11.07.14 Ташиевди таш кесекке алышууда
"Ата журт" партиясынын анабашы Камчыбек Ташиев мурдагүнү НТС каналына түз маек берип, анда өзүнүн саясый көз карашынын кыйла эле олуттуу тартып калганын көрсөттү. Өткөн-кеткенди кеп кылган ал Рамазан айынын урматына, ошондой эле Мамлекеттүүлүк жылын эске алып Президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сураган. Албетте "эр чекишпей бекишпейт" демекчи, бул анын жигиттик сөзү болгон. Бирок биздеги эки саясатчы каршылашса чырагына май таамп, эки саясатчы жарашса өң-алеттен кеткен кыйкымчылар социалдык тармактарда Камчыкени көрдөн алып жерге чаап жаткан кези. Алар "Ташиев түштүктү сатып кетти", "Келдибековду сатып кетти", "Бийликке азгырылып кетти" деп түтөшсө жандарына киши тура албайт.
Бирок саясат дегениң оомал-төкмөл нерсе эмеспи, бүгүн тил табышкандар эртең эле чабышып калышчу эле. Непадам, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров азыркы бийликтегилер менен ымалада болуп, кыргызды бириктирип, элдын ынтымагы үчүн баш сайса, эл алкагандан башка нени айтмак?!


Өкмөт башчы жок, ким көрдү?
Өкмөттүн маалымат сайтындагы кабарга таянсак, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 8-июлда бир күндүк иш сапары менен Монголияга кеткен. Бирок бүгүн 11-июль болгону менен өкмөт башчы кызмат ордуна кайтып келе элек. Анда неге иш сапардын мөөнөтүн "бир күндүк" деп жаап-жашырышты? Кечээ эле 1-вице-премьер Тайырбек Сарпашев Улан-Баторго айылчылап келгенин эске алсак, Жоомарт мырза эмне деген жооптуу иш менен ал жакта жүрөт?
Көрсө, аны менен бирге Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков жана Феликс Кулов да учуп кетишиптир. Байкадыңарбы, өңчөй коалиция лидерлери. Сыягы, "тыңшаар маамыттардан алыс" жерде монголдордун козусун жеп, кымызын ичкенче, күзгө карата саясый оюндардын планын чийишет көрүнөт. Ошон үчүн беш күнгө жашыруун кетип жатышпайбы?!

Куловдун кылыгы мамкаттоонун былыгы
Кечээ биздеги бийлиги менен байлыгына чиренген чиновниктердин дагы бир былыгы ачыкка чыкты. Тактап айтканда, "Ар-намыс" партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов мыйзамды уруп ойнобой, күчүнө салып, жаш аялы Фатима Абдрасуловага кызматтык паспорт алып бериптир. Бир эмес эки жолу. Ал эми мыйзамга үңүлсөк мындай "кызматтык, дипломатиялык паспортторду алууга жалаң министрлер менен ЖК депутаттары гана укуктуу" деп бадырайып жазылып турат. Эми чачын ак басып калган аксакалдар ушундай ээликме иштерди жасап жатса, аны көргөн жаштардан эмнени күтүп болот? Негизи эле акыркы жылдары паспорт десе Куловду, Кулов десе паспортту түшүнө турган болдук.

Алимбековдун ак сүтүнө эл ыраазы
ЖК депутаты, ити чөп жеген ишкер Нурбек Алимбеков үч жылдан бери Ош жергесиндеги карапайым үй-бүлөлөргө Рамазан айында соопчулук үчүн саан уй сатып берүүнү адатка айландырган. Быйыл дагы адатынан жазбай сүттүү уйдан 35 баш сатып алып, музоолору менен турмушу начар, актан көзү каткандарга тегиз бөлүп бериптир. Эртели-кеч уй сааган аялдар Нурбек мырзаны алкап, каймагын калпып балдарынын курсагын тойгузуп, сүтүн сатып чай-чемек алып, жыргап эле калганын уктук. Баракелде, эл багар деп ушуну айтыш керек. Болбосо эчен чиренген байлар бир дасторкон жайып, иптар кылуу менен Алланын чексиз ыраазычылыгын алгандай ырдап жүрүшпөйбү?!

Сагынбаеванын "сайраны" бүтөбү?
КСДПнын кыйыны катары кызматка келген Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын ишмердигине элдин ичи чыкпай келет. Анын тармакты оңдой албаганы, коррупциялык, шалаакылык иштерге жол койгону тууралуу узун кептер бар. Атургай Башпрокуратура да бул айымга бир нече ирет иш козгомокчу болуп барып тынчыган. Анткени анын колдоочулары оголе жогору жакта, Президенттин оң капталын ээлеп отургандардын бири дешет. Министрге ким батынып сын айтпасын, колдоор кожосу бир звонок менен эле тынчытып таштайт имиш. Бирок качанкыга чейин ушинтип бирөөнүн колтугунда күн көрмөк эле? Жакында ксдпчылардын жоон тобу Башпрокуратура жана башка фискалдык органдар министрге "оптом" чабуул жасап, ээрден оодарарын эшиттик.

