presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Жазгы "соодага" кышкы даярдык
Адатта жыл сапарын карыткан күнү, тагыраагы, 31-декабрда бардык эле адамдар белек-бечкегин көтөрүп, үй-бүлөсү менен жаңы жылды тосууга шашылат. Бирок айрым адамдар, анын ичинде саясатчылар так ушул жыл тогошкон күндү өз кызыкчылыгына пайдаланып каларын көпчүлүгүбүз билбейбиз. Анткени андай амбициясы акылын бийлеген адамдар үчүн бул күн абдан ыңгайлуу учурлардын бири болот тура. Айталы, "Кумтөргө" байланышкан жаңы жылдык трюкту алалы…

2003- жылдын 31-декабрында ошол кездеги премьер-министр Николай Танаев турган жогорку кызматтагы чиновниктердин тобу "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы келишимди бекитпеди беле? Кыргызстандын миллиондогон калкы үйлөрүндө жайма-жай оливье салатын жасап, шатыра-шатман шампандарын аттырып жаткан чакта коррупцияланышкан чиновниктер Ак үйдө "Кумтөр" кенинин 33 пайыз акциясын уурдап, элдин байлыгына көз көрүнөө кыянатчылык жасашканы эсибизде. Албетте, биз ошол жашыруун сооданын катышуучулары миллиондогон элдин ырыскысын уурдап, башкаларга бергени үчүн жаңы жылдык белексиз калышпаганын билебиз. Андан бери туура 11 жыл өттү. Натыйжада экологиялык жабыркоо, мамлекеттик казынанын какшыганы, нааразычылык пикеттер, башаламандык, эл аралык соттордун кысымы, инвестициялык климаттын тоңушу, капиталдын мамлекеттен сыртка чыгып жатышы болду… Бирок бизде ошол жаңы жылдык трюктун уландысы дале бар. Маселен...

Текебаевдин "белеги"
Кызык, жашоо бумеранг, тарых кайталанат деген айныксыз аксиома турбайбы. Эски жылдын этегинде ошол эзелки жаңы жылдык трюкту "Ата мекен" партиясынын айрым өкүлдөрү кайра кайталады. Тактап айтканда, 2014-жылдын 31-декабрында "Ата мекен" фракциясы парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетти өздөрүнө менчиктөөгө өтө кылдат аракет жасады. Кантип? Мыйзам бузуу жолу менен. Каттоодон 93 (стенограммага ылайык) депутат өткөнүнө карабастан парламенттин залында 31 гана депутат отуруптур, демек кворум жок. Бирок бул маселени талкуулайлы деп 69 депутат добуш берген имиш. Сыйкырчылар деле таң калса керек?! Андан сырткары, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга ылайык күн тартибине кийрилчү маселелер 72 сааттан кем болбогон убакытта сунушталып, бекитилиши керек. Ал эми "Ата мекен" фракциясы бул сунушун 2 сааттын ичинде күн тартибине кыстыра салып жатышат. Өмүрбек Текебаев "өзү жазган" Башмыйзамдын бир пунктунда да парламенттеги комитеттерди фракциялар өздөрүнө менчиктеп алыш керек деген сөз жок. Мындайча айтканда, бийликти узурпациялоого жол бербейт. Бирок "ата мекенчилер" өздөрүнүн чечиминде "Экономикалык жана фискалдык саясат комитети биздики!" деп жазып жатышат. Демек, Текебаев жалпы эмес, "өздөрүнүн жазылбаган" Башмыйзамы менен иштешсе керек. Дагы бир одоно мыйзам бузуу - бул маселени добушка алып чыгаардан мурда ЖКнын Регламент комитетинин чечими керек эле, ал чечим жок. Айтор, эмне болсо да бул аракети ишке ашпады. Жогорку Кенештин регламенти жөнүндө мыйзамдын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык көтөрүлгөн маселе 5 күндүн ичинде же ары же бери болуп чечилиши керек. Андан бери 15 күн өттү. Ошол эле берененин 6-пункту комитеттин төрагасын чакыртып алуу демилгеси бир жыл ичинде бир эле жолу көтөрүлүшү мүмкүн дейт. Демек, Самаковдон жакшылыктан башка эч нерсе көрбөгөн Текебаевге мыйзам эми мындай мүмкүнчүлүктү кирип келген 2015- жылдын акыркы оливье жасай турган күнү гана берет.

