"Агым", 09.01.15 Жаңы жылдык "белек"
Садыр ЖАПАРОВ:
"Китебимдеги фактыларды далилдегенге даярмын"
(Башы 1-бетте)
"Азаттык": - Дал ошол сиз комиссар болуп турган мезгилде "Кумтөр" менен кайрадан келишим түзүлгөн учур болчу. Ал келишимди кийин коррупциялык деп айтып чыктыңыз. Коррупцияны ооздуктоочу орунда отуруп, ал ишти убагында алып чыгууга эмне тоскоол болду?
Жапаров: - Өкмөттүн курамы деген бар. Биз өкмөттүн курамына кирчү эмеспиз. Биз жөн эле баягы коомдук башталыш сыяктуу эле агенттик болчубуз. Эгер ошол мезгилде мага дагы макулдашууга жок дегенде бир документ келгенде мен аны токтотуп калууга күчүм жетет эле.
"Азаттык": - Бирок сиз баары бир мамлекеттик деңгээлдеги аткаминер болчусуз. Сиз ал ишти билбей калышыңыз мүмкүн эмес эле.
Жапаров: - "Кумтөр" боюнча ал убакта сураган документти бейрасмий тургай, расмий да берчү эмес. "Кумтөр" өкмөтүңөрдөн алып алгыла дечү. Өкмөт болсо аларды "крышевать" этип отурчу.
"Азаттык": - 2011-жылдын 30-октябрында үч тонна алтын Түркияга чыгарылып кеткен дептирсиз. Эсептеп көрсөм үч тонна алтындын базар баасы 5 млрд. сомго барабар экен. Алтынды Отунбаева же Атамбаев чыгара алмак деп айтыпсыз. Бул боюнча эмне үчүн ошондо алтын чыгып баратат деп айткан жоксуз?
Жапаров: - Ошол мезгилде ким чыгарып кетип жатат, мунун артында ким турат, жүзүн ачалы деген максат болгон. Ошол максатта Текебаев, Кулов, Ташиевге жана дагы биртоп депутаттарга билдирип, түнү менен уча турган мезгилде кармап калалы дегенбиз. Тилекке каршы, ал түнү учурбай, эртеси тез аранын ичинде учуруп жибергенин интернеттен окуп калдык, Кыргызстандан жүк алып барган самолет авария болуп, токтоп турган самолетту канаты менен сүзүп алып, ремонтко киргизилди деп.
"Азаттык": - Макул, а кеткенден кийин эмнеге чуу чыгарган жоксуңар?
Жапаров: - Колуңда 100% документ болмоюн жөн эле сүйлөй берген болбойт. Мага ал эзели жакпайт. Жок дегенде 60-70%ы ишеничтүү болгондон кийин чыгарган жакшы да.
"Азаттык": - Бирок китеби-ңизге жаздыңыз да...
Жапаров: - Себеби ошол документтер колго тийди. Ундун арасына салып үч тонна алтынды чыгарып кетишкен. Ошон үчүн жаздым. Отунбаева же Атамбаев чыгарышы мүмкүн дегеним, а кишилер ошондо бийлик башында турушкан.
"Азаттык": - Парламенттик шайлоодо "Ата журт" партиясына Акматбек Келдибеков аркылуу "казак досубуз" үч миллион доллар бериптир, бирок Келдибеков аны бизге бербей коюптур деп жазыпсыз.
Жапаров: - Кандай гана шайлоо болбосун, алдыңкы келаткан партиялар менен ички, сырткы күчтөр эсептешпей койбойт. Анан ошол мезгилдерде ал "бизнесмен дос" сыяктуу күчтөр жардам беришет. "Ата журтка" эле эмес, бардык партияларга жардам беришкен. Сырткы күчтөр "Ата мекенге", КСДПга, керек болсо "Ак шумкарга" да жардам беришкен. Ошондой мезгилде "казак досубуз" "Ата журтка" жардам берген экен. Аны биз убагында билбептирбиз. Кийин жарым жыл өткөндөн кийин билинип калды.
"Азаттык": - Кандай болгон күндө да башка өлкөнүн жаранына карыз болуп калдыңар да? Аны кийин кантип кайтардыңар?
Жапаров: - Мисалы, мен же партиялаштарым анын милдетин алган эмеспиз. Мен ошон үчүн Келдибековго барып чыр чыгаргам. Эмне үчүн алдың? Эмне үчүн момундай жардам келип атат деп ачыкка чыгарган эмессиң деген талаш-тартыштар болгон.
"Азаттык": - Ошол учурда колуңуздан келип турганда бир кишинин Ысык-Көлгө губернатор болом деп 150 миң доллар алып келгени, бирок аны сиз албай койдум дегениңиз шектенүү жаратып жатпайбы?..
Жапаров: - Биринчиден, Кудай көрүп турат. Экинчиден, 15 чакты кошуналарыбыз менен чай ичишебиз. Баары болбосо да бир-экөө күбө катары айтып бере алат.
"Азаттык": - 2014-жылдын 22-октябрында эжеңиз Райкүл Жапарованы "Ысык-Көл Инвестбанкын" жетектеп турганда "коррупциялык иш аракеттерге барган, кылмыштуу жол менен табылган акчаларды адалдаган, көз боемочулук кылган" деп башка биртоп кишилер менен кошо соттогон экен. Банктын мурдагы кожоюну Болот Байгожоев банкты Бакиевдердин жардамы менен Садыр Жапаров басып алып, эжесин ал жерге отургузган дейт. Буга кандай жооп бересиз?
Жапаров: - Менин да, эжемдин да "Ысык-Көл Инвестбанкына" бир пайыз дагы тиешебиз жок. Бул банкта эжем сиз сыяктуу айлык алып гана иштеген. Байгожоевдин кинеси туура эмес. Ал өз колу менен банктагы акциясын Максим Бакиевге саткан экен. Мен муну кийин билдим. Банкта Чыныбай Турсунбековдун, менин, анан Байгожоевдин акциялары болгон. Мен 2005-жылы депутат болгондо сатып жибергем, кийин Турсунбеков дагы сатып жиберген. Байгожоев калган 20% акциясын Максим Бакиевдин балдарына сатып, 30 млн. сом алган экен. Ал кийин соттон белгилүү болду. 2010-жылы революция болуп кеткенден кийин Максим тартып алган деп туруп, соттон банкты бекер алмай болгон ал.
"Азаттык": - Эми ал рейдерлик тартып алуу болгонбу, же чын эле өзү каалап сатканбы, сот иликтеши керек. Сот демекчи, сиз китебиңизде биртоп каармандарга айып тагыпсыз. Алар соттошобуз десе келип соттошконго даярсызбы?
Жапаров: - Кайсы гана убакыт болбосун фактыларымды көтөрүп барып соттошконго даярмын.
"Азаттык": - Польшанын борбору Варшавадамын деп жатасыз. Ал жактан саясий башпаанек алдыңызбы?
Жапаров: - Жок, азырынча ала элекмин.
"Азаттык": - Китебиңизде батырып алганы үчүн Евробиримдикке жана Польша бийлигине рахмат айткан экенсиз. Ал жакта кандай негизде жашап атасыз?
Жапаров: - Азырынча убактылуу жашап атам. Буюрган күнү мекениме барам.
"Азаттык": - Саясый качкын катары арыз бердиңизби же берелексизби?
Жапаров: - Арыз бере элекмин. Кудай буюрса берем. Эгер керек болсо берем.
"Азаттык": - Иним жакшы болуп калса келем дедиңиз эле. Иниңиз кантип калды?
Жапаров: - Инимдин бөйрөгү алмашылды. Төрт-беш ай болуп калды. Анан үч-төрт күн мурда боорунан операция болуп, реабилитациядан өтүп жатат. Буюрса март-апрелдерде жакшы болуп калат. Ошол мезгилдерде Кыргызстанга барып калам.

"Азаттык"
P.S. Китепте жазылгандар тууралуу 5-8-беттерден окугула.




Жылма саясат
Оштун газын Путин чечтиби?
Быйылкы жаңы жыл Ош шаары үчүн жакшы жаңылык менен башталды. Өткөн жылы 14-апрелде токтотулган газ шаарга 30-декабрда кайрадан берилип, 9 айдан бери газсыз жашап келген 60 миңдей абонент жаңы жылды утурлай күтүлбөгөн жерден газдуу болуп калышты. Эске салсак, 2014-жылы жазында "Кыргызгаз" ишканасы Россиянын "Газпром" компаниясына сатылган. Андан көп өтпөй 14-апрелде Өзбекстан келишим мөөнөтү аяктады деген шылтоо менен Ошко көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон болчу. Кыргыз өкмөтү андан бери өзбек тарап менен токсон сүйлөшүп эч майнап чыгара албай койгон.

Күтүлбөгөн жерден дегенибиздин да себеби бар. Анткени буга чейин кыргыз өкмөтү менен "Газпром" компаниясы өзбек тарап менен газ берүү боюнча бир нече ирет сүйлөшүп, бир бүтүмгө келе алышкан эмес. Андан көп өтпөй "Кыргызгаз" жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү "Газпром" жүргүзүп жатат, азырынча жыйынтык чыга элек деп элге упчу эмизип келаткан. Кийинчерээк Президент Алмазбек Атамбаев "биз Ташкентке газ бер деп чөгөлөп барбайбыз" деп айтып, 27-декабрда Ош, Жалал-Абад 2016-жылды Кыргызстандын өз газы менен тосорун айткан эле. Бирок өлкө башчысы 30-декабрда газ берилери тууралуу ооз ачкан эмес. Өкмөт да бул тууралуу алдын ала эч кандай маалымат тараткан эмес болчу. Анан эле "Газпромго" караштуу "Gazprom Schweiz AG" компаниясы "Узтрансгаз" менен сүйлөштүк деп "Газпром Кыргызстан" менен газ жеткирүү келишимин түзө калып, жаңы жылга бир күн калганда Ошко газ берилип калып жатат. Демек, Москва Ташкент менен Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү мурда эле макулдашып койгон. Качан гана Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген соң кыргыз бийлигине айтпай туруп "сүйрүприз" кылып отурат. Албетте, көптөн бери көгүлтүр отсуз жашап жаткан Ош шаарынын тургундарына жакшы болду. Бирок Москванын бир эле күндө Кыргызстанга 100 млн. доллар бөлүп, качантан бери чечилбей келаткан газ маселесин чечип жибергени ар кандай күдүктүү ойлорго түртөт. Балким бул маселе Владимир Путиндин Ташкентке болгон иш сапарында эле чечилген болушу да мүмкүн. Оңой менен жибибеген Ислам Каримовдун капысынан эле эрип кеткени жөн эмес. Азырынча өкмөт Ташкент газды кандай шарт менен, канча мөөнөткө берерин ачыкка чыгарбай турганына Ош шаарынын тургундары да кабатыр.
Баарынан кызыгы, "Узтрансгаздан" "Gazprom Schweiz AG" сатып алып Кыргызстанга берген газ элге мурдагы тариф менен эле берилет экен. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, газ карапайым калкка 13 сом 54 тыйындан, коммерциялык жана бюджеттик мекемелерге 16 сом 30 тыйындан сатылат. Мэр айткандай "Газпромдун" Кыргызстанга берген "жаңы жылдык белегинин" тарифи кийин доллардын курсуна жараша өзгөрүп турат. Доллардын курсуна жараша январь айынын башында жаратылыш газы 24 тыйынга кымбаттаган. "Ош шаары мурда күнүнө 80 миң куб/метр газ колдонуп келсе, эми "Узтрансгаз" күнүнө 100 миң куб/метр газ бермей болду" дейт мэр. Тактап айтканда, келишим боюнча өзбек тарап 100 млн. куб/метр берүүгө макулдугун берген. Ойдо жок жерден болгон мындай берешендикти эл эмес, кыргыз бийлиги өзү дурус түшүнө албай турат. Муну менен Москва биз болбосок кыргыз бийлиги эч нерсе чече албайт дегендей эле түр көрсөтүп койду. Москва демекчи, "Кыргызгаз" ААКсын "Газпром" 1 долларга сатып алып жатканда орус бийлиги кийин "Газпром" кыргыз тарапты арзан көгүлтүр от менен камсыз кылып, газ кендерин чалгындап, иштетерин убада кылган.
Президент Алмазбек Атамбаев Ошко газ берүү токтогондон көп өтпөй "Газпром Кыргызстан" менен биргеликте түндүк-түштүк газ түтүгү куруларын, Бүргөндүдөгү газ запасы иштетилерин айткан. Бирок ал негедир азырынча ишке аша элек. Адистердин айтымдарында, аны ишке ашырууга алигиче өкмөт тарабынан эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес. Айрым адистер айтылып жаткан газ запасынын көлөмү өтө эле аз экенин айтышууда.

Мелис СОВЕТ уулу