12.09.14 Эсен болуп эстей жүр
Асел Эшимканова:
"Мелистин пландарын акырындык менен ишке ашырам"


Белгилүү журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун дүйнө салганына 15-сентябрда үч жыл болот. Анын жубайы Асел айым М.Эшимканов атындагы фондду жетектеп, жыл сайын ар кандай иш-чара өткөрүп келет. Асел айымдын жашоосу, балдары жана жакында өтө турган иш-чаралары тууралуу кебин уктук.

- Мелис байке көз жумгандан бери үч жылдын жүзү болуптур, ошондон бери анын жаркын элесине карата ар кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатасыңар...
- Мелис каза болгондон кийин эле анын атын өчүрбөйлү деп Мелис Эшимканов атындагы фондду уюштурганбыз. Ошол фонддун аткара турган иштерине Мелис бала кезинен жакшы көрүп ойногон оюндарын да киргизели деп чечтик. Мисалы, ал кичине кезинен эле футбол боюнча Кыргызстандын курама командасында капитан болчу, кийин шахматты да мыкты ойноп жүрдү. Бильярдды да мыкты ойночу. Ал кайда гана иштебесин спорттун түрү боюнча ар кандай оюндарды уюштуруп, кызматкерлерди эс алдырганды билчү. Себеби адам иштегенди да, эс алганды да билиш керек дечү. Ал көзүнүн тирүүсүндө журналисттер арасында ар кандай турнирлерди уюштуруп жүрчү. Адам эс албаса жакшы иштей албайт дечү. Ошондуктан анын жакшы көргөн үч оюну: шахмат, бильярд, футболду тандап алып, атабыздын аты өчпөсүн деп жылына бир жолу мини турнир уюштуруп туралы деп чечтик. Анын достору, замандаштары, журналисттер да колдоо көрсөтүштү. Үч жылдан бери жылына бир жолу Мелис Эшимканов атындагы фонд ар кандай мини турнирлерди өткөрө баштады. Мелистин туулган күнүнө карата журналисттер арасында эң мыкты макала үчүн сынак өткөрүп келе жатабыз. Баш байгеси 100 миң сом жана башка кызыктыруучу сыйлыктар да бар. Быйыл да декабрга карата бул сынак жарыяланган.
- Токмок шаарында Мелис Эшимканов атындагы шахмат мектеби ачылган экен...
- Жогоруда айтып өткөндөй, жыл сайын өткөрүлүүчү турнирлердин бирине шахмат оюну боюнча калыстардын катарына кыргыздан чыккан чыгаан шахматчы кыз Нуриза Оторбаева жолдошу менен келген эле. Алар да буга чейин Кыргызстанда жаш шахматчыларды үйрөтүп, бул оюнду өркүндөтүү боюнча аракеттерди жасап жүрүшөт. Токмок шаарына шахмат мектебин ачуу боюнча демилгени көтөрүп, Мелис Эшимкановдун ысымын берүү сунушун айтышты. Мен дароо эле макул болуп, бул мектептин ачылышына, анын ремонтуна каражаттан жардам бердим. Мектеп Токмок шаарында ачылып жатат. Мелис Эшимканов атындагы "Миэлла" шахмат мектеби деп аталат. Миэлла деп кызыбыздын ысымын койдук. Бул мектеп 60-70 шахматчыга ылайыктуу. Заманбап үлгүдө ичинде бардык шарттары бар. Буюрса 12-сентябрда "Миэлла" шахмат мектебинин ачылышы жана журналист, чыгармачыл адамдар арасында шахмат, бильярд боюнча турнир өтөт.
- Эми жеке жашооңузга кайрылсак, Мелис байкенин көз жумганына үч жыл өтүп кетти, жалгыздыкты кантип жеңип, балдарды кантип тарбиялап жатасыз?
