presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Агым
Оп, майда
Айланайын, абайла!
Шаршемби күнү Бишкектеги батыш автобекетинин жанынан төбө чачты тик тургузган жол кырсыгы болду. Жол кайгуул кызматынын билдиришинче, бул күнү таңкы саат жетиде Жибек Жолу менен батышты карай бараткан "Хонда Степвагон" үлгүсүндөгү жеңил машине элүүлөр чамасындагы аялды уруп кеткен. Машинеге урунган аял жолдун карама-каршы тилкесине жатып калганда "Хундай Портер" жүк ташуучу машинеси аны кайра тебелеп кеткен. Аял өлүп, эки машине айыптык машине токтотуучу жайга жеткирилген. Азырынча аял менен айдоочулардын аты-жөнү ачыкка чыга элек.


Башмыйзамга бап келбейт
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "Кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизген" берененин Башмыйзамга ылайык келер-келбесин териштирүүнү суранып Конституциялык палатага кайрылган. Анын айтымында, аталган берене саясый лидерлердин кызыкчылыгына иштеп, карапайым адамдар үчүн иштебей жатат. Тилекке каршы, жети сааттан ашык убакытка созулган кеңешмеден соң Конституциялык палата аталган берене Башмыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды.


Баары электен өтөт
Кечээ Билим берүү министри Эльвира Сариева ЖОЖдордогу 2013-2014-жылдарда абитуриенттерди мыйзамсыз окууга алууну текшерүү комиссиясы 15-февралда өз жыйынтыгын чыгарарын билдирди. Министрдин айтымында, абитуриенттерди мыйзамсыз окууга өткөрүү фактылары бир эле Кыргыз-Орус славян университетинде эмес, башка ЖОЖдордо да бар. Ошол себептен комиссия бардык абитуриенттердин жана студенттердин тизмесин жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын текшерип чыгат. Андан соң мыйзам бузууларга жараша чаралар көрүлөрүн кошумчалады министр айым.


МАИчилер эми акча албай калышабы?
Мындан кийин Жол кайгуул кызматынын ишине коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында эл алардын мыйзамсыз аракеттерин видеого же сүрөткө тартып журналисттер аркылуу эфирге, ММКга чыгарууга болот деди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. Бир ай ичинде жол кыймыл эрежесин бузган айдоочулардан айып пулду накталай алууну токтотуп, ар бир МАИ кызматкеринде атайын банктык ПОС-терминал болушун, кызматкерлер аны туура колдонууну билүүгө тийиштигин эскертти. Өткөн жылы жол кыймыл эрежесин бузгандар үчүн төлөнүүчү айып пулдун көлөмү бир нече эсе көбөйгөн. Айдоочулар муну менен МАИ кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери да күчөгөнүн айтып, нааразычылыгын билдиришкен. Эми мындан кийин маичилердин туура эмес ишин байкасаңыз, дароо эле уюлдук телефондон сүрөткө же видеого тартып алып интернет булактарына койсоңуз болот.

Акыр заман белгиси эмеспи?
12-январда Каракол шаарынын 53 жаштагы тургуну балдарынын көзүнчө аялын бычактап өлтүрүп салган. Үйдөгү ызы-чуу жаңы башталганда эле улуу кызы милицияга телефон чалып, атасы мас болуп келип энесин өлтүрөм деп жатат деп чырылдаган. Тартип сакчылары келгенче эле мас күйөө аялын мууздап салыптыр.
Ал эми Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 55 жаштагы тургуну 33 жаштагы уулу менен уруша кеткен. Уулуна жиндеген аял ашкана бычагы менен аны сайып салган. Учурда аялын өлтүргөн эркек да, уулуна бычак сайган аял да темир тордо сурак берип отурушат.


Мал сарайда багылган майып
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында биринчи топтогу майып, 56 жаштагы Абдували Тагаевди атасы мал сарайга чыгарып салган. А.Тагаев адам жашай албаган шартта жатканынын себеби анын артынан атасы үйдү тазалагысы келбегенин айтат. Сарай жылытылбайт, оорукчан адамды көптөн бери жуунтушкан, кийинтишкен эмес. Абдували төшөктө жатат, туулгандан эле майып. Майыптын атасы Жээнбек Тагаевдин айтымында, оорулуу баласын кароого анын мүмкүнчүлүгү жетпей жатат. "Эч жактан жардам келбейт, алган 3000 сому эч нерсеге жетпейт, мен карыдым, иштей албайм, түнкүсүн аны карап жылуулап жаап коем, аны үйдөн караган оор" дейт. Анткени ата-бала жалгыз жашайт экен. Жээнбек карыянын дагы бир баласы 58 жашында каза болуптур. Ал да өмүр бою майып болгон. Жергиликтүү социалдык коргоо кызматкерлери майып карыларды карабай каякты карап жатышат болду экен...


Мыйзамсыздык көнүмүш жашоого айланды

Ошентип болору болуп боесу канды. 10-январь күнү Бишкек шаардык сотунун коллегиясы "Рубикон" ОсООсунун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Шаардык соттун коллегиясына төрагалык кылган судья Эрмек Байсекеев ушундай чечимди жарыя кылды.

