presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Аскар ЖУМАГУЛОВ:
"Жакшы карыдым деп айта алам"

Бүгүнкү каарманыбыздын жашы жетимиш төрттө. Кутман курактагы карыянын бир эмес үч эрмеги бар. Биринчиси, степ бийин бийлөө, экинчиси, сүрөт тартуу, үчүнчүсү жылкы багуу. Биринчи эрмегинин аркасы менен Кыргызстанды отуз өлкөгө таанытып, Германияда өткөн степ бийинин чемпионатына барып келди. КР эмгек сиңирген экономисти, Чүй облусунун согуш жана эмгек ардагерлер уюмунун төрагасы болуп эмгектенет. Эмесе карылыкка моюн сунуп, жылуу-жумшак мештин түбүндө жата бергенди жактырбаган маектешимдин кебине кулак салыңыз.
- Степ бийин кыргыз элине кантип таанытып калганыңыз тууралуу кеп баштасаңыз?
- Степ (чечетка) кыргыз элине кеңири тарабаган бий. Аны мен алтымышынчы жылдары Балтия флотунда кызмат өтөп жүргөн кезде бийлечүмүн. Мекениме келгенден кийин бул бий тууралуу унутуп деле калгам. Бир ирет телевизордон ирландиялык ансамблдин степ бийин бийлеп жатканын көрдүм. Андан кийин Игорь Моисеевдин "Яблочко" ансамбли степ бийин бийлеп жатканын көрүп калдым. Көөдөнүмдө башкача сезим ойгонгонун азыр сөз менен түшүндүрө албайм. Кайрадан жаштыгыма, 60-жылдарга кайтып баргым келди. Степ бийинин кыймылдарын эстеп жарым жылда бир бийди даярдадым. Бул бий кыргыз элине кеңири тараш керек деген ой уйкумду бузуп, көңүлүмдүн баарын ээледи. Борбордогу көптөгөн окуу жайларга, Маданият министрлигине кайрылып, ушул бийди жаңырталы деп сунуш киргиздим. Демилгемен көбү баш тартып колдоо тапкан жокмун. Акырында М. Күрөңкеев атындагы окуу жайдын директору Тентимиш Мураталиев оюмду жактырып, он чакты улан-кызды степ бийине үйрөтүңүз деп бөлүп берди. Ансамбль түзүп, атын "Сары-Өзөн-степ" деп койдук. "Саринжи Бөкөй", "Эргимеден" тартып Майкл Жексондун ырларына бийлей баштадык. Аларга бекер бий үйрөтүп, өзүм да бийлеп кыйла жашара түштүм. Башында чакан концерттерге катышып жүрсөк, кийин ар кандай маданий иш-чараларга, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган салтанаттарда бийлеп баштадык. Өкүнүчтүүсү, ошол кезде түптөлгөн ансамблдин курамы улам жаңырып, башындагы күчүн, дараметин жоготуп солгундай түштү. Степ бийи кыргыздын кан-жанына терең сиңбеген чечетка деген аталышты алып жүрчү. Мен бул атты өзгөртүп бийди тай туяк деп атадым.
- Германияга кантип барып калдыңыз?
- Өткөн жылдын сентябрь айында Германиядагы степ фестивалынын уюштуруучусу Майкл Вендт Кыргызстанга келген. "Ак марал" тобунун солисти, замандашым, өнөктөшүм Бергалы Сарбасов менен көрсөткөн бийди көрүп таң калып кеткен. Жакында Германияда эл аралык фестиваль болорун, бизди чакырарын айткан болчу. Эки ай өткөндөн кийин чакыруу келди. Тилекке каршы ага чейин Бергалы микроинсульт болуп жүрөгүнө операция жасаткан. Доктурлар учакка отурууга тыюу салышты. Өнөктөшүм барбай калды (тилекке каршы өткөн жылдын декабрь айында көз жумду). Өзүм жалгыз барбайын деп 8 жаштагы неберем Сулайманды жаныма алдым. Фестивалга отуздан ашык мамлекет катышты. Тааныштыруу учурунда алфавит боюнча чыкмакпыз. Бирок Майкл Вендт биздин бийибизге, кыргыз элинин меймандостугуна, жаратылышына ушунчалык таасирленген экен, неберем экөөбүздү алгачкылардан болуп чыгарды. 74 жаштагы абышка менен 8 жаштагы баланын степ бийлегени тарыхта биринчи жолу болуптур. Сынактын шарты боюнча бизди жаш курагыбызга ылайыктап үч категорияга бөлдү. Менин категориям жаш жигиттердикине туура келип калды. Анткени ал жакта менден башка 60-70 жаштагы бийчилерди көргөн жокмун. Жаш жигиттер менен таймашууга туура келди. Ошондо да моюн бербей бийлеп 31 мамлекеттин арасынан 22-орунду алдым. Калыстар курамы ордунан туруп кол чаап жатышты. Фестиваль бүткөндөн кийин бизди көрүүчүлөр тегеректеп, кезектешип сүрөткө түшүштү. Элдин баары баш бармагын көрсөтүп "Азаматсыңар!", "Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Ушундай куракта элимди чет өлкөгө таанытып жатканыма сыймыктанып, толкунданып көзүмөн жаш тегеренди. Чет мамлекетке аттанып жатканда Чүй облустук администрациясы костюмдарды тиктирип берген. Облустук оорукана бир жума менин ден соолугума кам көрүп, көзөмөлгө алды. Аларга ыраазымын!
- Кеңсеңизге киргенде сүрөт галереясына башбаккандай болот экенсиң. Экинчи эрмегиңиз тууралуу сөз кылсаңыз...
- Фотосүрөтчүлүк менен он жылдан ашуун алектенем. Жаратылышты сүйөм. Сырт жакка чыксам фотоаппарат дайыма жанымда. Жети дубандын баарын кыдырдым. Керемет жерлердин кооздугун сүрөткө түшүрдүм. Өзүм Байтик айылынан болом. Жаз жаңырганда айлана кызыл гүлгө толуп, талаа кыпкызыл болуп жатып калат. Анан мындай кооздукту кантип көз жаздымыңан кетиресиң?! Тарткан сүрөттөрүмдү ар кандай форматта чыгарып, 2013-жылы көргөзмөмдү уюштургам.
- Жылкыга да жакын экенсиз...
- Жаныбарлардын арасынан өзгөчө ушул жандыкты жакшы көрөм. Акылдуулугу жагынан жылкы адамдан ашса ашат, бирок кем калбайт. Ипподромдо эки жоргом бар эле. Бош убактымда бат-баттан барып минип турчумун. Алар да менин келгенимди сезгендей туягын тыбыратып, ооздукту кырча чайнап сүйүнгөнүнөн турган жеринде айланып кетишээр эле. Кара жоргомду мингенде чарчооң жазылып, жаратылышка жакындап сергий түшчүмүн. Жаныбарым да мен мингенде боюн түздөп, кулагын тикчийтип тоону көздөй бет алат. Жоргонун сулуулугун өзүңөр сүрөттөн көрүп турасыңар. Бир нерсени түшүнбөйм. Ушундай сулуулукка адам баласы кантип кол салат? Кантип төрт аягын тыбыратып тушап соет? Азыр эми убактымдын тардыгынан улам аларга мурдагыдай кам көрө албай калдым. Ичим ачышып, кыйылсам да сатып жибердим. Күлүктүн каны жүгүрүп туруш керек. Бир орунда байланып тура берсе ичи чыгып, туягы өсүп сынынан кетет. Мен жылкынын жакшы көргөндүктөн аларды жөн эле акырга байлап кор кылгым келген жок.
- Канча балаңыз бар?
- Мен төрөлгөн учур согуш мезгилине туура келди. Апам 23 жашында жесир калып, эл менен кошо далай азап тарттык. Бир туугандарым жок жалгыз өстүм. Ач калдым, жыртык кийим кийип чоңойдук. Апам кызылча отоп жан бакчу эле. Мени жанына ээрчитип эрте жаздан кеч күзгө чейин иштечү. Бул тирүүлүктө карманаар жалгыз адамым апам болду. Өзүм жалгыз болсом, Кудай мага боору ооруп эки уул, үч кызды тартуу кылды. Азыр кемпирим экөөбүз уул-кыздардын сыйын көрүп жаткан кезибиз. Неберелеримдин арасынан Сулайман менин жолумду жолдочудай. Кемпирим азыр үйдөгү бала бакчанын башчысы. Неберелерден колу бошобойт. Азыркы балдардын доору техниканын өнүккөн учуруна туш келип жатат. Баары планшетти кучактап, телефон чукулап отурушат. Алар менен кадимкидей согушам. Телевизорду көп көрүшүнө да каршымын. Убактыңарды китеп окуганга короткула деп айтам.
- Германияга барып келгениңиз туугандарыңызга жага бербей калдыбы?
- Ооба да, куда-кудагыйларым чалып куттукташып... Туугандарым сыймыктанып, мактанып эле жатып калышты. Жергиликтүү эле эмес Германиянын басылмаларына биз тууралуу макала чыккан. Алардын баарын ала келдим.
- Жаштыгыңыздын сыры эмнеде?
- Эмгекте. Кыймылда. Менин замандаштарым "күн өтпөй жатат, кечке гезит окуп, телевизор көрүп, араң кеч кирет" деп айтышат. Мага убакыт учкан куштай эле өтөт. Ар бир күнүм кылдат пландалган. Кээде иштерди бүтүргөнгө убактым жетпей да калат. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы, күндө эртең менен спорт менен машыгам. Бир аптада эки жолу спорт залга барам. 1958-жылдан бери волейбол ойнойм. Адамдын эң жалкоо органы мээ. Мээң иштесе башка органдарың да иштейт. Андыктан мээни мажбурлап болсо да иштеткен туура. Бош убактымда китеп окуйм. Симфониялык оркестрге кызыгам. Эгер экономист болбой калсам дирижер болмок болушум керек. Азыркы тапта согуш жана эмгек ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп жатам. Быйыл согуштун 70 жылдыгы белгиленүү алдында турат. Андыктан чарчоону билбей алдыда дагы биртоп жумуштарды бүтүрүшүбүз керек. Кудайга шүгүр, өзүмдү жакшы карыдым деп айта алам.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА,
сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды









??.??