- Азыр ата-энем менен чогуу жашайм. Менин жалгыздыгымды билдирбеген ата-энем, күндөн күнгө чоңоюп келе жаткан балдарым бар. "Алтын шаты" президенттик академиясында билим алышат. Экөө тең мектепти мыкты окушат. Уулум Адам 4-класста. Кызым Миэлла азыр жетиде, 3-класста окуйт. Миэлла үч жашында китеп окуп, болбой жатып беш жашында мектепке барып алды. Дарыгер болом деген тилеги бар. Уулум да менин карегимден, көз карашымдан абалымды билип турат. Мелис жаңы каза болгондо үйгө куран окуткан кишилер келген сайын ыйлачумун. Ошондо уулум апа, сиз үйгө киши келсе эле ыйлайт экенсиз деп чоң адамдардай мага зээни кейип, менин көңүлүмдү көтөрүүгө аракет кылып, күлдүрүп турчу. Аза күтүп жүргөн бир күнү кара кийген жарашпайт экен, болду эми кийбечи деп таң калтырган. Балдарым атасына окшош. Негизи Мелис депрессияга кабылган адамды бат эле капачылыктан сууруп чыккан, адамды кайгыда калтырбаган жан эле. Кандай маселе болбосун баарын үйдүн сыртында калтырып, жаркырап келер эле. Ошондуктанбы азыр да уулум апа, биздин атабыз дайыма күлүп турчу, башкалардын атасы андай эмес деп калат. Мелис балдардын эсинде да маанайы жаркыраган боюнча калыптыр. Балдарыбыз атасындай тынымы жок, ой жүгүртүүсү да башкалардан айырмаланып турат. Саясатка да жакын, көпчүлүк атактуу саясатчылардын аты-жөнүн так билишет. Адам атасына куюп койгондой окшош. Мику чоң энесине окшошуп кетет.
- Мелис байке көз жумгандан кийин анын замандаштары, санаалаш достору фонддун иштешине жардам бериштиби?
- Мелистин көзү өткөндөн кийин каттабай калышты деп эч бирине таарынбайм. Ар кимдин өз жашоосу бар. Фондубуз иш-чараларды, кечелерди өткөргөндө кайрылсам баш тартпай келип, колунан келсе жардамын аяшпайт. Мен ошого ыраазымын.
- Балдарыңыз чоңоюп келе жатат, балким мурдагы кесибиңизди аркалап, кайра эле журналистика жаатына барсам деген ойлор жокпу?
- Чындыгында телевидениенин бир касиети бар. Ал жердин босогосун аттап иштеген адамдын жандүйнөсү ошол жакка тартып турат. Мен да эртеби-кечпи балким телевидениеге кайра барам деген ойдомун.
- Көпчүлүк саясатчылардын аялдары деле саясатта жүрүшөт, ал жакка аралашуу планда жокпу?
- Азырынча саясатка аралашуу оюм жок. Бирок аны убакыт көрсөтөт. Балким эртеби-кечпи аралашып да калышым ыктымал.
- Башы бош, сулуу айымга көз салып, колун сурагандар барбы?
- Экинчи жолу турмуш куруу оюмда жок. Азыр балдарымды окутуп, аларга туура тарбия берүү менен алектенип жүрөм. Ошондон улам колумду сурагандар да жок. Ал жөнүндө деле ойлобойм.
- Мелис байкенин көп эле кыялдары орундалбай калса керек, аткарылбай калган максаттарын аткаруу планда барбы?
- Эң негизгиси Мелис экөөбүз бул жашоодо табыштык. Экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралган балдарыбыз бар, ушул бакытка каниет кылам. Ал эми пландар туурасында айтсам, абдан эле көп болчу. Мелис энергияга жана идеяга бай адам эле. Продюсердик борбор ачып, толукметраждуу кино тартып, өзүнчө TV ачуу тууралуу ойлору бар эле. Кудай мага күч-кубат берсе, ал пландарын ишке ашырууга аракет кылам.
- Балдарыңыз чоңойгондо чет мамлекетте окуйм десе ага каршы болбойсузбу?
- Алар кандай кесипти тандабасын, ар дайым колдоп турганга аракет кылам. Балдарымдын чечими, алардын тандоосуна эч качан каршы турбайм. Эгер чет мамлекетте окуйм десе ага колдоо гана көрсөтөм.
- Окурмандарга айта турган сөзүңүз?
- Мелис 15-сентябрда каза болгон. 12-сентябрда анын өлгөн күнүн эскерүү иретинде Токмок шаарында ачыла турган Мелис Эшимканов атындагы "Миэлла" шахмат мектебине бильярд жана шахмат боюнча турнирге чакырып кетем. Ошол жерден Мелиске куран окутулуп, эскеребиз.


Бетти даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА