presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Эл менен бийликтин каалоосу качан биригет?
15-январь күнү коомдук уюмдардын, саясый партиялардын, катардагы жарандардын башын бириктирген коомдук жыйын болуп өттү. Жыйында бийлик эл үчүн иштөөсү, кризиске белчесинен батып бараткан экономиканы өнүктүрүү жолдору, демократия деген түшүнүктү туура пайдалануу боюнча кеп-кеңештер, ойлор айтылды.


"Тегерек үстөлдү" Кыргыз биримдигинин оң канаты уюштуруп, жыйынга жетимиштен ашык уюмдун өкүлдөрү катышты. Алардын катарында экс-ТИМ министри Аликбек Жекшенкулов, экс-генпрокурор Кубатбек Байболов, Нарын облусунун экс-губернатору Шамшыбек Медетбеков, экс-акыйкатчы Турсунбай Акун бар. Катышуучулар кайсы тармакты караба кризиске батып, Кыргызстан жарга такалып турганын, коррупциялык система катуу иштеп элдин көйгөйү бийликтин көңүл сыртында калып жатканы, жумушсуздук, ички жана сырткы миграция күч алып турганы, шайлоо системасы таза иштебей өлкө баягы эле таз кейпинен чыга албай жатканын бир ооздон айтышты.
Уюштуруучулардын негизги максаты - элдин талабына жооп берген реформаларды жүргүзүү, демократиянын институттарын калыбына келтирүү, конкуренцияга жөндөмдүү улуттук экономиканы өнүктүрүү, социалдык адилеттүүлүктү өнүктүрүү, прогрессивдүү шайлоо системасын кабыл алуу болгондуктан ага ылайык кайрылууга төмөнкүдөй сунуштарды киргизишти.
Буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилген, уурдалып, тонолгон ишканаларды, мекемелерди, өнөр-жай ишканаларын элге кайтарып берүү. Кыргыз элинин каны-жанына жакын, Батыштын эмес, улуттук идеологияны карманган демократиялык системаны түзүү. Мамлекеттик бийликке коомдук көзөмөл киргизип алардын укуктук-саясый жоопкерчилигин күчөтүү.
Ал эми ушул жылдын күз айында өтө турган шайлоо таза, ачык өтүшү үчүн саясый, мүлктүк чектөөнү алып салуу керек. Анткени шайлоо мыйзамына сунуш кылынган 10%дык босого жана миллион сомдук күрөө байлыктын жана бийликтин негизинде түзүлгөн партиялар үчүн гана иштейт. Буга чейин саясатта 20-30 жыл кызмат кылдым деп төшүн койгулагандар, бирок мамлекеттин, экономиканын өнүгүшүнө кашыктай салым кошо албаган саясатчылар ушул шайлоодо тайм-аут ала туруп жаш кадрларга, жаңы муунга иштөөгө мүмкүнчүлүк берилсе деген пикирлер айтылды.




Бекбосун БӨРҮБАШЕВ, саясат таануучу, профессор:
"Саясый элита өз кызыкчылыгын көздөйт"
- Демократия - бул жалпы элдин байгерлигин камсыздап, кызыкчылыгын канааттандыруучу өзүн-өзү башкаруу. Бүгүнкү күндө өкүм сүрүп жаткан көчөдөгү "демократия" эмнеге алып келип жатканын өзүңөр көрүп турасыңар. Ушундан улам биринчи кезекте улуттук идеологиянын концепциясын иштеп чыгуу керек деген максатты көздөп жатабыз. Азыр бизде батыштык-либералдык идеология өкүм сүрүп жатат. Демократиянын өзөгүн куру сөз эмес экономика түзүшү керек. Жылаңач адамдын укугун эч ким коргой албайт. Демократиялык мамлекеттин негизги душманы коррупциялык система болуп, ал улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. Кыргызстанда саясый жана системалык коррупция улам жаңы тепкичке көтөрүлүп келе жатат. 2010-жылкы Конституциянын негизинде "кыргыз парламентаризм" деген ат менен пайда болгон башкаруу системасы саясый коррупциянын өнүгүшүнө түздөн-түз себеп болду. Биз кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү Башмыйзамды өзгөртүүдө бир нече сунуштарды, толуктоолорду киргизип Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылууну жөнөтөбүз.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, сүрөттөр автордуку




Соопту ойлобогон сот
Мамлекетти бекемдөө жылы бүттү, бийликти сабаса боло береби?

Кемин районунун Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек Акматов 10-январь күнү түнкү саат үчтөр чамасында үйүндө уктап жатканда ага айылдашы Жыргал Касымов телефон чалып сөгүнүп эшикке чыгуусун талап кылган.
Буга чейин Жыргал Касымов өзүнүн көзү өтүп кеткен апасынын атын ошол айылдагы орто мектепке койдуруп берүүсү тууралуу айыл өкмөт башчысы Канатбек Акматовго кайрылган экен. Бирок Жыргалдын каалаганы ишке ашпай калгандыктан айыл өкмөт башчысы менен түн ортосунда эркекче сүйлөшүүнү максат кылган.
Ошентип телефондогу уруштан тажаган Канатбек бетме-бет сүйлөшүү үчүн эшикке чыгат. Көчөдө Канатбекти күтүп Жыргал менен анын тууганы Абдылас туруптур. Айыл өкмөт башчысы эшикке чыгары менен мас Жыргал тууганы Абдылас экөө аны кекетип, эмне себептен алардын апасынын атын мектепке койдурбай жатканын сурайт. Бул маселе мыйзам чегинде каралып, андан кийин коюлушу шарт экенин айтат Канатбек. Бирок экөө анын сөзүнө анча ынабай ошол жерден катуу ур-токмокко алышат.
Эшикке чыккан күйөөсүнө санаасы тынбаган аялы көчөгө чыкса эңгезердей экөө Канатбекти аеосуз тепкилеп жаткан экен. Аялы алардын ортосуна түшүп, ажыратууга аракет жасаган. Аларга алы жетпеген аялы кыйкырып, кошуналарын жардамга чакыра баштайт. Аялдын ачуу үнүнөн экөө качып, караңгыга сиңип жок болушат.
Катуу запкы жеген Канатбек Акматовдун абалы оорлоп, кан басымы түшүп, кан көп кеткендиктен райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылат. Бул окуя боюнча Кемин райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылышат. Канатбек Акматовдун абалы оор болгондуктан аны Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине алып келип жаткырышат.
Бул окуя тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны Нурбек ТОКТОСУНОВ буларды айтып берди:
- Жабырлануучулардын арызы менен Кемин РИИБнин милиция кызматкерлери кылмышка Жыргал менен Абдыласты кармашкан. Алардын үстүнөн КР КЖКнын 104-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш ишин козгоп, убактылуу кармоочу жайга камашкан. Жыргал мурда кылмыш жообуна тартылган экен, бирок мыйзам чегинде ал кылмышы жоюлган. Аны суракка алганда айыл өкмөт башчысына айылга кадыр-баркы бар, мындан жарым жыл мурун көз жумган апасынын атын мектепке коюусун өтүнгөн имиш. Бирок айыл өкмөт башчысы аларды сөгүп, кемсинткен дейт. Милиция кызматкерлери бул ишти тергеп, Кемин райондук сотуна өткөргөн. Кемин райондук соту ошол замат эле кылмышка шектүү Жыргалды эркиндикке кое берген.
Соттун мындай чечимине Кемин РИИБнин тартип сакчылары да нааразы болгондуктан бул ишти облустук деңгээлде кароо максатында Кемин районунун прокуратурасынын атынан Чүй облустук сотко кайрылуу жасап жатышат.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА








??.??