presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Агым
Күч митингде!
Нааразы эл, начар иштеген өкмөт
Ошентип жаңы жылдын жаңырышы менен тоо койнундагы Нарын шаарынын айрым тургундары кайрадан өкмөттүн электр энергиясынын тарифин жогорулатуу саясатына каршы нааразычылык митингине чыгышты. Алар мурдагы жылдын этегинде да уюшуп, эки жолу көчөгө чыкканда, Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев баштаган чиновниктер өздөрү барып араң токтотуп калышкан.


Кийинчерээк Президент элдин жаалданган күчүнөн сестендиби же чындап эле энергетика тармагындагы тариф саясатына макул эмеспи, айтор, министрди чакырып алып, "тариф саясатын кайра карап чыккыла" деген тапшырмасын берген. Ошондон эки күн өтүп-өтпөй Энергетика министри эсептеп чыгымыш болуп, энерготарифти мурдагыдай 700 кВт/саатка чейин 70 тыйын, андан ашкан ар бир кВт/саат үчүн 2 сом 5 тыйын эмес, 1 сом 87 тыйынга төмөндөткөн эле. Бирок бул арзандатуу нарындыктардын нааразычылыгын токтото алган жок. "Мен электр энергиясынын кымбатташына нааразы болуп, өзүм эле эл митингге чыкса колдоп чыгайын деп жатам. Анткени өкмөттүн элге каралашпаган саясаты жанга батып кетти. Мына, үч неберем, иштебеген келин-уулум болуп жер үйдө турабыз. Караганыбыз эле 4033 сом пенсиябыз. Сага электр энергиясына келген квитанцияны көрсөтөйүн, мына, 3700 сом чыгып келиптир. Бул шаардык кеңештин депутаттары көмүр алып берип каралашкандан кийинкиси. Сууктун айынан өткөн айда паровоюбуз жарылып, азыр бир бөлмөдө тыгылышып, кайненеси кайсы, келини кайсы аралаш жатып, илгерки бозүйдөгүдөй жашоону көрүп жатабыз. Жыйырма тыйындык арзандатуу бул жөн эле алдооч баштык болуп жатат. 15 градустан кем эмес суук болгон Нарынга үч-төрт ай жөн эле 70 тыйындан коюп койсо болмок" дейт Нарын шаарынын тургуну Айтбүбү Итибаева.
Ошентип 14-январь күнү нарындыктар кайрадан көчөгө митинг өткөрүү үчүн чогула башташты эле, жергиликтүү бийлик даярдыгынын мыкты экендигин көрсөтүп, митингди көчөдө эмес Муратбек Рыскулов атындагы облустук драмтеатрга өткөрүүнү сунушташты. Ал арада биздин редакцияга чалган жарандык активист Эркин Асаналиев шаар бийлиги митингди болтурбоо үчүн провокациялык аракеттерди көрүп жатканын, уюштуруучулардын артынан түшүп милиция менен коркутуулар болгонун белгиледи. "Менин апамдын тамак-аш саткан павильонун белгисиз бирөөлөр талкалап, дагы бир активист Канайым Бердибаеванын үйүнүн терезелерин талкалап кетишти. Бул бизге эскертүү катары атайын жасалды. Ушундан улам көпчүлүк эл коопсуздугун ойлоп, чыккандан коркуп жатышат" деди ал.
Ошону менен драмтеатрга 150дөй адам жыйналып, аларга Нарын облусунун администрация башчысы Аманбай Кайыпов менен Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жолукту. Жыйындагылар тариф маселесин чечүүнү айтып жатышканда эле министр сөз алып, электр энергиясынын тарифи үчүнчү жолу өзгөртүлүп жатканын айтты. "Мына сиздердин кайрылууңуздарды угуп, 700 киловатт саатты 70 тыйындан, андан 1000 киловатт/саатка чейин 1 сом 22 тыйындан, ал эми андан ашканын 1 сом 82 тыйындан төлөө графигин түздүк. Түшүнүп койсоңуздар, биз светти импорттон алып жатабыз. Анын киловатт сааты 5 сомдон ашып түшүүдө, жеткирүү менен 6 сомдон ашып жатат. Ошентсе да өкмөт калган каражатты башка булактар менен жаап, элди кыйнабайлы деп ушуга барып жатабыз" деп ыйламсырады министр Кубанычбек Турдубаев.
Бирок министрдин бул сөзү элди тынчтандыра алган жок. Апрель революциясына активдүү катышкан тургун Бактыгүл Жумабаева ортого чыгып, "биз Бакиевди жөн эле жаман көрүптүрбүз. Ал болгону 1 сом 20 тыйын кылган. Эми бул бийлик 2 сом 5 тыйынга чейин көтөрүп, анан эл нааразы болгон сайын ыйлаган балага упчу бергендей кичинеден ылдыйлатып жатат. Мына, сырттагы суукту карагыла, шаар тургундарынын жашоосун карагыла. Беш-алты үйгө башбаксаңар көрөт элеңер. Тескерисинче, биз митингге чыгарда биртоп жаманатты кылышты. Бекназаровду үйүнө алып келип катып жатат, митингдин артында үчүнчү күчтөр бар дешет. Митингге эл өзү кыйналганынан чыгып жатат. Биз уюштурсак башкача болмок. Мисалы, мен эч кимди үгүттөгөн жокмун" деди ал.
Ушундан кийин митингчилердин ортосунда өз ара чуу чыгып кетти. Себеби Нарын облусун 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин аз убакыт башкарган, азыр шаардык суу чарба башкармалыгын жетектеген Адыл Эсенбеков алдыда сүйлөгөндөрдү "Бакиевдерди жактап жатасыңар" деп күнөөлөп чыкты. Мындан улам Аманбай Кайыпов ага чейин айтып жаткан "жаштар антимитинг уюштурабыз деп жатат" дегендердин башында ошол жигит турары ачыкка чыгып калды. Кыскасын айтканда, нарындыктар бул жолу да өздөрүнүн сабырдуулугун, ашкере саясатташпаганын билдирип, көкмуштум болуп отурса да көчөгө чыккан жок. Антсе да чыдоонун да бүтөөр күнү бар экенин унутпай, бийлик энергетика саясатын элге жакын алпарганы дурус.
Таластагы нааразычылык
Нарын шаарындагы митингге улай эле Талас шаарынын борбордук стадионунда да өкмөттүн энергияга койгон тарифине нааразычылык билдирген тынчтык митинги болуп өттү. Анын Талас шаарынын экс-мэри, учурда "Талас эл ынтымагы" кыймылынын башчысы Серен Шейшенов уюштурган. Жыйынга болжол менен 300гө чукул адам катышып, көпчүлүгү электр энергиясынын тарифин жогорулатуу бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн кыйынчылыкка турарын, өкмөт энергетика тармагындагы коррупцияны толук жоюп, реформаларга барбай туруп тарифти көтөрүү туура эмес саясат болгонун билдиришти. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Касымбек Райымкул уулу бизге билдирип жатып, "митингдин максаты - учурдагы энергетикалык каатчылыкка күнөөлүү тараптарды жоопко тартуу керектигин, жаңы тарифтер карапайым элдин чөнтөгүнө жараша түзүлбөгөнүн, ошондой эле аймактагы баалуу кендерди иштетүү экологияга зыян алып келбесинин алдын алуу, Талас аймагынын таянган эле киреше булагы болуп калган төөбуурчактын баасын көтөрүү боюнча элдин пикирин коомчулукка жеткирүү болчу. Митинг максатына жетти, катышкандар 7 пунктан турган резолюцияны кабыл алып, тынч тарап кетишти" дейт.
Ошону менен бирге эле аталган маселелерди карап чыгып, коррупциялык схемаларды ачып, аларды жоюу жана тармактарды эффективдүү башкаруу боюнча республикалык комиссия түзүшөөрүн, анын курамы 27 адамдан туруп, бир айдын тегерегинде комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарары да маалымдалды.
Митингдерден кийинки ой
Ошентип Кыргызстандын ар кайсы жеринде мейли 10 адам чогулабы же 100 адам чогулабы, электр энергиясына нааразы адамдардын үнүн жеткизип жатышат. Бул күтүлгөн нерсе болчу. Анткени энергетика тармагындагы өкмөттүн саясаты туура эмес башталганы башынан эле маалым. Мунун далили - өкмөт энергияга болгон бааны бир айдын ичинде үч жолу өзгөртүшү. Башкалар укпасын, уят эле иш. Бул деген энергетика тармагындагы чиновниктер акчаны жакшы эсептегени менен өз тармагы боюнча билими аз, тажрыйбасы жок, иштөөгө жөндөмсүз экендигин көргөзүп жаткандай. Ошол эле убакта аларга айтылган конкреттүү сунуштардын эске алынбай жатканына таң каласың...

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ,
сүрөттөр өздүк булактардан жана интернеттен алынды









??.??





??.??