап айтканда, Аксы районуна күздүк буудай айдоого 1600 гектар жер аянтына эгиш керек деген тапшырма берилсе, иш жүзүндө 637 гектар жер аянтына гана күздүк айдалган. Ала-Бука районунда 4200 гектер жер аянтынын 3959 гектарына, Сузак районунда 10200 гектар жердин ордуна 8616 гектарга, Токтогул районунда 300 гектар жердин 194 гектарына гана күздүк эгилген. Облустун жыл жыйынтыктоо коллегиясынын отурумунда күздүк буудай эгүү боюнча 1000 гектардан ашык артта калган Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Медет Айдаралиевдин аткарган иштери жетишсиз экендиги белгиленген.
Актагандык эмес, бирок акыйкат үчүн айта кетсек Аксы районунда айдоо аянты өтө эле тартыш. Анын ичинен суулуу жер киши башына 0,03 пайыздан туура келет. Ошол эле учурда дыйканчылык үчүн дан эгиндерин өстүрүү кирешесиз болуп эсептелет. Андыктан жер менен алектенген дыйкандардын дээрлик баары аңызына кирешелүү деп эсептелген жашылчаларды айдаганга умтулушу мыйзам ченемдүү. Анан калса киши башына өтө эле аз өлчөмдө жер аянты туура келген аймактарда өзүн өзү актабаган, сапаты начар дан эгиндерин эгүү кимге пайда?
Эң башкысы кыргыздын башка аймактарындай эле Жалал-Абад облусунда, анын ичинен Аксы районунда кайра иштетүү тармагы тууралуу ойлонгон эч ким жоктой. Бүгүн берекеси төгүлгөн Аксы аймагынын көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылбай келет. Мисалы, Аксы районунун тоолуу аймактары бир тыйын кетпей өндүрүлүп жаткан жапайы жаңгак, алма, алча, карагат жана багындагы ар түрдүү мөмө-жемиштерди кайра иштетсе, компот, кыям, кактарды жасоочу чакан цехтери болсо ханга салам бербей жашап кетмек.
Баса, башкасын кой, Аксы районунда жаңгактуу аймактар көп. Ал жердеги элдин көбү күзүндө жаңгак теришип жылдык кирешесин таап алат. Бирок кашайып, көпчүлүк карапайым үй-бүлөлөр үчүн жападан жалгыз киреше булагы болуп келаткан так ушу жаңгак сатууну жолго койчу киши чыкпай жатат. Аксынын жаңгагы да бир кездеги Таластын төөбуурчагындай ортомчулардын колуна түшүп, карапайым калктын мээнетин толук актабайт. Учурда базарга барсаң жаңгактын бир килосу жүз сомдон ашык. Айрым жерлерде 200-300 сомго чейин чапчып барат. Ал эми Аксыдан күзүндө жаңгакты ортомчулар карапайым элдин колунан итбекер жыйнап кетишет. Райондун акими Медет Айдаралиевге жергиликтүү кеңештердин депутаттары ушул маселени койсо ал "бул маселени сөзсүз түрдө чечем" деп кабат-кабат убада берип кеткен экен. Бирок кашайып учурда ал убадасын унутуп коюптур.
Негизи эле жалпы облус боюнча ар кайсы райондордун өндүрүшүнө жараша кайра иштетүү ишканалары курулса карапайым калкка ар тараптан жакшы болмок. Мөмө-жемиштен сырткары Жалал-Абад облусунда мал чарбасы менен тирилик кылгандар да көп. Андыктан сүт өндүрүү да жыл сайын арбып баратат. Былтыр облус боюнча 286,6 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Отчетто ал өндүрүлгөн сүттүн бир пайызы гана иштетилип, курут, май, сүзмөга айланып сатыкка чыгары көрсөтүлгөн. Андан да кызыгы, облуста сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар жок болгондугуна байланыштуу бул облустун базарында башка жакта иштетилген сүт азыктары сатылууда. Туура, мөмө-жемиш, жашылча өндүрүү жакшырып, бирок алар да кайра иштетилбей арзан боюнча сыртка чыгып жатат.
Айтор, Жалал-Абад берекелүү, бирок Экономика министри Темир Сариев жыл жыйынтыгында белгилегендей кедей облус. Берекесин пайдаланганды билиш үчүн Жалал-Абадга жергиликтүү бийликтен баштап облус жетекчилигине чейин көсөм, азыркы замандын тилин билген менеджер жетекчи керек. Тилекке каршы акыркы жылдарда Жалал-Абад облусу менеджер жетекчиге жарый элек. Жакында облустагы өкмөттүн өкүлү алмашты. Жусубалы Төрөмаматов кетип, анын ордуна Жусупжан Жээнбеков келди. Төрөмаматов мурдагы "мент" экен, бийликке милиция боюнча келип, милиция боюнча кетти. Журналисттерге ачылып, чачылып берген күнү болбоду.
Жээнбеков Жалал-Абадга буга чейин да губернатор болгон. Анда деле эч нерсе өзгөргөн эмес. Эми деле өзгөрүшү кыйын.
Зайырбек АЖЫМАТОВ