27.06.14 Тайм-ауттун таржымалы
Жол курабыз деп жоопсуз калбайбызбы?!
Кыргыз өкмөтү коңшу Тажикстандын бийлиги менен расмий түрдө чек ара сүйлөшүүлөрүн жылдын башынан бери эле өткөрүп келе жатканы менен майнаптуу жыйынтык чыгара элек. Ийри отуруп, түз кеңешүүлөр өткөн жумада, тагыраагы, 19-июнда эле Баткен шаарында уланып, тажик тараптын атайын делегациясын өкмөттүн Чек ара, коопсуздук, коргонуу блогун тейлеген Абдырахман Маматалиев баштаган расмий өкүлдөр кабыл алган. Бирок бул отурумдарда негизги маселе талаш чек ара тилкелерин чечүүгө эмес, буга чейин чыр-чатактарды иликтөө жана эки тарапка маанилүү болгон айланып өтүүчү жолдорду курууга арналганын угуп, анчалык ичибиз чыккан жок.


Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, Баткендеги жакынкы жолугушууда эки тарап ушул жылдын 7-майында болгон чек арадагы жаңжалдын кесепеттерин калыбына келтирүү жана Ворух анклавын Тажикстан менен байланыштыруучу жол маселесин талкуулаганын айтат.
- Азырынча эки тарапта эксперттердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 19-июндагы Баткендеги жолугушууда 7-майдагы чек арага жакын айылдагы жаңжал боюнча Ички иштер министринин орунбасары андагы зыяндын ордун толтуруу боюнча тажик тарапка талап койду. Ошондой эле Баткендеги талаштуу делген Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолунун курулушу боюнча позициябызды айттык. Анда биз аларды Ворух анклавы менен туташтыруучу жол биздин аймак аркылуу өткөндүктөн, аны биз өзүбүз кураарыбызды жана ал чек аралар такталганча убактылуу аларга кызмат көрсөтөрүн айттык. Бул жолдор боюнча биз тажик тарап жиберген 4-варианттагы жол куруунун долбоорун талкуулап, жергиликтүү эл менен бирге акыркы вариантына макул болгонбуз. Ушул сунуштарды бердик эле, алар 25-июнда Бишкекте жообун бермек. Кийинчерээк алар аталган сунуштарды расмий Дүйшөмбүгө жиберишкенин, ал арада аларда 27-июнь Улуттук жарашуу майрамы болгондуктан бул сүйлөшүүлөрдү 3-4-июлга жылдырууну суранган кат келди, - дейт К.Искандаров.
Анын пикирине таянсак, айрым ММКлар жазып жаткандай кыргыз тарап тажиктерге "күнкор болгондугунан" эмес, чек ара маселесин так чечип алуу, бир кадам жерди да коңшуларга кармата бербөө принциби менен курууга белсенип жатыптыр. Анткени Ворух менен тажикстандыктарды байланыштырып туруучу жол жайгашкан аймак азырынча талаш деп эсептелгени менен чындыгында Кыргызстанга таандык жер. Андыктан биздин мамлекеттин аймагына башка өлкөнүн жарандары өзү каалагандай жол куруп, ага өздөрү ээлик кылып калуусуна биз жол бербешибиз керек экен. Ошондой эле ал жол Ак-Сай-Кишемиш жолунун башталышынан аталган жолго жанаша жайгашып, калктуу пункттарды аралабайт жана анын Кыргызстандын аймагындагы узактыгы болгону 500 метр болуп, жолго көзөмөл кылууну кыргызстандыктар өздөрүнө алат. "Бул олуттуу сунуш, ошондуктан алар тайм-аут жарыялап, ойлонуп жатышат" дейт өкмөттүн өкүлү.