Өткөн жылдын 24-сентябрында Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксамаев "Рубикон" рекламалык фирмасынын элүү пайыздык үлүшүн мурдагы өнөктөш негиздөөчүлөр Александр Рябушкин менен аялы Галина Рябушкинага ыйгаруу тууралуу чечим чыгарган. Алар 2000-жылы өз үлүштөрүн Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге сатышкан эле. А.Тойгонбаев андан кийин жасалма документтер аркылуу "Вечерний Бишкек" гезитин басып алгандыгы коомчулуктун эсинен чыга элек.
Райондук сот жогоркудай чечим чыгарган соң "Рубикондун" менчик ээлери Александр Ким жана Анна Власенко бул чечим боюнча экинчи инстанцияга кайрылышкан. Экинчи инстанция болгон шаардык сот болсо биринчи инстанциянын чечимин жарым-жартылай болсо да колдоп, биринин мыйзамсыз чечимин экинчиси улантып жатат.
Бул, демек коомдо мыйзамды тебелеп-тепсөө прецеденти түзүлдү дегенди билдирет. Башкача айтканда, он-он беш жыл мурда бирөө кандайдыр бир мүлкүн саткан болсо, азыр кайра сотко берип ошол мүлкүн талашып тартып алса болот экен деген сөз.
Бийлик бир колу менен коррупция менен күрөшүп жаткандай, экинчи колу менен жогорудагыдай мыйзамсыздыкты колдоп, коомдук жашоо көнүмүшүнө айлантып акыйкаттыкты муунтуп отурат. Ушундай абалда демократиялык коом, сот реформасы, акыйкат шайлоо жөнүндө сөз кылууга болобу? Айтор, Атамбаевдин режиминен баарын күтсө болоруна көз жетти.




"Градиент" фирмасы прокуратура, милицияны тоготпойт
Азыр кимдин бийликте ишеничтүү адамы болсо мыйзамды, укук коргоо органдарын тоготпой каалаганын жасаса болот. Мунун ачык фактысын Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургуну Асан Эсеналиев редакцияга алып келди. Эмесе, сөз башынан болсун.

Нарын районунда 1981-жылы башталып, бирок бүтпөй калган 380000 м3 көлөмдөгү суу сактоочу "Тешик" БСРи бар эле. Бул объект Жаңы-Талап колхозунун талабы менен курула баштаган. Долбоор боюнча ал 1176 гектар жерди сугат суусу менен толук камсыз кылмак. Курулуш сметасы эсептелип, ошогездеги Кең-Булуң ПМКсы тарабынан курулуш иштери башталып, котлован казылып, жардыруу иштери жүргүзүлүп, 1000 мм диаметрдеги 120 метрлик темир трубалар монтаждалган. Бирок 1988-жылы БСР жайгашкан аймактагы жер кыртышын кошумча изилдөө себептерине байланыштуу иш токтотулган. Ошондон бери каражат жоктуктан бул объект боюнча иш жүргөн эмес.
2010-жылы бул жердеги ошогездеги базар баасы боюнча 1620,0 миң сомду түзгөн трубалар автокран, машиналар жалданып уурдалганы Жерге-Тал айылынын тургундары жана укук коргоо органдары тарабынан аныкталып, күнөөлүүлөр ким экени да белгилүү болгон. Азыркы учурда аталган трубалар Лебединовкада жайгашкан "Градиент" фирмасынын короосунда камакта турат. Асан Эсеналиевдин айтымында, "Градиент" фирмасынын ээлери Эмир, Апас Сарпашевдер "Кумбел" алтын кенин көргөнү барганда тиги трубаларга көзү түшүп, өз техникалары менен келип жүктөп кетишкен. Мунун билип калган Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сейтмамбетов, айыл кеңеш депутаттары Ж.Тургуналиев, С.Сыдыкбекова жана Ж.Эркинбаев, о.э. Нарын РИИБнин кызматкерлери 2010-жылдын 29-июнунда Лебединовкадагы "Градиенттин" складына келип, трубаларды таап көрүп салыштырып, сүрөткө тартып, акт түзүшкөн. Ошондон бери аларга арест салынган.
Акыркы төрт жылдан бери Башкы прокуратурадан тарта Нарын, Чүй облустук, райондук прокуратуралар, РИИБдери бири-бирине бул ишти түртө беришип эч нерсе чечилбей, натыйжада трубалар "Градиентте" турат. Акыры Аламүдүн РИИБси кылмыш ишин козгоп, бирок ушу кезге чейин тергөөнүн жыйынтыгы чыкпай келет. Башкы прокуратура суранса да эч дайын жок.
Жерге-талдыктар өз трубаларын алып барып кайра суу сактагыч куруп алсак, эки миң гектардай жерди сугарат элек дегенде ак эткенден так этишет. Себеби былтыркы кургакчылык суу сактагыч куруунун канчалык зарылдыгын көрсөттү.
Бул иш сүйрөлүп отуруп бешинчи жылга кетип, эч жыйынтык чыкпаса "Градиент" деген кимдин фирмасы экендиги айласыз эске түшөт экен. Биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин мурда өзүнө тиешелүү, кийин туугандарына өткөрүп берген бул фирмага байланыштуу чуусу былтыр узакка уланып, акыры биринчи вице-премьер андан акталып чыккансыган. Биз Тайырбек Сарпашев өзү кылып жатат дегенден алыспыз, бирок сизге ишенген фирма иштеткен туугандарыңыз жерге-талдыктарды сыздатып жаткан жокпу ыя, Тайырбек мырза? Болбосо төрт жылдан ашты, бул иш эмнеге жылбайт? Жооп күтөбүз.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??





??.??