12.12.14 Элеси турат өзү жок
Эшимканов атындагы сыйлык ээсин тапты

49 жашында о дүйнөгө шашып кеткен Мелис Эшимкановду быйыл үчүнчү ирет эскерип отурабыз. Жыл сайын Мелис Эшимканов фонду журналисттерге футбол, бильярддан турнир өткөрүп, жыл ичинде мыктылыгын көрсөткөндөрдү сыйлап келет. Мурда бардык иш-чара бир болчу эле. Азыр бат-бат эстелип турсун деп футболу өзүнчө, бильярды өзүнчө, анан сыйлык тапшыруу аземи биртоп убакыт айырма менен уюштурулуп жатат. Буга чейин сыйлыктарды биринчи жылы Алым Токтомушев, экинчи жылы Түгөлбай Казаков алганын баарыңыздар билесиздер. Быйыл деле Эшимкановдун тегерегиндеги журналисттер алса керек деп ар ким болжоп, ар кимдин атын атап жатышты. Бирок 100 миң сомдук байгенин ээси кимдер экенин укканда баары тике туруп кол чабышты.

Жаштардын жарышы
Кыскарта чапканда, "Жаш калем" сыйлыгы 15 жашар журналист кыз Ниссо Мурзаевага ыйгарылды. Акын Алтынбек Исмаилов Мелис Эшимканов атындагы фонддун "Улутман" сыйлыгына татыса, Дубайдан түптүз сыйлык тапшыруу аземине учуп келген Жанар Акаевге "Курч калем" номинациясы тапшырылды.
Жанар Акаев бул сыйлыкка "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасындагы бир катар иликтөө материалдары үчүн татыган. Алардын катарында "Жол ачкыла, чоңдор келатат", "Караларды ким тыят?", "Батукаевге ким жол ачты?" деген сыяктуу иликтөө макалалары бар.
2014-жылы топ жарган жаңы басылмалардын бири "Новые лица" ("Жаңы жүздөр") гезитине Мелис Эшимканов атындагы фонддун "Жаңы долбоор" номинациясы берилди. Ал эми быйылкы жылдын мыктылыгын жана конкурстун баш байгесин "Два туриста на мели" телекөрсөтүүсү илип кетти. Аталган долбоордун авторлору жана алып баруучулары Евгений Пичурин жана Лена Нечаева 6 миң сом менен Көлдү бир айланып, кантип жашаса болорун төкпөй-чачпай ачып беришкен. 5-каналдын "Жайлоо" долбоорунун авторлору буга чейин да кызыктуу берүүлөрү менен элдин эсинде эле.

Мелис дайыма тирүү
Жылда эскерүү кечесине кайгырып, арман кылганы билинип турчу. Быйыл кичине өксүк басылып, сөзгө чакырылган аттуу-баштуу коноктор Мелис Эшимкановдун боорду эзген жоруктарын эстешип, залдагыларды каткыртып, Мелис байке менен эки саат отуруп чыккандагыдай сезимге кайра бир бөлөнүп алышты. Аны менен такыр жолугуп көрбөгөндөр угуп отуруп боорду эзген киши экен деп калышты. Ал эми ошол окуяга аралашып жүргөндөр аны кайра бир көргөндөй эйфорияга кабылып убакытты артка жылдыруучу машина ойлоп тапкандай ностальгияга бөлөндүк. Сөзгө чыккандар Кубатбек Байболов, Түгөлбай Казаков, Замира Сыдыкова, Чолпон Жакупова, Кыялбек Урманбетов, Мамат Сабыров, Султан Раевдер бири калбай Эшимкановдун эстен кеткис жоруктарын айтышты. Баары бир ооздон Мелистин өмүрлүк жары Асел Эшимкановага ыраазычылыгын билдирип, ушул иш-чараны калтырбай уюштуруп келе жатканына рахмат айтышты. Түгөлбай Казаков жылдагы демилгесин кайра көтөрүп, колунда бар кишилерди Эшимкановдун атына эле банктан эсеп ачып 2-3 миллион сом салып койгулачы, ошонун проценти эле жыл сайын сыйлык бергенге жетип турмак, Нобелдин бир таштап кеткен акчасы канча жыл кызмат кылып келе жатат деп Асел айымды аяп кетти. Кече жыйынтыктап жатканда Асел Эшимканова жолдошун жоктоп жазган ырын көз жашын агызып окуганда көпчүлүк көзүнө жаш алышты.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