Министрлерге кам көрбөсөк "бовойт" го?
Эмгек, жаштар жана миграция министрлигин жан кишиге ыраа көрбөй, төрт жылдан бери баштап келе жаткан Алиясбек Алымкулов мүлк декларациясын толтуруп жатып, "үйүм да, унаам да жок" деп агынан жарыла көз жашы кылыптыр. Окуп алып биздин да боорубуз ооруду. Жаштар бир сомдон чогултсак да министрибизди көрүнгөн жерге түрткүнчүк кылбай үй алып берсекпи деп ойлоп атабыз. Антели десек, ал 2010-жылдагы революциядан кийинки ЖМКга берген революционердик маектеринде "мен колумда бар ишкер адаммын. Мен апрель революциясына катышпай эле өз күнүмдү көрүп жүрө берсем болмок. Бирок элди ойлоп, тура албадым" деген болчу. Анда ал ошол кездеги үйүн сатып, министр болгонбу?
Баса, кембагал министрлердин арасында үй-жайсыз Маданият жана маалымат министри Камила Талиева да бар. Аны болсо азырынча консерваториянын жатаканасына көчүрүп келет окшойбуз...

Эл өкүлдөрүнүн эс алуусунан
Жайкы эс алууга чыккан депутаттар отпускнойлорун негизинен шайлоочуларга Рамазан айында иптар берүүгө коротушту. Бирок эбин тапкандары элди кое туруп, эс алууга кетишкен. Алсак, Равшан Жээнбеков сүйүктүү шаары Вашингтондо жүрсө, Өмүрбек Текебаев менен Чыныбай Турсунбеков Малайзияга барып келе калып, кайра Монголияга кетишти. Азыр сүйрөмө баштыгын жетелеген Акылбек Эшимов Кытай сепилин кыдырууга аттанып турган чагы. Кожобек Рыспаев болсо Суусамырда куда узатып, кымыз уулап жатат. Калгандары тууралуу кийинки санда жазабыз.

Айбекти алышты, Кубанычты да кубалашабы?
Акыркы кездери ЖК депутаттары Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Айбек Осмоналиевге катуу сын айтып жатышкан. Ошондо эле биз "ай, ушу жигит көпкө турбай калды го..." дегенбиз. Айткандай эле мурдагүнү Жоомарт Оторбаевдин жарлыгы менен ал ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна убактылуу орунбасары дайындалды.
Ал аңгыча "ата мекенчилер" Бишкектин Эркиндик сейил багында жайгашкан "Ала-Тоо" мейманканасын бузуп киргендиги үчүн шаар мэри Кубанычбек Кулматовго катуу сын айтып, бул иш боюнча Башпрокуратурадан түшүндүрмө сурап жиберишти. Алардын айтымында, бул "тарыхый жайлар" деген статусу бар мейманкананы Кубанычбек Кулматов мэр болгону сейсмикалык абалы начар деген шылтоо менен бузууга уруксат берип ийген имиш. Аны реконструкциялоого эгемендиктен бери эле 13 млн. доллар жумшалган, анда ал акча кайда кетти деген чоң суроо да Башпрокуратурага ташталды. Сыягы, бул чуулган мэрдин терин чыгарат окшойт.

Аманкуловдун ачакей ойлору
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов да акылы бар эси жок жигиттерденби деп калдык. Себеби ал качан болбосун мурдагы мэр Иса Өмүркуловду таза иштеген, коррупцияга каршы турган башчы деп айтып келет. Ошол эле убакта экс-мэрдин командасынын коррупциялык иштерин ачыкка чыгарганга маш. Айталы, азыр Исанын учурунда иштеген шаар курулуш, транспорттук тейлөө, тазалык тармактарындагы башчыларга кылмыш иши кыдыракей козголуп туру. Ошондон улам Исакебизди "кристаллдай таза" деп мактай берүү ШК төрагасына жарашпай калууда.
Ал эми Иса Шейшенкуловичтин соту эчак териштирилип бүтсө да, акыркы өкүм чыкпай улам кийинкиге калтырылууда. Коомчулукта болсо экс-мэр акталат экен десе, кээ бири "эки жыл берет экен…" деген кептер жүрөт.

"Жаңы Агым" - пресс