Бирок коомчулукта, анын ичинде чек арадагы жашаган калк чек ара маселелерин чечүүдө бийлик ыкшоо аракет жасап жатканын айткандар арбын. Алар колдо турган рычагдарды пайдаланбастан, убакыттан уттуруп жатканын, былтыркы жылы башталган Ак-Сай-Кишемиш жана Кулунду-Максат автожолдорунун курулушу аягына чыкпай, ара жолдо турганда эми тажиктерге жол салып берүүгө убада бергенин сынга алып жатышат. Чындап келгенде эң башкысы чек араны тактоо иштерин бүтүрүш керек болчу. Ошондон кийин гана ар ким чатагы жок өз аймагына автожолбу, темир жолбу кура бермек. Эгер эртең Ворух-Исфара жолунун айланасында дагы чыр-чатактар орун алса, эл эле азабын тартат. Анткени бул жолду кыргыз тараптын көзөмөлдөөсүнө тажиктер оңой макул болбойт. Себеби, аларга дагы бир анклавдын кереги жок. А эгер өздөрү көзөмөлгө алды дегиче, аталган жолду кайра Кыргызстан эгерим кайтарып ала албайт. Ошондой эле анда бул жолду кыргызстандыктардын кесип кетиши, малынын өтүп кетиши тууралуу шылтоолор менен чыр-чатактар дагы уланышы ыктымал. Бул маселени өкмөт капарына алдыбы, албадыбы белгисиз...




Ташбака жүрүш
Кулматов мэрби же жазмакерби?
Бүгүн Кубанычбек Кулматовдун Бишкек шаарынын башчылыгына шайланганына туура 6 ай, 13 күн болду. Ушул убакыттын ичинде шаар башчылыгына жападан жалгыз талапкер болуп чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) 43 депутатынын 41и колдоого алган, Президент Алмазбек Атамбаев менеджер катары мактаган шаар башчыбыз шаардыктардын көзүнө көрүнүп, эсинде калаар эмне иш жасай алды? Шаар тазаландыбы? Көчөлөр көрктөндүбү? Жолдор жаңыландыбы? Жооп жок.


Эгер кепти мыйзамдын алкагында баштай турган болсок, шаардын мэри шайлангандан 7 күндөн кем эмес убакыттын ичинде БШКга шаарды өнүктүрүү боюнча программасын сунуштап, программа менен кошо башкаруу структурасын да бекитүүгө алып келиши керек болчу. Бирок талапкер болуп жатканда эле тагыраак план-платформасы жок Кубаныч мырза аны "атайылап" токтотуп турууну БШКдан суранып, Бишкек шаарын өнүктүрүп-өстүрүү боюнча узак мөөнөттүү, төрт тарабы төп келген, гениалдуу планды иштеп чыгуу үчүн токсон күнгө уруксат алган, БШК депутаттарынын ашкере айкөлдүгүн пайдаланып. Бирок анын ак кебез менен арчындап келген шаарды өнүктүрүү программасын БШКнын депутаттары кол аарчыган майлыктай ары-бери ыргытып, эч кандай ишке ашыруунун механизмдери камтылбаган, каражат булактары так көрсөтүлбөгөн, реалдуулукка жакын жолобогон мэрдин "кыялдарынын жыйындысын" жактырган эмес. Депутаттардын көпчүлүгү атургай мэрди эртерээк отставкага айдоо керектигин кыйытып, программа менен кошо сунушталчу мэриянын структурасын да ит менен издеп убара болушкан. Жыйынтыгында, Кулматовдун "көркөм" программасы кайрадан иштеп чыгууга жиберилип, ал үчүн дагы бир ай убакыт мөөнөт коюлган.
Бирок башынан эле басыгы начар мэрге депутаттардын бул талабы деле анчалык таасир этпептир. Тагыраагы, 25-июндагы БШКнын сессиясында ал кайрадан толукталып, иштелип чыккан шаардын өнүктүрүү программасын депутаттардын алдына жайды эле, кайра эле баягы сөздөрдү укту. Көрсө, мэр программага толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизгени менен аларды чала иштеп коюптур. Баягыдай эле мэриянын структурасы жок, аткарылуучу иштер ийне-жибине чейин иликтенип, аларды кимдер, кайсы мөөнөткө чейин, кайсы каражат менен аткараары да толук жазылбаган. Инвесторлордун жардамы менен жасалчу көп иштер киргизилгени менен ал инвесторлорду кызыктыруучу, аларды тартуучу факторлор ачык эмес жана аларды укуктук жактан жандоочу нормативдик-укуктук актылар да тиркелген эмес. Кыскасы, бул жолу да Кулматовдун оозунан бош убадалар чыгып, аягында БШК аталган программаны "өзгөртүүлөр менен толуктоолорду эске алуу менен" деген жандама менен кабыл алып беришти. Бул деген сөз программа толугу менен ишенимдүү кабыл алынды, мэрдин ишмердиги кубаттоого арзыды деген кеп эмес.
