"Агым", 16.01.15 Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Мелис ТУРГАНБАЕВ, Ички иштер министри, генерал-майор:
"Академияны жойгонго чейин барышыбыз мүмкүн"
Кыргызстандын кайсы гана тармагын кеп кылба, бардык жерде көйгөйлөр көп. Мындан төрт ай мурун Ички иштер министри болуп дайындалган милициянын генерал-майору Мелис ТУРГАНБАЕВ кызматка келгенден бери өлкөдөгү милициянын абалын өз көзү менен көрүү үчүн кыдырып жүргөнү көпчүлүк ММКларда маалымдалган. Мелис мырза менен ушул кыдыруулардын жыйынтыгы, милициянын азыркы абалы, реформалоо процесси жана коомдук пикирлерди пайда кылган чоң кылмыш иштери боюнча маектештик.


- Сиз ИИМге жетекчи болуп келгенден баштап Кыргызстандын бардык аймактарындагы абал менен таанышып келдиңиз. Кандай көйгөйлөр ишке тоскоолдук кылып жатат?
- Кыргызстандын бардык аймактарындагы милициянын көйгөйлөрү окшош. Штабга кызматкерлер, транспорт, техника жетишпейт, милиция отурган имараттары жок же авариялык абалда, алардын турак-жай маселеси, маянасы сыяктуу көйгөйлөрү көп экен. Өлкөбүздөгү ар бир аймактык тескөөчүлөрдүн иштеп отурган жерлерин өз көзүбүз менен көрүп келдик. Негизи милиция менен элдин ортосунда буга чейин ишенбөөчүлүк мамиле болуп келген. Бүгүнкү күндө милиция элге керек экендигин, милициянын жумушу элдин коопсуздугу үчүн жасалып жатканын, ар кандай саясый көрүнүштөргө курал катары колдонбой элди коргогонго багытталганын айтып, элдин да ой-пикирлердин угуп, жолугушуулар болду. Албетте, милицияга сын-пикирлер да айтылды, ошол эле учурда аларга шарт түзүп бергиле деген сунуштар да болуп жатты. Чынын айтканда милиция көп жылдан бери каралбай калыптыр. Мурунку техникалардын баары эскириптир. Ошонун баарын эсептеп, 2015-жылы өзүбүздүн алдыга койгон пландарыбыздын негизинде акырындап ишке ашыралы деп жатабыз. Мен барган аймактарда жергиликтүү бийликтин милицияга кылган мамилеси дагы жакшы болуп калган экен. Алардын милиция менен бир мекемеде отуруп, биргеликте иш алып барып жатканы кубандырды. Ысык-Көл облусуна туристтердин келишине, алардын коопсуздугуна азыртадан кам көрө баштадык. Жолдун боюна, ар бир айылга милициялык пункттарды коебуз. Ал пункттарда милиция кызматкери иштеп, келген туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөп турушат.
Буга чейин Кара-Кечеде ызы-чуу болуп, биртоп кылмыштар болду эле, бул маселе да чечилди. Биз барганда баягыдай кезекке туруп урушмай жок. Кышкы сезондо ондон жыйырмага чейин милиционерлер кезеги менен тартипти көзөмөлдөп күзөттө турушат. Түркиядан алынып келинген бардык шарты бар чакан үйлөрдү ошол жерге алып барып коелу деген пландар бар. Андан сырткары Ак-Талаа районунда 1930-жылдарда курулган фундаменти жок ички иштер бөлүмүнүн имараты урайын деп калыптыр. Бюджеттен капиталдык курулушка деп 50 млн. сомго жакын каражат каралган экен. Биз ошол акчаны үнөмдөп, жанындагы эки кабаттуу мурда иштебей турган тиричилик комбинаттын мекемесин эл менен сүйлөшүп бир миллион сомго сатып бердик. Күн жылыгандан баштап ремонтуна каражат бөлүп, май айларында ошол жерге райондук ички иштер бөлүмүн ачалы деген максат бар. Баткенде унаа жок дегенинен жаңы машина бердик.
- Милицияны реформалоо маселеси көп жылдан бери айтылып келет, бирок ишке ашканы байкалбайт?
