16.05.14 Азиз мырза айкөлдүк кылабы?
Жакында "Биздин Кыргызстан" аттуу жаштардын коомдук бирикмеси түзүлүп, ага жети облустан чыккан күчтүү жаштардын калың тобу күргүштөп кошулушту. Расмий каттоодон өткөн бул уюмдун лидерлигине мурдагы вице-спикер Азиз Турсунбаевдин жакын адамы, ишенимдүү жардамчысы Алайбек Алымбаев шайланып, облустук координаторлор да бекиген. Булардын басыгына карасак, келерки шайлоолордо жаштардын чоң күчүнө айланып, саясаттагы аксакалдарды сүрүп чыгарчудай. Айталы, ошол эле Алайбек Ала-Бука, Аксы, Чаткал элинин ишенимин алып, шайлоого аттанарын эшиттик. Анда "Бир бол" партиясынын лидери, аталган дубандарда кадыры калың Алайбектин мурдагы шефи Азиз Турсунбаевдин кадамдары кандай болот? Улуулук батасын берип, жаштарга жол бошотуп береби? Бул мырзаны чыныгы жигит дешчү эле, шайлоо алдында инилерине бут тоспостур...


Ала-Тоо жана аксакал
Экс-министр, элчи, депутат, кадыр-барктуу аксакалыбыз Медеткан Шеримкулов көп жылдардан бери Бишкекти жөө аралап сейилдеп, эл менен баарлашканга чолосу жок жүрүп, эми гана баарына убакыт тапкандай. Дегенибиз, кечээ жакында адаттагыдай эле кычырап кийинип, галстукту моюнга байланган Медеткан ага борбордук Ала Тоо аянтында ары-бери күнчубактаганча көпкө басып жүргөнүн көрүп калдык. Ал борбордук аянттын өзгөргөнүн да көптөн бери көрөлекпи, фонтандардын фонунда өзүн ар кандай позада сүрөткө тарттырып, маанайы шат жүрдү. Дөөлөттүү карылык деген ушу да, аксакалга кандай жүрсө жарашат экен.

Чолпон менен Маликтин чыры эмне?
Ыраматылык балбан Баяман Эркинбаевдин устаттарынын бири эсептелген, "Республика" партиясынан депутат Малик Осмонов менен бул партиянын дагы бир таасирдүү өкүлү Чолпон Султанбекова жакында бир жыйында катуу урушуп, ооздору менен оп тартышкан сөздөрдү айтышып, бирине бири кол салчу абалга жеткени, бирок чырдын төркүнү башкаларга белгисиз бойдон кала бергени тууралуу кеп уктук. Бир карасаң экөө тең спортко чукул, мурдатан санаалаш болуп келген, сый мамиледеги адамдар эле. Эмнеге минтип жаакташып жатышканына таң калгандар көп. Чырдын мынча ырбашына караганда, экөөнүн саясаттагы жолу эки башка кетип, ишкерликтеги биримдиги да бузулат окшойт.

Бакыт мырза, биз күтөбүз!
Жакында "Ата мекен" партиясынын депутаты Бактыбек Калмаматов Кара-Кулжанын Жаңы-Талаа айылында спорт чебери Урматбек Самидиновго арнаган волейбол боюнча мелдеш өткөрүп, ага партияга караштуу депутаттар менен министрлер катышып келгенин билебиз. Эки жылкы союлуп, бозүйлөр тигилип, "ата мекенчилердин" мелдешти чоң шоуга айландырышканын айтпаганда бир суроо бизди кызыктырып туру. Ал бул мелдешке бери дегенде эле 1 млн. сомго жакын каражаттын жумшалганы. Себеби буга чейин Бакыт мырза эч кандай бизнеси жок экенин, колуктусу экөө маяна менен гана жашаарын, ал дагы баскан-турганга жетпей каларын байма-бай айтып келген эле. Андыктан Кара-Кулжадагы мелдешке кеткен каражаттын булагын бизге ачык эсептеп берсеңиз, эл дагы ар кандай ойлорго батпай, көңүлдөрү жайланып калат эле. Сизди биз азырынча таза, жаш саясатчы катары гана билебиз да.

Токтогулдуктар "томсорбойбуз" дейт
Ушу тапта ЖК депутаттары жер-жерлерди кыдырып, шайлоочулары менен жолугушуп, аймактардагы көйгөйлөр менен жеринде таанышып жүрүшөт. Кээ бир райондордо төрттөн-бештен депутат ээрчишип, гүл өскөн белдерде өргүп жүрүшсө, кай бир райондордо алардын караанын көргөнгө зар болгон шайлоочулар бар. Айталы, 120 депутаттын ичинен тогуз жолдун тоому болгон Токтогулдан бир депутат жок экен. Азыркыга караганда "Ак жолдо" эки эл өкүлү отурчу. Ушундан улам жер муштаган токтогулдуктар "келерки парламенттик шайлоодо жок дегенде бир депутат шайлабасак, эл болбой калалы" деп топ жыйындарда тиштенип жатышыптыр. Чынында ич күйгүдөй эле иш да. Антели десек, бир депутаты болбогону менен бакандай үч токтогулдук: Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев менен өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиевдер текей терип жүрөбү?

Абасовго ким жолуккан?
Белгилүү мушкер Руслан Абасовдун унаасына атайын коюлган бомба жарылып, өзү каза тапкандан бери анын мындай буюртма өлүмү кимдер тарабынан, кай максатта жасалганы белгисиз болуп келет. ИИМ "катыштыгы болушу мүмкүн" деп "паспорт магнат" Дмитрий Цойду кармап, териштирүү менен алек болгонун айтпаганда, башка версиялар азырынча карала элек. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, мушкер каза болоордон бир жума мурун ага белгилүү эле бир саясатчы атайын барып жолугуп, жарым саатча сүйлөшүп кайткан экен. Божомолдор боюнча экөөнүн мурдатан анчалык камыр-жумур мамилеси деле болгон эмес. Сыягы кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн салмагын салып, ортодогу талашты чечкени баргандай. Тилекке каршы аз өтпөй Абасов көз жумуп, андагы сырлар өзү менен кошо кетпедиби...

Бабанов тазаланууда...
Улуу Жеңиштин 69 жылдыгынын алдында, тагыраагы 8-майдын кечинде бөлүнгөндөн калган "Республика" партиясы съезд өткөрүп, өздү жаттан бөлүп тазаланууну чечти. Себеби "сүткө оозу күйгөн" Өмүрбек Токтогулович партиянын мындан аркы кадамына кедергисин тийгизет деп корктубу, партиянын саясый кеңешинен жана мүчөлүгүнөн "Бир бол", "Өнүгүү", "Ынтымак" топторуна кошулуп кеткендерди чыгарып, ордуларына ишенимдүүлөрдү шайлаптыр. Жыйын учурунда партиялаштары тарабынан ачуу-таттуу кептер айтылып, ансыз да кызматы жок ызалуу жүргөн Өмүкең да партиялаштарына өктөсүн чыгарып, силердин ынтымагыңардын жогунан жана ар кимиң өз кызыкчылыгыңарды түртө бергениңерден ушунтип отурабыз деп күүлөнүп басылды дейт. Жыйын аяктаганы менен алардын келечек максаттары кандай болору, командага кимдер келери белгисиз бойдон калды...

Равшан кайда? Америкада!
ЖК депутаттары шайлоочулар менен жолугуп жүрсө, УОКтун лидери Равшан Жээнбеков океан артындагы АКШга учуп кеткени маалым. Сыягы анын шайлоочуларынын көбү ошол жакта окшойт. Эмне болсо ошо болсун, болгону басса-турса бийликти туздап туруучу Ракебиз негедир оппозиция митингин өткөрүп алгандан бери мурдагыдай чакчырылбай, туш келди маектерди бербей, жүрүшү басаңдап калганын байкап жатабыз. Биз эле эмес аны ошол УОКтун лидерлери да байкап калганбы, Жээнбеков бийликке сатылып кетти окшойт деп шекшинишип, анын ар кыймылын көзөмөлгө алууга аргасыз болуп жатышыптыр.

ЖКдагы "алтын балык"
ЖКнын бакыйган депутаты, "Ынтымак" депутаттык тобунун лидери Шаршенбек Абдыкеримов башка кесиптештериндей микрофон талашып көп сүйлөбөгөндүктөн эл аны "балык" депутат деп коюшат. Бирок кесиптештери аны "Алтын балык" деп тергешерин да угуп калдык. Себеби тубаса ишкерлик шыгы бар Шаки мырза парламентте унчукпаганы менен ишкерликте ийгилик жаратып, анын тармагы алдыңкы салык төлөөчүлөрдөн болуп келет. "Кыргызстанга 100 завод ачам" деген амбициясын ишке ашырган ал учурда 30 чоң-кичине завод ачып иштетип келүүдө. Башкасын коелу, "быйылкы жылы эле алты заводдун ачылышын жасайм" деп турган кербези. Айталы, анын жакында ачыла турган курулуш материалдарын чыгаруучу заводу ишке кирсе, кыргызстандык куруучу компаниялар Орусиянын арматурасын ташыбай, Шакинин заводун эле шынаарлап калчудай.

"Жаңы Агым" - пресс