presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Агым
Билимдин айкын жолу - полемика
Илимпоздор иттин кара капталынан, анда неге өнүкпөйбүз?!

Биздеги илим-билим тармагындагы коррупцияланып бүткөн система туурасында тынчсыздангандар толтура, бирок ошол кемчиликтерди аныктаган сын-пикирлер дээрлик жокко эсе. Аныгында коррупция коомдун башка тармагын желедей чырмаган күндө да, куру дегенде илим-билим чөйрөсү мынчалык ыпластыктарга жол бербей, анык кызыл чеке талашка түшүп калышы керек эле. Арийне, өнүгүп-өскөн өлкөлөрдүн келечек тагдыры адам потенциалына таянса, биздеги "өнүгүп-өсүүнүн" жолу - коррупцияны балдак сыяктуу таянып калганында! Коррупция жолу менен илимий даражаны сатып алууну эрөөн-төрөөн көрбөгөн интеллектуалдуу мутанттар жайнап кеткен үчүн илимдин докторлору, академик, профессорлоруна эсеп жетпейт. Ыраматылык устатыбыз Алым Токтомушев айтмакчы, "бизде "самопал" дипломдор тургай "самопал" академиктер өтө арбын". Анан кайдан билим берүүнүн сапаты жөнүндө сөз кылууга мүмкүн?! Бизди азыр мамлекеттик кылмышкерлер менен кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү гана эмес, интеллектуалдуу кылмышкерлер башкарган үчүн турмушка кереги жок билим алган, диплом алган шордуулар толтура. Баарыбыз самопал доктор, академик, профессорлордон билим алып чыккан үчүн мамлекетибиздин жерпайын бышыктай албай отурабыз! Эгемен өлкөгө ээ болгонубуз менен саясый-экономикалык көз карандылыктан башыбыз чыга элек. Себеби мамлекеттик түзүмдү түз жолго салаар идиректүү интеллектуалдарды өстүрө албай келебиз. Идиректүүлөрү чыкса да четке түртүп коймой адатыбыз менен илим-билимдүүлөрдүн көбүн бөтөн эл, бөтөн жерге кетүүгө аргасыз кылдык. Мына ошондой мекендештерибиздин бири ассошиейт-профессор Жалалидин ЖЭЭНБАЙ учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд университетинде эмгектенет. Биз сыймыктанаар бул инсан бизнес максатын эмес, илим-билим баалуулугун көздөп, өз элине нектар ташыган аарыдан бетер тынымсыз эмгектин артынан түшкөнү туурасында гезиттин кийинки санында кенен кеп курабыз. Бу саам омоктуу ойго жем таштаар Жалалидин ЖЭЭНБАЙ мырзанын төмөндөгү бизге жөнөткөн макаласына көңүл буруп көрөлү…


Жеригенди качан токтотобуз?
Жакында ютубдан "Ой ордо" аттуу токшоу программасынын кезектеги көрсөтүүсүнөн Кыргызстанда илим жаатын реформалоо жөнүндөгү республиканын аттуу-баштуу адамдарынын талкуусун көрүп калдым. Анда илим изилдөө тармагындагы көйгөйлөрдү аныктап, жакшы изденүүлөр башталганына ынансак болот. Сабырдуу жана шартка жараша кыскартылган талкуунун артында ар бир катышуучунун бай тажрыйбасы турганында шек жок. Абдан чечкиндүү пикирлер да айтылды. Алсак, "илимий жетишкендикти кандидаттык, докторлук даражалар менен эмес, эл аралык таанууга ээ болгон макалалар менен ченейли" сыяктуу ойлор биздин илимди эл аралык интеграцияга б.а. туура багытка баштай турган көрүнүш дээр элем. Ошону менен катар мени көптөн бери түйшөлткөн маселелер жөнүндө да сөз болду. Мен бул жерде чет өлкөлөрдөн окуп жана изилдөө жүргүзүп келгендердин дипломдорун таануу жөнүндө айткым келет.
Негизинен Кыргызстанда болуп жаткан процесстерге бир да сын айтууну каалабайм. Тескерисинче, мамлекеттүүлүктү, анын институттарын бекемдөөгө аракеттенген, айрым башка элдерде капкачан эле көнүмүш болуп кеткен коомдук жашоону уюштуруу ыкмаларын, технологияларын тамтуң баскан жаш баладай жаңыдан үйрөнүп келаткан өз мекенимдеги ар бир саамалыкты баалайм жана ийгиликтүү болушун тилейм. Андай маанилүү иштердин бири - илимди реформалоо аракети. Ошондуктан бул тармактын жөн эле профессионалдык жактан артта калгандыгын оңдоо эмес, дүйнөгө маскара кылган коррупциялык элементтерин түп-тамырынан жоготуу үчүн бел байлаган биртоп кадырлуу адистердин иш баштаганына кубанам. Бирок талкууда чет өлкөлөрдөн алган билим жана илим даражалары жөнүндө бир жактуу, тескери жана ал дипломдордун ээлерин кемсинтүүчү сөздөр айтылганы мени абдан кейитти. Эң өкүнүчтүүсү, ошол даражаларды алып келгендер биздеги өзөгүнө чейин коррупцияланып бүткөн билим берүү системабыздын тоскоолдуктарына карабай, аларды айланып өтүп, ар кайсы сыноолорду башынан өткөрүп, коммерцияны кууп кетпей, илим-билимдин артынан түшүп, ийгиликке жетишкен өзүбүздүн балдар экени капарга да илинбей калганында.
Тилекке каршы, бул бир эле телешоуда айтылган кептерден эмес, акыркы кездери академиктерибиз, илимдин докторлору тарабынан улам-улам кайталанып айтылган нерселер болууда. Мындай пикирлердин жыш айтыла бергени - чет элден билим алган жаштарды Кыргызстандын илим-билим системасына батырбоонун, аларга каршы коомдо тескери мамиле жаратуунун аракети болуп бараткансыйт. Мындай мамиле ушул күнкүгө чейин эле ал даражаларды алуу үчүн окуп-чокуп, өз элине кайра барып оорун колдон алууну ойлонуп жүргөн жаштарыбызга "биерде силерге орун жок" деген сигнал болорун ойлошор бекен?! Кала берсе өлкөдө колдонууга алынган айрым эрежелер Кыргызстандын жогорку даражалуу окумуштуулары тарабынан четтен билим алып келген жаштарга каршы тоскоолдук жаратууга астейдил таасир эте баштаганбы деген ойго түртөт. Себеби өкмөт алдындагы Жогорку Аттестациялык Комиссиянын (ЖАК) Кыргызстандагы PhD академиялык даражаларын нострификациялоо жөнүндөгү жобосу Батыш өлкөлөрүндөгү докторлук программалар боюнча билген адамга так ошондой таасир калтырат.

Кыргызстандын илими алдыдабы же Американыкыбы?
Мындан ары сөз улантуудан мурда бир нерсени белгилеп кетейин, өзүм чет өлкөдөн окуп, диплом алып, анан ошол өз кызыкчылыгым үчүн жандалбастаган жан эмесмин. Тескерисинче, мен бардык дипломдорумду Кыргызстандан алып, ошолорду өнүккөн өлкөлөрдүн университеттеринде, анын ичинде Америкада да таанытуунун кыйынчылыктарын өз башымдан өткөрүп, кала берсе бул жаатта анча-мынча ийгиликке жетишкен адаммын. Ошондуктан чет элдик дипломдорду Кыргызстанда тааныйбы-тааныбайбы жеке мен үчүн пайда-зыяны жок. Бирок жеке кызыкчылыктан сырткары өлкө кызыкчылыгы бар. Жаштардын кызыкчылыгы менен келечектин кызыкчылыгы бар. Ошондуктан жогорудагыдай терс тенденцияны токтотуу үчүн ачык-айкын аракет жасалышы керек деп ойлойм.
Талкууда кээси мындай жүйө келтирет: "Батыш өлкөлөрүндө бакалавр болот, магистрант болот, анан болгону эки жыл окуп эле доктор деген наам алышат. Ал биздеги илимдин кандидатынан да төмөн"; "Түркиядан алып келген докторлук наам биздин студенттердин дипломдук ишине да татыбайт"; "Казакстанда жоюп алып, азыр бүт баары бизде жүрөт"; "бакалавр, магистр жана философиянын докторун илимий даража деп айтууга болбойт".
Албетте, кайсы гана илим-билим системасы болбосун, ар бир адам аны сындоого укуктуу. Бирок анчалык жамандагандан кийин жок дегенде жөнөкөй логикадан чыкчу суроолорго да жооп бериш керек го. Мисалы, мен минтип сураар элем: Америкада PhD эң жогорку илимий даража, анан кантип ошол өлкөдөн алынган илимдин даражасы Кыргызстандагыдан төмөн? Америка анда эмнеге дүйнөдөгү эң алдыңкы илимий мамлекет болуп саналат? Же эмне үчүн алардын Нобель сыйлыгына татыктуулары биздин урматтуу академиктердикиндей "чоңураак" даражаны каалашпайт? Же ошол эле Түркияны айталы. Бул өлкөдө БРИКстин университеттер аралык рейтингинде [2] биринчи жүздүккө кирген 8 университети бар, а андан эки эсе калктын саны көп Россияда 7 окуу жай бар. Бул рейтинг системаларынын ичинен Россияны эң жакшы өңүттөн көргөзгөнү. Анан эмне үчүн эки баскычтан турган илимий даражалуу Россиядагы рейтингдүү университеттердин саны "биздин студенттердин дипломуна татыбаган" PhD колдонгон Түркиядагыдан азыраак? Мисалы, ошол дипломду Түркиянын эң жогорку даражалуу кайсы гана университетине алпарса да кабыл алышат. "Кыргызстандыкынан төмөн экен" дебейт, туурабы? А эмне үчүн? Же алар өздөрүнүн кадыр-баркын ойлобойбу? Мүмкүн ошол сиздер билгенден башка да балээси бардыр? Жалпы аудитория же популизм үчүн эмес, өзүңүздөр үчүн адис катары ушундай суроолорго жооп издеп көрдүңүздөрбү? Мындан менин чоң күмөнүм бар…
Талкуунун жүрүшүндө PhD академиялык, ал эми кандидат-докторлук - илимий даража деген ой да айтылып кетти. Мындай ой кыргыздын илимий чөйрөсүнүн арасында көптөн бери айтылып келаткан "дежурный" аргументтердин бири. Ошол эле учурда "академиялык" жана "илимий" деп эмнени белгилеп жатышкандыктарын; эмне үчүн "академиялык" "илимийден" төмөн болорун; же ал адамдардын өздөрүнүн айткандарынан; же Кыргызстандагы илим-билим мекемелеринин вебсайттарынан да таба албайсыз. Мындай үстүртөн эле башка системаларды жамандай берүүнүн өзү илимдүү, билимдүүмүн деген адамдарга жарашпай турган нерсе. Эгер чындап эле PhD илимий даража болбосо, анда мисалы, Америка таптакыр илим адистеринен мукурап калбайт беле?
Албетте, жогорудагылардын баары риторикалык б.а. жооптору ичине камтылган суроолор, аны баарыбыз билебиз. А анда эмне үчүн маанисиз эле кайра-кайра "алардыкы төмөн" дегенди токтото албайбыз?
Мынчалык айтылып калды, "… эки жыл окутуп эле…" деген комментарийге мен АКШнын мисалында бир түшүндүрмө берейин (Европада абал окшош экенин билебиз да).
Кыргызстанда университетте окутуу дегенди Улуттук университеттегидей окутуу деп ойлошот экен. Муну түшүнсө болот, анткени биздин илим-билим адистерибиздин көбү андан башка да окутуу бар экенинен негизинен кабардар эмес.
Өзүм ошол Улуттук университетти эң жакшы деңгээлдеги учурда бүтүргөм жана Кыргызстандын агартуу системасында мектеп мугалиминен баштап университеттин чоң факультетинин деканына чейинки кызматтарда 22 жыл эмгектенгем. Андан кийин Америка университетинде мугалим болуп 7 жыл иштедим. Азыр Араб Эмираттарынын алдыңкы делген университетинин биринде иштеп жатам. Бир кездери Болон процесси боюнча адистешип жүрүп Чыгыш Европа университеттеринде да болгом, алардын иш өзгөчөлүктөрүн үйрөнгөм. Ошондуктан көпчүлүк коллегаларыма караганда кыргыз университеттери менен Батыштын университеттериндеги айырмачылыктарды салыштырууга жетиштүү деңгээлдеги негиздерим бар деп ойлойм.
Мисалы, Америкадагы окутууну Кыргызстандагы окутууга таптакыр салыштырып болбойт. Мен муну өз практикамда аткарып да, изилдеп да көрдүм. Америкада менин Казакстан, Россия, Азербайжан, Украина, Өзбекстандан келген студенттерим болду. Алардын баары Америка университеттеринде окутуу алардын өз өлкөлөрүндөгү мурунку окуу жайларындагыдан алда канча интенсивдүү жана оор экенин айтышчу.

(Уландысы 11-бетте)









??.??





??.??