- Чындыгында Кыргызстанда он жети миңден ашуун милиционер болсо алардын баарын үч айда реформалоо жетишсиз. Бул боюнча атайын башкы штаб түзүлүп, реформалоо боюнча башкармалык ачылды. Милиция кызматкерлери жетишпеген региондор көп. Борбордук аппараттагы 230 кызматкерди оптимизация кылып айыл жерлерине жөнөтөбүз. Андан сырткары инвесторлорду тартуу үчүн жакшы иштерди алып барып жатабыз. Чет элдик уюмдар, жарандык коом менен иштеше баштадык. Жылдын аягында милициянын иштегени жагынан жылыштар болуп, коомчулукка ал иштер көрүнөт деп ойлойм. Жакында милиция кызматкерлери үчүн үч үйдүн капсулун салганбыз. Ушундай үйлөрдү курууну Ош жана Баткенде да баштаганы жатабыз.
- Коомдук пикирди жараткан кылмыштардын арасынан Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө Башпрокурор Аида Салянованын агасынын аты да чыгып жатат. Дегеле бул ишти иликтөө кандай жүрүп жатат?
- Негизи ар бир кылмышкер жасаган ишинин изин суутканга аракеттенет. Кээ бирде кылмыштар тез эле, а кээси өзүнүн сааты чыкканда ачылат. Бул кылмышты мен өзүм көзөмөлгө алгам. Бүгүнкү күнгө чейин күнүгө бул тууралуу маалыматтарды берип жатышат. Бул иштин кандай тергелип, иликтенип жатканын мындай же тигиндей деп тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу ачык айта албайм. Бирок Аида Салянованын агасынын бул кылмышка эч кандай тиешеси жок. Ал кишиге карата коюлган күнөөлөрдүн бардыгы кылдат текшерилди. Бул туурасында жакында расмий маалыматтарды бердик. Себеби бул абдан ызы-чуу болуп кетти.
- Камила Дүйшөбаева телефон чалып чакырганын ал киши өзү айтып чыкты го...
- Кыргызстан кичинекей эле өлкө да, экөөнүн тааныштыгы бар. Телефон менен сүйлөшүп жүргөн. Биз анын бардыгын текшердик, эми күнөөсү жок кишини кантип күнөөлүү дейбиз. Малайзиядан эксперттерди чакыртып телефонундагы вацаптан кимдер менен сүйлөшкөнүн текшертип, колдон келген аракеттерди жасап жатабыз. Биз деле бул кылмыштын ачылышына кызыкдарбыз. Эми муну саясатка айландырып жиберишти. Бул Кыргызстанда күнүгө эле болуп жаткан кылмыштардын бири. Бизге кылмыштардын айырмасы деле жок. Кандай кылмыш болбосун, ошол иштин бетин ачууга милдеттүүбүз. Мисалы, убагында Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмышты деле ачылбайт деп айтышпады беле. Азыр ал кылмыштын бети ачылып, камалып, кээ бирлерине сырттан өкүм чыккан. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, бардык кылмыштар эртеби-кечпи, баарыбир ачылат.
Чындыгында агасы үчүн иниси же атасы үчүн баласы жооп бербейт. Ар кимдин өзүнүн үй-жайы, кызматы, бүлөсү бар. Ал агасынын кайда жүргөнүн кадамына чейин текшербейт да. Коомдо ар кандай пикирлер жарала бериши мүмкүн. Мисалы, мен жөнүндө кандай гана пикирлер жаралган жок. Мен аларга көңүл бурбайм.
- 27-январда Ош эл аралык аэропортунда 5 миллион доллар каракталып кетти. Буга чейин да ушундай миллиондорду карактагандардын кылмыш иши эмдигиче ачыла элек...