Эпитафия
Досум Мелис Эшимкановго

Сөз...
Кайда калды?
Калды кайда?..
Ааламдын кычыгында,
Жер октун учундабы,
жүрөктүн толтосунда,
каныңдын буусундабы,
көзүңдүн жарыгында,
лазердин ылдамдыгы,
жылдыздын кемтигиндей,
зың этип мүйүздөрү,
зар какшайт "Сынган бугу"...
сөзүңдө буулугат күч,
айтылбай ойдо калган,
жайдактап буудан чуркайт,
шамалды минип алган,
ыйыгы тыбыштарга,
жазылбай тамга болуп,
окулбай кирип алган...
жээлигип келет мына,
жер кезип жүргөн дербиш,
жети устун Аалам Үйдөн,
жети сөз издеп келет,
жетеби ыйыгына,
желип ой батпай калган,
көкүрөк ый муң зарын...
издеди сенейип катып калган,
баш сөөгү чирип жалган,
безери бу дүйнөдөн,
кашайып кээр жашоосу,
какшатып жок болсо да,
чындыгы болуп алган...
чыркырап өнөбойго,
тамырлап кирип кеткен...
Издедиң... таппаганды...
издери эбак өчкөн,
курулжуп көңүл чөккөн...
Ал эмне?
тамга беле жазыла элек,
ал эмне,
тыбыш беле айтыла элек,
балыр беле түпкүрдө уюп жаткан,
ал эмне,
эмнелигин не кыласың?
Метеорит жалынына күйүп кеткен...
Өзүнөн өзүн издеп,
табалбай бу дүйнөдөн,
жылдыздын сыныгындай
учуп кеткен...
Адам-Чындык...
Султан РАЕВ






Beeline өнөктөштөр үчүн кезектеги бизнес-тренинг уюштурду
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун лидери Beeline өнөктөштөрү жана корпоративдик кардарлар үчүн "Лидерлик өзгөрүүлөр үчүн" аттуу кезектеги бизнес-тренинг уюштурду. Спикер Best T&D Group компаниясынын башкаруучу өнөктөшү
Марк Кукушкин болду.


Beeline компаниянын лоялдуулук программасынын алкагында өнөктөштөрү жана корпоративдик кардарлар үчүн бизнес-тренинг уюштуруу салтын улантууда. Марк Кукушкиндин тренингинин аркасында катышуучулар тышкы чөйрөнүн чакырыктарына ылайык лидердин жаңы компетенцияларын өнүктүрүү, бизнести өнүктүрүүнүн эффективдүү ыкмалары, бизнестеги өзгөрүүлөрдү башкаруу жөнүндө маалымат алышты. Тренинг учурунда Марк Кукушкин укмуштуудай тездик менен улам алмашып жаткан жаңы технологиялар жана практикаларды киргизүүгө жетишүү менен компанияны өнүктүрүү эмне үчүн маанилүү экенин айтып берди.
"Биз корпоративдик кардарларыбыздын каалоолорун эске алуу менен бизнес-тренингдерди өткөрүү салтыбызды улантып келебиз. Бардык катышуучуларга тренингге кызыккандыктары, өз операторуна берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Өткөн жылы биз маркетинг боюнча эң белгилүү адис Игорь Манндын тренингин уюштурганбыз. Ал эми бул жылы болсо өнөктөштөрүбүзгө популярдуу спикер Марк Кукушкиндин семинарын сунуштадык. Биздин бизнес-тренинг ар кандай бизнес ээлери жана башкаруучулары үчүн өз алдынча өнүгүү, өнөктөштөрүбүздүн компанияларында эффективдүү өзгөрүүлөрдү ишке киргизүү үчүн түрткү болот деп ишенебиз. Рынокто көпчүлүк мекемелер биздин идеябызды колдоп, Кыргызстанга ар кыл тармакта белгилүү тренерлерди чакыруу аркылуу билим берүүгө салым кошуп жаткандыгы бизди албетте кубандырат. Үлгү болуу биз үчүн сыймык жана өлкө рыногунда лидер жана трендсеттер статусун далилдөө" дейт Beeline башкы директору Олег Клочко.
Марк Кукушкиндин тренинги бир нече секцияларга бөлүнгөн. Алгач ал ар бир кризисти мүмкүнчүлүк катары карап, аны компанияда эффективдүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдалануу керек экенин айтып берди. Спикер дүйнөлүк бренддердин мисалында кризистерди компаниянын пайдасына кантип пайдалануу керек экени жөнүндө айтты.
Экинчи секцияда заманбап жетекчинин компетенциялары жана жеке өсүү аймактары каралды.
Кукушкин катышуучуларга практикалык сабак өткөрүп, анда ар бир катышуучу өзүнө сырттан карап, жетекчинин кайсы тибине кирерин түшүнө алды. Бул менеджерлердин күчтүү жана начар жактарын ачыктоого жардам берди. Практикалык сабактан кийин спикер тигил же бул компетенцияны кантип өнүктүрүү жөнүндө кеңештерин берди.
Өз тренингинин үчүнчү бөлүгүндө Марк Кукушкин мекеменин жашоо цикли, жетекчинин жана компаниянын "картаюу" белгилери жөнүндө маселеге кайрылды. Ал фирмаларга өз ордун жоготуп албоо жана лидерликти коё бербөө үчүн эмне үчүн убакыт менен кошо адымдоо керек экени жөнүндө ойлорун ортого салды. Ошондой эле ал бизнес жана команданы өнүктүрүү инструменттери жөнүндө айтып берди.