Мисалы, БШК депутаты, "Атамекен" фракциясынын өкүлү Аликбай Сариев күзгө чейин программа кабыл алынып жатканда айтылган сунуштар менен кемчиликтер ордуна келбесе, БШК шаар башчысынын отставкасын кароого аргасыз экенин билдирет. "Кечээки, БШКнын 18-сессиясында шаар башчысы мурдагы биз кайра иштеп чыгууга берген программаны аракеттеги план менен коштоп келип сунуштады. Албетте, программа кынтыксыз жазылды, толугу менен жактырдык деп айта албайбыз. Биртоп жетишпестиктерди эске алынсын деп кабыл алып бердик. Антпесек шаарда иш болбой жатат. Мына программа кеч кабыл алынып, шаарда көп иштер иштер эми башталып жатат. Көчөлөрдү оңдоо, түздөө, жаңыртуу кечикти. Эгер эрте жазда эле мэр программасын жакшы жазып, кабыл алдырганда эмдигиче биртоп иш жанданмак. Эми деле үмүт кылып турабыз. Бирок биз койгон талаптар, анын ичинде тазалык, таштанды маселеси, муниципалдык менчикти коргоо маселеси, шаарды деталдык пландоо иши сыяктуу нерселер ишке кирбесе, күз менен биз мэрге катуу талап коебуз, балким кызматтан алуу маселеси да каралышы мүмкүн. Анткени депутаттардын көбү кечээ акыркы эскертүүлөрүн беришти" дейт.
Ошентип "жөжөнү күздө сана" демекчи, күз деле көз ачып-жумганча босогодо болот. Ага чейин алты айлап программа жазып, аны "Коопсуз шаар", "Ыңгайлуу шаар", "Ийгиликтүү шаар" деп шөкөттөгөн Кубанычбек Кулматов кандай иштейт дагы көз салып туралы. Буга чейин болору болду, боесу канды. Таштанды төккөн жайдын түтүнү бургуйлап, ал жерден адам чыдагыс аба булганып, таштанды сорттогон элдер менен өлгөн жаныбарлардын жыты сиңишип, шаардын көчөлөрү болсо жыртылып бүттү. Чынын айтыш керек, бүгүнкү Кулматовдун фонунда кечээки Иса Өмүркулов менен Нариман Түлеевдер чыныгы иштерман, кризистен чыгууга белсенген менеджер, иштегенди да, сүйлөгөндү да билген жетекчи катары чыга келишти. Кулматов бүгүнкү Президенттин кадырынын да, кадрынын да күзгүсү сыяктанып туру...
Тынчтык Алтымышев





Бир бүркүм…
29-июнда Каракол шаардык стадионунда "Сабантуй - 2014" улуттук майрамы өткөрүлөт.
Сузак районуна түшкөн чагылгандын чыгымы 212,8 миң сомду түздү. Кара-Кыр жайытындагы сарайга тийген чагылгандан 20 кой, 5 торпок өлгөн.
Бүткүл Дүйнөлүк банк Саламаттык сактоо министрлигине 11 млн. 963,5 миң доллар грант бөлүп берет. Бул каражат жүрөк, жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканаларын жакшыртууга жумшалат.
Арпа жайлоосундагы малдан күл жана шарп ылаңы чыгып, дарылоо үчүн мал доктурлар жана жергиликтүү эл күндө жайлоого барууда.
Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонундагы 7 соода күркөсү алынып салынды. Эми бул жерге балдар аянтчасы курулат.
Ноокат районундагы саламаттык сактоо мекемелеринде быйылкы жылдын беш айында кутурма оорусуна каршы эмдөө үчүн 164 адам катталган.
Бишкек шаарынын мэриясы Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп курмакчы болуп, 1200 орундук мектепке демөөрчүлөр да табылды.
Таласта "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" трилогиясы боюнча документалдык кыскаметраждуу фильм тартылып бүттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кесиптеши Өмүрбек Абдырахмановдон сот аркылуу өндүргөн 10 миң сомду Бишкек шаарындагы балдар үйүнө бере тургандыгын билдирди.
Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы орто мектепти "ОлДОмор" ЖЧКсы 47 млн. сом жумшап курган. Бүгүнкү күндө мектеп авариялык абалга келип, полдору чирип жаңы окуу жылына даяр эмес.
Ошто Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин курууга каражат чогултуу максатында марафон өттү. Марафондо
1 млн. 595 миң сом чогулду.
"Жаңы Агым" - пресс