email • архив • редакция   


"Жаңырыктын" Жуңгого сапары байсалдуу болсун!
Кыргыз-Жуңго эл аралык байланыштарын маданият тармагында жолго коюу иши улам алга жылып баратат. "ЭлиТан" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Таштанбек Шамшидиновдун "Жаңырык" фольклордук-эстрадалык ансамблин уюштуруп, чыгармачыл өнөр-инсандар тобунун тушоо кесүү концертин Жуңголук кыргыздар арасында өткөрүп келүүгө бел байлашы - байыртан келаткан салттуу өнөр казынабызга дагы бир толуктоо киргизмекчи.
Буюрса, "Бүгүнкү Жуңго" телеэфири да эми Съездбек, Замир, Ильяз, Айнура, Мая сымал элибизге таанымал таланттуу өнөр чеберлеринин ыр-бийлерин данистейт. "Жаңырык" фольклордук-эстрадалык ансамблине боордош туугандарыбызга карай алган багытына байсалдуу сапар каалайбыз!












Меймансап




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan