26.09.14 Куловдун өздүк мыйзамы
Өткөндө режиссер Садык Шер-Нияз Маданият министрлигине сунушталса, "Ар-намыс" партиясынын анабашы Феликс Кулов депутаттын бир тууганы деп тизмеден чийип салганын укканбыз. Кызык, кечээ партиясынан депутат Талант Узакбаевдин бир тууганы Чыңгыз Узакбаев Айыл чарба министри болгондо, партиялашы Эсенгул Исаковдун кара чечекей бир тууганы Төлө Исаков Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине деректир болгондо иштебеген партлидердин мыйзамы бүгүн депутат Болот Шерге келгенде иштеп калыптыр. "Мыйзамдын калканы болом" деди эле, көрсө өз жагын ушинтип калкалайт тура.
Баса, ушул жагдайдан алып караганда, жакында боло турган бир жаңылык кызык суроолорду пайда кылууда. Тагыраагы, КСДПнын квотасы менен Эсеп палатасынын башчысы болуп турган Элмира Ибраимованын бир тууган эжеси Айнура Ибраимова Саламаттык сактоо министрине талапкер катары "түртүлүп" жатыптыр. Мыйзамчы, мыйзам?!


Алиясбек арыз жазат, жазбайт...
Жаштар министри болгону жаштарды массалык түрдө үйлөнтүү иштери менен көбүрөөк эске түшкөн, апрель окуясынын баатыры Алиясбек Алымкулов кызматынан чегинип, өзү арыз жазганы тууралуу кабар тараган. Бирок өзү да, президенттик аппарат да тастыктаган жок. Анткен менен анын креслосу аябай кыйшаңдап турат. Эгер кетсе, анын ордуна ким келери, дегеле бул министрликтин жашаар-жашабасы да белгисиз. Өкмөт башчы өткөндө министрликте реформалык өзгөрүүлөр болорун айткан, сыягы министрлик жоюлуп, башка тармактар камчыга ченелип бөлүнүшү мүмкүн.
Саясатчылар өкмөттөгү кадрдык өзгөрүүлөр "Ата мекен" партиясы менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин ойлонулган кадамдары экендигин, алар КСДПны алсыздандырып, негизги административдик рычагдарды кармоого жетишип жатканын айтып жатышат.

Саматов соттошот
ЖКнын белдүү депутаттарынын бири Жыргалбек Саматов Ошто дүңгүрөтө той берип турмушка чыккан ырчы Айгерим Расул кызынын тоюнда ардактуу өкүл ата болуп шайланып, катуу дуулдап жаткан. Ал арада КТРК баш болуп, калганы төш болуп эл өкүлүнүн мамлекетке салык төлөбөй качып жүргөнүн айтып, "5 миң кишиге той берген депутаттын 70 миң сомду төлөбөгөнү эмнеси?" деген суроону кабыргасынан таштап жиберишкен. Укканыбызга караганда, аталган маалыматтардын жалгандыгына жаны кашайган Жыргалбек мырза бир катар ММКларды сотко берип, актыгын далилдөөгө камданып калыптыр. Учурда апасы каза болуп аза күтүп жатканын уктук. Жоготуунун арты жакшылык болсун, депутат мырза!

Текебаев менен Көлбаев чын эле кошуна экен
Өткөндө ЖКдагы бир жыйында эл өкүлү Өмүрбек Текебаев ИИМдин жетекчилерине өкүм сүйлөп, кримавторитет делип жүргөн Камчыбек Көлбаевдин Кырчын жайлоосуна барып депутаттар менен кошуна бозүйдө конок болгонун сындап, "эмне, биз менен атаандашкысы барбы анын?!" деп жаны кашайган. Аңгыча болбой биз дагы бир кызык жаңылык уктук. Көрсө, Өмүрбек Чиркешович Бишкектин Орто-Сай конушундагы ВИП шаарчадагы жаңы салынып жаткан үйүнүн жанына да Камчы Көлбаевдин үйү жайгашып калыптыр. Аны "Ата мекендин" "атасы" эмдигиче билбейби же билсе да тилин тишине катып унчукпай келе жатканбы, бу жагы "тапишмак"...

Эптүү "эшик ага"
17-сентябрь күнү өлкөнүн биринчи адамы Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү болгон. Албетте мындай дата куру кетмекпи, Ак үй, Көк үйдүн адамдары шартына жараша Президентти куттуктап, колун кысып өтүшкөн. Ошол үлкөндөрдүн айтымына караганда, куттуктап келген меймандарды эшиктен тосуп төргө өткөрүп, сый көрсөткөн жигиттердин башында кадимки экс-премьер Өмүрбек Бабанов болду дешет. Сыягы, бул эки адамдын ортосундагы мамиле дагы деле ысык бойдон сакталып, келечекте да ошол бойдон кала берет сыяктанат. Ортодо Өмүрбек Токтогуловичти оппозицияга "ыктатып" ийгендер жаңылып калышканбы?!

Мамырканов моюнга алды
Экс-мэр Нариман Түлеевдин сотунда Эсеп палатасынын аудитору Эрнис Мамырканов автобустарды сатып алуу боюнча аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарууда жаңылып калгандыгын мойнуна алып, аталган жыйынтык менен козголгон кылмыш иши да жаңылыштык менен коштолорун билдирди. Тагыраак айтканда, ал УКМКнын берген документтеринин негизинде эле аудит жүргүзүп, кагаздагы эки автобустун сүрөтүн карап туруп эле Түлеевдин сатып алган автобустары кымбат болуп калгандыгын боолголоп жазып коюптур. Мындай жооптон улам, учурда шаардык сот аталган кылмыш ишин да жаңылыштык деп таап, экс-мэр менен анын командасын эркиндикке чыгарабы же жогору жактын жаңсоосун күтөбү, көрө жаталы...

Төрөбековдун төрт жылы
"Ар-намыс" партиясынын желегинин астында парламентке келген ооганчы Нурлан Төрөбековдун үстүнөн кайрадан кылмыш иши козголду. Себеби анын жогорку билимдүү экендигин тастыктаган диплом жасалма болуп чыгыптыр. Бул боюнча КР Башпрокурору Аида Салянова ачык айтты. Эмки кезек актануу үчүн эл өкүлүндө. Эгер эсибизге жара чыкпаса, мындан эки жыл мурун да бул депутаттын диплому, атургай аскерде кызмат өтөгөндүгү тууралуу документтери да шектүү делинип, коомчулук чуулдап барып басылган. Кыскасы, мыйзамчынын мыйзам жазууда эмес, актануудан аты чыкмай болду окшойт.

"Жунда" заводуна Мадылбеков кандай талап койгон?
Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү "Жунда" заводуна бут тоскондор ЖоКеде жүргөнү каңкууланууда. Маселен, "ата мекенчи" Туратбек Мадылбеков "Жундага" кастарын тигип, түрдүү акцияларды тымызын уюштурганын айрым маалымат каражаттары чуулдатышканы эсте. "Жел жүрбөсө…" демекчи, мындай кеп-сөздөр тегин жерден жаралбаганы ачыкка чыгууда. Алсак, "Жундага" инвестиция салган кытайлык ишкерлер бийлик төбөлдөрүнө жолдогон кайрылуусунда Т.Мадылбековдун тууганы Алыбаев Кенжебек Мадылбекович заводдун тегерегинде жайгашкан 10 сарайы үчүн 1 млн. 800 миң доллар сурап жатканын, буга карата чара колдонуусун өтүнгөнүн ишенимдүү булагыбыздан кабарлашты. Туратбек мырза акыйкаттык, тазалык жөнүндө кеп кылса муюп укчу элек, ал эми карачечекей тууганын тыйбаганы - ушул ишке өзү да аралашканын ашкерелебейби?


Исаков эми электрик болобу?
ЖК депутаты Исмаил Исаков кайсы бир депутаттык жыйында электр энергиясын жеке компаниялар 27 тыйындан алып жатышыптыр, бул эмне деген шумдук таризинде сүйлөгөнүн укканбыз. Ошол билдирүүгө жеке менчик компаниялардан электр энергиясын алган Бишкектин жаңы конуштарынын тургундары нааразы болуп, эл өкүлүнө жолугууга мүмкүнчүлүк ала албай жатышыптыр. "Депутат менен жолуга албай жатабыз, эгер ал биз алып жаткан электр энергиясынын өздүк баасы 27 тыйын экенин далилдей албай калса, бизге келип электр тартып берсин" дешти редакциябызга чалган Ак-Жар жаңы конушунун тургундары. Чындап эле генерал сөзүн далилдеп бере алабы же "свет аке" болобу, убакыт көрсөтөөр...

"Жаңы Агым" - пресс