Кызыкчылык эмнеде?
Текебаев мырза буга чейин Танаевдин, Акаев менен Бакиевдин кулуардык чечимдери менен жашыруун сүйлөшүүлөрүн сынга алып келгенине карабай парламенттин босогосун аттаганда эле ошол жоруктарды жолдоп калганы абдан кызык. Ооба, чындап карасаң 2003-жылдын 31-декабрындагы менен 2014-жылдын 31-декабрындагы саясый трюктун эмне айырмасы бар? Эмне үчүн так ушул Карганбек Самаков жетекчилик кылган экономикалык жана фискалдык саясат комитети Текебаевге мынчалык керек болгонуна кызыгып көрөлүчү. Эмне үчүн ал так ушул майрам күнү тымызын түрдө комитетти тартып алуу аракетин көрдү? Көрсө, мунун жөнү башкада экен. Парламенттеги так ушул комитеттин макулдугу менен гана Кыргызстан Бажы биримдигине кошула алат экен. Тагыраагы, аталган комитет ББга кирүү боюнча акыркы чечүүчү келишимдин долбооруна макулдук берген соң гана ал парламентте ратификация болууга тийиш. Демек, Текебаев мырза аталган маселе азыркы бийлик үчүн керек болсо "Кумтөрдөн" да маанилүү экенин билип, так ошол тар жол, тайгак кечүүдө саясый соода жүргүзүүнүн камын ойлонсо керектир. Ошон үчүн комитеттин курамындагы депутаттар төрага Самаковду көпчүлүк добуш менен колдоп, анын ишин уланта берүүсүнө добуш берсе да, амалдары алты кеткен Текебаев мырза парламенттеги жасалма "көпчүлүк" менен бул маселени чечүүгө аракет кылса керек. Бирок "боводу"…





Коррупция менен күрөштүн кейпи ушу...
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Өлкөнү сыртынан карасаң же Президенттин сөздөрүнө кулак салсаң, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатканына ишенип кетесиң. Ооба, күндө болбосо да күн алыс маалымат айдыңында "паланча пара менен кармалыптыр", "коррупцияга шектүү деп иш козголуптур" деген кабарлар чыгат. Бирок кармап, камап койгон менен ошонун көбү эле ар кандай себептер менен акталып, кайра эркиндикке чыгып, чыкканда да кайра өз ордуларына сот аркылуу бекип жатканы тууралуу көпчүлүк билбейт. Мисалы, өткөн саныбыздан бери биз Президент коррупцияга каршы күрөштү чындап баштагандан берки ири чиновниктер аралашкан резонанстуу, коррупциялык кылмыш иштерине көз чаптырдык. Бул жол менен канчага чейин бара аларыбызды өзүңүз божомолдоорсуз...


Соттолгонунан акталганы арбын

11. 2013-жылы 5-мартта УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүүчү кызматкерлери генерал Эргеш Алиев атындагы ИИМ Академиясынын начальниги полковник Алмазбек Базарбаев менен орунбасары Рахматулло Амираевди ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармаган. Бул иш тергелип бүтүп, 2013-жылдын 28-октябрында Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан, кийин шаардык, аягында Жогорку сот тарабынан каралган. Акыркы инстанцияда сот А.Базарбаевди болгону 100 миң сом айып пул төлөөсүнө өкүм чыгарып, ал эми орунбасары Амираевди 11 жылга эркинен ажыраткан;

12. 2014-жылдын 4-мартында "Кызмат абалын кыянаттык менен колдонгон" деген айып менен Айыл чарба министрлигин мурдагы башчысы Чыңгызбек Узакбаевге УКМКнын антикоррупциялык кызматы тарабынан иш козголгон. Көрсө, ал министрлик аркылуу чет элден келген айыл чарба багытындагы гранттык каражаттын 419 миң АКШ долларын өзүнүн бир туугандары ээлик кылган "Бапа" фермердик чарбасына мыйзам бузуу менен бөлүп бериптир. Бирок аны ЖКдагы таасирдүү депуттар коргоого алып, алардын "өлкө аймагынан сыртка чыкпайт" деген кепилдиги менен камакка алынган эмес. Баарынан таң калычтуусу, бул иш дагы соттук териштирүүлөрдөн соң өтө эле жумшак өкүм менен аяктады. Биринчи май райсоту Чыңгызбек Узакбаевди 2014-жылдын 4-ноябрында 5 млн. сом айып пулга жыгып, жөн болду;