- Булардын бардыгы мыйзамсыз акчалар болгон. Ишкерлердин акчасы контрабанда менен сыртка чыгып турган экен. Бул жерде чоң териштирүүлөр, иликтөөлөр болуп жатат. Кээ бир биздин кызматкерлерди кызматтан четтеттим. Жабыр тарткан ишкерлердин ушундай чоң суммадагы акчаларды мыйзамсыз жол менен жөнөтүүсү көнүмүш адат болуп калган. Акчаны сыртка алып чыгуунун мыйзамдуу тартиби болот. Банк аркылуу которуу, инкассатор деген бар. А булардыкы жөн эле баягы биз айткандай, кыргызча болгон. Булар ушундай ыкмада дайыма өткөрүп жүрчү экен. Бир жолу биздин кызматкерлер кармап, мындай кылган туура эмес деп айтса, биздин балдарга иш козгогонго чейин барышкан. Көрсө алардын үстүндө да жашырып-жапкан кишилери отурат экен. Жанагынча суммадагы акчаны банк аркылуу жөнөтсө ортодогу пайызы көп, ал эми мындай жөнөтсө аз болот экен. Анан ишкерлер арзан, жеңилине качышат да. Ошончо акча болгондон кийин инкассацияны колдонуп же банк аркылуу которушу керек эле. Тилекке каршы, бул жерден жабырлануучулар өздөрү мыйзамды бузуп жатышат. Бул кылмыштын бети ачылат деп ойлойбуз. Ал эми Бишкек шаарында тонолгон акча боюнча шаардык прокуратура, УКМК иш алып барып жатышат.
- ИИМге караштуу милициянын академиясы көп учурда ызы-чуунун чордонунда жүрөт. Ал жерде тартип бузуулар абдан көп, билим сапаты төмөн, коррупциянын уюгу, кылмыш, баңгизат бар деген маалыматтар бар...
- Академия боюнча сиз айткан сындардын баарына кошулам. Анын жетекчиси кызматтан кетти. Жакында жаңы жетекчини шайлайбыз. Убагы келгенде баарын түп тамырынан бери өзгөртөбүз деген пландар бар. Бул боюнча атайын комиссия иштеп жатат, буларда финансылык тартип бузуулар да көп экен. Балким ал академияны жойгонго чейин алып барышыбыз мүмкүн. Ошонун баарын кылдат иликтеп, карап чыгышыбыз керек. Эмки сентябрдагы окуу процессинин башында академияга жаңылануу менен барышыбыз керек. Биз билген көп мамлекеттерде милициялык академия деген жок экен. Ал жактарда ЖОЖду бүткөн балдар милицияда иштегенге көңүлү болсо аны кызматка алып, аны кайра бир жылдык окууга жөнөтүшөт. Мисалы, мектепти аяктаган бала менен ЖОЖду аяктаган адамдын көз карашын салыштырууга болбойт. ЖОЖду бүтүргөн адамдын көз карашы, ой максаты калыптанып калат. Ал эми мектепти жаңы аяктаган бала академияны толук окубай кетип калышы ыктымал же толук аяктаса деле анын иштегенге көңүлү болбой калат. Ошондой болбош үчүн биз ЖОЖду аяктаган балдарды кайра даярдыктан өткөрүү үчүн бир жылдык милициянын окуусуна жиберүүбүз керек. Ушундай ыкмада окутсак милициянын деңгээли жогору болмок. Академия боюнча ойлор, максаттар абдан чоң. Себеби милициянын түз жолго түшүп, оңолуп жакшы иштеши академиядан башталат.
- Милицияга майда кылмыштар боюнча арыз жазып кайрылгандардын арызын кабыл алышпайт деген арыздануулар көп. Сизге милиция арызды кабыл албай койду деген даттануулар түштү беле?
- Мага мындай даттануулар түшкөн эмес. Балким бирин-экин ушундай окуялар болуп калгандыр. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, милициянын арасында бир-экөө ошондой иштерди жасагандыр. Милицияны 102ге чалып чакырсаңар, ал бардык жерде катталат. Аны өчүрүүгө мүмкүн эмес. Арыз менен кайрылгандарды күзөттө отургандар милдеттүү түрдө кабыл алышы керек. Жакында электрондук куб деген долбоор түзүп жатабыз. Электрондук куб менен интернет аркылуу арыз жазып, кайсы тергөөчү карап, тергөө иштери кандай жүрүп жатканынан бери билип турса болот. Андан сырткары ИИМдин өзүнүн интернет сайты иштейт. Ошол жакка да билдирүүнү, арыздарды жиберип турса болот. Андан тышкары менин жеке электрондук почтама да кат жиберсеңер болот. melis.turganbaev@mail.ru

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА