presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Агым
Каримов кайра президент болот
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду өлкөдөгү либералдык-демократиялык партия кайрадан президенттикке талапкерлигин көтөрүп чыкты. Ислам Каримов 76 жашта, Өзбекстанды 25 жылдан бери башкарып келет. Бул өлкөдө президенттик шайлоо акыркы жолу 2007-жылы болуп, анда да Каримов бир добуштан жети жылга Президент болуп шайланган. Акыркы кезде өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, 2015-жылдын 29-мартында өтө турган шайлоодон өткөн адам эми беш жыл гана президент боло алат. Аман турса Ислам Каримов 81 жашка чыкканча президент болот экен.
Былтыр Каримовдун үй-бүлөсүндө эл аралык чоң чыр болуп, кызы Гүлнара үй камагына кабылып, аны менен иштешкен ондогон адамдар катуу жазаланган. Быйыл жыл жаңырары менен И.Каримов Өзбекстан СССРдин тирилишин каалаган бирикмеге мүчө боло албасын кескин айтып, чет өлкөлүк аскердик базаларды да өз өлкөсүнө жайгаштырууга каршы экенин билдирип, Өзбекстан өз жолу менен өнүгөрүн белгиледи.
Ошентип азыр Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүт компаниясы күч алды. Каримовдон башка бирөө да талапкерлигин коер-койбосу азырынча белгисиз. Койсо да өтпөсү белгилүү да…


Ооз бүтүп, муштум башталды
Былтыркы күздөн тарта компроматтар менен кармашып, сөөк өчтү душман болгон ЖК депутаттары Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиевдин чатагы ооздон муштумга өттү. Тагыраагы, шаршемби күнү парламент залынан карп-күрп кезигишкен экен, мыкты коргонуу - чабуул тактикасын колдонуп, Каныбек озунуп Карганбекти бет талаштыра уруп калыптыр. Карганбек деле каалгып барып түшчү камгак беле, кайтарып муштум узатып, буттар кыймылга келип... Айтор, эки эрендин кармашынын "экинчи раунду" ушинтип кызыл чеке менен башталды. Саясатың жаман тура. Болбосо, экөө буга чейин парламентке келе элек кезде зыгыр майлары сыгылышпай катуу достошуп, бизнес өнөк болушуп, эгиз козудай ээрчишип эле жүрүшчү...

Кетет-кетпейт...
Өкмөт башчы кызматынан кетет экен дегенди гезиттер жазганын койбоду, анын маалымат катчысы калп айтасыңар, кетпейт дегенин койбоду. Чынында аны кетире турган да, кетирбей турган да жагдайлар бар. Кокус кетиришсе, өткөн жылдын отчетун алууда бардык тармактардагы аткарылбаган план, жасалбаган иштер, башталбаган реформалар үчүн айыпташат. Кетиришпесе шайлоо алдында кайрадан жаңы өкмөт курап, министрликтерди алмаштырып, позицияларды ээлеп отуруунун деле коалиция үчүн кереги жок. Анткен менен кокус отставка орун алып кетсе, башбакандыкка Тайырбек Сарпашевдин барары, анын ордуна "Ата мекенден" Кудайберген Базарбаевдин даярдалып жатканын ишенимдүү булактар кабарлашты. Калган министрлер ордунда эле иштей берет дешти.

Икрам ийкемдүү көрүнөт
"Бир бол" партиясы уюшулуп жатканда эле саясый чөйрөдө бул Икрамжан Илмияновдун долбоору деген кеп кеткен. Муну партия лидерлери четке кагып, эч кандай бийлик менен ымаласы жоктугун, көз карандысыз партия экендигин айтып жүрүштү эле. Бирок акыркы убактагы эки жагдай бул партиянын бийлик менен биргелешип бараткандыгын ачыкка чыгарып койгонсуду. Биринчиси, күздө "Бир бол" менен бириккен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Президенттин Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоого алып, позициясынын мурдагыдан кыйла жумшарып калганын көргөзгөнү. Экинчиси, "Бир бол" партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Адыл Эсенбеков кечээ электр тарифине нааразы элдин митингине каршы антимитингдин анабашы болуп, азыркы бийликтин кошоматчысына айланганы. Демек, учурда саясаттагы №1 оюнчу болуп турган Президенттин аппарат башчысынын орунбасары Икрам Илмиянов чындап эле "көмүскөдөгү аталык" доорун сүрүп жатабы?

"Эмгек" кимге керек?
Алдыдагы парламенттик шайлоого кызуу даярданып жаткан ири партиялардын ичинде Аскар Салымбековдун "Эмгек" партиясы дагы бар. Учурда бул партиядагылар аймактарга ат тезегин кургатпай каттап, эл менен жолугушуп, жазгы талаачылык иштерине чейин биртоп агрардык долбоорлорду ишке ашырууга белсенип жатканы байкалат. Ошол эле маалда партия "жалгыз дарак токой болбосун" эске алып, башка партиялар менен кошулууга аракет жасоодо. Бизге жеткен маалыматтар боюнча "Эмгек" бийликчил КСДП менен биригүүгө кадам жасаган, бирок белгисиз себептер менен Ак үйдөгүлөр баш чайкап койгонун уктук. Мындан улам кийинки кадам "Бир бол - Бүтүн Кыргызстан" саясый биримдиги болууда дешет шек-шооратын угуп калгандар. Сүйлөшүүлөр башталган, кандай жыйынтык болот, азырынча белгисиз…

Жок алтындын доосу
Садыр Жапаровдун китебиндеги алтын боюнча факты чындап эле олуттуу чырга айланып баратат. Айталы, андагы үч тонна алтындын Түркияга чыгарылып кетишин иликтөө маселесин парламент депутаты Исмаил Исаков көтөрүп чыкты. Бирок кесиптештери буга анчалык деле дилгир болгону байкалбайт. Демек, комиссия түзүлүп, маселени тыкыр изилдеп, далайлардын тытынып сурак берерине деле көзүбүз жеткен жери жок. Антсе дагы бул маселе боюнча ошол китепте аты аталган президенттик аппараттагы тышкы иштер боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаковдун "мыңк" этип койбогону таң калтырат. Же бул мандемдүү ишке чындап аралашып алып, азыр аны башка нукка бурууга аракет кылып жүрөбү? Алтындын анты бар экени чын болсо, бул чырдан же Ак үйдөгүлөр же автор бирди көргөнү калды.

Кудайбердиев коррупцияга каршы экен
Гезиттин өткөн сандарынын биринде Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев кол алдындагы пара менен кармалган кызматкер Замир Тешебаевге жана ЖОЖдордун бириндеги аскердик кафедра кызматкерине чара көрбөгөндүгү тууралуу жазганбыз. Бирок биздин кабардан кийин кыймылдаганбы же ага чейин эле аракетке өткөнбү, айтор, министрликтин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы З.Тешебаевди кызматынан четтетип, ЖОЖдордун аскер кафедраларынын башчылыгын толугу менен алмаштырыптыр. Бул боюнча бизге атайын жооп келди. Ошентсе да З.Тешебаевди пара алууга түрткөн анын жубайы аскердик кафедрада жакшынакай эле иштеп жатканын угуп, иш чала иликтенгенби деген ойдо калдык...

Жоомарт жандана баштады
Жаңы жылдан кийин министрлерди биринен сала бирин кабыл алып, аткаруу бийлигин өз колуна алган Президентти көрүп, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да кыймылдай баштагансыды. Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алып, аталган министрлик мыйзамдык нормативдик актыларды аткаруу, кадрдык жана башка маселелер боюнча начар иштеп жатканын айтты. Министр Айдаралиев мындан кандай жыйынтык чыгарат, көрө жатарбыз. Өкмөт башчы андан кийин Жол кайгуул кызаматынын кызматкерлерине да чоң кине коюп, алардын ишин коомчулук, ММК толук чагылдырарын билдирди.
Эмнеси болсо да Жоомарт Кайыпович акыркы кезде коомдо өзүнө карата айтылган сын пикирлерден жыйынтык чыгарып, иштеп берсе эле болду эле.










??.??





??.??