13. 2014-жылдын 20-мартында Башкы прокуратура тарабынан Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык агенттигинин мурдагы башчысы Каныбек Нарбаевге жана Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата КЖКнын "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "жасалма документ топтоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анткени борбордун көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштеринде коррупциялык схема иштеп, айрым топтун мамлекеттик казынага зыян келтиргени белгилүү болгон. Тагыраагы, Каныбек Нарбаев баштаган кызмат адамдары жалган документ топтоп, борбордун көчөлөрүн оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдын баасын өтө жогору кылып көрсөтүп, ашкан ири суммадагы каражаттарды өз чөнтөктөрүнө сологондугу айтылган. Бирок бул ишти да "жаман жер" басканы турат. Себеби ошол эле Башпрокуратура аталган кылмыш иши боюнча Эсеп палатасы аудит жүргүзүп жаткандыгына таянып, КЖКнын 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутуна ылайык, "айыптуу экендиги толук аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу" кылмыш ишин убактылуу токтотуптур;

14. 2014-жылдын 28-майында Башкы прокуратура "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы Дилгер Жапаровго бир канча беренелер менен иш козгоп, камакка алган. Негизги айып - ал аталган ишканын жетектеп турган маалда 200 млн. АКШ долларын "Центтера Голд" компаниясына өкмөттүн макулдугусуз дивиденд катары которуп жиберген. Учурда бул кылмыш иши Биринчи май райсотунда каралууда. Ишке күбө катары экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев да чакырылган;

15. 2014-жылдын июль айында Транспорт жана коммуникация министрлигинин стат-катчысы Максат Дыйкановго КЖКнын 303-"коррупция" беренеси жана 304-"кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Тергөө органынын айтымында, ал 49 млн. сомдук мамлекетке зыян алып келген деп шектелген. Иш учурда Биринчи май райсотунда каралууда;

16. 2014-жылдын 3-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан "Республика" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон Урмат Аманбаевага карата КЖКнын 303-"коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Башкы айыптоочу органдын маалыматына ылайык, Урмат Аманбаева 2003-2009-жылдар аралыгында Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган маалда бир катар жарандар менен биргеликте коррупциялык иш-аракеттерди жасап келген. Башкача айтканда, аталган борборду дары-дармек менен камсыз кылууда жасалма документтерди топтоо менен ал мамлекетке 17 млн. 263 миң сомдук зыян алып келгендиги айтылат. Учурда депутаттын саламаттыгына байланыштуу ал камакка алына элек жана анын кылмыш ишине күбө катары көрсөтмө берип жаткан аталган оорукананын мурдагы деректири Акылбек Байсалов Ош шаарында өз өмүрүн кыйды;

17. 2014-жылдын 27-ноябрында Ош шаарынын мурдагы башчысы Мелис Мырзакматовго Башпрокуратура тарабынан КЖКнын 303-"кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушун мыйзам бузуу менен баштап, мамлекеттин казынасына ири өлчөмдөгү каржылык зыян алып келди делген Мырзакматов болсо иш козголгонго чейин эле өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр аны тергөө органдары Интерпол аркылуу издеп жатканын айтышат;
P.S. Ошентип биз коррупцияга каршы күрөштөгү айрым гана коомчулукка резонанс жараткан фактыларга үңүлүп көрдүк. Булардан башка ортоңку, төмөнкү мамлекеттик звенолордо пара менен кармалган кызматкерлер жүздөп саналат. Бирок алардын канчасы жаза алып, канчасы кызматынан биротоло четтетилип, канча каражат мамлекетке кайтарылгандыгын так айтуу чоң маселе. Баарынан кызыгы, коррупциялык күрөштө пара берип жатып кармалгандарды табуу кыйын, жалаң эле алгандар. Демек, алгандан мурун бергенге да чара көрүү ылайык болуп тургандай.

Бетти даярдаган
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ







??.??